Обон почта


ОП-212-1. Салам, "Обон!" Мен Тогуз-Торо районунун Бирдик айылында жашап жаткан атам Анарбек, апам Аида жана сиңдим Халида, ошондой эле чоң апама, бир туугандарым Муса, Болот, Жакы баарына салам айтам! 0777063ххх
ОП-212-2. Мен саламымды ата-энеме жолдойм, сиздерге узун өмүр каалайм. 0770476ххх
ОП-212-3. Салам, "Обон!" ЭЛфм радиосунун ди-джейи Расул
Рахманалиевге чоң салам, аны чексиз сүйөм, мен ал үчүн жашайм. Роза
ОП-212-4. Чоң-Алай районундагы В.И.Ленин мектебинин 10-в классында окуган Чопош,Мачу,Апаш,Упуш,Нузи,Саш,Ажар ж.б. классташтарыма чоң салам! Мээрим
ОП-212-5. Салам, менин сүйүктүү досторума, өзгөчө Айзадага, Жүзүмгө супер салам! Мээрим 95
ОП-212-6. Салам, "Обон!" Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылына чоң салам! Мээрим 95
ОП-212-7. Салам Бекулан! Мен сени жакшы көрөм жана сыйлайм. Жан,бул дүйнө үчүн сен жөнөкөй эле адамсың, бирок мен үчүн бүт ааламдын өзүсүң,-деп жаның. 0777063ххх
ОП-212-8. Кыздар, намысыңар кайда калып бара жатат? Ансыз деле кыргыз кыздары татына, сулуу эмес беле? А силер балдарга жагабыз деп, ачык кийинип, чоң күнөөгө батып жатасыңар! Шаарга баруудан уялам, бир чети корком. Жүрөгү таза кыздар көбөйсүн! Бема 94.
ОП-212-9. 1- апрель эл калп сүйлөп көнүп калды, бир нерсе десең (бүгүн 1-апрель унутуп калдыңбы? деп) күлүп коёт. Калп айтуу бул зыяндуу, туура эмес жорук да, илгери Ленин ушул күнү калп айтса керек. Ал киши калп айтса, баарыбыз туурап калп айтып, эмне биз белимчи болуппузбу? Бул жаман, зыяндуу жорук. Мындан алыс бололу, чынчыл, калыс бололу. Илбирс.
ОП-212-10. Неге мынча сүйдүм экен сизди Нурлан Насип байке!
Акмаанай
ОП-212-11. Салам, "Обон!" Мага ырчы Омар тууралуу маалымат берип койсоңуздар. Айчүрөк
ОП-212-12. Нурлан байке, ар дайым бар болуңуз, бирок үйлөнбөй туруңузчу сураныч. Күйөрманыңыз Акмаанай.
ОП-212-13. Мен үй-бүлөмө салам жолдоп, гезитке смс жазбайм, дос, тааныш, тууганга деле салам же куттуктоомду телефон менен эле айтып коём. Мен элге керектүү, көйгөйлүү ишти гана гезитке смс кылып жазам. Мени эч качан майда, обу жок смсчи деп айтпагыла. Мен дайыма Алла тааланын буйругу менен чындык үчүн, калыстык үчүн күрөшө берем. Илбирс.
ОП-212-14. Салам, "Обон!" Мен апама терең ыраазычылык билдиргим келет, апаке, узак жашаңыз! Кызыңыз Айтурган
ОП-212-15. Салам, "Обон!" Мен байкелерим Нурлан, Руслан, Сьездбек, Айбек, Алмазга жана Таласка чоң салам! Ар дайым бар болгула! Карындашыңар Айчу.
