п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Жанып - өчкөн дүнүйө!


Жашоо бу - аба жутуп, дем чыгарып, күн кечкиртип жүрө берүү эмес, жашоо бу - дайыма жакшы эмгектенүүнү билдирет. Узак жылдарга жашаганды эмес, көп эмгек эткен кишини көп жашады деп айткан оң, деп жазыптыр жазуучу Ж.Руссо. "Аргымак кетсе из калар, артында жакшы сөз калар!" - деген эл сөзү да эске түшөт.


сагыналы амантурович европалыктарча маданият күткөн
Пендечилик кылып, акыл-парасаты менен адамгерчилиги жогору болгон, мамлекетине күйгөн, адамга жакшылык кылган адамдардын өзүбүз менен кошо жашап, айлана-чөйрөбүздө эле жүрүшкөндөрүн күнүмдүк тиричиликтин түйшүгүндө жүрүп байкабай калган учурларыбыз болот.
Көрсө, ал адамдар танкы чолпон жылдыздай жаркырап, тагдырдын таш боор кокустук кырсыгынан жалыны өчкөндөн кийин кете берет тура.
Жаңыдан гана орто жаштын кырынан ашканда, бир жанган чолпон жылдыздай, бир кирген агыны катуу жазгы суудай агып кете берди Сагыналы Амантурович. Тышкы келбети, анан ички дүйнөсүнүн тереңдиги менен зор эмгекчилдигине таң берет элек. Сүйлөшүп жатканда үнүн бийик чыгарбай, өзүн ар качан токтоо, сылык - сыпаа тутчу эле.
Сагыналы Амантурович кыргыздын салт - санаасы каны-жанына бүтсө да, европалыктарча маданият күткөн. Өтө билимдүү, терең интеллектуалдуу адам гана басмырт, калбаат келет эмеспи. Турпатына чоң ойду алып жүргөн адам гана эч качан бой көтөрбөйт, көппөйт. Аксымдык, курулай манчыркоо С. Амантуровичке караманча жат эле. Жибектей чоюлган мүнөзүнүн ар жагында арстандай жаалы күчтүү эрк, жигитке жарашкан көкжалдык, кайрат жана сүр жатчу. Бул сапаттарын жанында жакын жүргөн гана шакирттери билчү.
Бүт өмүрү билим, ак эмгек, жубайы, балдары, бир туугандары, кесиптештери үчүн сарпталгандай.
30 жашында Москва шаарындагы финансы институтунун аспирантурасын бүтүрүп, экономика илимдери боюнча кандидаттык диссертация коргоп, доценттик наамга ээ болгон. Фрунзеге кайтып келип Улуттук университеттин экономика факультетинин "Каржы жана насыя" кафедрасында иштеп, анан кийин банк системасынын тармагында, улуттук банктын председателинин орун басары болуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Каржы жана бюджет" комитетинин эксперти, Президенттин аппаратынын эксперти, акыркы эмгек кызматы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын "Адамдар ресурстары" башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген. Кайсы тармакта болбосун Сагыналы Амантурович өтө ишмердүүлүгү, жоопкерчиликтүүлүгү менен айырмаланып турар эле.
Улуттук валютанын автору
Ар адам артында калтырган изи, жасаган эмгеги, өрнөктүү өмүрү менен бааланат дешет экен элде. Сагыналы Амантурович дагы акылынын тунуктугу, илимпоздугу менен мамлекетине, элине зор эмгек көрсөткөн тарыхый инсанга айланды. Анткени, ал улуттук валютанын автору. Кыргыз мамлекети эмгегин баалап, "Кыргыз мамлекетинин эмгек сиңирген экономисти" деген наамды 1993-жылы ыйгарган. Айта берсе Сагыналы Амантуровичтин кадыр-баркы, билим денгээли, келечекте банк системасына бел боло алган адамдарынын бири эле.
Сагыналы Амантуровичти эскерип жатып, Кыргыз Республикасынын билим тармагына эмгегин сиңирген, экономика илимдеринин доктору, Кыргыз экономикалык университетинин ректору айтат:
- Биз "кимдин бек болорун" биле элек, студенттик скамейкадан жаңыдан чыгып, жаштыктын, балалыктын аруу сүтү оозубуздан кете электе жолдош болуп, аныбыз ушул күнгө чейин уланууда. Сагыналы Амантурович жолдошчулуктун ак асабасын бекем туткан, калыс жолдоштон эле. Бул касиеттери анын жолдоштор, коллегалар арасында өзүнчө орду бар экендигин көрсөтүп, кадыр- баркын айгинелеп турчу эле. Бүгүн арабызда жок болсо дагы, Сагыналы Амантуровичтин орду адамгерчиликтин, жолдошчулуктун туу чокусунда, биздин жүрөгүбүздө, илимпоз катары дагы кыргыздын экономикалык илиминде өзүнүн чыйырын калтырып кетти. Анын бир мүдөөсү аткарылбай калды, бул-докторлук диссертациясы. Сагыналы Амантурович окуткан, илим-билим алган миңдеген кыргыз улан-кыздары азыркы күндө өлкөбүздүн бардык булуң-бурчтарында эмгектенип атышат. Эгер алар Сагыналы Амантурович окуган дарстын бир гана бөлүгүн ишинде пайдалана алса, ал сөзсүз, анын тирүүчүлүктөгү чыйыры, калтырган изи. Эмнесин айталы, жалпылаганда, Сагыналы Амантурович биздин арабыздан күтүүсүз эрте кайтыш болду, бирок ал кудай алдында, өзүнүн алдында, элинин, үй-бүлө, бала-бакырасынын жана кызматташтарынын, жолдошторунун алдында адамдык парзы ак, адил жана таза аткарып кетти деп ойлойм.
Аз жашаса да зор эмгек кылып кетти
Сагыналы Амантурович алтымыш жашка чыкпай арабыздан бөлүндү. Бирок ал аз жашаса да кыйла зор эмгек жасап кетти: улуттук сомдун автору, бир монография, эки китеп жана көп-көп илимий эмгектерди жаратты.
Американын мамлекеттүүлүгүн негиздегендердин бири, экономист окумуштуу Бенджамин Франклин мындай деп айткан: "Адам баласына эки гана нерсе гарантияланган: - биринчиси -туулгандан кийин өлүм парз, өтүп кетти, эртеби же кечпи ар адам жашоонун бул мүшкүлүнө баш ийиш керек. Ал эми тирүүлөрдүн парзы - маркумдарды эскерип, куранын окутуп туруу.
Ушундан улам, Сагыналы Амантуровичтин жигердүү өмүр сүрүп, мүдөөсүнө толук жетпей калган адам катары, биздин коллегабыз, насаатчыбыз катары эстеп жана түбөлүккө илимий чөйрөдөгү сапарына сереп салуу катары "Каржы жана насыя" кафедрасынын профессорлук окутуучу жамаатынын, Кыргыз экономикалык университетинин Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен "Каржы жана насыя" кафедрасына Сагыналы Амантуровичтин ысымы ыйгарылды.
Ушул мезгил ичинде, Сагыналы Амантуровичти эскерип отуруп, үй-бүлөсүнө, өмүрлүк жарына, бала-бакыра, бир туугандарына, эгер

