Адам өлтүрдү делип, 15 жылга кесилген журналист Токтокан эже


Журналист оор, татаал кесип. Анын түйшүгүн мойнуна арткан, коомдун көйгөйүн чагылдырган да мына ошол журналисттер. Андайлардын кээ бири сөзгө чечен жаралса, кээ бирлири калем кармап, ыр жазганга шыктуу болушат. "Кабар" агенттигинде сегиз жыл эмгектенип, бир нече макалаларды жазып, убагындагы мыкты журналист эжекебиз Токтокан Танаева эле. Чүй облусунун Степное айылындагы №2 аялдар абагына барганымда Токтокан эжени жолуктурдум. Нооруз майрамы болгондуктан абактагы аялдар сүмөлөк жасап, жакшы тилектерин айтып атышыптыр. Алар менен бирге Токтокан эже да казан башында сүмөлөк аралаштырып аткан экен. Үстүндөгү жупуну кийим, тагдырдын баткагына түшүп кетип, тырмышып чыга албай жаткандай туюлду. Өзүмдүн кесибим журналист экендигин айтып, Токтакан эжени кепке тартууга аракет кылдым. Бир канча көз ирмем өткөн соң эжекебиз Токтокан көзүндөгү ачуу жашын аарчып, кайгылуу үн менен добушун көтөрүңкү чыгарып, мына буларды сүйлөп берди...

