Акмат Бакиевдин
кантип качканы ачыкка чыга баштады
Экс-президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиевдин качып кетиши өлкөдө катуу талкууну, чыр-чатакты жаратууда. Ал иш боюнча ар кандай маалыматтар жүрүп, оппозициянын өкүлдөрү Акмат Бакиевдин кантип качканы ачыкка чыга баштаганын айтышууда.
Камчыбек Ташиев "Манас" аэропортуна кирип-чыккандарды көзөмөлгө алууну сунуштады. "Мен Жогорку Кеңештин төрагасына аэропорттогу видео камералардын тасмаларын карап чыгууну сунуштайм. Мыйзамсыз, жашыруун жолдор менен кирип алып, элди тебелегендер болууда", - деди К. Ташиев. Анын айтымында, акыркы мезгилде интернетте жарыяланган маалыматтарда А. Бакиевдин абактан кантип качкандыгынын далили берилген. "Кыргызстанда бүгүнкү абал "Ууру качты, карма" деп ууру кыйкырган деңгээлге жетти. Акмат Бакиевдин кандай шартта качканы ачыкка чыга баштады. Апрель, июнь окуяларында жабыркагандар бизден адилеттикти талап кылышууда. Элди атып, тоноп кеткендерди качырып жиберип, унчукпай калабызбы?"- дейт эл өкүлү.

Баласын дааратканага салып
жиберген
Орусиянын Орёл облусунда мигрант кыргыз келин жаңы төрөлгөн баласын ажатканага ыргытып таштаган.
17-апрель күнү Залегощь темир жолунан 30 чакырым алыстыктагы коомдук ажатканада жаңы төрөлгөн эркек бала жатканын көргөн жигит адамдарды чакырып, этияттык менен алып чыгышкан. "Тез жардамдын" дарыгерлеринин айтымында, ымыркай табылгандан бир саатча мурда төрөлгөн жана үшүп калган. Эксперт-криминалист кылмыш болгон жерден кандын үлгүлөрүн текшерип, полициянын ыкчам тобу баласын төрөп таштап кеткен 30 жаштагы кыргыз келинди камакка алган. Укук коргоо органдарынын маалыматында, бул аялга РФнын Кылмыш жана Жаза кодексинин 106-беренеси боюнча (жаңы төрөлгөн наристенин өмүрүнө энеси тарабынан өлтүрүүгө аракет жасалган) кылмыш иши козголуп, 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

К.Батыровдун мүлкү
табылабы?
"Сепаратисттик аракети үчүн айыпталып соттолуп, бирок чет өлкөлөрдө качып жүргөн Кадыржан Батыровдун мүлкү кимдер аркылуу кантип топтолгонун, азыркы учурда кимдерге каттатып койгонун да эл жакшы билет", -дейт Ноокен районунун тургуну, "Кыргызнефтегаз" ААКнун кызматкери Токтосун Эсеналиев.
Т.Эсеналиевдин айтымында, К.Батыровдун көрсөтмөсү менен Ноокен районунудагы "Сельхозхимия" ишканасын 2010-жылдын июнь окуясынан кийин мыйзамсыз башка атуулдарга каттатып койгон. "Журобой Сайпидинов азыркы убакта "Республика" партиясынын Ноокен району боюнча координатору болуп алганы да суроону жаратат", - дейт Т.Эсеналиев. Айрым маалыматтарга караганда, Советтер Союзу таркагандан кийин Ноокен райондук "Сельхозхимия" ишканасынын башчысы болуп, Кадыржан Батыровдун өкүлү болуп, 2010-жылга чейин чогуу иш жүргүзгөн.

Обаманы сындай коём деп аскер армиядан кетти
АКШнын Деңиз аскерлеринин корпусу Фэйсбукта Президент Барак Обаманы сындаган сержантты армиядан кетирди. Гари Стайн куралдуу күчтөрдө кызмат өтөп жаткан аскерлердин сөз эркиндигин чектеген Пентагондун саясатын бузгандыгы үчүн жазаланды. Ал деңиз күчтөрүндө 10 жылдай кызмат өтөгөн. Эми сержант бардык жеңилдиктеринен куру калмакчы. Ал Фэйсбукта Обаманы душман деп атаган. Сот анын мындай сөздөрүн "өтө кооптуу" деп сыпаттады. Стайн болсо сөз эркиндиги укугунан пайдаланганын ырастоодо. АКШнын куралдуу күчтөрүндө 1860-жылдардагы жарандык согуштан бери киргизилген эреже боюнча жоокердин сөздөрү тартипти бузууга алып келиши мүмкүн болсо, анын сөз эркиндиги чектелет.


Аялдар абагында "таза зона" ачылат
№2 абакта "таза зона" ачылат. Долбоорду ишке ашырууга Евробиримдиктин Борбор Азияда маңзат жайылышына жол бербөө программасы (CADAP-5) 25 миң евро бөлүп бермей болуп жатат. "Таза зона" долбоору буга чейин №31 абакта иштей баштаган. Бул түрмөнүн ичиндеги түрмөдө аракечтиктен жана баңгиликтен арылууну каалагандар кармалат, дарыланат.


Бавария Мюнхен Чемпиондор Лигасынын финалында
Бавария Мюнхен Чемпиондор Лигасынын финалында ойномой болду. Кечээ Реал Мадрид менен беттешүү пеналтиден кийин 3-1 эсебинде аяктап, эки матчтын жыйынтыгында германиялык клуб жеңүүчү аталды. 19-майда Мюнхенде өтө турган финалда алар Челси менен ойношот.


Б.Калмаматов жазгы тала
иштери жүрүп атканда
даватчылык иштерди токтотуп турууну сунуштады
Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов жазгы-талаа иштери жүрүп жатканда дааватчылыкты токтотуп турууну суранды.
"Азыр айылдардан көптөгөн эркектер дааватка Пакистанга кетип калгандары боюнча аялдардан каттар келип жатат. Алар жерлерди казганга эркек балдар калбай калгандыгын айтышып, дааватты токтотуп турууну суранып жатышат", - деди депутат. Буга 1-вице-премьер-министр Аалы Карашев бул маселени өкмөт карап көрүүгө макулдук берди, деди.

"Көч" тасмасы эл аралык фестивалда гран-при алды
Кыргызстанда тартылган "Көч" тасмасы Катардын борбору Доха шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда гран-при алды. 19-22-апрелде өткөн фестивалга дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринен келген документалдык тасмалар катышты. Кыска метраждуу "Көч" тасмасы Кыргыз-түрк Манас университетинин студиясында тартылган. Анда көчмөн кыргыз элинин тарыхы, кылымдар бою басып өткөн жолу тууралуу баяндалат.