Искат кызы Мээрим:

Максатым жеңүү эмес, кооз мушташ көрсөтүү


- Мээрим, спорт менен машыгып жүргөнүңө канча болду?
- Спорт менен машыгып жүргөнүмө үч жыл болду. Үч жылдан бери рингдин даамын татып келе жатам. Буга чейин комузга барчумун, кийин жабылып калып катышпай калгам, анан кол эмгек ийримине барып жүрдүм, кийин ал дагы жабылып калды. Анан бий ийримдерине барып бийлеп жүрдүм эле, ал дагы жабылып калды. Анан эле бир күнү ушундай кикбокс ачылып жатат деп угуп калып, барып жазылдым да ошо менен спортту тандап кеттим. Бирок бийлегенди да абдан жакшы көрөм.
- Ата - энең каршы болгон жокпу, баары бир кыз бала эмессиңби?
- Ата - энем башында аябай каршы болушту.Көчөдө кыздар кечинде машыкканга кетип жатса кызыгып мен да баргым келип, ыйлаган учурларым болгон. Көптөр эле айтышты спорт сен үчүн эмес, сен бийчи же модель болсоң болот деп айтып жүрүштү. Болбой эле барып жүрдүм, анан бир жолу эрежесиз эр мужташ боюнча мелдеш болуп алгач рингге чыктым, чыгып эле биринчи орунду алгам. Үйгө келип диплом, медалымды көрсөттүм. Ошондон кийин ата - энем каршы болбой жиберип калышкан. Шыгың, өнөрүң бар экен деп азыр кайра колдоо көрсөтүп турушат.
- Үч жылдан бери спорт менен машыгып жүрсөң, көп эле мелдештерге катышып ийгилик жаратып жүрсөң керек?
- Ооба, аябай эле көп мелдештерге катышкам. Ийгилик жөнүндө айта турган болсом, Кыргызстандын ичинде өткөн ар кандай мелдештерден калбай эле барып жүрөм. Барган жеримен албетте биринчи же экинчи орун алып кайтам. Бир жолу бир күндө эки мелдешке катышып, биринчи орундарга татыгам.
- Спорттун кайсы түрү менен мелдешке чыктың эле?
- Биринчи бокска чыктым, биринчи орунду алдым да ошол эле күнү эрежесиз эр мужташка чыгып, ал жерден да биринчи орун алгам.
- Эл аралык мелдештерге чыгып жүрөсүңбү?
- Эл аралык мелдештерге чакыруулар болгон. Анталияга бокс боюнча, Өзбекстанга тайский боюнча эки жолу чакыруу болгон. Бирок каражаттын жоктугунан бара албай калдым. Ал жакка барыш үчүн да көп акча керек экен, же биздин демөөрчүбүз жок болсо. Демөөрчү аябай издедик, шаарга чейин келип, бирок таппай ошо менен барбай калдым.
- Алгач рингге чыкканда кандай абалда болдуң?
- Аябай коркком, азыр эмне болот деп. Чыккым келбей калган болчу. Агайыма барып, мен чыкпай эле коёюнчу, коркуп жатам деп айткан болчумун. Агайым болсо жок чыгасың, рингди көр деп чыгарган болчу. Кийинчиээк көнүп кеттим, азыр такыр коркпойм. Эртең мелдеш болгону жатат десе деле коркуу сезим жок.
- Рингке чыгып жатканда кандай максат менен чыгасың?
- Менин эң негизги максатым эптеп эле каршылашымды сабап, жеңишке жетүү эмес. Ошол ринггке чыкканда кооз мушташ көрсөтүү. Кээ бир учурларда болот, эптеп сабап жатып жеңишке жеткен учурларым, бирок мен ага өзүм канааттанбай калам. Жеңилип калсам дагы ошол мушташ элдин ээсинде кала тургандай болушун каалайм.
- Кээ бир мелдештерде өзүңдүн курбу кыздарың менен күч сынашкан учурлар болсо керек. Ошол маалда кандай абалда болосуң?
- Албетте, андай учурлар көп эле болгон. Эми салмагыбыз тең келип калса чыгара берет да. Анан курбу кызың болуп жатса, аяганга туура келет. Бирок спорт деген спорт. Бир чети менин жиним келсе жаманмын. Рингде мушташып жатканда аяр мамиле кылганга аракет жасайм, бирок мени катуурак уруп койсо жиним келип кетип, өзүмдү кармана албай калып сабап салам. Сен атайын кыласың деп анан таарынтып алам курбу кыздарымды.
- Эрежесиз эр мушташ, бокс спорттун бул түрү негизи кыздар үчүн эмес да? Кийин ден соолугуңа зыян келтирип алам деп коркпойсуңбу?
- Корком албетте, спорт деген спорт да, ар кандай жаракат алып калышым мүмкүн. Кудай сактасын, бирок азырынча ала элекмин жана албаганга аракет кылам. Жаракат алып калбайын деп көп оор көтөрбөйм, өзүмдү көп кыйнабайм.
- Мисалы ар бир эле спортсмен күч топтош үчүн ар кандай дарыларды ичишет, сен дагы ичесиңби?
- Ооба, андай деле спортсмендер бар. Бирок мен ичпейм, өзүмдүн эле күчүм.

