Обон почта


ОП-210-01. Салам, "Обон!" Менин ырчылыкка эч тиешем жок! Мен Көркөм кеңеш жөнүндө айтайын дегенмин. Алар эмне эле жаңы чыгып келе жаткан жылдыздарды басынтып жатышат? Кайра ал ырчыларга багыт беришпейби! Эмне, алар аппаратураларды сатып берип, же кийимдерди тигип берип, кыйратып жатышабы? Же болбосо клиптерин каржылап жатышабы? Алардын чөнтөгүнөн бир тыйын да кетпейт. Эл өзү билет да, кимдин концертине барышты. Мен 200 пайыз каршымын. 0773393ххх
ОП-210-02. Бакбүү, сени 21-март туулган күнүң, Нооруз майрамың менен куттуктайм. Гүлбү, Таластан
ОП-210-03. Бүгүн өзүмдү ушунчалык бактылуу сезип турам. Ар бир таңды көргөндүн өзү чыныгы бакыт тура. 0771482ххх
ОП-210-04. Салам, "Обон!" Лейлек районунун Маргүн айылына чоң салам! Руслан
ОП-210-05. Менин саламым Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылындагы 22-орто мектебинин 10-а классына жолдонот. Өзгөчө кыздарга супер салам! Заринка 95
ОП-210-06. Менин саламым Көк-Талаа айылындагы Мафтунага жолдонот. Сени 17-апрель туулган күнүң менен куттуктайм! 0770161ххх
ОП-210-07. Малабаева Назгүл, алган ак өргөөң кут болсун. Ошол жерден 4 балаң менен бактылуу бол! Жакшылыктын доорун сүрүп, ден соолукта жаша! Талас
ОП-210-08. Салам, "Обонушка!"Менин саламым алыскы Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну чоң энем Рысбү, таенем Турганбү, апам Барктабасова Гүлбайрага жана ошондой эле жалпы туугандарыма жолдонот. Айчүрөк
ОП-210-09. Менин саламым өзүмдүн досторум Алина, Айпери жана Адинага жолдонот. Досуңар
ОП-210-10. Салам, "Обон!" Бирдикте жашап жаткан досторума салам жолдойм. Динара, Кенжегүл, Турсунай, Назима, Жумабүү, Эльнура, Бекназар, Наргиза, ар дайым ынтымакта жүрөлү, досторум! 0778263ххх
ОП-210-11. Салам, Кыргыз элим! Келе жаткан Нооруз майрамыңыздар менен! "Обон" гезитин жаңыдан окуп баштадым. Аябай кызыктуу гезит экен. Ишиңерге ийгилик! Абуда
ОП-210-12. Салам, "Обон!" Мага Селена Гомес тууралуу маалымат берип коёсуздарбы? Майсал
"Обондон" жооп: Селена Гомес 1992-жылы 22-июлда АКШда Гранд Прери шаарында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси чыгармачылыкка аралашкан үй-бүлө болгондуктан, Селена төрөлөрү менен эле искусство адамы болушун элдер божомолдошкон. Ырчы катары таанылардан алдын көптөгөн тасмаларга тартылган.