ОП-212-16. Мага корей жылдыздары тууралуу маалымат берип койгулачы сураныч? Алдын ала рахмат! Акыл
ОП-212-17. Салам, "Обон!" Түп районунун Бирлик айылына ысык салам! Ажара
ОП-212-18. Папандык № 91 орто мектебинин 96-жылкы кыздар-балдарына чоң салам. 96-супер! Айдайка
ОП-212-19. Салам, "Обонушка!" Мен Бирдиктеги классташтарыма салам жолдойм. Алдыдагы экзамендериңерге ийгилик каалайм. Бар болгула жана үлгүлүү окуучулардан болгула. Беку
ОП-212-20. Саламым Оргочордогу сүйүктүү апам Айнагүл, атам Зарылбек, кыздарым Арууке,Асема,Гүкү, Буку,Айсымал,Мадина, Жыргал жана Ынтымак, Урмат,Жазгүл, Алиге жолдонот! Ден соолукта болгула, мен силерди жакшы көрөм. Айнура
ОП-212-21. Салам, "Обон!" Мага "Бейиш багы" деген корей тасмасындагы Юн Сон жөнүндө жазгылачы, сураныч. Мира
ОП-212-22. Бактыгүл эмне себептен Урматтан ажыраган, кызык? 0779250ххх
ОП-212-23. Салам, достор! Кандайсынар? Менден баарынарга салам! Элдияр 92
ОП-212-24. Салам, "Обон!" Мен бардык туугандарыма салам айтам, ар дайым бар болгула! Элдияр 92
ОП-212-25. Бул жашоодо болот дайым күндөр,/ Капа болбо бул күндөр өтүп кетер./ Бул жашоодон үмүтүңдү үзө көрбө,/ Жараткандын жакшылыгы бир күн келер./ Элдиар 92
ОП-212-26. Салам, "Обон!" Мен Казарманда жашаган Эркиш байкеге салам жолдойм, аман болуңуз. Мен сизди сүйөм! Айгүл
ОП-212-27. Шекер айылында жашап жаткан Эшматовдорго ысык салам! Элдияр, мен сени сүйөм, жаным! Гүли
ОП-212-28. Салам, "Обон!" Менин саламым Ак-Чий айылынын Балбаков мектебинин 10-классына жолдонот! Ар дайым бар болгула. Чынаркүл
ОП-212-29. Курманбек Бакиевди эми белорустарга берели, ордуна алар бизге Белорус маркасындагы жаңы 1000 трактор беришсин. Эми бизге Бакиевдин кереги жок. Ал келсе дагы бир балээ кылат. Урматтуу эл-журтум! Аны сурап өкмөткө кайрылбай эле коёлу? Аны 1000 тракторго алмаштык! 0771412ххх
ОП-212-30. Менин саламым Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин 10-б классына жолдонот. Классташыңар Эраалы.
ОП-212-31. Салам, "Обон!" Мен Айнагүлдү сүйөм! Акылбек
ОП-212-32. Менин сүйүктүү апам Турганбүбүнү, келиним Астра, кызы Арзуу, уулу Мырзага жана сүйүктүү сиңдим Аселге чоң салам! Мен силерди жакшы көрөм. Гүлмира
ОП-212-33. Сүйүү бул мышыктай митаам келет, бир аз эркелетип, сылап-сыпап койсоң каната тытып алат. Айпери
ОП-212-34. Салам, "Обон!" Менин сагынычтуу саламым сүйүктүү Айнура эжеге арналат, мен сизди абдан-абдан жакшы көрөм. Адилет
ОП-212-35. Мен бактылуу болгум келет! Жылдыз
ОП-212-36. Жалпы нарындыктарга чоң салам! Нурбек
ОП-212-37. Илгери атам ооруп төшөктө жатса, айылда молдо болуп жүргөн досу келип (Аманкул өлөрүндө мага жакшы тон берди эле. Ал кайтыш болгондо, түшүмө кирди. Баягы мага берген жакшы тонду кийип жүрүптүр деп) сөз айтты эле. Анда атамдын ачуусу келип ( мени өлөт деп атасыңбы, өлсөм да сага тонумду бербейм деп) молдо досун сөгүп, үйдөн кууп чыкты. Кийин атам кайтыш болду, молдо досу жаназа окуганына акча бердим, бирок тонду берген жокмун. Илбирс
ОП-212-38. Ак-Чий кыштоосундагы чоң энеме чоң салам! Жанарбек.
