Ч.Турсунбеков менен К.Ташиевдин акыйнеги башталды


Кыргыз Парламентинде бир фракция башка фракциянын кылыгын айтып, элге даңазалап, ырас депутаттар мындан кийин ачык иштеп, коррупцияга бөгөт коюлат окшойт. Буга күбө 14-марттагы Камчыбек Ташиевдин Чыныбай Турсунбековго карата айткан сөзү далил болуп отурат. Ар ким өзүн-өзү актоо максатында карама-каршы пикирлерди айтышууда, кимисине ишенээриңди да билбейсиң.
"Биринчи кезекте Камчыбек Ташиев бул сөздөрдү айтканы көкүрөк кага баштаганы деп түшүнсө болот. Мындай сөздөрдү башка адам айтса жарашмак. Буга чейин К.Ташиев менин атыма байланыштуу сөздөрдү айтып, ушак менен иш алып барган. Президент болом деген кишиге мындай сөздөр жарашпайт. Ошондуктан, менин атымды аралаштырып ушак сөздөрдү айткандыгы үчүн сотко берийин деп чечтим. Ал киши бийликке жетиш үчүн колунан келишинче жанталашып жатат. Коррупция менен күрөшөм деген шылтоо менен туура эмес сөздөрдү айткандарынын күбөсүмүн. Шайлоодо утулуп калгандан кийин Атамбаевге барып, бир туугандай жаныңызга алыңыз деп айткандарынын күбөсүмүн", - деди Ч.Турсунбеков.
"Ч.Турсунбеков мени президент А.Атамбаевке барганын көргөм деп айтып атат. Ооба, мен шайлоодон кийин барып, куттуктагам. Ч.Турсунбековго окшогон чагымчылар ушинтип элди чабыштырат жана ушул сыяктуу ортомчулар мени Атамбаевке жамандап, курсактарын тойгузуп атышат. Алар өздөрүнүн жеке чөнтөгүн ойлошот. Атамбаев менен барып жолугушуу кылмыш бекен? Бишкек арак-ликер завод боюнча айткандарынын баары туура чыгып атат. Эки эсе арзандатып туруп, тууганы сатып алган деп айткам. Мына азыр кылмыш иши козголуп, тергелип атат", - дейт эл өкүлү Камчыбек Ташиев.


Баңгизаттарды көзөмөлдөгөн жетекчи баңгизат менен кармалды


Карышкырга кой кайтартып коюп, койдун башын санагандар толтура. Буга мисал, Ошто Кыргызстандын мамлекеттик баңгизаттарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси героин жана марихуана менен кармалды.
Ага ылайык, Ош шаардык ИИБсынын Баңгизаттарды мыйзамсыз таркатуу менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош-Ноокат блокпостунда өткөн "Издөө" жана "Режим" аталышындагы операциянын алкагында "ВАЗ-2131" маркасындагы унаа токтотулган. Унааны тинтүүдө жана айдоочунун чөнтөктөрүн караганда 7,38 грамм героин табылган. Ошондой эле унаанын салонунан 4,6 кг марихуана табылган. Унаанын жана баңгизаттардын ээси мамлекеттик баңгизаттарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси, подполковник Ж.К. экендиги аныкталган.Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 247-беренесинин 3-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, Ош шаардык убактылуу кармоочу жайына кармалып, тийиштүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Премьер-министр Ө.Бабанов Финполицияны жойду


"Мен Финансылык полицияны жоюп, экономикалык кылмыштарды иликтөө боюнча жаңы органды түзүүнү чечтим" - дейт Өмүрбек Бабанов. Анын сөзүнө караганда жаңы органга жумушчулар бир айдын аралыгында наамына жана технологиясына жараша тестирлөөдөн өткөн соң кабыл алынат. Тестирлөөгө бардык каалоочулар катыша алышат. Жумушка алуудагы эң негизги критерийлер - мыкты репутация, чынчылдык жана профессионалдуулук. Ал эми азыркы Финансылык полицияда иштеп жаткан кызматкерлер да аталган сынакка катыша алышат. Ал эми кызматкерлерди тандоо ачык өтөт. Тестирлөө телевидениелерден көрсөтүлөт. Кылмыш иштери андан ары уланат" - дейт Премьер-министр. Өкмөт мүчөлөрү Ө.Бабановдун сунушуна бир добуштан макул болуп, Финполицияны жоюп, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча Финансылык кызматты түзүүгө макул болушту.