Сагыналы Амантурович арабызда болсо, ага жүрөктөн чыккан ысык, адамдык таза сезимибизди, каалообузду айтып, өзү жакшы көргөн түбөлүктүүлүктүн, тазалыктын, жоопкерчиликтин, аруулуктун сөздөрүн айтып, чайын ичип, бокал кагыштырып, жолдоштук, замандаштык, кесиптештик аруу сезимибизди арнабайт белек

Ысык-Көлдүн сыймыктанар кулуну элең,
Баа жеткис, каухар сындуу тунук элең.
Жайдары, жумшак мүнөз, аракетчил,
Жашка да, улууга да сылык элең.

Ким билсин! Азезилдер азгырдыбы?
Же ажал жайган тору шаштырдыбы?
О, арман! Батына албайм өлдү дешке,
Болбосо, шайтан-шабыр жазгырдыбы?

О,арман! Жазылбаган сырлар калды,
Жашалбай дагы далай жылдар калды.
Балжууран, бала чакты сен өткөргөн,
Кайгырып калдайган жер -
Балыкчы калды!
Эмине дейли эми… Арман, арман!
Аттиң, тагдырдын таш боордугу ай……

С.Дж. Чолбаева, экономика илимдеринин кандидаты,
профессор, "Каржы жана насыя" кафедрасынын башчысы



================================================================= ->

about | A Free CSS Template by RamblingSoul










??.??