ОП-212-39. Нурила, мен сени жакшы көрөм билесиңби? Сен билип кой мен сени эч кимге бербейм, биз дайым бирге бактылуу болобуз, ишен мага. Кайрат
ОП-212-40. Салам, "Обон!" Биздин сүйүктүү агайыбыз Жайнакка чоң салам! Дайыма үлгүлүү мугалимдердин катарында жүрө беришиңизге тилектешпиз деп 93-жылкы окуучуларыңыз! 0778564ххх
ОП-212-41. Мен ойлоп көрсөм кыздар менен кыздар дос болгонго караганда балдар менен дос болгон бекемирээк болот экен. Буга кыздар таарынып калбагыла, болгону көп жерден кыздар жардам бере албай калат дегеним да! 0556987ххх
ОП-212-42. Салам, "Обон!" Менин саламым жалпы Кыргызстандыктарга арналат! Мунарбек
ОП-212-43. Салам, "Обончик!" Салам, достор, баарыңарга! Келгиле бир маанилүү иш жөнүндө жазып, чогуу баарлашабыз? Азыр мен окугандардан Элдияр 92, Алина 97, Илбирс- силер азаматсыңар! Ийгилик, эми биз чогуубуз! Менин атым Айка 94
ОП-212-44. Элдияр 92, сага салам! Махабат
ОП-212-45. Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылындагы Атай айылындагы апам Нургүл, атам Асанаалы, карындашым Сайкалдарга чоң салам! Мен силерди сагындым! Уулуңар Султан
ОП-212-46. Менин эжекелерим Гүлмира, Айкаларга салам жолдойм! Мени урушпагылачы, мен силерди жакшы көрөм да! Сиңдиңер. 0772423ххх
ОП-212-47. Салам, "Обонушка!" Мен силердин жалпы жамаатыңарга салам жолдойм! Ишиңерге ийгилик, рахмат менин смстеримди элге жеткиргениңерге! 0772568ххх
ОП-212-48. Салам, достор, мен силерге табышмак айтам! Бир күнү жигит кызга: Канча жаштасың?-десе, кыз: Апамдын жарым жашындамын, атаман апам 5 жаш кичүү. Үчөөбүздүн жашыбызды кошкондо 100 болот,-дептир! Достор, кыз канча жашта? Султан
ОП-212-49. Бегимай, мен сени сүйөм! Чыгармачылыгыңа ийгилик каалайм! Марат
ОП-212-50. Биздин мектепте окуп кеткен Мээримге салам! Азыр кайдасың? Дайыныңды билдирсең боло? 0777452ххх
ОП-212-51. Ырчы бузду ырларымдын саптарын,/ Билбейм анын кай учурда жатарын./ Анын үнү көңүлүмдү көтөрүп,/ Өз ырымды койгон экем унутуп. 0777488ххх
ОП-212-52. Салам, "Обон!" Менин саламым сүйүктүүм Эрмекке жолдонот! Сырдуу кыз! 07785129ххх
ОП-212-53. Бусурман байкеге салам жолдойм! Сабактан качпасаңыз э? 0779464ххх
ОП-212-54. Салам, "Обон!" Менин алтындан ардактуу, күмүштөн салмактуу сүйүктүү кызым Мунарага ысык салам жолдойм! Жаным, асылым, мен сени эч кимге бербейм! Биз дайыма бирге болобуз! -деп сүйүктүүң Эрмек.
ОП-212-55. Жылдыздуу кыздарга менден салам! Илгиз
ОП-212-56. Анекдот: Эки тоокту короодогу короз кубалап баратса, тооктордун бир айтат экен: токтоп турбайлыбы бир аз, баары бир басат десе, экинчиси дагы бир аз качалы, элдер көрсө эмне дейт?-дептир. Сапар
ОП-212-57. Салам, "Обон!" Калык атамдын бардык балдарына жана неберелерине салам! Жылдыз
ОП-212-58. Салам, "Обон!" Мен сүйүктүүм Мараттын келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Мен Маратка чың ден соолук, узак жашоо каалайм. Дайым биздин бактыбызга бар бол! Жубайың Айсалкын
ОП-212-59. Менин сагынычтуу саламым Саматка жолдонот! Мени унутпа, мен сага ишенем, билесиң да! 0556854ххх
ОП-212-60. Биздин ырчылар барган сайын сапаты кетип баратат го я? Султан, Мирбек, Ильязга асылып атышып акыры алар үйлөнүп тынды го, эми көрүп атасыңар да кандай сахнадагы көрүнүштү, андыктан бар нерсенин баркын билели, достор! Айка 94
