Шыр маек

Аида Чоткараева


"Сулуулар жана миллион" тасмасына кандай тартылып калдыңыз?
- Мага алгач чалып, кастингге чакырышты. Баштапкы этабында барып сүрөткө түшүп келгем. Бир-эки айдай убакыт өткөндөн кийин мага чалып, видео пробага чакырышты. Бир канча күн тандоо жүрдү. Кастинг абдан олуттуу өттү. Башында кыздар көп болчу. Кийин сүрөт жана видео тандоонун жыйынтыгында ким өткөнү белгилүү болду.
- Эгер чыныгы жашоодо миллион таап алсаңыз эмне кылмаксыз?
- Эгер чыныгы жашоодо миллион таап алганда мен биринчи эле ээсин издеп тапканга аракет кылмакмын. Тасмада болсо менин эжем миллионду кайтарып бергиси келген. Бирөөнүн акчасы бирөөгө буюрбайт деп эсептейм.
- Тасмага тартылууда кызыктуу окуялар көп болдубу?
- Чынын айтканда, кызыктуу, күлкүлүү моменттер көп болду. Мисалы, шаарды аралап троллейбуста айланып жүрдүк. "Дордой" базарынан баштап, Жалды айланып, кичи райондорго чейин бардык. Биз таксинин артынан чуркаган жер бар эмеспи. Таксинин артынан жарым күн чуркадык. Тасмада болсо 1-2 эле мүнөттү камтып калган. Күн аябай ысык болчу. Ысып күйсөк да чуркап жаттык.
- Бала чагыңызда эл адамына айланып, модель, актриса болом деп ойлочу белеңиз?
- Бала кезимден эле бул тармакта эмгектенсем деп кыялданчумун. Бирок ишке ашат деп ойлогон эмес экенмин. Бул жөн гана менин кыялдарым деп ойлочумун. Моделдик карьерамды окууну аяктагандан кийин түрдүү кастингдерге барып, катышып баштадым.
- Качан жана кандай жагдайда моделдик агенттикке барып калдыңыз?
- Моделдик агенттикке мен 15 жашымда баргам. 10-класста окуп жаткан кезим болчу. Телевизордон жарнаманы көрүп калып, телефон аркылуу байланышып калдым. Моделдик окуусун аяктадым, бирок модель болуп иштеген жокмун. Университетке тапшырып, жактырган нерселер менен алектенүүгө, оюн-зоокко убакыт болбой жетишпей жатты. Окуум менен эле убара болуп калдым. Диплом алып, университетти аяктагандан кийин жактырган нерселерим менен алектенип, чыгармачылыкка аралашып, иштеп баштадым.
- Эгер модель, актриса болбогонуңузда кайсыл тармакта эмгектенмексиз?
- Мен билимим боюнча банкирмин. Кийинчерээк кесибим менен иштейм. Балким, модель болбогондо экономист же банкир болуп иштемекмин.
- Модель болуп эмнеге жетиштиңиз жана кандай жоготууларга дуушар болдуңуз?
- Мен бир нерсе жоготтум дегенден алысмын. Тескерисинче, көп нерсеге жетиштим. Бала чагымдан эле модель болууну эңсегем. Ишке ашуусуна ишенбесем да, жан дүйнөм менен каалаган кыялдарым болчу. Мен бул кыялдарымды ишке ашырганыма абдан кубанам.
- Кайсы жерден көрбөйүн орус тилинде сүйлөйсүз. Деги улутуңуз ким?
- Мен кыргызмын. Башкы улутум кыргыз, бирок, өзбек, калмак, казактардын каны бар. Ошондуктан үй-бүлөбүздө орус тилинде сүйлөшөбүз. Чынын айтканда, келечекте менин балдарым кыргыз тилин билүүсүн каалайт элем. Мен жөн гана ушундай орус тилинде сүйлөгөн үй-бүлөдө чоңойгонума байланыштуу кыргыз тилинде жакшы билбей калгам. Орус тилинде сүйлөп чоңойгондон кийин кыргыз тилинде сүйлөп, үйрөнүү кыйын болуп калат экен.
- Сиз үчүн мода тармагы маанилүүбү же кинобу?
- Эгер моделдик агенттик менен киного тартылуунун бирин тандоого туура келсе кинону тандамакмын. Себеби, кино тартуу процесси дайыма кызыктуу. Өзүмдүн жан дүйнөмө жакын десем болот.
- Кыялыңыздагы мырза кандай болуусу шарт?
- Биринчиден, ал мээримдүү, чынчыл, боорукер жана ошондой эле акылдуу адам болушу керек.
- Эгер сизге 30 жаш улуу киши сүйүүсүн билдирсе эмне кылмаксыз?
- Балким, жакшы мамиле жасап, дос болуп кетүүгө аракет кылмакмын. Бирок жигит менен кыздын ортосундагыдай мамиле түзө алмак эмесмин.
- Моделдер көбүнчө кыска кийинишет. Сиздин кийинүү стилиңиз кандай?
- Биз кастингге барганда дене мүчөбүз көрүнө турган ачыгыраак кийимдерди кийип баруубуз керек. Мисалы, клиенттер кыздардын буттарын, дене мүчөсүн, фигурасын карашат. Бизге өтө жабык, жарашыксыз кийимдерди кийүүгө болбойт. Биздин жумушта бул жакшы кабыл алынбайт.
Гүлбүбү Галжигитова