Алмазбек Раимкулов, Ассоль Молдокматова:

"Биз, чындыгында, бактылуу, ынтымактуу үй-бүлө болдук"


Дүйнө чемпиону, мушкер Алмазбек Раимкулов менен курч калемгер журналист Ассоль Молдакматова. Кыргыздын сыймыгы аталган экөө тең кыргыз үчүн кан жанын аябаган патриот инсандардан. Жакында эле баш кошуп, бактылуу, бал ширин үй-бүлөлөрдүн санын толуктаган. Мына ушул кош жылдыздардын жашоосунан азыноолак кеп кылууну туура көрдүм. Аларга байланышка чыксам, Ассоль эжебиз келиндик милдетин так аткарып, кайын журтуна даамдуу тамак жасап, чай берип аткан экен. Телефон менен баарлашып атып, алар менен мен дагы бир дасторкондо чай ичкендей болдум. Анткени Алмазбек байке, Ассоль эже экөө тең мени менен телефон аркылуу кызыктуу маек курушту.

- Алмаз ага, Ассоль эже, куш бооңуздар бек болсун! Үйлөнүү тоюңуздар менен куттуктаймын!
Алмазбек: - Рахмат, карындашым!
Ассоль: - Силерге чоң рахмат!
- Кандай жүрөсүздөр, ден соолук, иштериңиздер жакшыбы?
Алмазбек: - Абдан сонун, иштерибиз жакшы.Келинчегим даамдуу тамак жасап, баарыбыз тамактанып атканбыз.
- Тамактын үстүнөн чыккан экенмин да. Тамагыңыздар даамдуу болсун!
Алмазбек: Рахмат. Бирге болсун!
- Ассоль эже жаныңыздабы, ал да жооп берип кетсе жакшы болмок да...
Алмазбек: - Ооба, жанымда, бирок азыр ашканага тамак салып келгени кетти, азыр келип калат.
- Айтып коёт го, сүйүктүүлөр бири-биринен айырмалангыс болуп турушат деп. Сиздерде да куп жарашкан окшоштуктар барбы?
Алмазбек: - Ооба. Биздин көп сапатыбыз окшошуп кетет. Экөөбүздүн алдын ала ойлонгонубуз, максаттарыбыз, келечектеги пландарыбыз бир ой менен чыгат.
Ассоль: - Тагдырыбыз келишкенден кийин, биздин окшош жактарыбыз өтө эле көп. Жөнөкөйлүк, боорукерлик-бул биздеги негизги жакшы сапат. Башкача айтканда, Алмаз мен үчүн аябагандай тарбиясы күчтүү, мыкты адам. Ар бир адамда өзүнчө мүнөз болот эмеспи. Алмазда чечкиндүүлүк, чынчылдык, адамгерчилик сапаттар бар. Эң башкысы, Алмаздын патриоттук сезимге жүрөгү балкып турат. Мекен үчүн болгон аракетин жумшап, Кыргызстандын желегин көтөрүп келет.
- Алмазбек байке, мыкты мушкер аталып дүйнөгө атагы чыккан спорт чебери, Ассоль эже сиз калеми курч, дасыккан күчтүү журналист катарында жогорку ордуңуз бар. Ушундан улам менде мындай суроо жаралды. Таланттуу кош жылдыздардын үй-бүлөлүк жашоосу кандай нукта өтүп атат болду экен?
Алмазбек: - Биздин күнүмдүк жашообуз абдан жакшы өтөт. Ары кызыктуу, ары жомоктогудай.
Ассоль: - Эң сонун. Алмаз абдан жароокер, боорукер инсан. Мага дайыма көңүл буруп, күнүмдүк жашообуздун жакшы нукта өтүшүнө өбөлгө болот. Биз, чындыгында, бактылуу, ынтымактуу үй-бүлө болдук. Менин оюмча, тагдырыма баш ийип, бактылуу жашап атам.
- Бактылуусуздарбы?....Сиздер үчүн бакыт деген эмне?
Алмазбек: - Албетте, биз бактылуубуз жана мындан ары да бактылуу жашайбыз. Адамдагы эң чоң бакыт, сүйүктүү адамың жаныңда болсо, ошол чоң бакыт.
Ассоль: - Бактылуулук бул-сүйүү жана сүйүктүү болуу. Бактылуулук бул-үй-бүлөң, жакындарың сенин жаныңда аман- эсен жүрүшкөндүгү. Эртең менен эрте турганда маңдайыңда турган сүйүктүү адамыңды көрүү өзгөчө чоң бакыт.
- Бактылуу көз ирмемдер менен коштолгон эң кызыктуу күнүңөрдү айтып берсеңиздер?
Алмазбек: - Экөөбүздүн ар бир күнүбүз кызыктуу өтөт. Анткени, биз өткөргөн ар бир минута бактылуулуктун белгиси. Жашообуздун башталышы бул-бакыттын өзү. Кызыктуу күндөрдүн башаты десем жаңылышпаймын.
Ассоль: - Сиз билесизби, ар бир кыз үчүн үй-бүлөлүк бакыттан ашкан байлык жокко эсе. Мен ойлоймун, биздин бирге болгонубуз-биздин үй-бүлөлүк бактыбыз. Ичибизден кандай ойлонуп жаткан болсок, ошол ойлорубуз дайыма дал келет. Биз бири-бирибиздин эмне ойлонуп атканыбызды билебиз. Экөөбүз бири-бирибизди алыстан түшүнөбүз. Оюбуз бир жактуу болуп, дайыма бир фразаларды айтабыз. Алмаздын мага болгон мамилеси, мен үчүн өтө маанилүү. Биз мусулман жолу менен баш коштук. Анткени, кыргыз үчүн, мусулман үчүн да биринчиден кудайга ишенүү. Мыйзамдуу түрдө никеге туруп, макулдугубуз менен үй-бүлө курдук. Бир үйдүн түтүнүн булатууга бел байладык. Алмаз намаз окуйт, ошол үчүн мусулман салты менен үйлөнүү биз үчүн маанилүү болду.
- Жакшы сөз жан эргитет эмеспи. Бири-бириңиздерге кандай жагымдуу сөздөрдү айтып, кантип эркелетесиздер?
Алмазбек: - Ички дүйнөбүздөгү жакшы сөздөрдүн баарын бири-бирибизге күн сайын айтып турабыз.
Ассоль: - Мен миллиондогон жагымдуу сөздөрдү айтам жана дагы да айта берем...
- Ассоль эже мурда бир көрсөтүүсүндө даамдуу тамактарды жасачу эле. Алмаз байке, сизден сурагым келип атат, азыр Ассоль эже ошондогудай даамдуу тамак жасап берип, сиздин курсагыңызды тойгузуп жатабы?
Алмазбек: - Туура айтасың, карындашым. Ассоль ашканада сонун тамактарды жасайт экен. Мурун билчүмүн, бирок мынчалык даамдуу болот деп күткөн эмесмин. Ооба, бир кезде даамдуу тамактарды жасаган көрсөтүүсү бар болчу. Азыр ал кандайдыр бир себептерден улам жабылып калган. Кыргызстанга барса кайрадан улантат.
- Кыргызстанга качан келесиздер?
Алмазбек: - Албетте, мекенибизге барабыз. Азырынча жумуштарыбызды бүтүрүп алалы, анан Кыргызстаныбызга сапар тартабыз.

(Алмаз байкенин апасы Шайыргүл апаны кепке тартып калдым)
- Саламатсызбы, апа, келиниңиз кут болсун!
Шайыргүл: - Рахмат силерге.
- Келиниңиз ак жоолук салынып сиздерге жүгүндүбү?
Шайыргүл: - Ооба...ооба... Сөзсүз түрдө келиндик милдетин аткарып ак жоолук салынып, кыргызча кийинип бизге жүгүндү. Ушундай келиндүү болгонума кудайга аябай ыраазымын. Уулум менен келиним кадимкидей нике кыйдырып, ЗАГСга барып мыйзамдуу түрдө нике кагазын алып баш кошушту. Кудайга шүгүр, баары жакшы. Келинимдин колунан баары келет. Балам таланттуу, жакшы адамга үйлөндү. Алар абдан бактылуу жашап атышат. Мына,... азыр да келиним бизге даамдуу тамагын өз колу менен жасап берип, сый-урматын көрсөтүп атат.
- Маегиңиздерге рахмат.


Жылдыз
Абдыкерим кызы






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

6-апрель, 2012-жыл






??.??