Калыбек Назаралиев, КРнын Эмгек сиңирген артисти:

"Жаштар театрынын складында 6 ай жашадым"


Таланттардын тагдыры татаал болот деп айтып келебиз. Чындыгында эле ошондой татаал экен. Кээ бир артисттер татаал тагдырды алыс калтырышса, кай бирлер татаал тагдырдын жүгүн көтөрүп, ага моюн сунуп жашоосун улантып жүрүшөт. Кыргыз мамлекеттик жаштар театрынын актёру Калыбек Назаралиев да тагдырдын жазганына баш ийип, оорусунун айынан үй-бүлөсүнөн ажырап, Жаштар театрынын складында 6 ай жашап, азыр Жаштар театры берген бир бөлмөлүү жатаканада баш калкалап жатыптыр. Барсак, жупуну үйдө болсо да жадырап кабыл алды.

"Милициянын окуусуна тапшырам деп, артисттин окуусун окудум"
Окууну бүтүп армияга кетип Владивостокто 3 жыл аскердик кызматымды өтөдүм. Армияда калып кал дешкенинен, апам бул жакта ооруп атканынан ал жакта калбай бул жакка келе бердим. Өзүбүздүн Кара-Буура районуна барып, милициянын кызматына кирейин деп райондогу Милиция бөлүмүнө барып, ишке кирип иштейин десем, Капитан Мусаев деген начальниги макул кир деди. Сүйүнүп чыгып 7 чакырым жөө ойлонуп келатсам, жолдо бир газета жатыптыр. Бутум тийип кетип, "Кыргыз мамлекеттик академиялык драм театрына актёрлорду кабыл алабыз!" -деген кулактандырууну окуп калдым. Кой, ушул окууга барайын деп шаарга келдим. 187 бала экзаменге тапшырышты. Анын ичинен ала турганы 27 гана студент болду. Эгемберди Бекболиев, Чоро Думанаев, Анара Сыдыгалиевалар менен чогуу тапшырып калдык. Айылдагы Кудайберген деген алкаш трактористтин образын аткарып экзаменден өтүп, окуп калдым.
"Жогорку билимим жок, мени театрдан чыгарышты"
Кыргыз мамлекеттик академиялык театрда иштеп жүргөндө аттестация деген балакет чыкты. Ал убакта театрда актёрлордун дипломуна карачу. А биз болгону 2 жылдык студияны бүткөнбүз. Чорону, Эгембердини, Анараны театрга алып калды. Мен ал убакта үйлөнүп алгам. (22 жашымда үйлөндүм). Батирде жашачумун. Билимим жок экенине байланыштуу мени театрдан чыгарышты.
"Келинчегимди таштап, Нарында жалгыз жашап калдым"
Ошентип театрдан чыгып калгандан кийин желкем түшүп үңүрөйүп, Бообек Ибраев деген режиссёр агай: "Сенден жакшы актёр чыгат. Нарын драмалык театрына барсаң, жөн эле өтөсүң, ошол жакка бар",- дегенинен үйгө келип, колуктума "Нарынга барбайлыбы?" деп калдым. Ал №17 училищада тигүүчүнүн окуусун окуйт. Оокат-тиричилик кандай болот деп ыйлады. "Фатима мен кетейин, Нарынга барып иштеп келейин. Шарт болуп калса Нарынга барып чогуу жашайбыз",- дедим да Нарынга кеттим. Ал жакка барып, театрга жумушка кирип, жумушум жакшы болуп калганда колуктумду алып кеттим. Бизге 3 бөлмөлүү үй берип, ошол жакта жашап калдык.
"Акчадан кыйналып, 50 тыйындан нан сатып бизнес баштадым"
1990-жылдары аялым бул жактан кетели деди. Анан аялымды кетирип коюп өзүм калып калмак белем. Нарындагы үйүбүздү бул жактан жер тамга алмаштырып, шаарга келип алдык.Келерин келип алып, акчадан абдан кыйналдым. Атам да, апам да кайтыш болуп айылга барып калсам, бир агам шаарда жашооң кандай деп сурап калды. "Жашоо оор" деп калсам, "бизнес кылбайсыңбы" деп калды. Мен театр жагы менен гана иштеп кетем деп ойлочумун. Балдарыңды кантип багып атасың, үйүңдө газың барбы? - деди. Бар десем, анда нан бышырып сатпайсыңарбы деп калды. Нан жасап саткан эмнеси деп таң калдым. Ошко гастролго барганда гана суу, чалап сатып жүргөндөрүн көрчүмүн, бирок сатуу эмне экенин билчү деле эмесмин. Үйгө келип келинчегиме нан жасап сатпайлыбы? - деп калдым. Ал эмне деп атасың? - менин колуман камыр ачыбайт, камыр жууруганды билбейм деди. Ачыткы (дрожь) саткандарга