Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Акын, Кыргыз Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын лауреаты Аида Эгембердиева:

Ыр баккан менин дүйнөм назик эле....


Жаз тууралуу, жаздын жаркын белгиси болгон нөшөр тууралуу, айтор каакымдын үлбүрөгүндөй болгон дирилдеген саптарды жаратып келе жаткан бир кыз бар арабызда. Аты-жөнү Аида Эгембердиева. Жазуучулук ага кабарчылык кесипти аркалаган атасынан жуккандай. Бирок атасынан айырмаланып, Аиданын бир топ китептери чыгып, атасы капа болбосун, "устатынан шакирти өтөт" дегендей болду. Ырлары окурман журту тарабынан жылуу кабыл алынып келатат. Мына ушул акын кыз менен жазга утурлай кичинекей аңгеме-дүкөн курганбыз.

- Жамгыр тууралуу, жаз тууралуу жакшынакай ырларды жараткан акын кыз азыр кайда жүрөт болду экен?
- Дүйнөгө аял болуп жаралган соң бүтпөгөн көр тирилик менен алышып, 2 айлык баламды багып үйдө эле олтурам. Балдарым азырынча кичинекей. Эки кыз, бир уулум бар. Улуусу 2-класста окуп жатат. Орус мектепке барса да кыргыз экенин унутпасын деп комузга бергенбиз.
- Быйыл жаз көксөткөн үмүттөй болуп, же болбосо такыр эле келбечүдөй болуп абдан эле кечигүүдө. Жаш балдар менен сен канттиң?
- Мындан мурдараак, жашыраак кезимде жазды тим эле башкача болуп толкундануу менен күтүп, жаз келгенде теребелге башкачараак көз менен карачу эмес белек. Азыр болсо ошонун бири жок дегендей жаз келдиби же жокпу, ишим деле болбой калгансыды. Бул эми балдар менен алышып жатып, чарчагандыкы болсо керек. Быйылкы жаз да тим эле эч качан келбечүдөй болуп зарыктырганын айтсаң.

Нөшөр төгөт,
чачтарымдан тамат суу,
Жаанда калдым,
кол чатырын унуткан.
Дүйнө жапан, күн да көзүн ача элек,
Неге эрте буулугушкан булуттар?

Барам шашып жетпей
артка санаалар,
Буттарымды көлчүктөргө чөмүлтүп.
Токтой турчу кол чатырчан бир адам,
Эмнегедир таанышымдай көрүндүң...

Мейли тааныш,
мейли болгун бейтааныш,
Келип турат сени менен сырдашкым.
Жаз жыттанган жамгыр
чертип көңүлдү,
Угасыңбы, окуп берем ыр жаздым.
- Аялдык бакытты сенден кудай аянбаптыр. Акындык бакытты сагынбадыңбы?
- Акындык бакыт бул - качан сен өзүңө өзүң ыраазы болгондо келет эмеспи. А мен азыр өзүмө ыраазы болбой жүргөн кезим. Же бир толук акын эмес, же толук аял эмес болуп, айтор өзүмдү миңге бөлүп жүрөмүн.
- Жолдошуң сенин ырыңды окуйбу, түшүнөбү?
- Бул эми бардык акын кыздардын жаралуу жери. Жолдошум өзү да филолог, демек ырды түшүнөт. Бирок анын бир жолу айткан сөзү эмдигиче эсимден кетпей буулугуп жүрөмүн.
- Эмне деди эле?
- Ал мындай деди: Кыргызда "Манас" турган соң башка поэзиянын эмне кереги бар? Залкар "Манасчы" Саякбай айтмакчы:
Салганым бүркүт болсо,
Кыргыек салып не кылам?...- дегендей оюн айтып койгон. Ушул сөзү эсимден кетпей кээде кыйналып кетемин.

Сен айтып "Манас"
"Манас" экендигин,
Дүйнөмдү эңшересиң "Жок!" эринбей.
Ырларды, түрдүү сабын мисал кылып,
Коргоймун акындыктын жоокериндей...

Ыр баккан менин дүйнөм назик эле,
Ыр жазгандардын сабы азык эле.
Ыйыкты ыйыгындай сактай алган,
Ал күндөр өмүрүмдүн жазы беле?...

- деп аялуу жан дүйнөмдүн гүлдөрү болгон ырларымды коргоого да туура келет.
- Жакындарың тараптан сени түшүнгөн, колдогон адам бар чыгар?
- Албетте. Ал - атам. Атам Абдыжапар Эгембердиев "Ысык-Көл кабарлары" гезитинде редактор болуп иштейт. Алгачкы китебимди чыгарган да, мени чыгармачылыгыңды таштаба, жазып тур деп сүйөмөлөгөн, алдыга үндөгөн да атам.
- Чарчаганда кантип эс аласың?
- Китеп окуп, буулуккан көңүлдүн черин жазам. Анна Ахматованын , деги эле аял акындардын ырларын окуйм. Аял акындардын ырлары мен үчүн чөккөн көңүлдүн жарпын жазып, жашоомду кооздоп, өмүргө нур чачып турушат.
- Өзүңдөн кийинки акын кыздардын муунунан кимдердин ырлары сага жагат?
- Арийне, жаштардын ырларына көз салып, окуп турам. Мага айрыкча Мирлан Самыйкожо, Афина Бакировалардын поэзиясы жакшы таасир калтырат.
- Чыгармачылыкты улантуу оюңда барбы?
- Таштап салган жерим жок. Ырлар жазылып жатат, бирок көбүнчө өзүм үчүн гана жазылып жаткандай. Бирок жаз келсе, балдарымдын бирин коляскага салып, бирин жетелеп алып көчөгө чыксак, теле, радиолорго барсам деген оюм бар.
- Балдарыңдын багына аман бол. Назик жан дүйнөң жабыркабасын. Сенин ырыңды күткөн окурманың бар экенин унутпа.
- Рахмат. Буулуккан көңүлдүн черин жазып, поэзия, ыр дүйнөсү тууралуу маектешкенибизге төбөм көккө жетип калды. Жаз кечиксе да жакшылыктар кечикпесин. Силерге да ийгилик.
Назгүл Осмонова





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

20-март, 2012-жыл






??.??