ОП-210-13. Болчу менин жалгыз сүйгөнүм,/ Жаным деп айтып жүрөйүн./ Сүйүктүүм, сүйүктүүм менин,/ Чын жүрөктөн сени сүйөмүн./ Зарина
ОП-210-14. Салам, "Обон!" Мен Тогуз-Торо районунун Бирдик айылында жашаган атам Анарбек, апам Аида жана бир туугандарыма салам жолдойм! Назира
ОП-210-15. Салам, "Обон!" Менин саламым Карл-Маркс айылында жашаган Кудайберди уулу Уланга супер салам! Гуля
ОП-210-16. Салам! Ноокен районунун Рахманжан атындагы №13 мектептин окуучуларына салам! 10-б дайым алга! Окууңарга ийгилик! Зарина
ОП-210-17. Ак-Талаа районундагы Э.Каарсартов атындагы орто мектебинде окуган 96-жылкы досторума салам! Ошондой эле 9-г классындагы классташтарыма салам жолдойм. Ар дайым силдерди бакыт, ден соолук коштоп жүрсүн! Бар болгула! Амантур
ОП-210-18. 18-март акебиз Даниярдын туулган күнү менен куттуктайм. 30-жаштын далайын көрүңүз! Исхак, Медина, Алтынай
ОП-210-19. Салам, "Обон!" Апам Айнур, байкем Ырыскул, сиздерди 21-март Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм. Сиздерге кааларым бекем ден соолук, карыбас өмүр! Зуура, Асан
ОП-210-20. Менин көгүчкөнүм Лейлектин Арка-2 айылына салам кат алып учат! Надира Кушумбетова
ОП-210-21. Салам, "Обон!" Менин саламым Тогуз-Торо районунун Казарман айылында жашаган сүйгөнүм Русланга жолдонот. Ар ар дайым эле мени сүйүп жүрө бер! Мени менен бактылуу бол! Сүйүктүүң, Элнура
ОП-210-22. А. Оорзбеков мектебинин 11-в классында окуган Айка, Бема, Букуй, Гүлба, Зымыш, Муси жана башка классташтарыма чоң салам! Анара
ОП-210-23. Өзгөндүн Мырза-Арык айылынын тургундарына салам! Айдан аман, жылдан эсен чыккыла деп Бишкектеги бир кызыңар.
ОП-210-24. Салам, "Обон!" Мага "Бейиш дарагы" сериалындагы кыз тууралуу маалымат берүүңүздөрдү өтүнөм. Айка
ОП-210-25. Оргочордогу Байганаевдерге салам! Эч оорубагыла! Айнура
ОП-210-26. Салам, "Обон!" Менин саламым жаным Акусяга жолдонот.
ОП-210-27. Салам, "Обон!" Таштемиров Дастандын келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм! 0770165ххх
ОП-210-28. Салам! Мен туугандарымдын баарына салам жолдойм. Элдияр 92
ОП-210-29. Салам, "Обонушка!" Мен Чет-Булактагы 6-класстарга ысык салам жолдойм. Ар дайым алдыда жүрө бергиле. Элина
ОП-210-30. Салам, "Обон!" Мен Айдананы 1-апрель туулган күнү менен куттуктайм. Эч качан классташтарыңды унутпа! 0778326хх
ОП-210-31. М. Догдуров атындагы орто мектептин окуучуларына салам жолдойм. 8-б класс, Кымбат
ОП-210-32. Салам! Жолдошум Шумкар, уулум Нуралы, кыздарым Зияда, Аруукешке салам! Мен силерди жанымдан артык көрөм. Апаңар Минура
ОП-210-33. Тогуз-Тородогу Иса мектебинин 9-классында окуган классташтарыма салам! Нурайка
ОП-210-34. Нурлан Насип байке, мен сизди абдан жакшы көрөм. Чыгармачылыгыңызга ийгилик! Ар дайым бар болуңуз. 0773944ххх
ОП-210-36. Менин саламым Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылынын 94-жылкы бүтүрүүчүлөрүнө жолдонот. Ак жол! Баарыңарга ийгилик! Силерди урматтаган классташыңар, Сайкал
ОП-210-37. Салам! Менин саламым сиңдим Жибешкага жолдонот! Келе жаткан туулган күнүң менен куттуктайм. Жади
ОП-210-38. Салам, "Обонушка!" Жастин Бибердин номерин билсеңер, алып берип койгулачы, сураныч! Коля
ОП-210-39. Мен эжем Толгонай, жездем Канатты үйлөнүү тойлору жана Нооруз майрамдары менен куттуктайм. Кармашкан колуңар үзүлбөсүн! Мен силерди абдан, абдан жакшы көрөм. Көк-Ойдон, Каку
ОП-210-40. Салам, туугандар! Мен классташымды беш жылдан бери жакшы көрүп келем. Ал да мени жакшы көрөт. Ал мага сүйүүсүн айтканына бир жыл болду. Ага сүйүүмдү айта албай жатам. Эмне кылсам болот? Мага кеңеш бериңиздер, сураныч! Айка
ОП-210-41. Салам, "Обон!" Ара-Кол айылында жашаган Сыдыкмаматовдордун үй-бүлөсүнө чоң салам! Мир
ОП-210-42. Салам, "Обонушка!" Мага Вика Дайнеко тууралуу маалымат берип коюңуздарчы, сураныч! Лилия
"Обондон" жооп: Виктория Дайнеко 1987-жылы 12-майда жарык дүйнөгө келген. Атактуулукка "Жылдыздар фабрикасы" аттуу сынактын арты менен таанылган. Жаштар арасында " эсиңден чынар" аттуу ыры менен белгилүү.
