ПЛЯЖДА


ЖАТКАНДАР



(Башы өткөн санда)
К
олума аярдуу нерсени карматкандай карматты. Сүрөттө төө үстүнө минген Ширин. Колунда - ыржайып күлүп отурган наристе. Бирок ал сүрөттү эмне мынча жашырып атканы таңгалтырды.
- Төө менимче, адамдан кийинки эле энелик сезими күчтүү жаныбар болсо керек, - дедим ага. Ал үндөбөдү. Мен ордуман туруп, алыска чабак уруп кеткен Айсанат, Назира, Боро, Татынын суу үстүндө алышып атканын көрүп, жөнөй береримде, Шириндин көздөрүндө мөлтүрөгөн жаш кылгырып турганын байкадым. Колунда алиги сүрөт.
- Сага эмне болду?
- Эне болуш кандай бактылуу, кандай азап! Төө эмес, кайсы жаныбар болбосун, эне деген эне турбайбы… - Ширин оор үшкүрүнүп, эки алаканын жаактарына баса койду.
- Байкуш Эрназарым… Аны тез эле сагынып кеттим. Кечээ эле Бишкекке кеткен сиңдимен берип жибергем. Бүгүн жанымда жокко, сарсанаа боло баштадым.
- Эмнеге сарсанаа болосуң?
- Убагында тамагын жедиргенге чыдашар бекен?
- Эмнеге чыдабайт?
- Ага тамак бергенге менден башка киши түтпөйт. Сиз сүрөтүнөн байкаган жоксузбу?
- Жок…
- Караңызчы…
Сүрөттө - Эрназардын татынакай күлкүсү. Башка эч нерсе байкабадым.
- Уулуң татынакай экен го...
Шириндин ичке сөөмөйү сүрөттөгү Эрназардын үстүнкү эрдин көрсөттү.
- Нышанын байкаган жоксузбу? - Наристенин үстүнкү эрдиндеги нышаны мага анча билинген жок. Ыржайып күлүп тургандай сезилди.
- Күлүп турганы эле болбосо…
- Күлгөн жери жок.
Ч
ынында Эрназардын үстүнкү эрди жырык экен. Бирок ал нышаны мага күлүп тургандай сезилди. Канча болгон менен наристе деген наристе го. Алар күлбөй турса да көзгө сүйкүмдүү асирет берет. А күлбөй турган адамды кандай наристе болбосун жылмайтат. Сүрөттөгү Эрназарды жылмайып тиктегенимди Ширин башкача сезимде кабыл албасын үчүн:
- Уулуң абыдан татынакай экен, - дедим. - Мейли, нышаны болсо эмне экен. Азыркы заманда мындан да шумдук ооруларды айыктырууга болот. Жүрөктүн кылына операция жасаган азыркы медицина үчүн Эрназардын нышанын жамап коюш кеп бекен. Көрөсүң, кийин Эрназардын нышан менен төрөлгөнү эсиңен да чыгып калат. Баарын унутасың, ага эч кайгырба.
- Менин да жалгыз тилегим ошол.
- Андан көрө ошентип жакшы тилектен башканы ойлобой жүр.
Көзүнүн жашы араң турса керек, өзүн карманалбай, ыйлап жиберди.
- Кой… Ширин, ыйлаба.
Ал да өзүнүн ыйлап жибергенинен ыңгайсыздангансып, эрдин канчалык кырча тиштенсе да токтоналбай атты.
- Мага көңүл бурбаңыз. Ый мага адат болуп калды. Эне болууну ушунчалык бакыт деп ойлочу элем… Азап экен… Айрыкча, өз жүрөгүңдүн алдында жаралган балаңдын бир жери кем болуп калсабы… Мен ушундай тагдыр күткөн бактысыз эне болуп каларымды эч ойлогон эмесмин.
- Ширин, сен эң бактылуу энесиң. Бактысыз энелер таптакыр башка. Алар балдарын таштап кеткен энелер. Андайлар бир жери кем эмес, алты саны аман-эсен төрөлгөн балдарын таштап кетип атпайбы. А сен алардын алдында баатыр энесиң. Эрназардай балдарды эненин бардыгы эле чоңойталбайт. Азыркы кыз-келиндердин канчалары наристелерин таштап кетип атат... Сенчи? Сен чыныгы эне экенсиң.

