Пайдалуу кеңештер

Үй шартындагы азыктардын пайдалуулугу



Жумуртканын агы менен сарысынын витаминдүүлүгү
Изилдөөнүн жыйынтыктарына караганда жумуртканын агында 5 гр белок, 5 гр кальций, 8 мг фосфор, 0,1 мг темир бар жана да май заты болбойт. Бир жумуртканын сарысында болсо 7 гр белок, 15 гр май заты, 7мг кальций, 226 мг фосфор, 3,5 гр темир болот.Бул жумуртканын агына салыштырмалуу сарысында азыктардын көп экендигин билдирет. Аны кантип узакка сактоого болот? Жумуртканын сыртына бир сыйра эритилген май сүртүп койсо, анын ичиндеги көмүр кычкылы менен суунун бууга айланып кетишинин алдын алат. Ушундай жол менен жумуртканы бир айга сактоого болот.


Туздун касиети
Эртең менен ачкарын кайнаган сууга бир азыраак туз салып эритип анын тунмасын ичсе, ашказанга пайдасы чоң. Өңү өчүп кете турган материалдарды жууганда сууга туз кошуп жууса өңү бузулбайт. Көз кычыктары кычышып ооруса, күн сайын туздуу суу менен көздү сүртсө кычышканы токтолот. Курт-кумурскалар чагып алган жерди туздуу суу менен жууса шишитпейт.
Өсүмдүк уруктарын сепкенде аны туздуу суу менен жууп, анан сепсе, көгөрүп жакшы чыгат. Туздуу суу менен гүлдү сугарса, ал көпкө чыдап, тез соолубайт жана чачыранды өспөйт.

Сода тиш оорусуна пайда
Кекирип, зарына болгондо бир кашык соданы кайнак суу менен ичсе заматта эле токтотот. Ар күнү уктаардан мурда сода менен оозду чайкап турса, тиш оорунун алдын алууга болот. Ушул ыкманы такай колдонсо тиш оорусуна дуушар болбойт. Ошондой эле тиштин бекем болушуна да пайдалуу.


Эчки сүтүнүн пайдасы
Эчкинин сүтүнүн курамында ар түрдүү витаминдерден тышкары, рак оорусуна каршы турган бир канча заттар бардыгы аныкталган. Аны өпкөнүн сезгенүүсүнө жана башка дем алуучу бөлүктөрдөгү жугуштуу ооруларды айыктырууда өтө пайдалуу экендиги жана ага чоң таасир бере тургандыгы илим жүзүндө толук боюнча тастыкталган.


Таза балды кантип тандоо керек?
Бал адамдын уйкусунун бузулуусун жөнгө салып, көзгө суук тийип жана анын тамырларынын сезгенүүсүн айыктырууда өтө пайдалуу. Балдын сапатын төмөндөгүчө текшерсе болот. Зымды кызытып балга тийгизгенде газ чыкса таза, эгерде түтүн чыкса анда таза эмес бал. Ошондой эле, бал менен сууну 1:5 катнашында аралаштырып, бир күндөн кийин караганда тунбаса анын жакшы экендигин, тунуу пайда болсо начардыгын билдирет. Балды жыгач менен алганда узун тартып чоюлуп үзүлгөндөн кийин шарча болуп калса, анда балдын жакшы болгону. Же азыраак балды иод менен аралаштырганда түсү көгөрсө ал таза деп эсептелет.


Чайдагы С, В витаминдери
Чай курамындагы чай заты жана С,В витаминдердин жүрөк булчуңунун, кан тамырындагы өзгөрүштөрдү жакшыртуу касиети болгондуктан ар дайым чай ичип жүрсө артерия кан тамырынын катып калуусунун алдын алууга болот. Кургатылган чайдын чамасын үйдүн ичине түтөтүп койсо, үйгө чиркей, чымын жолобойт да, андагы түрдүү майда микробдор өлүп жок болот.Таза чай чамасына туз кошуп жумуртка бышырса,өтө даамдуу болот. Кирдеген идиш-аяктарды, жыгач отургучтарды чайдын чамасы менен жууса, аны өңүнө чыгарып жалтыратат.


Мунара Шопокова







about | A Free CSS Template by RamblingSoul

6-апрель, 2012-жыл






??.??