татуаждын пайдасы жана зыяны


Көпчүлүк айымдардын кызыгуусун арттырган, сулуулуктун дагы бир түрү көзгө, оозго, кашка татуаж жасатуу. Ушул татуаж жолу менен ажарлуу болгусу келген айымдарга Сыдык кызы Нургүл өзүнүн кеңештерин айтып кетти.

- Нургүл эже, бардык эле адамдар татуаж жасата берсе болобу?
- Негизи, татуаж жасатуу үчүн мага 17 жаштан 70 жашка чейинки айымдар кайрылышат. Буга чейин бир-эки бала гана жол кырсыгынан улам каштарына татуаж жасатып кетти, бирок көпчүлүк учурда аялдар гана келишет. Кээ бир учурда мага кашына татуаж жасатам деп формасы жакшы адамдар келет, аларга өзүмдүн кеңешимди берип, татуаж жасоодон баш тартам. Көбүнчө 50 жаштан ашкан аялдардын кашы суюлуп, ошол себептен келет. Ал учурда каштын түзүлүшүн түзүп, ошого жараша каш чиебиз. Татуаждын жакшы жагы да, жаман жагы да бар. Жакшы жагы адамдар келбетин макияждын жардамы менен сулуулай алат. Бирок макияжды жууганда өчүп калат, эртеси кайра жасоого туура келет. Ал эми татуажды жууса да өчпөйт, жасалган бойдон канчалаган убакытка чейин калат. Ал эми татуаждын зыяндуулугу кээ бир адамдардын көзү начар көрөт, ошолорго татуаж колдонууга болбойт. Ошону менен катар эле кант диабети менен ооруган адам, боюнда бар аялдарга да болбойт. Кээ бир мастерлер жасай беришет, бирок өзүнүн шартын, дартын билген адамдар кайрылбай эле койгону оң. Негизи, мастердин көп жылдык ишине карабай, анын жасаган ишин көрүү керек. Татуаж жасоонун эки жолу бар: бири машинканын жардамы менен жасайт, бири кол менен жасайт. Мен кол менен жасайм. Себеби, машинка менен жасаганда татуаждын жасалгандыгы билинип, ошондой эле өңү да башка болуп билинип калат.
- Эриндерге да татуаж чийдирип алгандарын көрүп жүрөм.
- Мисалы, эрини боз болуп билинбей турса, формасы начар болсо жасайбыз. Ал үчүн өзүнүн өңүнө жараша назик өңдөрдү тандап, бетинин түзүлүшүнө жараша форма жаратабыз.
- Жаш куракка жараша жасалабы?
- Татуаж адамдын өң-келбетине жараша да жасалат. Мисалы, ак жуумал кыз-келиндерге ачыгыраак түстөр ыңгайлуу. Кээ бир учурда көчөдө бара жатып жаш эле кыздар туура эмес татуаж койдуруп алганын көрүп калам. Жакшынакай кылам деп, тескерисинче бузуп алышат. Жаш кыздарга ылайык атайын формалар бар, орто жаштагылар менен улгайып калгандарга да өзүнчө формалар бар. Татуаж чиердин алдында биринчи кандай форманы, өңдү коюшту жасатып жаткан адам менен макулдашып алып, анан ишти баштайбыз. Оозго татуаж жасоодо деле ушундай эле, жашы өтүп калгандарга өтө ачык эмес түстөр ыңгайлуу. Айта кетүүчү нерсе иммунитети начар адамдарга жасатууга болбойт. Себеби, учук чыгып кетиши мүмкүн. Ошондой эле колдонулуучу куралдардын баарысын бир жолу гана колдонууга болот.
- Көпчүлүк учурда кандай адамдар татуаж жасатышат?
- Бизде Кыргызстанда акыркы 2-3 жылдан бери татуаж жасатуу аябагандай өнүгүп, суроо-талаптар өсүп келүүдө. Мага, негизинен, татуажды туура эмес жасатып, бузуп алгандар кайрылышат. Ал учурда кандай кылабыз? Эгерде жасагандан 2-3 жыл өтүп, өңү бир аз өчө баштаса, менин жарашыктуу кылып оңдоого мүмкүнчүлүгүм болсо оңдойм. Ал эми аябай капкара болуп, териге сиңип калса, аны атайын лазердик аппараттын жардамы менен кетирсе болот. Бул аппаратка салгандан кийин да эч нерсе тийгизбей, атайын майларды колдонуп туруу керек. Негизи, биз татуажды 3 жылга деп жасайбыз. Бирок айткан убактан ашык жүргөндөр да бар, тескерисинче ал убакытка жетпей калгандар да бар. Бул нерсе адамдын терисине да жараша болот. 10 жылга деп да жасаткандар болот. Татуаж кетип калгандан кийин кайра жасатып койсо болот. Кайра-кайра жасатуунун эч кандай зыянчылыгы деле жок.
- Кээ бирөөлөргө өңү туура келбей, жарашыксыз болуп калат. Мунун себеби эмнеде?
- Өңүнүн көк болуп калышынын себеби боёктун туура эмес тандалышынан. Каштын, көздүн, ооздун атайын өз-өзүнчө боёктору болот. Ал боёкторду атайын фирмадан буйрутма кылып алдыртабыз. Ал эми кээ бир мастерлер денеге чийген татуаждын боёгу менен кашты чийип салышат, ошол учурда да өңү көпкөк болуп калат. Мастердин айткан талаптарын аткарбаса да өңү бузулуушу мүмкүн. Дагы бир себеби, машинка менен жасаганда териге терең кирип кетип ушундай жагдайлар болуп калат. Кол менен жасаганда деле мындай бузулуп калуулар болушу мүмкүн. Негизи эле боёктун сапаты эң башкы орунда турат. Биз өзүбүз да шарттарын түшүндүрүп, атайын колдонуучу каражаттарын беребиз, ошол талаптарды туура аткарса эч кандай бузулуу болбойт. Боёкторду мен өзүм Кытайдан атайын буйрутма менен чыккан фирмадан алдыртам, тааныш аркылуу. Мен алып жаткан боёктор Кытайдан Европага таралуучу боёктор. Эми башка мамлекеттен деле алдырса болот, бирок ал боёктор кошулмалары бар, сапаты жагынан жакшы эмес. Ошондой эле колдонуучу ийнелерин да буйрутма менен алдыртам.





