Аялдын ролун аткарган


мага жаккан жок


2 ай убакытта тартылып бүткөн "Көк салкын" фильминин негизги идеясы, сценарийи, режиссеру жана продюсери Камчыбек Жумабеков жана Тилек Чериковго таандык. Кинонун экинчи режиссеру Молдогазиев Шаймерден. Бул кино тасмада аял кишинин ролун мыкты деңгээлде аткарган Бакыт Тынайбековду кепке тартык.

- - Кайсыл жердин кулуну болосуң?
- Нарындын кулуну болом. 1990-жылы 27-июнда Нарын шаарында туулуп, өстүм. Мектепти ошол жактан аяктап, учурда Бишкек шаарындагы Юридикалык академияда 4-курста окуп, билим алып жатам.
- Кесибин юрист болсо, окууңду бүткөндөн кийин кайсы жолду тандайсың?
- Окуумду бүткөнгө чейин кино жаатына аралашып турсам, анан буюрса өз кесибим менен кетем деп ниет кылып жатам. Аны эми убакыт көрсөтөт. Балким кино жаатынан жакшы сунуштар чыгып калса, анда ойлонуп көрөбүз.
- "Көк салкын" кино тасмасына кандайча тартылып калдың?
- Кинонун негизги идеясы "саяктар" командасына таандык эмеспи. Негизги себеби, мен команданын мүчөсү болгондуктан тартылып калдым десем болот.
- Сага бөлүнгөн ролго дароо эле макулдугуңду бердиңби?
- Жок, дароо эле макулдугумду берген жокмун. Көпкө чейин ойлонуп көрдүм. Анан тартылып көрүүнү туура деп чечтим.
- Аял кишинин ролун жаратууда кандай ыңгайсыз учурлар болду?
- Аялдын кийимин кийип жүрүүнүн өзү мен үчүн ыңгайсыз болду. Башыма парик кийгенде абдан жүдөдүм.
- Бул киного биринчи жолу тартылсаң да мыкты актерлук чеберчилигиңди көрсөтө алдың. Талантыңа ким таасир берди?
- Менин ата-энем кино жаатына аралашкан кишилер эмес. Ойлоп көрсөм, жакынкы туугандарымдын арасында деле мындай таланттуулар жок экен. Менин оюмча мен КВН командасында ойноп жүрүп, актердук чеберчиликти үйрөнө алдым десем болот. Ал эми ушул кишиден таасирлендим деп айта албайм.
- "Көк салкын" киносунан кийин башка кинолорго тартылуу үчүн чакыруулар түштүбү?
- Буюрса эки, үч киного чакыруулар түшүп жатат. Пландар боюнча жайында тартылам.
- Чыныгы жашооңдо кинодогудай аял ордуна ойноп бер десе макул болосуңбу?
- Бул мага жакпаган суроолордун бири. Жок. Эч качан макул болмок эмесмин.
- Кинодогу аял кишинин кийимдерин ким тандап берди?
- Өзүбүздүн стилист эжебиз Чолпон эже баарын тандап берди.
- Кадр артындагы кызыктуу окуялардан айтып берсең?
- Келин болуп келген мезгилде, көшөгөнүн артында кызыктуу окуялар көп болду. Шейшеп текшерген учурда 2 дубль менен тартылып бүтчү жерин, биз күлүп атып 20-25 дублга чейин жеткирдик. Кинонун аяк жагында ат чаап кыздын аркасынан барган жеринде аттын ээри жаңы экен, бутумду өйкөп, жада калса канатып ийген.
- Аял кишинин ролун аткарган сага жактыбы?
- Аткарса болот. Бирок мага жаккан жок.
- Буга чейин кандай ийгиликтерге жетишкенсиң?
- Андай баса белгилеп айтчу ийгиликтерге жетише элекмин. Бирок азыр деле кеч эмес. Баары алдыда. "Шоро" фирмасынын рекламалык роликтерине тартылганмын. Жалпы эле айтсам "Тамашоуда" саяктар командасы менен биргеликте чемпион болгонбуз.
- Өзүңдү канчалык деңгээлде таланттуумун деп айта аласың?
- Өзүмдү өзүм мынчалык деңгээлде таланттуумун деп айтуудан алысмын. Бирок мен өзүмө ишенем. Каалаган ой-максаттарыма өзүмдүн талантым жана аракетим менен жете алам. Элдин алдына чыккым келсе чыгам дегендей. (күлүп)
- Өзүңө жаккан жана жакпаган сапаттарың эмне?
- Жаккан сапатым мен өтө эле жакшы баламын. Ал эми жакпаган жагым башкаларга бир аз корс мамиле жасайм.
- Бош убактыңда эмне менен алектенесиң?
- Бош болсом пиво ичем. (тамашалап) Балдар менен чогулуп, бильярд ойногонду жакшы көрөм. Интернетте олтуруп, башка өлкөлөргө саякат жасайм.
Нурелла Жаркулова






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

20-март, 2012-жыл






??.??