ОП-210-43. Алайдагы ата-энем Арзыкулов Сүйүнбек, Отунчиева Маралга салам! Гулиза
ОП-210-44. Салам, "Обонтай!" Тоң районундагы Ак-Сайлык айылындагы 96-жылкыларга салам! Айтемир
ОП-210-45. Менин саламым Дамирге. Ишиңе ийгилик! 0772730ххх
ОП-210-46. Салам, достор! Мен өзүмдөн үч жаш кичүү бала менен жүрөм! Ал мага үйлөнүүнү сунуштады. Ата-энем менен тааныштырсам, апам каршы болуп чыкты. Мен болсо аны катуу сүйөм! Эмне кылсам? Мээримка
ОП-210-47. Балким бул дүйнө үчүн сен жөнөкөй эле адамсын. Бирок мен үчүн бүт ааламдын өзүсүң. Миргазы, мен сени сүйөм! Өзгөн
ОП-210-48. Салам, "Обон!" Менин саламым Аксы районундагы 87-жылкы Мырзабеков Бакытка жолдонот. Сизди чексиз сүйөм! Сырдуу кыз
ОП-210-49. Сагынычтуу саламым жаным Азизге жолдонот. Сени сүйө берип, сүйө берип тажап кетмей болдум го! Сурмагүл
ОП-210-50. Мен сени сүйөмүн деп айта албайм/, Сүйүүмдү башкага да арнай албайм./ Бул жашоодон тажап бүтүп айла жоктон,/ Түнкүсүн дагы тынчтанып мен уктай албайм./ Арман
ОП-210-51. Кыргызымдын суйкайган сулуу кыздарына саламчиктер. Силер жок болсонор биз эмне кылмакпыз? Ошондуктан, жаркылдап жаныбызда жүргөңүңөргө рахмат. Максат
ОП-210-52. Сени сүйдүм, бир өзүңө ишендим,/ Бирок неге таштап мени сен кеттиң./ Сагынып мен азыр дагы олтурам,/ Жаным эми келбесиңди билемин./ Сезим
ОП-210-53. Салам, "Обон!" Менин саламым Асеева Бегимайга жолдонот. Ишиңе албан-албан ийгиликтерди каалайм. Гулима
ОП-210-54. Салам! Менин саламым сүйүктүүм Аминага жолдонот. Сага кааларым узун өмүр, бакыт! Дайыма жанымда болсоң болду асылым! Мирбек
ОП-210-55. Классташтарым, ар дайым бар болгула! Класс жетекчим Рахматова Айнагүл эже, сизге дүйнөдөгү бардык жакшы нерселерди каалаймын. Бизди жакшы жакка үндөп жүрө беришиңизге тилектешмин. Чика
ОП-210-56. Салам менин сүйүктүү апам Салида! Мен сизди 17-март туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бактылуу болуңуз, апакебай! Бегимай
ОП-210-57. Салам, Малика эже! Мен сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Дайыма жадырап- жайнап жүрө бериңиз. Салкынай
ОП-210-58. Менин саламым Дордой базарында иштеген Алиман эжеге жолдонот. Соодаңыз жакшы болсун. Жээниңиз Сурия
ОП-210-59. Балалык сүйүүм калды жаным сенде,/ Бактылуу күндөр болбос эми менде./ Алладан мен күн санап сурап калдым,/ Бактым сен жанымдан карыш кетпе./ Сурима
ОП-210-60. Салам, "Обон!" Менин саламым Жакшыбаев Маратка жолдонот. Гуля
ОП-210-61. Салам, "Обонушканын" жалпы жамааты, окурмандары жана СМС-чилери! Кандай жүрөсүздөр? Накуля
ОП-210-62. Саламым менин алтындай болгон апама жолдонот. Сиздин мени кандай жакшы көрөөрүңүздү апа болуп сезип олтурам. Бактылуу балалык жана жакшы тарбия бергениңизге ыраазычылык билдирем, энекебай! Кызыңыз Салтанат
