Эгиз боксчулар

Акыл жана Асыл


Нурай апа:
Балдарым эгиз кыздарга үйлөнсө дейм
- Адатта эгиздердин бири шайыр, бири болсо түнт болот эмеспи. Сиздин балдарыңыздын мүнөзү кандай?
- Уулдарымдын мүнөздөрү алмашып турат. Бирде бирөө шайыр болуп калса, бирде жоош болуп калат. Кээде өзүм да таң кала берем.
- Балдарыңыз чоңоюп, бал тили чыккан убактарда болгон кызыктуу окуялардан айтып бербейсизби?
- Кызыктуу окуялар көп эле. Бир жарым жашта бирөөсү сарык менен ооруп калды. Атасы ооруканага алып жатты. Кичинекей болсо да эгизин үйдүн ичин аралап аябай издеди. Ашканада буламык жедирсем аны да жебей, уктаарда да түгөйүн издеп кыйналган. Экөөнү бакканга эжеси жакшы эле жардам берди. Мен эки баланы багууда кыйналмакмын. Буламыгын да берип, сейилдөөгө да өзү алпарып. Эшикте ойногондо да экөө эки жакка кетет. Улам артынан кубалайбыз. Анан да кичинекейинде бири кызамык менен ооруп калса бетине зеленка сүртүп койсом, экинчиси мага да сүртүңүз деп, чырдап, акыры сүрттүргөн. Кийинчерээк сокур ичеги болуп ооруп калды. (Эки-үч жыл мурун). Бир жылы бирөөсү болду, экинчи жылы кийинкиси болуп калып жатпайбы. Ооруканага барсак укол сайып, дарыгер турба деп кетти. Анда экинчиси жаткан болчу. Биринчи балам менен сүйлөшүп турсак дарыгер келип, урушуп, кубалап кирип жатпайбы, "Мен сага турба деп айтпадым беле?! Эмне туруп кеттиң, жат!" - деп. Анан кубалап барып кирсе эле бирөөсү жатат. Ошол эле ооруканада сокур ичеги болуп ооруган балам эшикке чыгып кетсе, тиги кирип алып ичин көргөзүптүр да балдарга, "меники айыгып калды!"-деп. Аны көргөн балдардын баары таң калып, "Тез эле айыгып кетиптир", - деп ойлошуптур. Анан да буларга эч ким тийише алчу эмес экен. Бир нерсе болсо эле экөөлөп кирчү экен.
- Эгиз балдарыңыздын келечеги тууралуу кандай кыялданасыз?
- Досторубуздун эгиз кыздары бар да. Алар азыр жетинчи класста окушат. Беш жаш кичүү болуп калат. Кийин сөйкө салып ошол кыздарды аласыңар десем, "Апа, алар кичинекей да!" - дешет. "Мен деле атаңдан беш жаш кичүүмүн. Билинбей эле калат", - десем, ойлонуп калышты. Мен уулдарым эгиз кыздарга үйлөнсө дейм берем.
Акыл, Асыл:
Бири-бирибиздин зачётторубузду алмашып тапшыра беребиз
- Спортко кандай аралашып калдыңар?
- Биринчиден өзүбүз эле кызыктык. Бокс аянтчасына алгачкы жолу атам тогуз жашыбызда алып келген. Азыркыга чейин катышып келе жатабыз.
- Келгениңерден бери кандай ийгиликтер коштоду?
- Спорт чеберинин кандидатын толтуралы деген оюбуз бар азыр. Спорттогу жетишкендиктер болсо, медалдарыбыз, дипломдорубуз бар.
- Эгиздер бири-бирине жакын болушат. Силердин мамилеңер кандай?
Акыл: Кээде жакшы, кээде жаман. (күлүп)
Асыл: Кээде урушуп кетебиз, кээде аябай мамилебиз жакшы. Бирок Акыл жок болсо аябай жаман боло берем. Дайыма бир нерсе жетишпегендей сезилет. Көңүлүм да бир топ чөгүп кетет.
- Жолугушууга же дагы башка жактарга бириңердин ордуңарга бириңер барган учур болгонбу?
Асыл: Ооба! Акылдын кызы менен жолугушууга баргам. Бул кечигип калып, "Барып жолугуп койчу! Кечигип жатам. Мен азыр кичинеден кийин барам" деп мага телефон чалып калды. Ал кызга жакын жерде жүргөн болчумун да. Анан барганда билген дагы эмес. Акыл менен учурашкандай эле учурашып койду.
Акыл: Окууларда экөөбүздүн жакшы көргөн сабактардан эле даярданып, бири-бирибиздин ордубузга кирип коёбуз. Мисалы Асыл тарыхтан жакшы болсо, тарыхтан экзамендерде, курстук иштерди тапшырганда менин ордума да кирип чыкчу. Кайсы сабактан күчтүүрөк болсок ошол сабактан бири-бирибизге жардам беребиз. Көптөр эле экөөбүздү айырмалай алышпайт.
- Жашоодо баары болот эмеспи. Эгер экөөңөрдү чемпионатта беттештирип коюшса эмне кылат элеңер?
Асыл: Мушташмак эмеспиз. Бирөөбүз чыкпай коймокпуз, же чыксак деле жакшы бокс көрсөтүү үчүн берилип эле урушумуш болуп коймокпуз. Бири-бирибизге жеңилип бергенге деле даярбыз.
Акыл: Бир жолку окуя эсимде.Анда кичинекей болчумун. Дос балам менен ойногону чыгып кеткем. Убакыттын кантип өткөнүн билбей калгам. Кечке жуук үйгө кайтканмын. Апам Асылды "Тап аны, уурдап кетишти го!" деп издегенге жиберип коюптур.Ошондо Асылдын аябай ачуусу келген экен.
- Бири-бириңердин балалык сүйүүңөргө да күбө болгондурсуңар?
Акыл: Асыл экинчи классында Гүлнура деген кызды жакшы көрчү. А Гүлнура Дастан деген баланы жакшы көрчү. Бир майрамда Дастан менен Гүлнураны бийлетип коюшса, ызаланып алар бийлеп аткан жерден Дастанды сабап ордуна туруп алган.
Асыл: Дастанды Гүлнура менен тургузуп, мени башка кыз менен тургузуп койгон болчу. Алар бийлеп жатышат да. А мен аябай жиним келип, барып уруп салганмын. Анан Дастанды башка кыз менен тургузуп, мени Гүлнура менен бийлетишкен. Кайра бат эле урушуп кеткенбиз. Анда кичинекей болчумун да. Акыл болсо Айдана деген бир кызды жакшы көрчү.
- Апаңардын тилегин орундатып, эгиз кыздарга үйлөнгүңөр келеби?
Акыл: Эгиз кыздарга үйлөнгүбүз деле келбейт. Анан да азыр апам бизге айткан кыздар кичинекей деп ойлойм.
Асыл: Албетте, апабызды бактылуу кылгыбыз келет. Мисалы мен бир кызды сүйсөм, апамды бактылуу кылам деп, башкага үйлөнүп кете алмак эмесмин.
Гүлбүбү Галжигитова