Акынбек уулу Назар:

Биз тургузган эстеликке сыйынгандар көп


- Айкел жасоого кандайча кызыгып калдың?
- Кичине кезимен бери эле сүрөт тартам. Жетинчи класста профессионалдык мектепке тапшырган элем. Бир нерсени жасап атканда берилип, илхом менен жасайм. Ошончолук кызыканым үчүн ушул деңгээлге жетип жатат болушум керек.
- Мектепте окуганда көргөзмөлөргө катышчу белең?
- Кесиптик мектепке тапшыра электе эле ар кандай көргөзмөлөргө катышып жүрчүмүн. Башында сүрөт тартчумун. Анан кесиптик мектепке тапшыргам. Көркөм мектепте да факультет сыяктуу бөлүнүүчү тармактар болот. Бир кесипти тандап аласың. Ага кошумча бул тармактын баарына аралашасың. Ал эми атайын орто мектепке тапшыргандан кийин бир кесипти тандап алсаң болот. Алгач мектепте окуп жатканда олимпиадага барып, экинчи,үчүнчү орундарды алчумун. Кесиптик мектепке өткөндөн кийин көргөзмөлөрдөн биринчи орунду ала баштадым. Тажрыйба топтоо үчүн көп жактарга барып, кагылып-согулдук. Шаарда клуб ачылып, анын ичин да жасалгалаганбыз.
- Бир нерсе жасаарда интернеттен сүрөттөрдү алат экенсиңер. Фантазияңар менен да жасайсыңарбы?
- Биздин идеялар өзүбүздүн башыбыздан эле чыгат. Болгону кийген кийими, жашаган доору биз жасаган нерсеге шайкеш келүүсү үчүн интернеттен кароого туура келет. Менимче, искусство адамдарынын бардыгы эле интернеттен карайт.
- Силер башка элдердин искусствосуна көбүрөөк басым жасайт экенсиңер. Кыргыз колоритиндеги нерселерди жасайсыңбы?
- Албетте! Ысык-Көл областында Манжыл-Ата деген жерге кыргыздардын оймолору түшүрүлгөн эстелик тургузганбыз. Азыр ошол жерге барып бала сурап, ден соолук, байлык сурап сыйынгандар бар экен. Бирок биз көбүнчө буюртма берген адам эмне десе ошону жасайбыз. Биздин кандай стилдеги айкелдерди жасообуз алардын айтуусу менен ишке ашат. Биз азыр куруп жаткан жерде бир бош бөлмө бар. Аны улуттук стилде жасайбыз деген ойлор бар.
- Азыр куруп жаткан имарат жөнүндө да кичине айта кетсең?
- Бул имарат "Хукко" деп аталып, караоке-бар же клуб болот. Бул жердин аты боюнча башчысынан сурасам кальяндын чет тилиндеги аталышы экен. "Неге атын мындай койгону жатасыз?" деп сурасам, кардарларды көбүрөөк тартыш үчүн ушундай атадым деди. Мындай имарат Кыргызстанда буга чейин курулган эмес.Оңдоо иштери башталганына бир жарым ай болуп калды. Ар бир бөлмө өзүнүн стилине, композициясына ээ. Ар бөлмөдө ар кандай элдин турмушун чагылдырган буюмдар турат. Бирөөсү байыркы Римди чагылдырса, башкалары Египет, Япония элдеринин байыркы турмушун чагылдырат. Азыр боёлуп бүтө элек, бирок башталышында эле көргөндөр "оо, сонун экен!" деп айтып жатышат. Бул деле биз үчүн сыймык.
- Айкел жасоону үйрөнүп эле кетсе болобу, же сөссүз талант керекпи?
- Албетте, биринчиден аракет керек. "Бир пайыз талант, токсон тогуз пайыз аракет" дегендерге кошулам. Мисалы, кээ бир таланты бар адамдар бар. Алардын бул тармакка кызыгуусу болбосо, таланты өчүп калат. Дайыма аракет кылып, колду да, көздү да көндүрүп туруу зарыл. Баракты алганда эле сүрөт тартуудан мурда, көз менен элесин тартууга жөндөмдүү болуш керек. Көпкө тартпай жүрө берсең, кол да көнбөй калат.
- Акча жагынан кандай?
- Эми сүйлөшкөнгө жараша. Сүрөтчүлөр кедей болушат деген мурдатан калган эле кеп. Ашык дөөлөт баш жарбайт дешет эмеспи, өзүңө байлык топтоого да болот. Мен келечекте жасаган жумушумдун арты менен өзүмдү эле эмес, келечектеги үй-бүлөмдү, досторумду багып кете алам деп ойлойм.
- Бир айкелди жасаганга канча убакыт кетет?
- Анын көлөмүнө жараша болот. Мисалы бир портрет жасоо үчүн бир ай кетет. Бир нерсени жасап жатканда да буюртма берген адам карап көрүп, өзүнүн ойлорун, сунуштарын айтат. Ошонун натыйжасында кээде оңдоп чыкканга туура келет.
Гүлбүбү Галжигитова