барып камырды кантип жууруйт деп сурадым. Алардын айтканын угуп 4 кг ун алып келип, келинчегимдин алдына койсом, менин колуман камыр ачыбайт дегенинен анда мен жууруйм деп чарага унду салып алып жууруп кирдим. Үстүн жаап койдук. Ал учурда нанга да тыйыныбыз жок отуруп калдык. Эртең менен турсак камыр ачып, сыртына төгүлүп атыптыр. Газга 5-6 нан жасадык. Балдарыбыз менен жумшак ысык нанды жеп отурабыз. Анан сатпайлыбы десем биздин нанды ким алат эле деп калды. Үйүбүз жолдун боюнда. Кичинекей столго эки нанды тешип, бөтөлкөгө кийгизип коюп койдук. Чай ичип отурсак бир машина токтоп калды. Балдарым да уялып чыкпай атат. Өзүм чыгып уялып атып, 50 тыйындан 4 нан саттым. Соодабыз ошентип башталып, бизнес уланып кетти.
"Бизнесибиз жүрүшүп, балдарым Жигули эмес иномарка минебиз деп калышты"
Акырындык менен бутубузга туруп келе жатабыз. Анын ортосунда күйүүчү май да сатып калдык. Ал жактан келип бул жактагы жаштар театрына кирип алгам. Кошунабыз азербайжан болчу. Алар шуулдап оокат кылганды билет экен. Мени чакырып алып кой албайлыбы деп калды. Казакстанга барып кой алып келдик. Койду саттык. Андан түшкөн акчаны, чогултуп койгон акчабызды кошуп Жигули алдык. Анан балдарым Жигули минбейбиз, иномарка минебиз деп чыгышты. Опель Рекорд деген иномарка чыгып аткан, ошону алып калдык. Ошентип оокат кылып кеттик.
"Балам келип турат"
Улуу балам кайтыш болуп кетти. Суук бутунан жүрөгүнө чаап кетиптир. Азыр бир кыз, бир уулум бар. Уулум 34 жашка келди, үйлөнө элек, Дордойдо иштейт, келип турат. Кызым болсо түрккө турмушка чыккан. Азыр бул жакта турат.
"Маал-маалы менен талмам кармап калат"
Жаштар театрына 1990-жылы келдим. Азыр деле иштеп атам. Мени ортодон кырсык басып, бизнес жасай коёбуз деп Нарын ресторанынан рекеттер сабап кетип, эки жолку операцияны көтөргөндөн кийин минтип оорукчан болуп калдым. "Күмүштак" деген барды иштетчүмүн. Азыр бизнесимдин баары токтоду. Ортодо театрдан дагы чыгып кетип, 2 жыл иштебей калдым. Маал-маалы менен талмам кармап калат. Айлам алты кетти. Силерди кыйнабайын деп үйүмөн чыгып кетип, Таласка туугандарыма бардым. Ал жакка да батпай калдым. Нарында Күмөндөр Абылов менен иштеп калгам. Күмөндөр Таласка гастролдоп барып калды. Байке, сиз бул жакта жүрсөңүз өлүп каласыз деп жолума акча таштап кетти. Жол кирем менен бул жакка театрга келсем жакшы кабыл алышты.
"6-7 ай театрдын складында жашадым"
Мен оорукчан болгондон кийин көбү менен катташпай калдым. Соо болуп турсаң, ден соолугуң бар киши экенсиң. Ден соолугу жок адам катардан чыгып калат тура. Мен театрга келсем Темирлан Сманбеков жылуу сөздөрүн айтып кабыл алды. Келгенде 6-7 ай театрдын складында жашадым. Анан бир күнү Темирлан келип сакалдуу башыңыз менен бул жакта жашаганыңыз болбойт экен бир бөлмө бошоттум, ошол жакка келип жашаңыз деди. Азыр мага эч ким каралашпайт. Өзүмдүн арабамды өзүм тартып, намаз окуйм. Киримди болсо өзүм жууп алып атам.
"Достор" киносунда БОМЖдун ролун аткардым"
Каракчынын ролун студенттик кезде биринчи жолу ойнодум. Баш-аягы мурунку актёрлордукуна салыштырсам меники алардын алдында суу кечпеген ролдор. Жетимишке жакын ролдорду ойнодум. Мага көбүнчө терс каармандар тийчү. Алардын ичинен элдин эсинде калганы 50 сомдун ролигинде Курманжан датканын дарга асылып аткан уулу Камчыбектин ролун ойнодум. Анан азыркы учурда жаштардын арасында кызуу талкуу кылган жалаң ырчы кыз-жигиттер тартылган "Достор" тасмасында "БОМЖдун" ролун аткардым. Өзүм театр актёру болгондуктан, кинодо азыраак роль жаратып, көбүнесе спектаклдерде ойноп жүрөм.
Төлөбүбү Касымалиева