Таанышуу жарыясы


Руслан Машрапов:

"Эркектер шумпайыраак болуп, жакшынакайларга бат арбалабыз"


- Сизге тасма тартууда эң кыйыны эмне?
- Тасмаларды тартууда баарынан кыйыны сценарийди тандоо болот. Себеби, тасманын негизин, өзөгүн сценарий түзөт. Сценарий өзүндө идеяны, айта турган оюңду, чечимди камтыйт. Ошол айта турган оюңдун идеясы канчалык деңгээлде актуалдуу, бүгүнкү күндө ал адамдарга керекпи, керек эмеспи. Ар бир адамдын башында өзүнүн идеясы бар. Тасма тартуу бир эле адамдын колу менен жасалуучу жумуш эмес. Эң кеминде эле 10-15 адамдын эмгеги болгону үчүн көп каражатты талап кылат. Мен көбүнчө идеяны таппаганда кыйналам.
- Актёр тандаганда да кыйынчылыктар туулабы?
- Актёрлорду тандаганда кыйынчылыктар болот. Бизде саналуу эле актёрлор бар. Саналуу дегенимдин себеби биз Кыргызстан кичинекейбиз да. Бир эле искусство институту бар. Ал институттун алдынан драматургия, драма, багытындагы кинонун жана театрдын актёрлорун даярдашат. Ал актёрлор өсүп, жетилип тажрыйба алганча, жашы жетпей калат. Анан театрда иштеп тажрыйба топтоп калган актёрлор болсо, кайра кайра эле клиптерге тартылып, рекламалык роликтерге түшүп, кинолорго биринен өтүп бирине түшүп окшош нерселерди жасай бергени үчүн кээде жаңы образ, жаңы жүз, жаңы үн издегениңде кыйналасың.
- Көпчүлүк адамдар билбесе керек, чыгармачылык чыйыр жолуна " Ак жоолукчан" аттуу кыска тасмаңыз менен түшкөн элеңиз. Ошол тасманы кайра жаңыртып тартайын деген оюңуз барбы?
- Көпчүлүк билбейт болуш керек, "Ак жоолукчан" деген тасманы мен жалгыз тарткан эмесмин. Режиссёр Нурбек Эген менен группалаш болчубуз. Ал анда сценарий жазып, мен ага чейин эле сүрөт тартуу менен алектенчүмүн. Мен режиссураны башынан эле тандап келем. Кээ бир адамдарга кинонун тартылуу процесси жагып калып, анан мен киного актёр болгум келди, режиссёр болгум келди, кичине акча тапсам жакшы экен, деп тандап алышат. Бирок мен кичинекейимден бери кинорежиссёр болом деп келчүмүн. Эмнегедир мени менен баарлашкан адам кинорежиссёр же актёр болууга ооп кетишет. Же мен ушунчалык жакшы жарнамалаймынбы, өзүм да таң калам. "Ак жоолукчан" студенттик кездеги, студенттик деңгээлдеги тартылган тасма. Ошонун элементтерин колдонууга эмнеге болбойт. Бирок аны жаңылап тартуунун кереги деле жок. Себеби бул жерде үй-бүлөлүү аялга болгон жаш баланын сүйүүсү чагылдырылган. Бул жашоодо кездешүүчү нерсе. Бүгүнкү күндөгү актуалдуу тема деп ойлойм.
- Ал тасмада башкы ролдорду Динара Абдразакова менен Бек Борбиев аткарган экен. Жеткире аткарды деп айта аласызбы?
- Динара азыр профессионал актриса болду. Көп жылдан бери тасмаларда роль жаратып, театрда иштөөдө. Бек Борбиев болсо таанымал ырчы. Алар жаңы баштаган актёрлор болчу, биз да киного кызыгып, эми кинонун даамын татабыз деген жаш режиссёрлер болчубуз. Бардык эле нерсенин башталышы кем-артыгы менен болот.
- "Мен сүйгөн карагат" тасмасы тууралуу сын пикирлерди уктуңуз беле?
- Сын пикирлерди абдан эле көп уктум. Кээде ойлонуп кетем. Ушул керек беле, керек эмес беле деп. Мага аябай катуу айтышкан жок. Сенден мындай кино күттүк эле, а сен мындай кино тартыптырсың деген сөздөрдү уктум. Негизи тасманын өзөгүн сценарий түзөт. Сценарийдин автору Бек борбиев болчу. Ал кишинин да кино жаатындагы биринчи жумушу, биринчи сценарийи болду. Жөнөкөй эл үчүн кызыктуу эле кино болду деп ойлойм. Жакшынакай жылмаюу тартуулаган, ыйлаткан жерлери бар. Актёрлор деле ийине жеткире жакшы ойноду деп айта алам. Карга баласын аппагым дейт, менин бул биринчи жумушум болгондуктан кандай гана тартылганына карабай, жакшы жактарын көргөнгө аракет кылам. Идеалдуу жасалган жумуш эмес, ошондой болгон күндө дагы азыр кетирген каталарымды кийин кетирбегенге аракет кылам. Азыр көп эле айтылат: Бизде Сүймөнкул Чокморовдой актёрлор, Таттыбүбүдөй актрисалар, Төлөмүш Океевдей режиссёрлор чыгабы деп айтышат. Эгерде жан дүйнөсү, жүрөгү менен иштесе чыгат.
- Азыр тарткан "Асель" тасмасында кыздарын көйгөйлөрүн ачыпсыз. Буга эмне себеп болду?
- Тасма тартуудан мурун эмне жөнүндө тартсам адамдар көрөт. Көрүүчүлөргө эмне жетишпей жатат. Комедия бар, жашоонун өзү комедия. Трагедия бар, жашоонун өзү трагедия. Толгон токой көйгөйлөр. Фантастика тартайын десем мен Американыкынан ашып түшүп тарта албайм. Анан мен кыргыздын жөнөкөй эле режиссёру болгусу келген баласы катары тасмамды кандай нерседен баштасам деп ойлодум. Статистика боюнча кыздар көп, киного кыздар барат, жалгыздык жөнүндө да кыздар көбүрөөк ойлонот. Ошондуктан депрессияга жалгыздыкка түшкөн, бизде "кара далы" деген түшүнүк бар эмеспи. Эркектер деген кичине шумпайыраак элдер болобуз да жаш нерсеге, жакшынага арбалабыз. Жаш, жалтыраган нерсенин баары жакшы эмес. Чыныгы жакшылык, чыныгы тунуктук, чыныгы жакшылык адамдын жан дүйнөсүндө. Эркектер ушинтип азгырып, эне боло турган, чыныгы жакшы кыздарыбыз мүмкүн азыркы убакта кыйналып жүргөндүр. Кыздар өзү эркектей болуп, мен сага тием деп айта албайт да. А эркектер мен сени жакшы көрөм, сени алам деп, такыр болбосо ала качып кетет. Ушундайдын айынан көп кыздар жалгыз калып калышат. Биз тасмада ушул көйгөйлөрдү камтыганбыз. Көбүнчө кыздар бир адамды сүйүп калып жатышпайбы. Ушундай абалда кантип өзүнө келиш керек. Жалгыздык мен үчүн трагедия эмес. Тасманын башында көрсөңөр аксакал киши бата тилейт. Балдарыма ыйман бер, кыздарыма ден соолук бер деп. Дуба чын дилден тиленгенден кийин түшүшү керек да. Анан ошол дуба кемпири кошуна айылга конокко бара жатып, тумар сыяктуу чач байлагычын түшүрүп коёт. Ал болсо тасманын аягында баш ролду аткарган кыздын машинасынын дөңгөлөгүнө сайылып, жарылат. Жарылган дөңгөлөк аркылуу бактысын табат. Мен ар бир адамдын өзүнүн ырыскысы, бактысы күтүп турат деген идея менен тарттым. Жалгыздыкка кабылганда чачын жулуп, кашын жулуп, ыйлап жатып алуунун, жинденүүнүн кереги жок.





