Таанышуу жарыясы


Жомоктогу үндөрдү келиштирген айнаш аширова


Башкы роль драматургга таандык болгону менен, театр деген актёрдуку, театралдык искусство болсо, баарыдан мурда актёрдук искусство болуп саналат. Чыгармачылыкта эрдик көрсөтүү курмандыкты талап кылат. Көптөгөн мултьфильмдердеги каармандардын үнүн куп жараштырып сүйлөгөн, экран артындагы түйшүктүү өмүрдү өз моюнуна арткан "Дөөлөт" студиясынын үн коштоо режиссёру Аширова Айнаш Шамбетовна менен маектештим.

- Саламатсызбы, Айнаш эже! Сиздин атыңыз белгилүү болгону менен жүзүңүздү эл анча тааныбайт. Экрандын артында иштеп жатканыңызга канча жылга чамалап калды?
- Коомдук телерадионун биринчи каналында иштегениме туура он сегиз жылдын жүзү болду десем болот. Мен 1994-жылы кичинекей бөбөктөргө арналган "Рабаят" аттуу телеберүүдө куурчактарды ойнотуп чыккам. Эң башкы кармандары Шапалак, Ак төш, Чаарчык, Короз болду. Балдардын эң сүйүктүү каарманы Шапалак болчу. Себеби бул куурчактын шайыр мүнөзү, күлкүсү кичинекей балдар эмес, чоң кишилердин да сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. "Рабаят" телеберүүсү жабылгандан кийин "Кечки жомок" аттуу долбоордун жетекчиси болуп иштеп калдым.Ошону менен бирге куурчактарга жан киргизип, ойнотуп келдим. Ошол эле мезгилде кичинекей бөбөктөргө алып баруучу болуп менин сүйүктүү кызым Аширова Светлана да иштеп жүрдү. "Бөбөк сенин жомогуң" аттуу долбоорду ачып, "Учур" телетеатрынын артисттери менен иштешип келдим . Азыркы убакта искусствого эмгек сиңирген ишмер Орозбек Мусакеев жетектеген "Дөөлөт" студиясында үн коштоо режиссеру болуп эмгектенем . Бул студияда дүйнө элдеринин кинолору, мультфильмдери кыргыз тилине которулат.
- Балалыгыңыз Кыргызстандын кайсы шаарында өттү эле?
- Мен Ысык-Көл облусунун Пржевальск, азыркы Каракол шаарында кызматкердин үй -бүлөсүндө төрөлгөм. Бала чагым Ак-Суу районуна караштуу Сары- Камыш айлында, андан кийин жарым балалыгым Каракол шаарында өттү. Үйдө беш бир тууганмын.
-Ишиңизде кандай жетишкендиктерди багынттыңыз? Бул тармактан алган сыйлыктарыңыз көп болсо керек...
- Искусстводогу үзүрлүү эмгегим менен 1985-жылы Ата-Мекендик согуштун 40 жылдыгына карата сынакта бий боюнча жеңүүчү болуп, лауреат деген наам алып, медаль менен сыйлангам. Кыргыз телерадиосунда иштеп жүргөндө эң алдыңкы рейтингде чыгып акчалай сыйлыктар менен сыйлангам. 2008- жылы диплом менен сыйландым. 2011- жылы Эл аралык театр күнүнө карата жана "Чуулгандуу сүрөтчү" көп сериялуу көркөм тасмасында үн коштоону режиссерлук жогорку чеберчиликте көрсөткөндүгүм үчүн Ардак грамота менен сыйлангам.
- Жомоктогу кичинекей ролду аткарып жатканда, балалык кезиңиз эске түшсө керек...
- Кичинекей чагымда эле жомок укканды жакшы көрчүмүн, азыр деле ошондоймун. Кээде балдар үчүн жомок жазам. Жакында эле "Кичинекей арстан адашканда" аттуу жомокту "Учур" телетеатрына жазып бердим. КР нын эмгек сиңирген артисткасы Бактыгүл Асанова жомокту коюп, сахнага алып чыкты. Өзүмдүн жеке менчик куурчак театрым бар. "Торопойдун жоруктары" аттуу жомокту жазып, азыр сахнага алып чыгып кичинекей бөбөктөргө тартуулайын деп турам.
- Ар бир каармандын үнүн окшоштуруп туураганды кантип үйрөнгөнсүз?
- Ар бир каармандын үнүн окшоштурганым жогоруда айтып өткөндөй кичинекей чагымдан башталган. Ошол кезде эле балалык сезим менен мага кызык көрүнсө керек. Мага бардык каармандар жагат. Бир мультфильмди ар түрдүү үн менен өзүм эле коштоп окуп коём. Ушуну менен чектелип калбастан киного да тартылып келем. Үнүмдү Россиянын эң чыгаан актрисасы Румянованын үнүнө окшоштурушат. Бир жолу автобуста келатсам бир аял ордунан туруп берип, келиңиз отуруңуз биздин кыргыздын Румяновасы десе таң калгам. Демек, эл билет экен.
- Аялдын биринчи бакыты үй- бүлө болот эмеспи. Жолдошуңуз, уул-кыздарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
- Аялдын биринчи бакыты үй- бүлө жана тууган- туушкандары, жакын достору деп ойлойм. Жолдошум менен көп убакыт болду, чогуу жашабайбыз. Маңдайыма бүткөн менин эң сүйүктүү кызым Светлана . Азыркы убакта Кыргыз циркинде ат үстүндө, ошондой эле аба гимнасты, азыр каскадёрлук ишин да өркүндөтүп жатат. Жакында иши боюнча АКШ га жолдомо алган, буюрса ал жактан ишин улантат.
- Ар кандай жаныбардын, кичинекей баланын же башка үндөрдү туураганыңызда үн байламталарыңыза күч келбейби?
- Эгер үндү туура ыкма менен үн коштосоң үнгө күч келбейт. Үн коштоонун да эрежеси болот. Бул боюнча өзүмдүн чогуу иштешкен балдар-кыздарыма үйрөтөм.
Жылдыз Абдыкерим





