Азел:

Негр жигитке турмушка чыккым келчү


Сүйүү-дүйнөнүн негизин курат. Дүйнөгө жаңы келгендер аны, эскирген сайын жаңыртып турат. Сүйүү дүйнөдө толкуган океан. Мына ошол чексиз мейкиндиктеги океандын кайыгында калкыган бийчилер Кубанычбек жана Азель. Бири кыргызга белгилүү "Жаш Кыял" бийчилер тобунун жетекчиси Анара Чилетерованын уулу болсо, бири КРна эмгек сиңирген артист Алина Жетигенованын кызы. "Эки жакшы тоого чыкса, кудалашып түшөт"- демекчи, чебер бийчи менен мыкты ырчы чыгармачылыктын жайлоосунда кудалашканына бир жылга чамалап калды. Эки атактуунун балдарынын үй-бүлөлүк жашоосу кандай нукта өтүп жатат деп бал шириндер Кубанычбек менен Азелдин үйүнө барып, аларды кепке тартым.

- Азель, Алина эженин: "балдарыма өзүң иштеп акча таап, өзүңдүн жаныңды өзүң багып, тың бол"-деп тарбия берем деген маегин окуп калдым эле. Окууну бүткөн соң кандай иштерде иштедиңиз?
- Ооба, көп жерде иштедим, бирок апам кээ бирлерин билбейт. (Күлүп) Күнүнө жүз сомдон алып, орустарга бала баккыч да болуп иштегем. Кийин бийге кирип кеттим. Ошондон бери бий тармагы менен иштей баштадым.
- Бир туугандар ортосунда атаандашып, чукчуңдашып урушуп кетмей болот эмеспи. Азиз экөөңөр көбүнчө эмненин айынан урушуп, таарынышып кетчү элеңиздер?
- Бизде урушуп-талашуу деген болгон жок. Азиз байкемди дайыма ээрчип алчумун. Конокко барса же достору менен жолукса, туулган күндөргө барса деле жанында жүрө берчүмүн. Азиз байкемдин жанынан чыкчу эмесмин. Ал мага экинчи атам болду десем да болот.
- Мерген Турган биздин гезитке бир жолу берген маегинде, Алинанын балдарын баккам, - деди эле. Мерген байке менен азыр мамилеңиз кандай?
- Ооба. Мерген байке бизди баккан кезде, мен кичинекей болчумун. Бирок, көп нерсе эсимде калган жок. Азыр мамилебиз жакшы.
- Биринчи таанышкан бактылуу күндөрүңөрдөн баштасаңыздар?
- Кубанычбек: Азелдин бийлеп жүргөнүн телевизордон гана көрчүмүн. Кийин Мирбек Атабековдун клибине да тартылып калды. Ошондон баштап Азелге болгон сүйүү сезимим жандана баштаган. Азель менен чогуу бийлеген Чоро деген бала бар болчу. Ошол аркылуу таанышып калгам. Биринчи көргөндө эле жактырдым. Башка балдар бир кыздын артынан бир-эки ай чуркайт, болбосо кетип калат. Мен Азелдин артынан бир жарым жылдан ашык чуркадым. Мага таптакыр макул деген жооп айткан жок. Убакыт өтүп бул да мени жактырып, макул деген жооп айтты.
- Азел: Экөөбүз биринчи таанышканда мага жаккан эмес. Бара-бара Кубага болгон ашыктыгым жандана баштады. Акыры макулдугумду бердим.
- Бөтөн бир үйдүн казан-аягын калдыратып, оокат кыла баштаганда башында ыңгайсыз абалда болдуңузбу?
- Азел: Үйүмдү сагынып, бир-эки күн ыйладым. Кайсыл жерде эмне тураарын билбей, башында ыңгайсыз абалда болуп жүрдүм. Бир нерсени алсам, туура эмес кылып же ордун таппай калам. Кайненемди апа дейм. Апам аябай жакшы. Мага көп нерсени үйрөтүп жатат. Жолдошум үйдүн кичүүсү болгондуктан атам-апамдар менен чогуу турабыз.
