Таанышуу жарыясы


Жылдызай Долобаева:

Бул Добр экөөбүздүн акыркы ажырашуубуз


Жаркылдап экранга чыгып жүргөн, атына заты жарашкан жылдыздай болгон Жылдызай ырчы жигит Добрга турмушка чыккандан кийин экрандан көрүнбөй кетти эле. Турмуш кээде асманга алып учса, кээде жерге алып урат дегендей, Жылдызай менен Добрдун ортосунда түшүнбөстүктөр болуп, ажырашып кеткени тууралуу Добр гезиттерде айтып кеткен. Бул саныбызда ырчы жигит менен эмне себептен кол үзүшкө туура келгендиги жөнүндө Жылдызай биз менен сыр бөлүшүп кетти.

- Кичине сыркоолоп жатат деп угуп калдык эле, ден соолугуң жакшыбы?
- Рахмат, апамдын, жакын туугандарымдын, досторумдун жардамы менен кудайга шүгүр жакшы болуп калдым. Ушул маалга чейин менин жанымда ушундай жакшы адамдар бар экенин билбептирмин. Ошондо сыркоолоп жатканымда бардыгынын кадыр-баркын билдим. Айрыкча апамдын. Менин сыркоолоп калганымды билип жумушун таштап, Россиядан бери келип, жанымда кайрат күч берип, оюм менен болду. 8 - мартта жаңы унаа белек кылды. Көлгө чоң энемдикине барып, энемдин батасын алып келдим. Менин атам жок да, өзүм жалгыз кызмын, атам мен кичине кезимде эле каза болуп калган. Ошондо деле туугандарым менен катышып сүйлөшүп турам.
- Гезит беттеринде Добр экөөңөрдүн ажырашып кеткениңер тууралуу көп макалалар жарык көрдү, ушул жөнүндө эмне айталасың?
- Эми бул дүйнөдө алдыбызда эмне күтүп жатканын билбейт экенбиз да. Мен деле ушундай болуп кетет деп ойлогон эмесмин. Бул дагы болсо кудайдын буйругу чыгар, эч нерсе деп айталбайм. Бир гана айтарым жылдызыбыз келишпей калгандыгына байланыштуу тынч эле ажырашып алалы деп чечип, ушундай чечимге келдик.
- Ушундай чечим кабыл алганыңарга эмне себептер болду? Кайнене, кайын сиңдилериң менен тил табыша албай калдыңбы?
- Жок, баары жакшы болчу, кайындарымды жакшы- жаман деп айткым келбейт. Алар менен эч кандай пикир келишпестиктер болгон жок. Болгону Добр экөөбүздүн ортобузда кичине түшүнбөстүктөр болуп кеткенине байланыштуу, башта айтып кетпедимби, жылдызыбыз келишпей калды деп - болгон себеп ошол эле.
- Добр дагы, сен дагы чыгармачыл адамдар болгондон кийин балким ортоңордо ошондон улам түшүнбөстүктөр болсо керек?
- Мен Добрга турмушка чыккандан кийин жумушумду таштап койгом. Ал эми Добрду н чыгармачылыгын мен дайыма колдоп, түшүнүп келгем. Эч убакта каршы болгон эмесмин, болгону кудайдын буйругу экен да. Ортобузда түшүнбөстүктөр болуп жатса экөөбүз тең бири-бирибизди кыйнап жашаганда эмне пайда болмок эле?
- "Эл оозунда элек жок" деп коёт эмеспи. Сени бир бизнесмен бирөө менен "жүрүп" кетип, ошондон улам ажырашып кетиптир дешсе, кээ бирлери төрөбөш үчүн бойго бүтүрбөөчү дарыларды ичип жүргөн деген имиштер айтылууда?
- Кудай сактасын! Кызык, аны кимдер айтып жүрүшөт? Эч кандай бизнесмен менен жүргөн эмесмин, жүрбөйм дагы. Кудайга шүгүр мага өзүмдүкү жетиштүү, үстүмдө үйүм, астымда машинам бар, кийимим болсо бүтүн. Менин апам бизнес кылат - мага ошол эле болот. Туугандарымдын баары кудай деген кишилер, өзүм намаз окуйм. Ал эми бойго бүтүрбөөчү дары бар экенин деле билбептирмин. Ар бир эле аялзаты эне болууну каалайт болуш керек. Андай ишке барууга менин кудуретим жетпейт болчу. Мен тескерисинче турмуш курган күндөн баштап качан боюма бүтөт, башыбызга баш кошулса экен деп күтүп жүргөм.
- Үй- бүлө болгондон кийин казан-аяк кагышып, түшүнбөстүктөр боло берет эмеспи, балким кайра табышып калат чыгарсыңар?
- Менимче жок. Башында тил табыша албагандан соң, кийин деле ошондой болот. Бул Добр экөөбүздүн акыркы ажырашуубуз. Кийин кайра табышып жашаган күндө деле баары бир ортобузда жакшы жашоо болбойт. Ошон үчүн кайра табышып жашоонун кажети жок деп ойлойм.
- Азбы, көппү чыгармачыл адам менен жашап калдың, кыздын чырагы кырк дейт, кийин колуңду дагы бир чыгармачыл адам сураса эмне кыласың?
- Ачык айталбайм, эми баары кудайдын буйругунан да, бешенеме жазганын көрөм. Добрга деле турмушка чыгам деп ойлогон эмесмин, бирок кудайдын буйругу экен, турмуш куруп жашап калдык. Ошондой эле бешенемде дагы бирөө жазылып турса керек.
- Турмуш курганга чейин 5-каналда иштечү элең, азыр кайра ал жакка барып иштейм деген оюң барбы?
- Аны айталбайм, азырынча башка жумуштар менен чуркап жүрөм. Убакыт көрсөтөт го дейм баарын.
Алиса Сапарбекова






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

20-март, 2012-жыл






??.??