Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Иним экөөбүзгө бир катын...


Айгүл ШАРШЕН
(Башы өткөн санда)
Бүгүн Азизге боору ооруп: "Эми келбей калат го, менден түңүлгөндүр, күйөөгө тийип кеткен кызды ойломок беле, тамашалап коюп өзүм сагынам го, ушул бойдон жолукпай каламбы?", - деп жумушунда жүрүп сары санаа болуп жатты. Кечке кыжаалат болуп үйүнө келди. Жайлоокан кызынын бирде жаркылдап бактылуу болуп, бирде капалуу келгенине ичтен сызып калды, бирок Айбектин көзүнчө эч нерсе дебеди. Аида алар менен чогуу отурса дагы ой-санаасы башка жакта жүргөнүн да байкады. Эне-бала тымызын көз караштары менен сүйлөшүп тим болушту.
Ошол жылы Ырыскелди басып калганда үйүнүн ремонтун толук бүтүштү. Жайлоокан үйүнө буюм алуу үчүн базарда жүргөн, баласын Алидага таштап Аминаны ээрчитип алып Мадина базарында терезе пардаларды тандап жүрсө:
- Ай, сен Жайлоокансыңбы? - деди бир аял, ал таежеси Алмагүл эле, бурула берген Жайлоокан дароо эле тааныды, картая түшкөнү менен бактылуу байбиче болуп кийбегенди кийинип, жанында келини кошо жүргөн эле.
- Аа-а таеже…
- Садагаң болоюн десе, бир кайрылып барбадың, же дайныңды билбей абдан ойлондум, кыздарың чоңоюп калдыбы?
- Чоңойду таеже, кудайга шүгүр, - Жайлоокан суз жооп берип салкын учурашты.
- Капырай, атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер деген бар, ушунча капа болгон экенсиң да, кара чечекейимдин кызысың, кел кучактап бир өөп коеюн, - деп калп болсо да кучак жайды Алмагүл.
- Эсте калаар жакшы сөз айткан болсоңуз көөнүмдө калат беле, кара чечекейиңдин кызын азап менен тозокко салганыңды кантип унутам, таеже? - Жайлоокан көздөрүнө жаш толо карады, - Беш-алты жашымда ата-энем барындагы гана бактылуу кезим көз алдымда, андан кийин көз жашым кургаган жок эле го?
- Кечир кызым, мен сени ошол эжемди жеп-жутту деп эле жаман көрсөм керек, эми ойлонуп өзүм уялам.
- Баары өттү-кетти…
- Ботом, бул сенин кызыңбы? - Аминага карады, - Кел-келе гой.
- Ооба, менин үчүнчү кызым.
- Садага болоюн десе, бүгүн мени менен Айкандын үйүнө бар ээ, кенен-кесир сүйлөшөлү.
- Жок, бара албайм таеже, үйдө күйөөм, жаш балам бар.
- Капырай, анда сенин үйүңдү көрүп алайын, көрүп алсам катташып турганга жакшы эмеспи, бөлөлөрүң менен катышып ал, - деп Алмагүл Аминага таттуу алып берип жаракөрлөнүп жатты.
- Макул, менин үйүмө барыңыз, - Жайлоокан аргасыз макул болду, алчусун алып, конок күтүүгө эт-аш алды да үйүнө жөнөдү. Алмагүл келинин үйүнө жөнөтүп ийип өзү Жайлоокан менен жөнөдү.
- Күйөөгө тийип алып жакшы кылыпсың, кайненең жаман акыбалда, неберелери экөө тең чоңоюп үйлөнгөн, улуу келини жакшы карабайт имиш, арман кылат экен, Жайлоокандын кусуруна калдым деп, төшөктө имиш, - Алмагүл бежиреп келе жатты, Жайлоокан укса да укмаксан болуп үйүнө келди. Алмагүл Ырыскелдини ойнотуп сыртта жүргөн Алиданы өөп, Ырыскелдини өөп колдоруна акча карматты, Жайлоокан унчукпады, ичкери киргизди, - Айланайындар десе, чоңоюп калган тура, күйөө бала кайда иштейт, Жакин?
- Базарда эле.
- Өзүңөрдүн үйүңөрбү?
- Ооба.
- Кудай жар болсун, жалгыздын жары кудай деген, балдарыңды чоңойтуп алсаң ошол сенин бактың садага, - Алмагүл үй ичине көз жиберип, Жайлоокандын тынып-тынчып калганын сезди, балалыгында жакшы сөз айтып, маңдайынан сылабаганына ичинен өкүнүп турду: "Бекер кылган экенмин, көрсө жетим да жетилип адам болот тура, эжемди ушул өлтүргөнсүп эле жек көрө берчү элем, адам деген өткөнүнө өкүнгөндө кеч болуп калат тура", - деп аста гана үшкүрүнүп койду. Айбек келип Алмагүлдү көрүп учурашты да уулун эркелетип, шынаарлай жанына отуруп алган Аминага карап чачынан сылап өөп:
- Муну алып шоколад алып же дагы, Ырыска да ала кел, - деди.
- Ооба, - деп Амина жүгүрүп кетти.
- Кайсы айылдан болосуң, айланайын? - деди Алмагүл ага.
- Баетовдон.
- Ийе кокуй, биздин эле коңшу айылдан экенсиң да, ким дегендин баласысың, садага?
- Үсөнбайдын.
- Кайсынысы, ботом? - дегенде Жайлоокан менен Айбек тиктешип калды, - Бир баласы киши өлтүрүп камалып кетти деди эле.
- Ошол менмин.
- Ии-ий, - Алмагүл унчукпай отуруп калды, Айбек ичинен: "Чындыкты айтканым жакшы эмеспи, жашырганда эмне, Жайлоокан билет, башкасынын мааниси жок", - деп ойлонуп алды.
- Таеже, тамактан алыңыз, - деп Жайлоокан сөздү башка жакка буруп жиберди.
- Алып жатам садага, мен күчтүү тамак ичпейм, өтүм ооругандан улам майлуу тамак ичпе деген доктурлар.
- Кайнатма жасадым, таеже.
- Макул кара жаным, аз-аздап ичейин, баса сенин балдарыңды кайнатаң үйлөнттү деп уктум, - деп Айбекке кайрылды, - Аялың болсо менин кудама тийген, ал жеткен көпөс экен, анын үстүнө дагы аял алып алды дейт, кичүү келини менин кызым. - Кайсы? - Жайлоокан суроолуу карады.
- Тажиканды Зарипжандын кичүү уулу алган, үч баласы бар, экинчи аялына келиштирип там салдырып берген дейт, анысы эркек бала төрөп берген имиш, - Алмагүлдүн сөздөрү ага жакпаса да аргасыз үндөбөй угуп отурушту, Жайлоокандын жини келди, бирок эчтеке дей албады, - Улуу балаң жакында аялынан ажырашыптыр деп уктум, биздин коңшубуздун кызын алган эле да.





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

20-март, 2012-жыл






??.??