ОП-212-61. Маанилүү, талкууга аларлык маалыматтан жазып талкуулабайлыбы Илбирс, Элдияр 92, Алинка 97, кандай дейсиңер? Айка 94
ОП-212-62. Салам, "Обон!" Мен алыскы Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылында жашап жаткан апама,атама жана жалпы туугандарыма салам жолдоп, бар болгула демекчимин. 0772358ххх
ОП-212-63. Махабат жүрөктү жаралайт, андыктан сүйбөй эле бактылуу жашаганга мүмкүн болсо эмне? Адинайка
ОП-212-64. Сүйгөн адам ырдап турса тереземдин түбүндө,/ Анын ыры дайым эле бир маселе жөнүндө!/0770524ххх
ОП-212-65. Салам, "Обон!" Мен силердин жалпы жамаатыңарга салам жолдойм! Мага орустардын ырчысы Максим тууралуу жазсаңар абдан ыраазы болмокмун! Ишиңерге ийгилик! Азат
"Обондон" жооп: Бул ырчынын чын аты Марина Максимовна. Ал 1984-жылы 24-июнда Казань шаарында төрөлгөн. Шоу-бизнеске Максим деген ат менен таанылган, 6 жашында эле вокал кружогуна ошону менен бирге спорт кружогуна (карате) барганга жетишкен. Азыр ырчы болуп калды, бирок карате боюнча кызыл курдун ээси.Биринчи профессионалдык келишимин ырчы 14 жашында эле түзгөн. Азыркы учурда атактуу ырчылардын катарын толуктайт. Азамат
ОП-212-66. Салам, "Обон!" Менин сүйүктүү жолдошум Сапарбекке, уулум Мирбекке, Асланга чоң салам! Жибек
ОП-212-67. Смс жазганды "ушакчы" дегенге болбойт. Эгер билип жазса эмнеге ушакчы болмок эле, "ушакчы" деп чындыгы жок калпты жазганды айтат. Мен дайыма элдин турмушунан алып жазам( Алла ыраазы болсун деп). Мүмкүн калп айткандар да болушу мүмкүн, алар ушакчы. Мен андайларды жок деп айтпайм. Андай кишинин өзүнүн атынан жазгыла! Жалпы смсмчилердин атын булгай бербейли. Такелди Талас
ОП-212-68. "Обон", силерге чоң салам.Базар- Коргондуктарга да салам! Бактылуу болгула. Шүкүрона
ОП-212-69. Мен Гүлмайрам эженин келе жаткан 6- апрель туулган күнү менен куттуктайм! Сизге ден соолук, чоң бакыт каалайм! Үй-бүлөңүз менен бирге түбөлүк бейкуттукта жашаңыз. Махабат
ОП-212-70. Салам, "Обонушка!" Мен модел бала Амал жөнүндө кененирээк маалымат окугум келет дагы. Силердин гезиттен окуп, аябай сүйүп калдым. Жазира
ОП-212-71. Мен Ынак Осмоналиевди жакшы көрчүмүн, бирок ал мурун эле үйлөнүп алган да, ушунча жыл ичиме катып келип эми түшүнүп отурам, унутуш керек экендигин. Азыр мен айтсам ичимден жеңилденип алам деп ойлодум. 0555869ххх
ОП-212-72. Түндөрү сулуу болуп ушул жаздын,/ Катыңда шамдай күйгөн сөздөрүңдөй./ Менден сага жалт берген өмүрүмчү,/ Көңүлүңчү жоогазын көздөрүндөй. Айсулуу
ОП-212-73. Сени сүйүү азап дагы, бакыттай,/ Сезимдердин сересинде басып жай./ Сен эсиме түшкөн сайын арзуумду,/ Селге айлантам көз ачыртпай, басылтпай. Айсулуу
ОП-212-74. Салам, достор, бир маанилүү смс жазбай эле обу жок нерселерди жазып атасыңар го? Ошондон көрө маанилүү иш жазсаңар болбойбу я? Талант
ОП-212-75. Менин сүйүктүү сиңдим Үмүттүн келе жаткан "Алиппе майрамы" менен куттуктайм. Мен сага бактылуу балалык каалайм, ата- энеңди сыйлап, урматтаган жакшы кыздардан болушуңа тилектешмин! Эжекең. 0779330ххх
ОП-212-76. Саламым менин кыргыз калкыма жолдонот. Кыргыз эли кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан. Жийдегүл
ОП-212-77. Мен Нурайым эжеге чоң салам жолдойм. 0772564ххх
ОП-212-78. Салам, "Обон!" Мен дүкөндө иштеген Гүлмира эжеге салам жолдойм, жакшы соода кылыңыз, кардарыңыз Актилек.
