Таанышуу жарыясы


Нурмат Садыров:

Клиптеги досумдун карындашына ашык болуп калдым


Жашоодо бир кызды сүйсөм, клипте эки кызды сүйдүм
Клипте эки кыз тартылган. Жакшылап байкап көргөндөргө билинет. Биринчи кадрдагы кызды клипке өзгөчө образ жаратсын деген максатта Мирлан кастинг аркылуу тандап алган. Корей улутундагы Рита деген кыз болчу. Аламүдүн жактагы көпүрөнүн жанындагы бактардын арасында чуркап жүргөн ошол корей кызы. Съемка күз айларына туура келгендиктен, эшик бир топ эле суук болуп калган. Рита жука көйнөк кийип алып, бактарды аралап чуркап эки күн тартылды. Суукта жүрө берип тажадыбы айтор, кийинки съемка болоордо телефон чалып "мен тартыла албайм, үйүмдөгүлөр уруксат бербей коюшту" деп айтты. Өзү шоу дүйнөсүнөн алыс болгондуктан, кайра кыйнаган жокпуз. Клиптин башы бар, аягы жок болуп ара жолдо калып калды. Клиптин уландысына башка кызды издей баштадык. Жашоодо бир гана кызды жактырсам, клипте эки кызды сүйдүм.
Сьемка учурунда досумдун карындашына ашык болуп калдым
Бир канча күн съемка токтоду. Клипти улантып тарталы десек ылайыктуу кыз жок. Акыры дос баламдын карындашын тартылып берүүсүн өтүндүм. Дароо макул болду. Клип тартып жатып досумдун карындашына ашык болдум. Ошондо клиптин экинчи бөлүгү "Учкун" кичирайонунун имаратында тартылды. Имарат аябай бийик болгондуктан Касиетти колунан кармап чатырдан жетелеп өтүп жаттым. Оператор жигит "Сенин кармаган колуң көрүнүп калат экен" десе, анда Касиет : "Мен өзүм эле басам" деп жипсиз алтынчы кабаттын чатырынан басып өттү. Эки колун жайып алып акырындан басат, улам кулайын деп бара жатканда мен коркуп кулабаса экен деп ичимден тиленип жаттым.
Көчөдөгү таксини токтотуп, кийимибизди ошол жактан алмаштырдык
Клипте көрүнбөгөнү менен артында көптөгөн кызыктуу окуялар болду. Аламүдүн тараптан съемка болуп жатканда менчик унаабыз жок болгондуктан, көчөдө кетип бараткан таксини токтотуп, кийимибизди алмаштырып жаттык. Айдоочу байке да кызыгып биз менен клип тартышып жүрдү. Ошентип, клипте эки кыз тартылгандай эмес, бир эле кыз образ жараткандай кылып монтаждоого туура келди. Менин биринчи клибим болгондуктан бир ай убакыт ичинде тартып, монтаждап бүтүрдүк.
Жылдыз
Абдыкерим кызы





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

13-март, 2012-жыл






??.??