- Мурда экөөңүздөрдө тең башка сүйүүлөр болгонбу?
- Кубанычбек: Мектепте окуп жүргөндө күнүгө бир кыз менен сүйлөшүү ар бир баланын башынан өткөн да. Мен да көргөн кыздарга тийише берчүмүн. Кийин Бактыгүл деген кыз менен үч жыл бирге жүрдүм. Үйдөгүлөрдүн баары билишчү. "Сен Бактыгүлгө эле үйлөнөсүң"-деп айтып калышчу. Бирок, тагдыр деген ушундай экен. Менин бактым Бактыгүл эмес, Азель болду. Азыр Азелди жанымдан артык сүйөм. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго жолукканда ал: "Бийик тепкичке чыгып бара жатканда артыңарды карасаңар, кайра бир тепкич ылдый түшүп каласыңар, Ошондуктан эч качан артыңардагы өткөн күнгө кейибей, алдыга гана умтулгула"-деп айткан болчу. Ошол улуу сөз мага чоң күч берди. Ал жөн гана сүйүү болгон. Ал кездеги жашоомо өкүнбөйм.
- Азель: Баарыбыз эле мектепте окуп жүргөндө жакса да, жакпаса да бир бала менен сүйлөшүп алчубуз. Окууну бүткөндөн кийин Улан аттуу жигит экөөбүз үч жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп, жетелешип жүрдүк. Экөөбүздүн тең ата-энебиз билишчү. Апамдар "Уланга эле турмушка чыгасың" дешчү. Эми минтип өз бактымды Кубадан кезиктирдим. Бактыгүл менин курбу кызым болсо, Улан Кубанын досу экен. Аны кийин экөөбүз сүйлөшө баштаганда билдик. Бактыгүл менен кезиккен жерден учурашып турабыз.
- Курсагыңыздагы ымыркайга канча ай болуп калды? Кандай тамактарга талгак болуп жатасыз?
- Азель: Алты айдан ашып калды. УЗИге түшсөм бири "кыз бала" десе, бири "уул" дейт. Азырынча ким экени тактала элек. Бир тамакты жегим келип, талгак болгон жокмун. Ошентсе да таттуу менен дос болдум.
- Балалык кыялдарыңыздар кандай эле?
- Азел: Көп нерселерди кыялдандым. Апама "Мен негр балага турмушка чыгам" деп айта берчүмүн. Билбейм, мага ошол кезде негр балдар аябай жакчу.
- Кубанычбек: Көп нерсени ойлонуп жүрө берчүмүн. Футболчу же стоматолог болом деп ойлочумун. Бийчи болом деген кыялдарым жок болчу.
- Эң биринчи берген белегиңиздер эсиңиздердеби?
- Кубанычбек: Ал күндөрүбүз эң кызыктуу болгон. Биринчи жолукканда кичинекей йогурт бергем. Кийин шоколаддарды алып бара баштадым.
- Экөөңөр тең атактуунун балдарысыздар, ата-энеңерге үйлөнөбүз деп айтсаңар эмне дешти?
- Кубанычбек: Таанышып кыз-жигит болуп сүйлөшө баштаганда Алина Жетигенованын кызы болом десе койчу деп ишенген эмесмин. Бир эле баласы бар болуш керек деп ойлочумун. Бир жолу кеч калып үйүнө жеткирип барсам эшиктен апам чыгып калды. Анда да "Алина Жетигенованын күйөө баласы боломунбу? Кантип эле?.." - деген ойлор менен ишенип, ишенбей аябай сүрдөгөм. Азыр чын эле менин кайын энем болот турбайбы деп ишенип калдым.
Жылдыз
Абдыкерим кызы
Ташболот Досалиев



about | A Free CSS Template by RamblingSoul

13-март, 2012-жыл






??.??