Таанышуу жарыясы


Шоу жаңылыктары


Кымбат бандит кыздын ролун аткарат
Акыркы жылдары жакшы тасмалар тартылып, жаңы жүздөр пайда болду. "Көк Салкын", "Талас-Бишкек", Талас-Бишкек-2" жана башка тасмаларда роль жаратууга жетишкен Кымбат Азисовага көптөгөн сунуштар түшүүдө. Учурда "Бир кадам" аттуу боевикте роль жаратууга камынууда. Жагымдуу жылмайган назик актриса кызыбыз боевиктин көркүн канчалык деңгээлде ачып берери бир аз убакыттан кийин баарыбызга белгилүү болот.


"Жоогазын" жыттадым...
Эрини Анжелина Жолиникинен калышпаган ырчыбыз Фарида Карбосова учурда чыгармачылыгынын үстүндө катуу иштөөдө. Жакында эле Бактияр Токторовдун "Жоогазын" деген ырын жаңыртып, клибин тартуунун камын көрүп жүрөт. Эми ырчы кызыбыз Бактияр акебизче аткарыппы, же аны артта калтырыптырбы, жакында өзүңүздөр күбө болуңуздар.


Канат Кадыржан Данияр Эрматовго продюсерлик кыла баштады
Кайсы гана радиону койбо "Шириним, мойтойгон күчүктөй эркелейсиң" деген саптары менен күн өткөн сайын угармандардын жүрөгүнөн түнөк таап келет. Бекнурдун продюсери Канат Кадыржан: "Биз " тобунун жетекчиси Бахтияр Токторовго сөзү, обону таандык "Ыйлай, ыйлай" деген ырды жаңылап ырдап чыгат", - дейт. Андан сырткары Канат Кадыржан махабат жаатында сахнага "Токто, жаным" деген ыры менен таанылып келе жаткан жаш аткаруучу Данияр Эрматовго да продюсердик кылып, өз колуна алыптыр. "Күткөн жүрөк" деген ырына клип тартуу максатында цирктеги биз көрбөгөн трюктары менен өзгөчөлөнүп тартылайын деп жаткан кербези экен. Нурлан Насипке келе турган болсок, "Маякчы кыз" ырынын клибин тартууга эгиз кыздарга сынак жарыялап атам",- дейт Канат.


Күлкү күнүндө төрөлгөн Бурул Стамкулова туулган күнүн тосту
1-апрель күлкү күнүндө жарык дүйнөгө келгендердин туулган күнүн куттуктап баргандардын саны абдан эле аз. Анан калса аларга эч ким ишенбейт эмеспи. Мындай күлкү күнүндө төрөлгөндөрдүн арасында обончу Бурул Стамкулова да бар. "Мен төрөлгөндө эч ким ишенбей, атам улам эле кыз төрөгөн апама таарынып, бир жума төрөтканага келбей коюптур. Менин туулган күнүмдү паспортумду көргөндөр гана билишет. Ошондуктан, туугандарым, жакын санаалаштарым менен күлкү күнүнө кошо туулган күнүмдү белгиледим", - дейт Бурул Стамкулова.


Абир Касеновго сүйүү келиптир
Жаз келгенде жаратылыш көркүнө чыгып, сүйүү да күч алат эмеспи. Орус чалыш ырчы жигитибиз Абир Касенов жаз айларынын башталышы менен кошо өзүнүн чыгармачылыгын өркүндөтүп, жазга шайкеш келген " Мен сени сүйөм" аттуу орус тилинде жазылган ырына романтикалуу клип тартууда. Күз айларында той-топур башталат дегендей эле, Абир да концертин күз айларына пландап, жандуу үн менен аткарууга аракет кылып жатканын билдирди.


Аваз Кыргызстанга кайтып келди
Бир айдан бери Москва жергесинде гастролдоп жүргөн Аваз Акимов Кыргызстанга келди. Ал жактан он шаарды кыдырып, концерт коюшту. "Кыргыздар абдан көп болгондуктан бизди абдан жакшы кабыл алышты. Концертибиз жакшы болуп, келген коноктор дагы көп болду. Ал жактан бош убактыбызда шаарларды кыдырып, эстеликке сүрөткө да түшүп аттык"-дейт ырчы Аваз Акимов.


*P.S. Өткөн саныбыздагы Мирбек Атабеков, Ильяз Андаш жана Kg Элмурат тууралуу берилген маалымат 1-апрель күлкү күнүнө карата тамаша иретинде жазылган эле.


Гүлбүбү Галжигитова






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

6-апрель, 2012-жыл






??.??