ен да адегенде жинди экемин. Наристенин үнүн угарым менен ак халатчандар Эрназарды колума карматканда "бул менин балам эмес!" деп бакырып жибердим. Эс-учумду билбей бакырдым. Анын менден төрөлгөнүнө ишенген жокмун. Ишенгим да келген жок. Мен ак халатчандарга "башка бирөөнүн баласы менен алмаштырып атасыңар" дедим. Бирок тагдыр деген адамды баарына көндүрөт экен. Колумда ыңаалаган наристе жүрөгүмдү бир муздатып алып, кайра жылытты. Тырбалаңдап, эмчегимди издей баштады. О-оо, кудай ай! Ошол мүнөттөр мага кандай оор эле… Баламдын жырык оозун көрүп, эмчегимди бере алсамчы. Денем жыйрылып, эмчегимди жылан тиштеп алчудай корктум. Ага чейин балага эмчек эмизгенди кандай тиледим эле… Эң биринчи жолу эне болуу бактысына ошентип кабыларымды билсем, мүмкүн мен Эрназарды төрөбөйт элем.
- Антип айтпа. Сенин ордуңда башка бир эне мүмкүн ошондо өз жанынан жаралган наристеден баш тартмактыр. А сен азамат экенсиң. Сенин ордуңда башка бирөө нышаны менен жарыкка келген баласына мүмкүн ак сүтүн эмизгенден баш тартмак. А сен ушунча асырап чоңойтуп алыпсың…
- Ырахмат, байке. Мага ушинтип Эрназардын атасы да айткан эмес. Мен ошого аябай ызаланам. Эрназар экөөбүз төрөтканадан чыгып келерибиз менен атасы экөөбүздүн турмуш тез эле кыйрады. Бир да жолу баласын колуна көтөргүсү келбей, өзүнүн эмес, жырткычтын баласын көргөндөй болду. Мени баарынан катуу ызалантканы ушул. Мейли, ал мени башка учурда таштап кетсин, бирок турмушумдагы эң оор ошол учурда таштап кеткенин эч качан кечиралбайм. Экөөбүздүн ортобузда төрөлгөн наристеге аталык мээримин айтпайын, жок дегенде…
Ш
ирин сөзүнүн ары жагын улай албай, эчкирип жиберди. Мен да өз ичимен "мейли, бугун чыгарып алсын" дедим. Ошол учурда тагдыры тайкы бет-маңдайымдагы шолоктоп отурган аялзаттын кайгысына, көзжашына жапакеч бирөө керек экенин туйдум. Адамдын адамдык касиети ушундайда бири-бирине шерик болбосо, адамдын эмнеси адам. Алдымдагы асылзаттын таяна турган аска тоосу болгум келди. Бул ой кадыресе канымды дүркүрөтүп, негедир көкүрөгүмдө белгисиз да, күтүүсүз да бир эрк пайда болду. Жигиттин эрдиги канчага жетсе, ошол акыркы дем, акыркы кубатым калгыча Шириндин айкөл баатыры мен болорумду айталбай отурдум…
- Ширин, көп ыйлай бербе… Мунун баары артта калат. Көрөсүң, Эрназарды өзүм бала кылып алам…
Б
ул сөз өзүнөн өзү айтылып кетти. Бирок чын ниетимен айттым. Ширин аны кандай түшүнсө, ошондой түшүнсүн дедим ичимден. Ушунча болуп оозуман чыккан эч бир сөз, эч бир убадамды жерде калтырган жан эмесмин. Мүмкүн мурдатан бери Ширин мени жакындан билбегендиктен, бул айтканыма ишенбестир. Жаңеле көрүшүп, жаңеле билишип аткан мени азырынча көп эркектин бири катары көрсө көрө берсин. Кеп анда эмес, кеп, убакыт өткөн сайын Шириндин тагдыры үчүн ар дайым тикемден тик турарыма көзү жетсе болду дедим ичимден…
- Сизге мунун баарын эмнеге айтып атам, билбейм. Ойдо жок жерден… Билбейм, эмнеге… Сиз деле уккуңуз келген жок, билем…
- Уккум келбесе, туруп кетпейт белем. Сенин тагдырыңды угуп отуруп, негедир экөөбүз биртуугандай болуп калдык. Сезип атасыңбы?
- Сиз мага негедир башынан эле биртууган адамдай сезилип, өз тагдырымды айта баштадым окшойм… Болбосо… Бирөөгө айтайын деген деле оюм жок болчу.
- Адамдар бири-бирин ушинтип табышат. Сен мага ушунча сырыңды айткандан кийин, мен эми мындан ары сага бөтөн адам болалбайм. Жүрөгүңө эмне сыр жашырып жүрсөң, мага айта бер. Мага ишенсең болду. Мага сенин ишенимиң эле керек. Башка эч нерсенин кереги жок. Баардык кайгыңды экөөбүз таанышкан бүгүнкү күндөн баштап унутсаң болду. Кеттик, андан көрө экөөбүз да элден калбай сууга чөмүп келели.
Ш
иринди колдон жетелеп, сууга тарттым. Экөөбүз тең эл жок тарапка чабак урдук. Ал тез эле озуп кетип, артынан мен жеткиче күтүп калып атты. А мен жеткен жерден анын көңүлүн көтөрүш үчүн суу чачып калам же колунан тартып сууга чөмүтүмүш болуп тамашалайм. Бирок менин шоктугум ага жагып атты. Кайра өзү шоктук кылып, суунун бир жеринен чумкуп кетип, артыман же алдыман "култ" этип чыга калып, суу чачат. Каткырабыз. Мен аны көл үстүндө эркелетип, наристедей эки колума типтике көтөргүм келсе, ал жеткирбей, шыңкылдап күлөт. Артынан кууп жетпегениме маашырланып, улам озуп кеткен ойноок мүнөзү менен эркелигин жактырдым. Күн нуруна жаркылдаган денеси суу түбүнөн секирген балыктай түйүлүп, балыктай култулдап карматпайт. Бир убакта түйүлгөн чачы чечилип кетти. Сууга жайылган олоң чачынын узундугу ошондо билинди. Колум жетип турса да, чачынан кармалап эркелеткенге эрким жетпеди. Болгону чачтарынын учунан кармалап эркелеткеним болбосо, ашыкча кетип, таарынтып алгандан жасканып аттым.
- Байке, тигилер каягында жүрүшөт, көрүнбөйт?
- Алар жаңеле жээкти карай баратышат. Те-етигинде, көрдүңбү?
- Аа… көрдүм. Мен бирок суудан чыккым келбей атат.
- Мен дагы.
Биз дагы көпкө сүздүк. Жээкте болсо Шириндин курбулары "келгиле" деп кол булгалап атышты.
- Баралыбы? - дедим.
- Суудан чыккым келбей атат, байке.
- Сен мени атыман эле айтчы.
-

-
-
-
-