Көздүн түзүлүшүнө жараша татуаж чийүү керек
Көздүн татуажын жасоодо териси ак жуумал айымдарга көк түстөгү татуажды билиндирбей койгон ыңгайлуу. Көзгө көк, кара, жашыл түстөр менен жасоого болот. Негизинен, азиялыктар кара түстү көбүрөөк пайдаланышат. Көздүн түзүлүшүнө жараша чийүү керек. Көзү ичке адамдарга калыңыраак кылып, сыртына чыгарып жасайт. Ал эми көзү бакыракай, сурмалуу айымдар ичкерээк кылып жасатса болот. Кечелерге барарда калың кылгысы келсе, анда үстүнөн өзү деле чийип алса болот. Бирок үйдө жүргөн маалда ичке жакшы жарашат.
Кашка көздүн, теринин түсүнө жараша жасалат
Кашка татуаж жасоодо теринин жана көздүн түсүнө жараша жасалат. Ошондой эле жаш курагына да көңүл бурулат. Көздүн башталышы менен каштын башталышы жана мурундун бүткөн жери менен тең болуп, каштын бүткөн жери менен мурундун бүткөн жери тушташ болушу керек. Эгер тең болбосо ушул нерселерди теңдөө керек.
Татуаждын жардамы менен эринди чоңойтуп-кичирейтсе болот
Оозго татуаж жасоодо да алгач ооздун түзүлүшүн жарашыктуу кылып алуу керек. Эгерде ооз чоң болсо аны асты менен алып, кичирейтип жасаса жакшы. А эгерде кичине болсо аны чоңойтуп, ичине өң кошуп берсе жакшы жарашып калат. Эрини боз болсо, ага өң кошуп жасаса болот. Назик түстөрдү тандоо жакшы.