Поиск
| Керектүү материалды ушул жерден издегиле: |
|
Кайсы динге ишенесиз? Китепти жайгаштырыш үчүн эмне кылышыбыз керек?От кого: "Эрнист Нурматов" _ernistkg__rambler.ru_ Russian Federation
Кому: "Жаныбек Жанызак" _janyzak__mail.ru_
Тема: Салам!
Арыбаныз! Жанызак аке! Мен Эрнист Нурматов Оштон чыгып жатам, журналистика адистигинде окуйм.
Мен сизге бир нече маселе боюнча кайрылгым келет. Сиз сайтынызда христиан, буддизм, ислам, тенирчилик ж.б. диниий материалдарды берип турасыз. Эми бул эч нерсени чечпейт. Бирок, сиз берген интервьюларынызда мен семетейчимин депсиз. Анан туруп эле христиандарды коргоп калат экенсиз. Бир туруп коко тенирчиликти айтып каласыз.
Суроолорума жооп берип койсонуз. Озунузго окшоп, суроолорумду ирети менен, номер берип туздум.
1. Деги сиз кайсы динге ишенесиз? Кайсы диндегилерди бутундой колдойсуз?
2. Менин досум ыр жазып китеп чыгарды, ошол китепти сиздин сайтынызга жайгаштырыш учун эмне кылышыбыз керек?
3. Дастан Сарыгулов менен байланышайын дедим эле, телефонун. электрондук почтасын, дайын-дарегин бере албайсызбы?
4. Озум журналист болгондуктан кээ бир таанымал инсандардан интервьюну интернет аркылуу алайын дедим эле. Элге таанымал кишилерди электрондук почталарын бере аласызбы?
Алдын ала рахмат!
Жооп1.Өзүңүз көрүп тургандай, биздин айылда позициясы да, оп_позициясы да, мусулманы да, андай эмеси да жыш орун алган - окурманга тандоо мүмкүнчүлүгү берилет.
Негизи, мен мага ыңгайлуу жана башкаларга зыян келтирбегидей динди карманам.
Таң атканда Көкө Теңирге, түшкө маал Ыйса Теңирге, кечкурун Залкар Кыргыздардын Арбактарына кайрылып, жатаарга келгенде баардык диндерди жыйыштырып атеист болуп уйкуга кирем.
Мисалы, кечээ жакында, майдын айагында айылыма барып ата-энеме багыштап бир кой сойуп, туугандарды чакырып, арабчалатып куран окутуп, кыргызчалатып ниет кылып келдим...
Мен тууралуу мына бул жерден толугураак жооп тапсаңыз болот…
2.
Китепти сайтка жайгаштыруу дээрлик бепбекер:
+996777329784 сотка номуруна 10 бирдик саласыз, анан автор өзүнүн сүрөтүн,
чаканыраак таржымалын жана китебинин электрондук версиясын жиберет.
3.
Дастан Сарыгуловдун электрондук почтасы да, телефон номуру да жок эле менде.
А кишинин дайын-дарегин редакциялардан сурап көрүңүз же 100 бирдик салсаңыз мен сиз үчүн атайын издеп таап берейин ☺.
Келип туруңуз.
Саламым менен
Жанызак,
http://www.presskg.com
gb •
Меймансаптагы соңку кабарлар:
Меймансаптын материалдарын толугу менен биерден окуйсуз...
|