Түрмөнүн терезесин шыкаалап, эркиндикти эңсеп олтурам
...Кыял деген күлүк болот. Албетте, анын бирине жетсең бири сенин кол жеткис тумарың болуп калаары да айдан ачык. Жаш кезимде журналист болом деп ойлочумун. Балким мен төрөлгөндө эле журналист болуп жаралсам керек. Анткени мектеп курагымда эле ушул кесипке болгон шыгым башкаларга караганда айкын көрүнүп турчу. Мекетепте окуп жүргөндө колума калем алып, ата-энеме, досторума, классташтарыма болгон жакшы тилектеримди ыр кылып кагаз бетине токуй баштагам. Окуумду бүтсөм чоң журналист болом деп күнүгө кечинде жатаар алдында кудайдан миң мертебе тиленчүмүн. Мектептин атынан ар кандай кароо-сынактарга катышып, жаш акындардын сынагынан биринчи орундарды багынтып, ырларым метептик гезиттерге жарыяланып турчу. Нарын областынын Чкалов орто мектебин ийгиликтүү бүтүргөндөн кийин, эңсеген кыялым орундалып, өзүм каалаган журналистикага тапшырдым. Ал кезде борбордо бир гана мамлекеттик окуу жай бар эле. Мен да ошол чоң окуу жайдын студенти болдум. Өзүм жаш кызмын, бирок бир топ ырларды жаратып журналистик кесибиме болгон сүйүүм күндөн-күнгө күчөп, күн өткөн сайын жаңы ырларды жаза баштадым. Тагдыр деген ушул турбайбы? Сени жипсиз байлап, жарык дүйнөнү караңгы да кылып көрсөтөт экен. Кээде түз жолдо баратсаң да, сени өзү эле кудукка түртүп жиберет экен. Мен ошондойлордун санына кирем. Минтип түрмөнүн терезесин шыкаалап, эркиндикти эңсеп олтурам... Студентик күндөрүмдүн кызыктуусун эскерип, ачуум келгенде ыйлап да алам. Окуумду бүтүп, журналисттик кесибим менен иштеп, өзүм жакшы көргөн жигитке турмушка чыктым. Жолдошум Малик Талас жеринен болчу. Экөөбүз бир жыл сүйлөшүп, анан баш коштук. Азыр эсептесем жыйырма сегиз жыл бир үй-бүлөнүн түтүнүн булатып жашаптырбыз...
1987-жылы биринчи ырлар жыйнагым китеп болуп жарыкка чыкты
1990-жылдары кайра куруудан кийин жүз жыйырма кызматкер болсо, ошонун алтымышы кыскарган. Ага чейин биринчи эмгек жолумду азыркы "Кабар" агенттигинде маалымат жазып баштагам. Ал жерде журналист болуп, сегиз жылга чукул иштедим. Андан кийин "Адабият" басмаканасынын редакциясында башкы редактор болуп эмгектендим. Союз таркаганда чыгармачылык чөйрөдөн алыс болуп, үй-бүлөмө каражат жетишпей калгандыктан кафе, дүкөн, заправка ачып бизнес менен алектенип калдым. Бирок ошондо да калем сабымды колумдан түшүргөн жокмун. 1987-жылы биринчи ырлар жыйнагым китеп болуп жарыкка чыкты.
Неберем Исламдын тушоо тоюна бара албадым
Малик экөөбүз беш балага татыктуу тарбия бердик. Жолдошум 2004-жылы каза болуп калган. Экөөбүз төрт уул, бир кыздуу болдук. Кызым отуз беш жашта. Балдарымдын баары үйлүү-жайлуу болуп өз оокаттарын кылып калышты. Бал ширин төрт неберем бар, алардын жытын, таттуу күлкүсүн сагындым. Аларды көрө элекмин. Неберем Исламдын тушоо тоюна бара алган жокмун.
Көмүргө ууланып өлгөн аял үчүн, күнөөсүз мен түрмөдө отурам
Бул жерге түшүп калганымдын себебин түшүндүрүү кыйын. Шаарда дүкөн иштетип калдым дебедимби. Ошондо катташып жүргөн тааныш, теңтуш аял дүкөнгө келип калды. Экөөбүз аркы-беркини сүйлөшүп, сөзүбүз түгөнбөй божурашып көпкө чейин отурдук. Ал менин дүкөнүмдөн чыккандан кийин үйүнө барганда көмүрдүн газына ууланып өлүп калыптыр. Үч ай өткөндөн кийин мага "Акыркы жолу сени менен жолуккан турбайбы. Сен ууландырып өлтүрүп салдың" -дешип мени түрмөгө он беш жылга камашты. Канча актанганың менен деле баары бир күнөөлү адам катарында санашып, ушул жерге алып келишти. Үй-жайымды, неберелеримди көрбөй отурганыма беш жылдай болуп калды. Ар ким өзүнүн ишин так аткара билсе жакшы болмок. Күнөөсүз ушул жерде кара күн көрүп, ыйлап, сыздап тагдырга моюн сунуп отурам. Балдарым, бир туугандарым келип турушат. Сагынуудан, кусадан абакта олтуруп мына бул ырым жаралган:
Абактагы толгонуу
Барбалаңдап бала кыял жүрчү элем,
Көз ачылып билдим алыс жакынды.
Көнө албай көйгөйүнө түрмөнүн,
Көңүл кушу бир буулугуп басылды.
Көптү көрдүм досту, касты тандадым,
Мен кейибейм жатканыма абакта.
Кайра мени жаңылады, оңдоду,
Көз ачылды отургандай сабакта.
Мезгилге мен уттурбадым мен уттум,
Достор күттүм жатсам дагы камакта.
Мөөнөт бүтөөр, мезгил өтөөр билинбей,
Унутулаар мендеги бул ааламат...
28.06.2012
Абактан чыксам, журналисттик кесибимди улантам...
"Кабар" агенттигинде депутат Эгемберди Эрматов менен бирге иштегем. Ал менин кесиптешим десем да болот. Бир жолу бир журналисттен кат жазып жибергем, бирок жооп жок. Мүмкүн, катым ага жетпей калса керек деп ойлоп кетем. Абактан чыккандан кийин кайрадан журналисттик кесибимди улантам. Балдарымдын, неберелеримдин маңдайында ысык чай ичип эркиндикке чыгаарыма аз калган сыяктуу...
Жылдыз
Абдыкерим кызы





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

20-март, 2012-жыл






??.??