Уулануу учурунда эмне кылуу керек?
Оорунун алгачкы гана белгилеринде тез жардам чакыруу керек. Жадагалса, оорулуу өзүн жакшы сезип турса дагы. Тез жардам келгичекти төшөккө жаткырып туруу зарыл. Анткени, туруп басып жүргөн кишинин оорусу бат күчөйт.
Уулануу деген эмне?
Уулуу заттын ашказанга түшүүсү. Бул учурда, эң негизгиси, ошол ууну ашказандан алып чыгуу керек. Биринчиден, кусуу жолу менен алып чыккан оң. Андан кийин кайрадан ашказандагы калган заттарды алып чыгуу үчүн ашказанды жууп тазалоо керек. Оорулууну ар бир кускан сайын, ортодо кеминде 3-4 стакан суу ичирүү зарыл.
Кандай белгилерди берет?
Ич катуу ооруп, ич өтөт. Баш айланат, дене калтырайт, көздүн көрүүсү жана дем алуу начарлайт.
Ооруканага жеткирилгенге чейин эмне кылуу керек?
Эң биринчиден, ашказанды үй шартында жууп тазалоо жана дем кыстыгып калуудан сактоо керек. Дем алуучу органдарын нымдуу кислород менен ачуу зарыл.
Ашказанды үй шартында кантип жууп тазаласа болот?
Эң жакшысы марганцовканын мала аралашмасын оорулууга ичирүү керек. Аны улам ичип, кайра кусуудан ашказан тазаланат. Андан сырткары, метил спиртин жана ичилүүчү соданы колдонсо болот. Бирок аны ичкенден кийин куспоо керек. Б.а. ичилүүчү соданы кайрадан кустурууда былжыр челдер жапа чегет. Аны заң менен кошо чыгаруу зарыл. Эскерте кетчү нерсе, эч убакта уулануу учурунда сууга аралаштырылган тамак-аш содасын колдонуу болбойт. Андан сырткары, оорулууга 0,5 литр кайнаган сууну бир аз муздатып жумуртканын сарысын аралаштырып ичирүүдөн да тазаланат. Ашказанды жууп тазалагандан кийин актив көмүрүн майдалап ичүү керек. Актив көмүрүнүн ордуна айран ичсе да болот. Айран да ичти тазалайт.
Оорулуу эс-акылын жоготкон учурда
Оорулуунун дем алуусу начарлаганда, эс-акылын жоготот. Анын бетине чаап, суу чачып, эсине келтирүүгө аракет кылуу зарыл. Биринчиден, оорулууну дем ала албай калуусунан сакташ керек. Эч убакта оорулуу эсине келмейинче кустурууга болбойт. Аны көмкөрөсүнөн, же кыйгачынан жаткырып, башын ылдый кылып, кармап туруңуз.
Спирт ичимдиктери ооруну күчөтөт!
Бул оору бир нече сааттан кийин гана күчүнө киргендиктен, байкабай спирт ичимдиктерин ичип алгандар кездешет. Алар көбүрөөк кыйналышат жана өлүмгө алып барган да ушундан улам болушу мүмкүн. Спирт ичимдиктери ашказанга түшкөн уулуу заттарды эки эсеге күчтөндүрүп жиберет. Оору күчүнө киргенде, адам чыдай албай калат.
Мээге да зыяны чоң!
Уулануу болгон учурда ашказанга түшкөн уулуу заттар башка ооруну да күчөтүп, мээге терс таасирин тийгизет. Анын алдын алуу үчүн оорулуунун башына муздак муз грелкасын же муздак сууга салынган майлык коюу керек. Бул уунун мээге берген зыянынан коргойт.
Температура ылдый түшөт
Бат-баттан температураны текшерип туруу зарыл. Ооруган адамдар көбүнчө температуранын жогорулаганын чыйрыгып, эти ысыгандан байкашат. Ал эми уулануу учурунда көбүнчө температура көтөрүлбөстөн, ылдый түшүп кетет. Муну байкабагандар көп кездешет. Бул учурда оорулууну жакшылап жылуу ороп жаткырып жылуу кармоо зарыл. Кээде гана температура көтөрүлүүсү мүмкүн. Анда жоон кан тамырлардын тушуна муз коюп, муздак суу ичирет.
Бир күн ачка болуу оң
Уулануу учурунда оорулуунун эч кандай тамакка табити болбой калат. Биринчи күнү жакшысы жалаң гана суу ичип, ачка болгон пайдалуу. Актив көмүрүн сууга кошуп ичип, андан кийин глауберову тузун кабыл алыңыз. Бир аш кашык тузду жарым стакан жылуу сууга аралаштыруу керек. Бул ашказандын өзүн өзү жеп баштоодон сактайт. Экинчи күндөн тарта күчтүү эмес, мисалы: тооктун, уйдун этинен кайнатылган шорпосунан иче баштаса болот.
Кандай тамак-аштар ууланууга алып келет?
Көбүнчө сактоо убактысы өтүп кеткен, же эскирген жана көпкө сакталуучу: сүт азыктары, тоок эти, мөмө жемиштер, жер-жемиштер, консерваланган азыктар ууланууга алып келет. Эң биринчи орунда козу карын турат. Сапаты бузулган козу карын жегенден 5-7 сааттан кийин ич катуу ооруп, калтырап-титиреп, ич өтүп, баш айланып, дем алуу начарлайт. Эгерде ооруканадан алыс жерде болсоңуз, алгачкы жардамды өзүңүздөр көрсөтүүгө муктажсыздар. Ашказанды кустуруу жолу менен жууп-тазалай албасаңыз, бир аш кашык ромашка гүлүн 300 мл сууга аралаштырып клизма жасоо керек. Андан соң оорулууну жылуу жаткырып, ысык чай ичүүсүн талап кылыңыз.
Компотко жана кыямга уулануу
Анын белгилери 7-8 сааттан кийин байкала баштайт. Адаттагыдай эле белгилер менен.
Туздалган жана маринаддалган тамак- аштарга, же кышка сакталган салаттардан уулануу
Бул тамак-аштар уулануунун эң коркунучтуусу. Себеби, өлүмдү бат чакырат деп коюшат. Бул учурда анын көрүүсү начарлап, көздөрү тумандап баштайт. Ооз кургап, тамак ооруп, тилде бүртүкчөлөр пайда болот. Дем алуусу начарлаган учурда аны суу ичирип кайрадан мурундан чыгарууга аракет кылуу керек. Ашказандын оорусу 12 сааттан кийин гана башталат. Кээде бир сутка, же эки суткага чейин созулушу мүмкүн.
Эскертүү: Уулануу учурунда оорууну убактылуу басуучу дарыларды көп ичүүгө тыюу салынат. Ооруга чыдабай бара жатсаңыз, ар бир 8 сааттан кийин гана но-шпа кабыл алсаңыз болот.