ОП-210-63. Салам, "Обон!" Менин саламым Ак-Мус айылындагы ата-энем жана бир туугандарыма жолдонот. Бишкектен кызыңыздар, Мээрим
ОП-210-64. Сүйүп сени жашап келем арманда,/ Сүйүп сени батып калдым жалганга./ Качан эми бул азаптар түгөнөт,/ Көтөрүүдөн чарчадым, башка салганга./ Аймира
ОП-210-65. Салам, "Обонушка!" Чолпонай эже, мен сиздин ырларыңызды абдан сүйүп угам. Биз жакка качан концерт коюп келесиз? Айым, Ош
ОП-210-66. Салам, "Обон!" МИрбек Атабеков байке, Нооруз майрамыңыз кут болсун! Күйөрманыңыз
ОП-210-67. Салам! Менин саргайган саламдарым Москва шаарында иштеп жаткан жигитим Самидинге жолдонот. Сенин келишиңди чыдамсыздык менен күтөм! Сагина
ОП-210-68. Мен апам Махабатты баарыбыз күткөн Нооруз майрамы менен куттуктайм. Жайыл досторконубуздун көркүнө көрк кошуп, дайыма жаныбызда болуңуз. Зинат
ОП-210-69. Салам, "Обон!" Накуля, эмнеге жазбай калдың? Биз сенин СМС-териңди күтөбүз! Жей
ОП-210-70. Салам! Досум Алимова Бегимайды келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктайм. Бул майрам үй-бүлөңө бакыт алып келсин. Г.Г
ОП-210-71. Сүйүү бул неге мынча кыйын болот? Мен эми сүйүү эмне экенин билип жатам. Мен сени чексиз сүйөм, Асал кыз! Максат 92
ОП-210-72. Ноокен районундагы Рахманжан атындагы 13-мектепте билим берип жаткан Абдувалиева Канымбү эжекени Нооруз майрамы менен куттуктайм. 0778362ххх
ОП-210-73. Салам, "Обон!" Менин саламым Базар-Коргон районуна караштууБай-Мундуз айылында жашаган ата-энем, бир туугандарыма жолдонот. Мен силерди жакшы көрөм! Зарина
ОП-210-74. Сүйүү деген кандай сонун махабат,/ Сүйгөнүнө кандай адам жете алат?/ Сүйүүсүнө жете албаган кыз-жигит,/ Айласыздан башка жакка бет алат./ Айска
ОП-210-75. Салам, "Обон!" Балдардын баары окшош болот экен. Сени сүйөм, сенсиз жашай албайм дешет. Бирок баары бир бир күн келип оңой эле унутуп таштап кетет. Бактыгүл
ОП-210-76. Сагынамын, сени дайым сагынам,/ Карагаттай көздөрүңө багынам./ Сени эле, сени дайым сүйөм деп,/ Айткан сөзүң кармабадың, таарынам./ Айко
ОП-210-77. Салам, "Обон!" Менин саламым апам Аида, атам Сулайманга жолдонот. Аида
ОП-210-78. Салам, "Обон!" Шамалды-Сайда жашаган апам Майрамды, кызым Айжанды, Баянсулууну, Оштогу сиңдим Аксананы жадыраган жаз айларындагы 8-март майрамы менен куттуктайм. Гуму
ОП-210-79. Салам, менин сүйүктүү досторум! Мен жалпы Кыргыз элимди Нооруз майрамдары менен куттуктайм! Рамис
ОП-210-80. Салам, "Обон!" Менин саламым сүйүктүү ырчым Асель Кадырбековага жолдонот. Сизди Нооруз майрамы менен куттуктайм. Мен сизди сүйөм! Асыл
ОП-210-81. Менин саламым бир тууган агам Аскарга жана жубайы Максатайга жолдонот. Жеңе, аман эсен көз жарып алыңыз! Бүбү
ОП-210-82. А. Орозбеков мектебинин 8-б классында окуган Малика, Азамат, Нурали, Фериде, Нурпери, Алмаз, Зари жана башкаларга ысык салам жолдойм. Зада
