Догдурбай Урманбетов:

"Ачык кийингени үчүн кызым Лираны өзбектер ташбараңга албаса экен деп коркком"


- Обон жазуу шыгыңыз канча жашыңызда ойгонгон? Талантты ар тараптан берип коёт эмеспи. Ырдап да жүрөсүзбү?
- Мен, чынын айтсам, ырдачу эмесмин. Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун дейт эмеспи. Ырларымды чоң ырчыларга берчүмүн. Чоң обончулардын үнүнө салыштырып көрүп, 3-4 ыр жаздырып, клиби менен сактап койгом. Алар: "Ала-Тоо айымдары", "Жүрөк сыры", "Ата Журтка" деген ырлар. Мен 2- классымда эле инструменттерде ойноп баштагам. 2-5-класска чейин интернатта окуп калдым да, окуучулар арасында таланттуулар көп эле. Комузду карап туруп эле үйрөнүп алгам, гармошка анан аккордеондо ойночумун. 6-7-класстан концерттердин баарына катышып, ойноп берип калдым.Ошол убакта гитара мода болуп, аны да үйрөндүм. Институтка келгенде баянды өздөштүрүп калдым. Обончулук 9-классты бүтүп атканда башталды, кайрыктар келди. Башында обон эле чыгарат элем, кийин сөздү таап алып обон жараткан мага ыңгайлуу экенин билдим.
- Эң биринчи саамалыгыңыз кайсы?
- "Көл элеси" эң биринчи жараткан обонум, анан "Жүрөк сыры". Андан кийин көп ырлар чыга баштады: "Кайдасың", "Мен согушту көрбөйүн", "Акыркы коңгуроо", "Ала-Тоо", "Ала-Тоо-кыргыз жери"жана башка ушул сыяктуу ырлар жаралды. Өзүмө ылайыктуу ырларга буйрутма берип, муундарын, мазмунун айтып Надырбек Алымбеков, Темирбек Алымбеков, Бактыгүл Чотурова, Жыпар Исабаева, Кубан Абдылдаев сыяктуу көптөгөн акындар менен иштешип калдым.
- Обончу болуш үчүн сөзсүз түрдө жогорку билим болуш керекпи?
- "Обон-кыргыз музыкасынын жүрөгү",- деп музыка изилдөөчү Виноградов айтып кеткен, кыргыздын Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов өңдөнгөндөрүн көрүп. Мына укмуш атактуу обон жазган Муса, Атайлар кандай азыр шедевр болуп кылым өтсө да ырлары ырдалып жүрөт, бир чети кыргыздын колоритин сактап келе жатат. Ал эми композитор көлөмдүү чыгарма жаратат. Сөзсүз билими, таланты, кудай берген чымыны болуш керек, ошонун баарын бириктирип туруп жазса, мыкты обончу атыгат. Окууну бүтүп алып обон жазбай жүргөндөр бар. Композиторлор бизде 50дөн ашык. Асанбаев Кенжегазынын симфониялык поэмалары бар. Турдубек Чокиев, Марат Осмонов сыяктуу көптөгөн композиторлор бар. Эми Калый Молдобасанов, Насыр Давлесовдорду айтпаганда, булардын чыгармалары көлөмдүү, чоң симфониялык чыгармалар, опера-балет жанрында жазып жүргөндөр.
- Обон чыгарууда сиздин багытыңыз кандай?
- Композитор деген сөз- чыгарма жаратуучу деген сөз. Анын сыңарындай биз да обончу-композиторбуз. Билимибиз бар.
- Чыгармачыл адамдардын кай бирлери күжүлдөгөн бозону ичкенде илхом келип чыгарма жазып калышат. А сизге кандай учурда илхом келет?
- Мен көйгөй жок болуп, көңүлүм шайдоот болуп турганда жакшы обондорду жаратам. Экинчиден, бирөөлөргө кубанычтуу нерсе болсо, аны бөлүшкөнгө аракет кылганды жакшы көрөм. Ичкилик жакка жокмун. Кандайдыр бир ээн, эч ким жок жерде жаратылышта көбүнчө Жети-Өгүзгө, көлгө, тоого барам жайкысын. Ошондо жакшы сезимдер келип, өзүнөн-өзү эле чыгып кетет. Сөзү жакшы болсо бат чыгат. Атахан Кожогулов үч ыр берген, ошол үчөө тең бат эле жаралды. Эки ыры бир күндө, анан бирөөнө чыгардым. Азыр бирөөнү Токтобек Асаналиев, бирөөнү Назира Токонова, бирөөнү Жайнагүл Түлиева ырдап жүрөт.
- Кээ бир обончулардын ойлонуп жүргөн музыкасы түшүндө аян берип, анан ошонун негизинде жазат экен. Сизге ушундай аян берип, обон жазган күн болду беле?
