Күлкү - өмүрдүн мүлкү

Атактуудан


анекдот


Атактуулардын "юморун" текшерүү максатында аларга бир шиңгилден анекдот айттырдык.

Бексултан Жакиев,
Кыргыз эл жазуучусу, драматург:
Апенди чет өлкөгө барып, көрүстөндөгү бир эстеликте мындай деп жазылып турганын көрөт: "Атактуу падыша Абдумалик эрдик иштери менен өзүн жана өлкөсүн бүт дүйнөгө даңктаган.Үч жашында дүйнөдөн кайткан". Бул жазууну апенди окуп алып аябай таңкалып, көрүстөндү кайтарган кишиге барып сурайт. "Падышаңар үч жашында өлсө,ал канткенде өзүн жана өлкөсүн бүт дүйнөгө даңктады экен?" -деп. Ошентсе тиги киши апендиге мындайча дептир: "Падыша Абдумалик 25 жашында такка отурган, 45 жыл падышалык кылган. 70 жашында дүйнөдөн кайткан. Анан оо дүйнөгө кетээрде мындай деген керээз калтырган: "Өмүрүмдүн жыйырма жылы жаштык-мастык менен өттү, 7 жылын окууга короттум, жыйырмасы уйкуга кетти, дагы жыйырмасын бийликтин түйшүгү алды. Ошондуктан мен өлгөндө көрүстөнүмө үч жыл гана өмүр сүргөн деп жазгыла"- деген десе, өмүрүндө жыргал көрбөгөн апенди айткан экен: "Андай болсо мен өлгөндө, мүрзөмө бул жерге Апендинин сөөгү көмүлдү, ал бечара туула элегинде эле өлүп калган деп койгула" - дептир.


Орозбек Мусакеев,
тележурналист, "Дөөлөт"
студиясынын жетекчиси:
Айылда бир киши каза болот. Айылдын көрүстөнү жакын болгондуктан, сөөгүн көтөрүп алып жөнөшөт. Шаардан барган бирөө таң калып, айтат дейт. "Ой, силер сөөктү көтөрүп барып коесуңарбы?"- десе, ошол жерден бирөө: "Эмне, силер жетелеп аласыңарбы?" - деген экен.


Меңди Мамазаирова,
акын жана жазуучу:
Мидиндин ичип жүргөн кези экен. Бир күнү казак досу менен ичип отуруп, мелдеше кетишет. Ким куса ичсе, ошол бир ящик арак алып берет деп. Ичип бүтүп, темселеп кетип баратышса, Мидин 15-20 кадам баскандан кийин кусуп баштайт. Жанына казак келип, "Ой, Мидике, сиз куспайм деп коюп, кусуп атасыз го?.." - десе Мидин - Мен кускан жокмун. Бул жерге бир чоң казак өлүп калыптыр, ошону көмүп атам"-деп топурактар менен жаап койгон имиш.


Майрамбек Осмонов, ырчы:
Атасы өтүп кеткен киши капа болуп, жолго чыгып турса, бирөө машинасын 140 ылдамтыкта айдап келатканын көрүп: "Эй, өлөсүң акырын айда! - дегендин ордуна "Атама салам айта бар!"- деген экен


Сонунбү Кадырова:
Бирөөнүн күйөөсү бир күн келбей калат. Аялы сарсанаа болуп, апасына чалып, апа, күйөөм үйгө кечинде келген жок эмне болду экен, досторунукунда калып калган окшойт десе апасы - жок ай, андай жаман сөзүңдү айтпа, балким бирдеме болуп авария болуп кеткендир,- деп коет имиш.