"Мыкты жигиттер" тасмасын уктабай үч күн көргөнмүн"

"Бир ырыма үч жолу клип тарттырдым"
"Жаным" деген ырыма клип тартуу мага бир топ кыйынчылыктарды туудурду. Бул клипке буга чейин бир эмес, эки жолу тарттырганмын. Биринчи жолу кадрларды жоготуп клип чыкпай калса, экинчи жолу тарткан клибибиз ырга төп келбей калганына байланыштуу чыкпай калган. Азыр болсо үчүнчү ирет тартылды. Буюрса ак жолтой клиптерден болсо деген тилегим бар.
"Жолдун ортосунда машинабыз өчүп калып"
Тартып баштаган күнү эле көйгөйлөрүбүз башталды. Бир камерабыз бошобой, бир свет жетишпей жатты. Башкы каармандын ролун аткарган балам бир кыргызчылык кылып кечигип калса, бир " бара албайм" деп калган учурлар болуп калып жатты. Бир күн болсо машина табылбай калды. Акыры жакшы байкелер, жакшы эжелер бар экен. Алардын жардамы менен көптөн бери убакыт сааты жетпей жүргөн клибим тартылып бүттү. Курбу кызым машиналарды табышып, бир кыйла жардам көрсөттү. Клипте машина айдай турган жерлери да бар болчу. Айдап жүрүп музыканы көп угуп койдукпу билбейм, айтор машинанын аккумлятору өчүп калып, ошонун айынан эки-үч саат тынчсыздандып, трассада"неге машина жүрбөй жатат," деп ызы-чуу болуп турдук. Анан да мен машинаны төрт жыл мурун айдаганмын. Анда да бир-эки ай эле. Азыр машинам жок. Машинаң жок болсо айдаганды деле унутуп калат экенсин. Машинаны айдап келген учурларын байкелер аткарып берип, токтогондо болсо мен чуркап барып олтуруп алып жаттым. Кадрда бул нерсе билинбей деле калат. Ошол жери мен үчүн бир чети кызыктуу болсо, бир чети кыйын болду.
"Башкы ролдогу баламдын чачы Гу Чжун Пёнукундай узун"
Баш каармандын ролун Жанузак деген 92-жылкы бала аткарды. Бишкектеги ЖОЖдун биринде окуйт. Абдан таланттуу, "тасмаларга, клиптерге тартылам" деп жүргөн бала экен. Биз аны эркелетип "Гу Чжун Пё" деп чакырып жаттык. Негизи мен да "Мыкты жигиттер" тасмасын төрт күн күнү-түнү уктабай көргөнмүн. Мага абдан жаккан. Бирок абдан эле Гу Чжун Пё балдар менен ооруй бербейм. Себеби, эркек эркектик сапатка ээ болуш керек. Азыркы балдар абдан эле назик болуп кеткен. Мага назик балдар жакпайт. Жанузак да чачын өстүрүп алган. Аябай эрке бала. Бирок жакшы бала экен. Буюрса силер да жактырат болушуңар керек деген ойдомун.
Гүлбүбү Галжигитова






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

6-апрель, 2012-жыл






??.??