Жомоктор

 Аяндуу түштөр

имиш-имиш кеп уктум


Арнусбек Бегалиев фотограф Ташболот байкенин акчасын бергенби?
Урматтуу "ОБОН" гезити. Мен чыгармачылыктан алыс адам болсом да, ар бир чыгармачыл адамды байкам жүрөм. Так датасын билбейм, бирок мен ошол учурда агентте олтургам. Бир маалда блогго чубалжыган сөз жазылды. Ким экен деп кызыгып ал жазууга көз жүгүртө баштадым. Көрсө, белгилүү фотограф Ташболот байке жазыптыр. Анда режиссёр Арнусбек Бегалиев Ташболот байкеге 3000 сом карыз экендиги жазылган. Андан көп өтпөй бир тойдо ырчы жана актрисалардын арасынан "тиги Арнусбек Ташболот байкенин акчасын дагы деле бере элек",-деген сөздөрдү угуп калдым. Чын эле улуу кишини алдап, Арнусбек Бегалиев белгилүү фотограф Т.Досалиевдин акчасын дагы деле бере элекпи? Ушул маалыматты тактап берип коёсуздарбы?
Касым, Бишкек шаары


Биздин редакциябызга эл арасынан көптөгөн каттар келет. Алардын ар бирин карап чыгып, окурмандарыбызга жооп алып берүүгө аракет кылабыз. Бул жолу келген каттардын чекесинен ачып адаттагыдай эле кат ээсине жооп алып берүүдөбүз.


Арнусбек Бегалиев, продюсер:
"Менин эч кандай карызым жок"
- Бул жөн эле ушак болуш керек. Мен дагы ушундай ушактарды угуп жатам. Ташболот байке экөөбүз мурда чогуу иштешчүбүз. Ортосунда, балким, өзү бир нерсесин туура эмес кылып алгандыр. Негизи, менин ага карызым жок. Карыз алган эмесмин. Чогуу гана иштешкенбиз. Нааразычылыгы болсо өзүмө эле айтса болмок, ар кандай ушактарды кетирбей. Азыр иштешпей калдык.

Добр күйөрмандарын алдап жүрөбү?
Саламатсыздарбы, редакция! Мен рэпер Добр боюнча бир нерсени тактап алайын дегем. Добрду урматтап сыйлайм, менин сүйүктүү рэперим. Анын телефон номерин таппай жүрүп, араң дегенде таап алдым. Мындан бир топ убакыт мурун эмне деп телефон чаларымды билбей "Мен журналистмин, бир суроом бар эле?" - деп телефон чалсам, улуу кишинин үнү чыкты. Добр, кандайсыз, сизде суроом бар эле? - деп суроо узатсам, улуу кишинин үнүндөй бирөө жооп берди. Дагы чалсам деле ошол үн. Ал үн Добрдун ырдап жаткан үнүнөн бир топ эле улуу. Ошондон улам мен сүйгөн Добр элди алдап эле фонограмма менен үнүн кичирейтип ырдап жүрөбү же анын телефонуна атасы эле жооп берип коёбу? - деген суроо туулуп атат?
Айжамал, Бишкек шаары.


Добр, рэпер:
Кээде жооп берген учурлар болот
- Мм... туура эмес чалып алса керек башка номерге. Кээде телефонумду башка бирөө алып жооп берген учурлар болот. Жанымдагы адамдар алып калышы мүмкүн. Мен бошобой калганда, көбүнчө жанымдагы досторум же башка адамдар алып жооп беришет. Атам жооп бере элек. Бир жакка барып ырдай турган болсом, студияга телефонум калып калат. Ошондо жооп беришет. Айжамал деген кыз чалбаса керек. Көптөр чалып унчукпай үнүмдү угуп туруп, трубканы коюп коёт. Анча-мынча чалууларга тамашалап "Алоо... ким бул?"-деп үнүмдү жоон кылып сүйлөп коём. Ырдоо жагынан айтсам өзүмдүн эле үнүм.


Курмангазы Азык-
баевдин кызы күйөөсү менен ажырашып кеттиби?
Саламатсыздарбы,"ОБОН" гезити. Мен Курмангазы Азыкбаеванын жанында жашаймын. Анын кызы турмушка чыгып, кийин атасы дүңгүрөтүп той да, очойтуп сеп дагы бергенин мен эле эмес кыргыз эли билет. Бирок, менин байкашымча кызы Нурайым менен күйөөсү экөө ажырашып кетишиптир. Угушума караганда Нурайым күйөөсүн жаш балдардай башкарып алат экен. Балким, ошол себептүү экөөнүн тили келишпей калгандыр деген ойго токтолдум. Мен Курмангазы аганын талантын сыйлайм жана урматтаймын. Ошондуктан, сиздерден сураныч кызы Нурайым чын эле күйөөсү менен ажырашып кеттиби, Нурайымдын өзүнөн жооп алып бересиздерби?
Наргиза, Бишкек шаары


Нурайым Азыкбаева,
ырчы:
"Кызыктай кат экен, жүрөгүм түшүп калды"
- Бул жөн эле ойдон чыккан сөз окшойт. Кызыктай кат экен, жүрөгүм түшүп калды. Жолдошум экөөбүз ынтымактуу, бактылуу жашап атабыз. Экөөбүз бири-бирибизди аябай жакшы көрөбүз, биз эч качан ажырашпайбыз. Биздин той кыргыздын салты менен өткөн. Кыз узатуу болгон. Келип сөйкө салып, калыңын, сүт акысын беришкен. Менин азыркы апам, кайненем деп айтпайм, мени жетелеп алып кеткен. Жолдошум экөөбүз кудай берген жашка чейин чогуу, түбөлүктүү жашайбыз.


Жылдыз
Абдыкерим кызы






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

27-апрель, 2012-жыл






??.??