Зияш:


Толук аты-жөнү - Турдубеков Зияш
Туулган жылы -1991-жылы, Ош облусунун Ноокат айылында төрөлгөн.
Ошол айылда 1-классты окугандан кийин шаарга келип, Ак-Өргөө жаңы конушундагы №77 орто мектептен 9-классты бүтүргөн.
Командадагы Рүстөм экөө бир класста окуган.
Мектепте 10-класста окуп жүргөндө гезитте "Тамашоуга" кастинг болоорун окуп калып, ошондо элден эң биринчи жолу чогулушка Зияш барган.
Окуучу кезинде мектеп арасында орус тилинде өткөн КВНдерге катышкан.
"Тамашоу" үчүн эки чоң окуу жайдан айдалып кеткен.
Жактырган кызы менен кыз-жигит мамилесинде болгонуна төрт күн болду.
Айбек:
Азан чакырып коюлган аты- Ойбек.
Атасынын аты- Нышан.
Кичи мекени-Жалал-Абад облусу.
Ал жактан №14 мектепти бүтүргөн.
Орто билимдин ээси Айбек борборго келип, Ата-Түрк Манас университетинин экономика жанан башкаруу бөлүмүнө тапшырат.
Кийин "Тамашоуга" кызыгып, Зияш аркылуу команданын курамына кирген.
Ал жактан Аидага ашык болуп, бирок сүйүүсүн ичинде сактап калган.
Канча кызга ашык болсо да, - махабатын айта албайт. Ошондуктан көп кызды сүйөт, бирок сүйүүсүн айта албайт.
Айбек маршурткада уктап калганда, командасы аны унутуп түшүп кетишкен.
Мадиярдын тамаша аткарып аткан мезгилде сөздөрдү унутуп калганы Айбектин кыжырына тийет.
Мадияр:
1989-жылы, 30-ноябрь күнү төрөлгөн.
Өзү Талас шаарынан болот
Атасы казактын уулу болсо, апасы кыргыздын кызы
Азыркы учурда Эл аралык Ата-Түрк Ала-Тоо университетинде билим алат.
Айбектин бою кодоо болгону менен 5-курс, ал эми
Мадияр 4-курс
Англис жана түрк тилдеринде түшүнүп, эркин сүйлөй алат
Атасы тамашакөй киши болгондуктан Мадиярдын таланты атасынан өткөн деп эсептейт.
Боюнун узундугу маршруткага түшкөндө тоскоолдук кылгандыгы үчүн өзүнө жакпайт.
Бирөөнү күткөндү абдан жаман көрөт.
Рүстөм:
1991-жылы жарык дүйнөгө келген.
Туулган күнү апрель айынын онунда.
Кереметтүү Ысык-Көл жергесинин кулуну.
Шаарыбыздагы Ак-Өргөө конушунда чоңойгон.
№77-орто мектепти ийгиликтүү аяктап, Кара-Балтадагы окууга тапшырган.
Кесиби боюнча тиш доктуру.
Окуусун быйыл бүтсө, командадагы бардык балдардын тишин жаркыратып, бриллиант кылам дейт.
Зияш экөө бир класста окугандыктан атандашуу деген көп болчу.
Бир жолу Зияш менен мектептин артында урушуп кетишкен.
"Тамашоуга" келгенде гана тил табыша башташкан.
Жылдыз Абдыкерим кызы
Нурелла Жаркулова





Мекенин сагынган кыргыз жигиттери
Москва шаарына бир айга гастролдоп кеткен ырчы жигиттер Илгиз Абдалиев, Аваз Акимов жана Нурлан Насип кыргыз жерин сагынууда. Ал жакта көптөгөн айылдарды кыдырып, биздин боордошторубузга майрамдык маанай тартуулап жүрүшөт. Кайрадан мекенибизге апрелдин башында кайтып келишет экен.


Жаңы кино тартылып бүттү
Белгилүү режиссер Эрнест Абдыжапаровдун баласы Санжар Абдыжапаров "Дорога в ад" аттуу жаңы трейлер кино тартып бүттү. 13-апрелде премьерасы болот.


Арстанбек арстан белекке алды
Арстанбек Абдылдаев чыгармачылыгын бул жылы токтотуп, өзү учурда иштеп жаткан аскер жаатында (Улуттук гвардияда иштейт) карьерасын уланта турган болду. Буюрса ушул жылы Россиянын аскердик училищесине тапшырып өз күчүн сынап көрүүнү чечип жатат, ошодон улам продюсери Анара Чилетирова жана Алмаз Шаадаев менен биргелешип иштөө келишимин убактылуу токтотту. Андан сырткары Арстанбек кече жакында өзүнүн күйөрман кыздарынан арстандын кебетесинде жасалган торт белекке алды.


"Жаш кыял" бий тобу
Турцияда эс алат
"Баарыбызга белгилүү "Жаш кыял" бий тобу 1-март күнү 18-жашка чыккан. Алардын туулган күнү менен куттуктап, "Сейтек" балдар уюму аларга Турцияга бекер 10 күндүк саякаттоону белек кылды. Бий тобунан 18-киши болуп эс алганы даярданып жатабыз деп кубанычын биз менен тең бөлүштү.


"Тамашоу" Нарында
"Тамашоу" курама командасы жакында Нарын шаарына барып оюн көрсөтүү үчүн кызуу даярданып жатышат. Ал эми "саяктар" командасы жаңы скетч- шоунун бет ачарына даярданууда.


Юлия Руцкая түрк компаниясынын жүзү болот
Жакында түрктөрдүн белгилүү бир косметикалык компаниясы ырчы Юлия Руцкаяга компаниянын жүзү болууну сунушташты. Жаңы чыккан эки парфюмерияны рекламалоо үчүн Юлия эки башка образ жаратуусу керек болгон. Фото сессия Кыргызстанда болуп өттү. Юлиянын айтуусу боюнча эки башка образда тең сүрөткө жакшы түшүп берген. Себеби Юлия үчүн бул биринчи жолку жарнамасы эмес. Эсиңиздерде болсо мындан саналуу жыл мурун Юлиянын сүрөттөрү азык-түлүктөрдү жарнамалап, көптөгөн супер маркеттерде илинген эле.


Нурелла Жаркулова