Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Жазда кыздар эмес жигиттер ачылып жатабы?


Бул суроону алгач куудул кыздарыбызга узаттык. Андан соң гана жигиттерибизге жана жаш кыздарыбызга узатып, төмөндөгүдөй жооп алдык.

Мээрим Мураталиева:
"Мурун эркектер жалаң боз түстө кийинчү"
Негизи жаз менен кызды окшоштуруп коёт эмеспи. Ошол себептен жазда кыздар ачылат деп коюшчу. Чындыгында эле кыздар жеңил-желпи, анан түстүү кийинип көчөгө чыга башташат эмеспи. Бирок азыр жигиттер дагы кыздардан ашып түшүп кийинип атышат. Мурунку убакта эркек балдар жалаң кара, күңүрт түстөгү кийимдерди кийишчү. Мисалы, кара, көк, боз дегендей. Ал эми азыр болсо эркектер каалаган түстө кийинишет. Кызыл шым жана сары футболка кийип алгандар, албетте ачылат. Алыстан көз чаптырып карайсың. Кайсы "красавчик" келе жатат деп. Заманыбызга жараша баары өзгөрөт экен.


Кадыр Жарматов:
"Ачык түстөгү кийим кийсе эле, ачылып атат деп айтуу туура эмес"
Азыр эркек балдардын баары ачылып жатканы чын. Себеби көпчүлүгү эле кыздардай болуп чачтарын жасап, ачык түстөгү кийим кийип атышат. Бирок ачык түстөгү кийим кийүү менен ачылып алыптыр деп айтуу кыйын. Мисалы мен күлгүн түстөгү футболкаларды көп кийем. Ачылбайм деле. Бирок мен өмүрүмдө кызыл же жашыл түстөгү шым кие элекмин. Азыр ошондой кызыл түстөгү шым кийген балдардын саны көбөйүп кетти. Балким ошондон улам айтылып жатса керек.


Эркин Рыскулбеков:
"Гу Чжун Пёлорду көргөндө кыжырым кайнайт"
Оюм өтө деле жакшы эмес. Сыртта Гу Чжун Пёлордун көбөйүп бара жатканы кыжырымды кайнатат. Ошого каршы чыгып, бир жума калпакты баса кийип алып жүрдүм. Эркек деген эркектей болуш керек. Эми эркиндикти өкүртө берген үчүн эмне дей алабыз. Мен жумуштагы кызматкерлерди дагы урушуп жүрөм.


Айгерим Расул кызы:
"Күзгүнүн алдында эки саат турушат"
Ачыгын айтсам мага учурдагы жигиттердин жасанып жатышканы ашыкча сезилип жатат. Чынында күзгүнүн алдында чачтарын жасап, моюн орогучун оңдоп, ары-бери таштап эки саат тургандарын көрүп калдым. Бардыгы өз чеги менен болушу керек. Беш кол тең эмес дегендей, балким башкаларга бул жагып жатса керек. Менин жеке оюм боюнча мага бул кылгандары жакпайт. Атайын конокко же бир сыйлуу жерге барышса жасанса болот. Анан жөн эле көчөгө чыгарда түрдүү кийинишет. Кыргыздын эркектери чыныгы эркектердей эле болсо. Кыздардан ашып түшүп жасанышат. Алыстан карап кыздарга алмаштырып да аласын.


Айпери Кубик кызы:
"Эркектер жасанса эмне болуптур?"
Мен жигиттердин түрдүү түстө кийинип, чачтарын жасап жаткандарына түз эле көз караштамын. Ким кандай кийинет өзү билет дегендей. Мен алардын түрдүү кийингенине каршы эмесмин. Бул өзүн өзү карап, көңүл буруп жүрүү дегенди түшүндүрөт. Анын эмнеси жаман? Кыздар гана жасанып, эркектер жасанбаш керек деген шарт жок. Эркектер жасанса эмне болуптур? Өздөрүн карап жакшы алып жүргөндөрүнө сүйүнсөк болот. Мен аларды колдойм.


Назира Жетигенова:
"Чет өлкөнүн кинолорун көрүп, аларды туурап атышат"
Менин оюмча жигиттердин ачылып аткан себеби учурда чет өлкөлөрдүн кинолорун көрүп, ошолорду туурап кийинип атышат. Аласы тизесине түшкөн шымды мода экен деп, жарашса жарашпаса да кийип жүрүшөт. Мурун эркектер чачын жасайт деген өтө аз кездешчү эле. Учурдагы жигиттердин баары корей киносундагы балдарды туурап, каалашынча өстүрүп, жасап атышат. Анан ошентип жасанышып, укмуш кийимдин баарын кийип алышса, ачылып жатышат дейсиң да.


Нурелла Жаркулова







about | A Free CSS Template by RamblingSoul

6-апрель, 2012-жыл






??.??