Бек Борбиев:

Шакарап жөнүндө ырдаса да болбойбу?!


Дээринде таланты бар Бектин ар бир кылган ишинде жемиштин бышканын байкасак болот. Чоң кызматтарда да таза иштегенине жалпы калайык күбө. Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын жетекчисинин орун басарынын тактысына келип отурганы да анын чындык үчүн иштегенинен кабар берет. Бек аганын жаңы кызмат ордун куттуктап, азыноолак кызматы тууралуу маектештим.


- "Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат" демекчи, сизди жаңы жумуш ордуңуз менен куттуктаймын. Бул жумушка кандайча келип калдыңыз?
- Өзүңүздөр билгендей мен "Бүтүн Кыргызстан" партиясында болчумун. Бир жыл мурда саясаттан кеткем. Эмнеге кеттим? Аткени, мен географиялык саясатты колдобойм. Мындай саясаттан элибиз таптакыр эле ажырап кетиши мүмкүн. Андан кийин кино тармагы менен жүрдүм. Өкмөткө өзүм сунуш кылгам: "Эгерде жардамым керек болсо, колумдан келген жардамымды берем" - деп айткан болчумун. Азыр автордук укуктар бузулуп атканы баарыбызга маалым. Кыргызстандын жүз пайызы пираттык дисктер аркылуу кинолорду көрүп калдык. Мына ушул боюнча атайын реформа кылып бериңиз деп мени ушул кызмат ордуна дайындашты.
- Демек ушул жумушка келгениңизге тааныш-билиш дегендер себеп болгон турбайбы?
- Мен депутаттардын токсон пайызы менен мамилем жакшы. Өкмөттө иштеп жаткандардын бардыгын тааныйм. Мен кечээки жаш бала эмесмин да. Канча жылдан бери иштеп келе жаткан соң тааныштарым көп.
- Сиздин келишиңиз менен авторлор өзүлөрүнүн укуктарын коргой алышабы?
- Албетте. Ошол үчүн аракет кылып, ошол үчүн иштеймин. Алар үчүн ушул жумушка келдим.
- Маданият жана туризм министрлигинин алдында түзүлгөн Көркөм-эксперт Кеңешинин мүчөлөрү сиздин ырларыңызды сындап, "Шакарап" сыяктуу ырларды жок кылабыз" деген таризде ММКларга айтышкан эле. Ырларыңызды Көркөм-эксперт Кеңешине сындатасызбы?
- "Шакарап" боюнча айтсам. Бул өзү "Жапалак" деген ыр. Жапалак деген Оштун жанында татынакай чоң айыл бар. Ал жерден да көп кыйын адамдар чыккан. Ыр ошол айылда жашаган бир кыз тууралуу. Айылды ырдаса болбойбу? Экинчиден "Шакарап" деген помидордон жасалган салат. Эмне, ал жөнүндө да ырдаса болбойбу? Ушундай ырларды жазып, жаза албай эле "менин ырыма обон жазбай койду" деп таарынып сынчы болуп отура бербей, жакшы-жакшы ырларды жазыш керек
Жылдыз Абдыкерим кызы





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

20-март, 2012-жыл






??.??