ОП-210-83. Салам! Менин саламым байкелерим Мирлан, Нурлан, эжелерим Аида, Гүлнур, Жийдегүл жана жезделерим Сүйөрбек, Айдар, Мирбек жана жеңем Айданага жолдонот. Балдарына, кыздарына да салам. Баарыңыздарды Нооруз майрамы менен куттуктайм. 0778910ххх
ОП-210-84. Салам, "Обонушка". Менин саламым М. Догдуровтун 96-жылкы кыздарына жолдонот. Майрамыңар менен! Сырдуу жигит
ОП-210-85. Салам! Менин саламым Казармандагы Иманбердиев Иса атындагы мектебиндеги 8-а,б класстарына салам жолдойм. Сырдуу кыз
ОП-210-86. Менин сагынычтуу саламым Нарын областын карай учат. Мен бардык жердештеримди Нооруз майрамы менен куттуктайм. Жаңы жылда кудайым баарыңыздарга ырыс берсин. Алиев Нурлан
ОП-210-87. Менин саламым сүйүктүү ырчым Султан Садыралиевке жолдонот. Сизди сүйөм, Султан байке. Салима
ОП-210-88. Урматтуу менин Манастык досторум Дастан, Аман, Нооруз майрамыңар менен куттуктайм! Курмангазы кызы Асель
ОП-210-89. Көбөкова Кенже, сен балдарга комуздан сабак берет экенсиң! Моралдык жактан туруксуз болуп туруп, кантип сабак берип жатасың? 0777657ххх
ОП-210-90. Салам, достор! Мен сүйгөнүм Алтынды Нооруз майрамы менен куттуктайм. Сага кааларым чың ден соолук, узун өмүр. Дина
ОП-210-91. "Түнкү белес" радиосунун ди джейи Максатка салам жолдойм. Тунук эфир каалайм. Дайыма элге жагымдуу маанай тартуулап жүрө бер. Гуля
ОП-210-92. Ысык-Көл областындагы Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылынын тургундары атам Жайыкбаев Бекбосун, апам Дөөлөсөва Гүлсүн, синдим Чодонова Айзадага чоң салам деп, Бекбосунова Айпери.
ОП-210-93. Саламчик, достор! Мен саламымды жигитим Адилетке жолдойм. Мен сени сүйөм! Айка
ОП-210-94. Салам, Кыргызстан! Кыргыз элим дайыма бар болгула, ынтымакта, биримдикте болгула. 0707881ххх
ОП-210-95. Менин жаным Уларбекти 23-февраль майрамы менен куттуктамй. Ар дайым жүзүңүздөн жылмаюу кетпесин. Ата-энеңиздин, бир туугандарыңыздын жана ошондой эле менин бешенемде ар дайым бар болуңуз. Жаныңыз Анара
ОП-210-96. Жубайым Айчүрөктү келе жаткан майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Аман -эсен көз жарып ал асылым. Сени сүйгөн жолдошуң Замир
ОП-210-97. Салам! Мен саламымды атам Жапар, апам Бухабага жолдойм. Мен сиздерди жакшы көрөм. Кымбат
ОП-210-98. Мен сени сүйөм! Мен ушул сөздү айтуудан эч тажабайм. Бирок канча адамга айтканымды билбейм. Арген
ОП-210-99. Жездем Бакыт менен эжем Венеранын 28-январь удаа келген туулган күндөрү менен куттуктайм. Жашоодо жамандык көрбөй узак жашагыла. Анара
ОП-210-100. Салам, "Обонушка!" Менин саламушкаларым жанкам Лилиге. Сени 25-март туулган күнүң менен куттуктайм. Сени сүйгөн Азамат




about | A Free CSS Template by RamblingSoul

20-март, 2012-жыл






??.??