Поиск
| Керектүү материалды ушул жерден издегиле: |
|
"Кагыраган бирдиктер" кайда кетти?Биерде Нүкүмаке Кады "25 бирдик жибердим эле, барбы?" дейт.
"Жок" дедим.
Анан Бермет кызыбыз "10 бирдик жибердим" деп СМС жибериптир…
Мынакей соткадагы кабарлар сүрөтү:
Жооп Тээ мурдараакта дагы бир жигит "Текебаевдин видигине 20 бирдик салдым эле" деп жазганын окугансыңар…
Айтор, биерде бираз тагыраак бололу, достор. Жибербеген тыйынды “Жибердим!” дебегиле. Анткенде менин атыма доо кетип калат, туугандар.
Бу жолкусу эскертүү болсун, урматтуу Бермет жана Нүкүмаке Кады жана башка келечектеги байланышчулар.
Кийинкисинде ушундай калп мазмуундагы каттарды жибергендерден экинчи кат да албайм, жооп да жазбайм.
Саламым менен
Жанызак,
http://www.presskg.com
P.S. Ушуну жазып болгондо Берметтен дагы бир кабар келди: "Азыр барат" деген.
Кызык, кыргызда "жибердим" деген сөз менен "азыр барат" деген сөздүн мааниси асман менен жердей...
Бермет, 10 бирдигиңиз азыр келди. Мен сиздин соткаңызга алиги китептин текст вариантынын дарегин жазып салып жиберем +130 менен...
Бираз күтө туруңуз...
Бир күн болду, мен жиберген даректеги материалды алган-албаганын жазбайт. Акыры интернетке кирип жаткандан кийин, Меймансапка: “Алдым” же “Алган жокмун” деп жазып койуш кыйын деле эмес ко дейм...
gb •
Меймансаптагы соңку кабарлар:
Меймансаптын материалдарын толугу менен биерден окуйсуз...
|