- 1991-жылы обончулук кесипти таштоого туура келди. Ага чейин маданият үйүнүн директору болуп иштедим. Союз ыдыраган соң биздин жашыбызга жараша бала-бакыраны багууга туура келген убак келип калып, Сибирге чейин барууга туура келди. Маданиятка көңүл бурулбай калды, ачыгы. 1999- жылы Кара-Балтадагы Панфилов айылында айыл өкмөтүнүн орун басары болуп иштеп калдым, ошондо түшүмө кирди. Түшүмдө өзүмө жакын агаларым, атамдар менен көрдө жатам. Мен керебетте жатып "тирүү эмес белем?" деп өзүмчө бушайман болуп атам. Бир маалда ичке сызык жарык пайда болду дагы, укмуштай обон болуп атат.Түшүмбү деп көзүмдү ачсам эле жок болуп калды. Ойгонуп кеттим. Кийин бир кемпир: "Сен музыка менен алектенчү белең, бекер таштаптырсың, кайра ошону менен алектенишиң керек"- деди. Андан көп өтпөй эле түшүмө кирген бир агам каза болду. Бир жыл өтпөй эле атам каза болду. Анан таштабай эле эмгектенишим керек экен деп ойлоп калдым. Ошондон кийин көбүрөөк ырларым чыгып калды.
- Азыр кыйын акындар бир ырын 100 долларга сатат экен. Сиз бир обонуңузду канчага сатасыз?
- Мен ушул убакка чейин жараткан обондорумдун бирин да сатканым жок. Ырчыларга жөн эле жазып берчүмүн. Ошол эле Назира Токонова, Айгүл Чалова, Салима Балтаева, Гүлзат Байзакова сыяктуу көп ырчылар атайын жаздырышты. Сурагандарга обонумду бекер эле берчүмүн.
- Өзү ыр жазып, аранжировка жасап, өзү аткарган ырчылар бар жана аранжировшиктердин саны да көбөйбөдүбү. Булар кыргыз музыкасынын бактысына балта чаап жаткан жокпу?
- Заманга жараша аранжировка керек.Кыргыздын колорити менен да аранжировка жазып жүргөндөр бар. Мисалы, Эрик Кыдырбаев каза болуп калган ыраматылык. Кийинки жазып аткандардан Рамис Алиев, Мырза Жээнбаев дегендер жакшы жазышат.
- Сиздин обонуңузга окшош обондор чыгып калган учурлар болду беле?
- Бир учур бар. Меникине окшош "Ала-Тоо-кыргыз жери" деген ырымды С. Каримов ырдап жүрөт. 1991-1993-жылдары чыгарып, Караколдогу жамааттар ырдады. Бул жакта 2004-жылы Султан Каримов ырдады. Ошого окшош эле бир ыр ырдалып атат радиодон, барып айтпайсыңбы дешти. Ким десем, Абдыкалык Качкынбаев ырдап атыптыр.Ойлоп көрсөм ошол ырымды жана "Жүрөк сыры" деген ырымды Гүлзат Байзаковага бергем. Ошондо мини дискимди да бергем, ырдап жүрө бер деп. Анын аранжировшиги бар, ошондо даяр аранжировканы эле кошуп койгонбу деп ойлоп койгом. Анын обонунда да, сөзүндө да кудай ургандай окшоштук бар. Айтсам такыр мойнуна албай койду. Ырчыларга эмне берсе ырдай берет да. Кыргызпатент сотко берип койсоң болот дешкен.
- Канча жашыңызда үйлөнгөнсүз?
- 23 жашымда үйлөндүм. Өзүбүздүн Искусстводо окуган, кийин китепканачы болуп иштеп кетти. 3 кыз, бир уулум бар. Лира Урманбетова экинчи кызым. Нурай кызым чылкый музыкант болуп, Абдраевде кыл кыякта окуп атат. Келинчегим китепканада иштейт.
- Кызыңыз Лира: "Менин стилим атама жакпайт, кийимдеримдин айынан көп урушабыз" - деп жүрөт...
- Туура, кез-кезде жер шартына жараша да кийинип жүрүш керек экен. Кызым заманга жараша кийинет. Биздин убакта чачын кыркса жаман көрчү. Мен Наманганга, Өзбекстанга барып калдым. Ал жакта биз менен жүргөн жергиликтүү жигит: "Денеңерди көрсөтпөгүлө, таш менен урат", - дегенине ишенбей койгонбуз. Көрсө, чын эле ошондой экен. Ачык кийинип ырдагандарды таш менен уруп кетип калышат экен. Концерт коюп ар жакка чыгып калсаң, өзүңө жаман деп айтып калам. Болбой эле ачык кийинип жүрөт, арга жок көнөт экенбиз.
- Лираны сахнага сиз алып чыккансызбы же өзүнүн каалоосу менен чыкканбы?
- Өзүнүн каалоосу менен чыккан. Бир үйдөн бирибиз эле чыгармачыл болобуз десем, өзү телевизордон Шакиранын ырын, бийин үйрөнүп, онду бүтүп Консерваторияга тапшырды. Музыка дүйнөсүнө аралашкысы келсе, 1-класстан баштап киргени жакшы. Негизи, Лираны эсепчи кылайын дегем.
- Патриоттук чыгармаңызды көп угабыз, жакындарыңызга арнап чыгарган обондоруңуз барбы?
- Албетте, "Акыркы коңгуроо" деген обонду уулум онунчуну бүтүп атканда жазгам. "Сирень гүлү", "Кайдасың", "Сүйүү керемет" деген обондорумду келинчегиме арнагам.
Төлөбүбү Касымалиева