Талаа-түздө өсүүчү чөптөрдүн касиеттери


Көптөгөн ооруларды талаа- түздө өскөн чөптөр менен айыктырып, дарыласа болот. Кайсы ооруга кандай чөптөр керек экенин билип алып, андан кийин колдонууга болот. Бүгүн биз сиздерге ар кандай чөптөрдү колдонуу жолдорун сунуштайбыз.

Пижма боордогу таштарды майдалап, ашказандагы микробдорду жок кылат
Бул чөптүн касиети абдан күчтүү. Боордо, өттө болгон таштарды майдалап жоюп, ашказандагы, ичеги-карындагы микробдорду жок кылат. Кан суюлганда көк боору жакшы иштебегендерге, кан токтобой акканда жардам берет.
Өгөй эне (мать и мачеха) астманы айыктырууга жардам берет
Бул чөп эрте жайда гүлдөй баштайт. Анын касиеттери өпкөсүнө суук тийгендерге, тамагы ооругандарга, астма жана кызыл өңгөчкө, жаңы башталган кургак учук оорусуна, жөтөлгө жакшы жардамын бере алат. Муну пайдалануу үчүн демдеп ысык бойдон ууртап ичүү керек.
Укроп кан басымы жогору жана төмөндөргө жакшы жардам берет
Укропту баарыбыз чөп катары тааныйбыз, тамакка кошуп, жашылчаларды туздаганда пайдаланабыз. Бирок бул чөптүн мындан башка да ооруларга касиеттери көп. Мисалы: кайнатылган укропту ичсе, ашказанды жакшы иштетип, ичеги-карындагы газдарды чыгарат. Остеохандроз, бөйрөктөгү шлактарды, ташты чыгарат. Кан басымы жогору же төмөн болгондорго жакшы жардамын бере алат. 1 чыны айранга жашыл укропту майдалап, аралаштырып тамактан кийин ичсе, тамакты жакшы сиңирет.
Карандыз (девясил) жугуштуу оорулардын алдын алат
Бул чөптү негизинен сентябрь-октябрь айларында терүүгө болот. Мунун касиеттери көп мисалы: жүрөк, бөйрөк, бир далай жугуштуу ооруларга, кан басымын калыбына келтирет. Мунун тамыры күчтүү келет, ошондуктан көп ичүүгө болбойт. Бир тамырын 5 см дей узундукта кесип алып, кайнаган сууга демдеп күнүнө 3 маал ичсе жүрөк оорусуна дары.
Экзема менен ооругандар бака жалбыракты (подорожник) колдонсо болот
Бака жалбыракты чөптөрдүн ханышасы деп коёт. Аны ар улуттун элдери жакшы тааныйт. Бака жалбыракты ашказанда жара болгондо, ичегиге суук тийгенде, денеге чыккан жара, сыздоокторго, экземага каршы пайдаланат. Эгерде сыздоок чыгып жарылбай койсо, бир жалбырагын жууп алып, сыздооктун үстүнө жаап 4-5 саатта бир которуп турса, 1-2 күндө жарылып тез айыгат.
Кызыл гүл (мак) температураны
түшүрөт
Кызыл гүл мээ, жүрөк, боор, өпкө, ичегилерди кубаттантып, температураны төмөндөтүү касиетине ээ. Аны өпкө оорусу менен ооруган адам күнүнө 100г, боор, өпкө оорусу бар адам 50гр өлчөмүндө ичсе жакшы пайда берет.
Эрмен (полынь) жараларга жакшы
Көк эрмендин жалбырагын майдалап туурап, кагазга таякча сыяктуу кылып ороп, денеге пайда болгон ар түрдүү жараларга, өзгөчө темирөткүгө күнүнө бир же эки жолу сүртүп турса, жарааттар таптакыр айыгат.





Ар түркүн кеңештер

Бардык эле адамдар үй шартында болобу же кандайдыр бир тиричиликтеби, көп эле майда барат нерселерге маани беришпейт. Ошол себептен бүгүнкү ар түркүн кеңештерибиз сиздер үчүн болмокчу.


Сууну көп кайнатуунун зыяны бар
Көп кайнаткан сууну ичпөө керек. Себеби, көп кайнаганда анын бир бөлүгү бууга айланып, суунун курамындагы зыяндуу минералдык заттардын туз жана башка химиялуу элементтердин өлчөмү көбөйүп кетет. Азот кислотасынын иону көп кайноонун себебинен күкүрттөнгөн нитрот кислотасына айланат. Ал уу адамдын канын ууландырат да ден соолукка зыянын тийгизет.


Мех буюмдарын сактоо
Мехтен жасалган баш кийим, жака, тондорду туура күтүүдөн алардын өмүрү узарат. Туура эмес кургатуудан же тазалоодон дагы бир башка себептерден мехтин териси катып, жылмалыгы жоголуп кетсе, 1литр сууга - 50гр туз, 1аш кашык уксус эссенциясын кошкон эритмени теринин ички бетине толугу менен сүртүп, жыгачтын бетине керип, туш тарабынан бастырып коёт. Муну аралыгын 2-3 сааттан кылып, бир нече жолу кайталагандан кийин, акырында кургатып туруп, май эмульсиясын сүртүп чыгат.


Көз чарчаганда
Китеп окуп, жазуу жазган учур көпкө созулуп кетип бүдөмүктөп китептеги тамгаларды, жазууларды даана көрө албай калганда окуганды токтотуп, башты ылдый кылып көзүңүздү 1-2 мүнөт бою тез-тез жуумп-ачып туруш керек. Муну бир нече жолу кайталап, андан соң башты өйдө көтөрүп тик карасаңыз көздүн көрүү күчү ордуна келип, көз булчуңдары бошоп анын көрүүсү жакшырат.


Сонун сөздөр
Убакыт-кум, жашоо-суу,сөз-шамал сыяктуу. Балчык чылчада калбаш үчүн бул нерселерге аяр мамиле кыл.


Жумуртканын кабыгынын пайдалуулугу
Жумуртканын кабыгынын бир канча пайдасы бар. Эгер курт-кумурсканы качырайын десеңиз жумуртканын кабыгын отко кактап, майдалап курт-кумурска пайда болгон жерге сээп койсо, алар бир нече убакыттан кийин жок болуп калат.
Кийимге чайдын тамчысы төгүлүп так болуп калса 2-3 даана жумуртканын кабыгын майдалап, аны суу менен эзип аралаштырып, андан кийин так болгон жерди марли же пахта менен сүртсө тагы оңой кетет.


Мунара Шопокова







about | A Free CSS Template by RamblingSoul

13-март, 2012-жыл






??.??