ОП-212-79. Азабымбы, бакытымбы ким билет,/ Тагдырыма кеч күздөгү жолугуп./ Аңдадыңбы сезимимди үлбүрөк,/ Жалгыздыктан аңгыраган дүйнөмдүн./ Эшиттиңби коңур күүсүн дилдирек./ Айсулуу
ОП-212-80. Салам, "Обонтай!" Мен жан дүйнөм жапа чегип кыйналып келем, азыр мен кетирген смстеги ырларды чыгарганыңыздарга чон рахмат. Айсулуу
ОП-212-81. Менин саламым Нарын шаарында жашаган Сабыр байкеге, Гүлзат эжеге, кыздары Айка,Элкага, уулдарына жолдонот. Эраалы
ОП-212-82. Менин сүйүктүү курбум Гүлзардын өтүп кеткен 23-март туулган күнү менен куттуктайм, жакшылыктын эрте кечи жок, мага таарынба, мен сага тунук сүйүү каалайм. Курбу кызың Айгерим.
ОП-212-83. Менин сүйүктүүм Мырзага салам жолдойм. Жаным, мен сени чексиз сүйөм! Жубайың Анара
ОП-212-84. Биз Балыкчыдагы Адахан байкеге салам айтабыз, бизди унутпаңыз ,жайында буюрса барабыз. Келдибек, Динара
ОП-212-85. Мен Көлдөгү кудаларым Керимге, кудагыйым Марияга салам жолдоюн дегем. Силерге бакубат жашоо каалайбыз. Оштон Жанжигит, Гүлдаана
ОП-212-86. Бизге күнүгө алган самсыны даамдуу жасаган эжеге жана саткан байкеге салам! Силердин самсыңар элдикинен өзгөчө даамдуу. Айка, Гуля
ОП-212-87. Салам, "Обон!" Менин классташтарым Азамат, Алман, Адылбек, Максат, Нурсултан, Адина, Алина, Айгүл, Мээримге салам жолдойм. Классташыңар Нурсултан
ОП-212-88. Мен классташым Мээримди издейм. Биз 11-классты окуп атканда күйөөгө тийген. Азыр кайда экенин билбейм, окусаң дайыныңды билдир. Айпери
ОП-212-89. Салам , "Обонушка!" Мен Терек-Сайдагы Махабатка салам жолдойм. Бешик бооң бек болсун, балдарың менен бирге бактылуу бол! Буюрса, жакында барабыз. Мунара
ОП-212-90. Салам, "Обон!" Мен
К. Эшимбеков орто мектебинин 2006- жылкы бүтүрүүчүлөрүнө салам жолдойм. Зарина
ОП-212-91. Мен Нарын областынын Кочкор районунун тургундары Адилет менен Нурдинге салам айтам. Мен силерди жакшы көрөм. Дос кызыңар Муня
ОП-212-92. Астра, сен өзүңдү кыйын сезип чон чыкпа, бир күнү менден көрөсүң сонунду. Секрет. 0558489ххх
ОП-212-93. Адилет, эмнеге мага карындаштай мамиле кыласың? А мен сени сүйөм го, эмгиче сезбейсиңби? Түшүнчү жаным мени. Асылзат
ОП-212-94. Касым байкенин машиналуу болушу менен куттуктайм. Дөөтүңүз кут болсун, байке, төрт дөңгөлөгү дайым чимирилип турсун.Аксаткын
ОП-212-95. 1-апрелде тамашалайм деп таарынтып алган сүйгөнүм
Гүлнурга салам жолдоп, мага таарынбоосун өтүнөм. Мен ал күнү жөн гана алдагам, жаным, кечир! Амантур
ОП-212-96. Салам, "Обон!" Мен жалпы "обончуларга" салам жолдойм! 0703695ххх
ОП-212-97. Күттүм сени күүгүм талаш кеч кирип, / Күттүрбөстөн эшик кагат деп билип./ Кусалыкка балкып турат бүт боюм,/ Күйүтүмдүн бир үзүмү эскирип. /Күттүм сени кусалыкка чыдабай,/ Элесиңди бир көрүүгө зар болуп./ Ээлеп алып жүрөгүмдү сагыныч,/ Эрип кетчү алаканда кар болуп./ Айсулуу
ОП-212-98. Айгүл суранам мага маяк бербечи, өзүңө айтсам таарынасың, окусаң түшүнөөрсүң. Мухамбет
ОП-212-99. Алыскы Ат-Башылыктарга салам! Кайрат
ОП-212-100. Айла жок сүйүүгө мен багындам! Сезим.






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

6-апрель, 2012-жыл






??.??