Алиса Сапарбекова




Каза болгон уулум менен 8 жылдан бери жолугушуп келем


Менин тагдырым башка адамдарга билинбегени менен аябагандай эле оор болду. Жаш кезимден жалгыз бой, жесирликтин азабын тартып, жалгыз уулумду өстүрдүм. Бул жашоодо менин таянар тоом, тирөөч адамым ушул уулум эле. Бирок балам 27 жашка келип, бүгүн-эртең келиндүү кылам деп турган кезинде, шум ажал менин колумдан уулумду сууруп кетти. Мына эми түшүнөөрсүңөр, кандай абалда калганымды. Күн-түн дебей уйкусуз, көз жашымды төгүп канча таңды атырып, күндү батырдым. Жашоодон үмүтүмдү үзүп, мен дагы уулумдун аркасынан кетким келчү. Ушундай азаптуу күндөр өтүп жатып, арадан 6 айдын кантип өтүп кеткенин да билбей калыпмын. Ошондой күндөрдүн биринде адам ишенгис бир коркунучтуу окуяга туш болдум.

Түн ичинде эмнегедир ойгонуп алып, көпкө ойлонуп жаттым. Бир убакта суу ичип келейин деп ашканага кирип, жарыгын күйгүзбөстөн эле суу алып, зал тарапка бет алдым. Ал жактан мен бир эркек кишинин отурганын көрүп, жүрөгүм оозума кептелип, өз бөлмөмө кирип жуурканыма башымды чүмкөп жатып калдым. Ошол убакта жаныма баягы адам келип отургандай сезилди. Мен ушунчалык катуу коркуп жаттым, жуурканымды акырын ачып карасам, керебетимде уулум мени карап отурган экен. Көргөн көзүмө ишене албай тура бердим. Бир маалда өзүмө келип өйдө турсам, ал да туруп, мени аянычтуу көздөрү менен карап турду. Бир убакта кучагыма бекем кысып, кучактап калдым, ал да мени кучактап калды. Денесинин жылуулугу мага кадимкидей билинип, бирок мурункудай уулумдун жытын искей алган жокмун. Өзүмчө ар кандай ойлорго чөмүлүп, эмнеге, менин уулум эчак эле каза болбоду беле, денесиндеги жылуулук таркаган эмес деп ойлоп жаттым. Бир убакта кайдан жайдан билбейм белгисиз 3 адам келип, уулумду ээрчитип алып кетишмек болушту. Мен болсо уулумду кучагымдан чыгарбай, буркурап ыйлап, тигил адамдарга жалдырап жаттым. Уулум менин жүзүмө тигилип карап: "апаке ыйлабачы, суранам ыйлаба, сен ыйлаган сайын менин тигил дүйнөдөгү жашоом оор боло берет, менде баары жакшы, мен эми мындан ары сени сагындырбай тез-тезден келип турам" деп, мага карап күлүмсүрөп, тигил адамдарды ээрчип көздөн кайым болду. Мен ордумда каткан бойдон кала бердим. Ушул окуядан кийин мен баламды жоктоп ыйлабай бир аз да болсо кабатыр болбой калдым. Андан бери арадан 8 жыл өтсө да сагынганда келип жолугуп турат. Мен өзүмдүн арбак менен жолугуп жүргөнүмдү эч бир жакын адамдарыма айткым келбейт. Себеби, алар менден коркуп, алыстап кетишеби деп ойлойм деген каарманыбыз сөзүн аяктады.
Мунара Шопокова