Кыргыз футболчулары Араб Эмираты менен беттешмей болду


Футбол боюнча Азия чемпионаты 12-майдан 22-майга чейин Бириккен Араб Эмираттарында өтөт. Чүчүкулак кармоо менен Кыргызстандын тандалма командасынын атаандаштары аныкталды. "А" тобунда кыргыз спортчулары Таиланд, Бириккен Араб Эмираттары жана Түркмөнстан футболчулары менен беттешмек болду. "2006-жылы футзалдан Азиянын чемпионатында коло байге уткан Кыргызстандын командасы баш байгеге талапкерлердин болушу мүмкүн", - дейт футзал ассоциациясынын жетекчиси Медет Букуев.


Эркин күрөш боюнча Арстан


АКматов баш байгеге ээ болду


Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинде уландар арасында эркин күрөштөн шаардын биринчилиги өткөрүлдү. Мында 15-17 жаштагы жүздөн ашуун улан күч сынашты. Жеңил салмактарда Курманбек уулу Эрмек, Адилет Капаров, Бектемир уулу Жоомарт жана Улук Жолдошев жеңүүчү болушту. Мындан сырткары Арстан Акматов, Асанбек уулу Баястан, Жолдош уулу Арзымат жана башкалар баш байгенин ээлери болушту.


Боз үй ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурас тизмесине Кыргызстан менен Казакстандын атынан көрсөтүлөт


Боз үй ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурас тизмесине Кыргызстан менен Казакстандын атынан көрсөтүлөт, - деп маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов билдирди.
Министр Дүйнөлүк мурастар тизмесинде Кыргызстандын атынан саналуу гана мурас киргизилгенин айтты. Анын ичинде Нооруз майрамы материалдык эмес мурас катары Кыргызстандан тышкары Өзбекстандын, Азербайжандын, Индиянын, Ирандын, Пакистандын, Түркиянын атынан киргизилген. Ал эми айтыш өнөрү жеке Кыргызстандын атынан кирген. Мындан тышкары Сулайман-Тоо да дүйнөлүк мурас катары табылып, өзгөчө сактоого жана коргоого алынган. Белгилей кетсек, ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурас тизмесинде учурда 900дөн ашык объекти бар. Алардын 700дөн ашыгы маданий, 183ү жаратылыш жана 28и аралаш объекти болуп саналат.

Ч. Аджибаев Украинада өткөн бий сынагынан 3-орунга ээ болду


Аджибаев Чыңгыз Кыргызстандын атынан март айынын башында Украинада өткөн бий конкурсунан үчүнчү орунга ээ болду.
Чыңгыз учурда Москвадагы РАТИСте "Режиссёр-балетмейстер" факультетинде биринчи курста окуйт. Украинада өткөн бий конкурсуна өзү жазган "Менин түшүм", жана "Менин жолум" аттуу эки бийин даярдап барган. Калыстар тобунун жыйынтыгы менен биринчи орунду Франция, экинчи орунду Кытай жана үчүнчү орунду биздин өлкөнүн атынан барган уулубуз Чыңгыз алды. Атасы Убайдулланын айтымында: "Уулум Чыңгыз Бишкектеги хореографиялык балет орто окуу жайын бүткөн. Андан кийин Улуттук Консерваторияга тапшырып, ал жакты 3 жылда эле бүттү. Учурда Бейшеналиев, Шамшиевдер окуган Москвадагы РАТИСте биринчи курста окуйт.Уулумдун жеңишине абдан кубанып, толдкунданып атабыз", - дейт.

P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды