Таанышуу жарыясы


гүлжигиттин ырын бек борбиевдикине окшоштурушту


Жаштардын жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун тапкан ырчы мырзабыз Гүлжигит Сатибеков бүгүнкү күндө "Ошко сапар" аттуу ырын ырдап жүрөт. Бул саныбызда ошол ырды адистин көзү менен сынга алып көрдүк.


Гүлжигит Сатибеков
Ошко сапар
Сөзү, обону: Гүлжигит Сатибековдуку

Баратабыз багытыбыз Ош тарап,
Жаным секет күттүң бекен жол карап.
Сапарымда неге сага шашылдым,
Куса болуп, куса болуп, жолугууну мен самап.
Кайырма:
Күтчү, жаным, Бишкек жолу узак да,
Мына-мына баратамын Сузакта.
Сагынычтар көкүрөккө толдубу,
Жаным секет, жаным секет, тосуп
алчы Куршабдан.

Узун жолдо зымыраса Мерседес,
Кыялымда тилеп келем жетсе тез.
Телефондун шыңгыр үнү тындырбай,
Улам-улам, улам-улам жөнөтөсүң СМС.

Кайырма:
Сапарыбыз эч бир койду арбыбай,
Айдоочу да өчөштүбү шашылбай.
Келатабыз Отуз -Адыр аралап,
Артта калып, артта калып Жан-Арыгы,
Садырбай,
Сени дегдеп самап келдим узактан,
Мына, мына жолугуштук Куршабдан.
Тарагыча бизде болгон кусалык,
Жаным эми, жаным эми чыгарбаймын кучактап.

Бостонкулов Маматибрагим,
композитор, акын:
"Бек Борбиевдин обонуна окшош"
Бул ырда негизинен уйкаштыкка карап эле жазылганы билинип турат. Сөзүнө караганда кыз менен бала Куршабдан жолугушу керек эле, анан эле Ошко өтүп кетти. Ырдын кеңири тараганынын себеби-Бектин обонуна окшоштугу. Анткени, Бектин ырлары элдин жүрөгүнөн орун таап, эл дайыма жакшы кабыл алат эмеспи. Менин оюмча, Бектин обонуна сөздү кошуп койгон.Бүгүнкү күндө жакшы обончулар чыкпай жатат. Азыркы эстрада ырчыларынын обондоруна батыштын обондору кирип кетип, кыргыздын нукура кайрыктары калбай калды. Бектин обонуна окшош болгону менин купулума толуп турат, бирок окшоштуруп алганы ирээнжитет. Маани-маңызына көңүл бурган эмес. Бул ырга эми оңдоолорду киргизсе жакшы болмок.

Сонунбүбү Кадырова, ырчы:
"Обондуу ырлар ушундай жеңил болот"
Бул ырды уктум. Негизи уйкаштыгы деле жаман эмес, кыскасы философиялык ойлоно турган сөзгө караганда жеңил ырлар керек болуп жатат. Себеби, кыргыз эли эки оор окуяны башынан өткөрдү, ошол себептен жөн гана көңүл ача турган ырлар керек да. Ушундан улам мындай жеңил ырлар көбүрөөк чыгып жатса керек. Бул ырдын клибин дагы көрдүм, көргөндө көңүлүң көтөрүлүп, жакшы сезим берет. Эми сөздөрүндө деле оркойгон кемчилик жок, кээ бир ырларда сөздөрү туура келбесе деле коё берет, бул ырда болсо сөздөрү жакшы уйкашкан. Обондуу ырлар негизи ушундай жеңил болот. Дүйнөлүк классикада деле ушундай жеңил-желпи ырлар көбүрөөк өтүп жатат. Анткени эл көп эле башын ооруткусу келбей, көңүл ачкысы гана келип калган, эми бир сөз менен айтканда, азыр элдин көпчүлүгү ушундай ырларга басым жасап калышты. Менин айтарым, ушундай жаштар өсө берсин. Өсө турган адамды жетелеп, жол көрсөтүп койсок, ал акырындап өсүп жолун таап кетет.

Алтынбек ИСМАИЛОВ,
Кыргыз улуттук жазуучулар созунун мүчөсү, жаш акын:
"Гүлжигит эстетикалык табити менен жалпы билимин өстүрүүгө тийиш"
Обондуу ырлардын деңгээлин аныктаган чен-өлчөмгө ылайык, соңку кездеги айрым "катынбаакы" ырларга салыштырмалуу Гүлжигиттин бул чыгармасы бир аз дурусураак жазылыптыр. Ал эми профессионал жазма поэзиянын критерийи боюнча бааласак, аталган ырдын тексти аябай жармач жана супсак.
Канткен менен бул жигит дасыккан акын болбосо да, ыр жаратуунун техникасын бир аз үйрөнүп, сап кураштыруунун сырларын аздыр-көптүр өздөштүрүп алыптыр. Башкача айтканда, Сатибековдун мындан башка чыгармаларын астейдил "жиликтеп" көргөн киши, анын ырларынын арасынан арабанын огундай оркойгон обу жок сөздөрдү, оозуң кайда десе мурдун көрсөткөн "жел баш" саптарды кездештирбесе керек.
Бирок ошентсе да Гүлжигит көп учурда сөз азабын, ой азабын тартпай туруп, калемдин учуна биринчи эле урунган сөздү, эсине кылт эте түшкөн алгачкы эле жеңил-желпи саптарды иргеп-искебестен, майда көздүү электен өткөрбөстөн, бүкүлү боюнча ырларына киргизип жиберет экен. Атүгүл айрым учурларда уйкаштык менен окуя кубалап олтуруп ырдагы маани-мазмунду экинчи планга калтырып койгондугу даана байкалат. Маселен, кээ бир жер-суу аттарын ылайыгы келсе-келбесе деле орунсуз пайдаланып, бир ойду кайра-кайра айтамын деп майдаланып жатып "Ошко сапар" чыгармасын жаратып салгандыгы буга эң сонун далил. Андыктан мындай кемчиликтерден арылуу үчүн ырчы жигит эстетикалык табити менен жалпы билимин өстүрүүгө тийиш. Андан сырткары, ал Бек Борбиевдин таасиринен кутулуп, өз үнүн, өз жүзүн табууга далалат жасаса, сөзсүз түрдө биз күткөн бийиктиктерди багынтат деп ойлойм.
Мунара Шопокова



o Накыл сөздөр

Желмогуздун бири
Желмогуздун шум мүнөзүн
кыла коюп,
Арадан ушак айтып, айыңдап жүр.
Тоголок Молдо
"Желмогуздун бири - барып турган шылуун, шумпай, балакеттин бири. Алдамчы, куу, митаамдын бири деген сыяктуу маанилерде адамга карата айтылуучу мүнөздөмө. Сөздүн тегинен кеп салалы. "Желмогуз" деген сөз - эки бөлүктөн турат: "жалма ооз, жалмап жибере турган оозу бар". Түбү "жети баштуу желмогуз" деген жомоктон имиш. Бир башын чаап салса - калган баштарындагы оозу менен да жалмап жеп жиберген. Жети башын кыя чапмайынча ал өлбөйт деп уламыш жомокто айтыла турган. Мына ушул жомоктон жогорку накыл сөз жасалган. Теги унутулуп да калган. Казак тилинде "жалма ауз" деп айтылат. "Кыргызча-орусча" сөздүктө "баба-яга" деп берилген. Туура эмес го деп ойлоймун. Кыргыздын сөздүгүндө өзү жылан-ажыдаар сыяктуу жети башы бар желмогуз (чудовище).
Өрүлүк берүү, өрүлүктөп чакыруу
Ишенген кожоң сууга акса,
Алды алдыңдан тал карма.
Бул макалдын чыгыш тарыхын ачып алсак, мааниси жок так болуп чыга келет. Кыргыз эли ислам динине киргенден кийин, эл арасына атактуу эшендер келип, колунда бар адамдарды өзүнө мурут (мурид) кылып, толгон дүнүйөнү жыйнап кеткен. Алардын атынан анын муруттары келип, дербиш деген наам менен, укмуш кийимдерди кийип, колдоруна аса-муса кармап, кереметтер көрсөтүп, Кожо Ахмед Есавийдин ырларын айтып, элдин дилин өздөрүнө тартып, акыреттин камы жөнүндө толгон сөздөр менен элдин башын чатып, булар да дүнүйө-мал жыйнап кеткен. Кээ бирлери "мен кожо тукумунан болом. Мухаммед пайгамбардын Фатима деген кызынан тараганбыз, силерге намаз үйрөтөбүз, окутуп Куран таанытабыз" - деп, эски тартип менен элдин балдарын да окуткан. Намаз да үйрөткөн. Кожолордун эң чыгааны, элдин пири катары саналганы - Баабедин (Бахавиддин накшыбанды) болгон. Элдин бардыгы ошол кишиге сыйынган. Ошого атап кой сойгон, нан жасап жыт кылган. Көбүнчө элдин баатырлык жомокторунда ошол Баабединге гана сыйынган. Ошентип, кожо - кыргыз элинин ишениминде абдан касиеттүү жана олуя катарында болгон. Ал тургай Анжияндан чыккан Дукчу эшен деген элди падыша өкмөтүнө каршы үгүттөп, көтөрүлүш чыгарган. Ошол адам "мен кафирдин аскерин дуба менен токтотом" деп элди өлүмгө учураткан. Ал эшендин ким экенин Токтогулдун чыгармасын окуган киши даана түшүнөт. Илгери бир кожо урма чоң суудан "мен дуба менен аман-эсен суудан кечирем" деп, адамдарды сууга күргүчтөп киргизген. Кожонун касиетин урма суу билеби, кожо сууга агып кеткен. Аны менен сууга кирген адамдар да аккан. Ошондо бир кыргыз "ишенген кожоң сууга акса, алды алдыңдан тал карма!" деп кыйкырган экен. Суудан жапа көрүп чыккандан кийин бир кыргыз "ишенген кожом сен болсоң, калдайган селдеңди урайын!" деп боктогон экен.
Жүрөкзаада болуу
"Жүрөкзаада болуу" - коркуу, чочулоо, эмнедендир кооп саноо, тынчы кетип кооптонуу. "Зааде" фарсы-тажик тилдеринде - "бала". Кыргыз мына ушундан: ханзаада, бекзаада, арамзаада деген сөз айкалыштарын да жасап алган. Ал эми жогоруда келтирилген "жүрөкзаада" кандайча пайда боло калды?! Фарсы тилинде "захрэ" -ачуу, каар, кайрат деген маани берет. Мисалы: зааркануу, заарасы житүү. Фарсы тилине "бахтан" деген сөз менен айкалышып айтылганда: коркуу, жаны чыга чочулоо деген маани берип калат. Кыргыз тилине ошол "захрэ" кирген да, "заада" болуп айтылып калган. Ал эми "зааркануу, заарасы житүү" деген сөздөрдө өз маанисинде колдонгон. Жазуу аркылуу кирбеген сөздөр ушундай баш аламандыкка учурай берген. Ошон үчүн кыргыз тилинин орфографиясында чаржайыттык көп. Аларды жолго салуу да оор иш. Ал тургай сөздөрдүн тегин табуу да оңой-олтоң жумуш эмес.






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

6-апрель, 2012-жыл






??.??