Поиск
| Керектүү материалды ушул жерден издегиле: |
|
Ушул сиздин сайтыныздагы рекламалардан канча акча табасыз?Дата: Sat, 06 Jun 2009 20:08:26 +0400 [06.06.2009 22:08:26 KGT]
От кого: "Bayrambek Boytoev" _manasurot__mail.ru_ Russian Federation Russian Federation
Кому: janyzak__presskg.com
Тема: Москвадан
Салам алейкум урматтуу Жанызак байке!
Москвада жашаган кыргыз мигранты болом.
Сурайын деген суроом бар эле!
Ушул сиздин сайтыныздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Мен кобунчо киргенде ушул Жанызак байкеге кичине болсо да акча тушсун деп ачып кайра жаап коем.
Дагы бир суроо.Сайтынызда 16 гезит бар ар бир гезиттен канча аласыз?
Канча адам иштейт жалпысынан?
иштеринизге ийгилик урматтоо менен
ЖоопЭң сонун суроо болду. Мен суроолордун ар бирине катары менен жооп берейин:1. Ушул сиздин сайтыныздагы рекламалардан канча акча табасыз? Адегенде сөздү http://www.presskg.com айылынын башбарагынан баштайлы:
Ал беттин эң башында мына бу тилке турат:
Анын биринчи "Кыргыздын залкар инсандары жаңы сайтта!" деген шилтемеси бекер, себеби ал шилтеме балам Жакшылык жасап жаткан сайтка алпарат. Кызыккандар басып көрсө болот...
Кийинки "Link" деген шилтеме компьютердик жабдыктарды сатуучу фирманын дарегине алпарат. Булар бул шилтеменин бир жылдык акысын төлөп коюшкан жана бир жылга чейин биздин айылдын баардык беттеринде илинип турат, шарт боюнча. Баасын биздин батирдин ээси, www.hoster.kg бычкан, салык инспекциясына байланыштуу маселелерди ошол фирма чечет. Болжолу бир жылга 12000 сомго бычышып, мага ал акчанын 75 пайызын беришкен.
Үчүнчү шилтеме "Кыргыз мамлекеттик архиви" деген сайтка алпарат. Бу сайтты мен жасагам жана анын башчысы Чолпонбек Абыкеев өзүнүн кызматкери Жумабай Дабын уулу аркылуу мага кылган кызматым жана шилтеменин бир жылдык мөөнөткө илинип тургандыгы үчүн бир эски, бирок жакшы иштеген Pentium IV компьютерин беришкен...
Жогоруда саналып кеткен шилтемелерди басыш-коюш ар бир меймандын өз каалоосуна жараша - мага мындан ашкере деле пайда түшпөйт.
Эми кийинки тилкеге келели:
Биерде жалаң кыргыз гезиттеринин шилтемелери, булар төлөй турган тыйындар ар бир гезиттин төлөп жаткан акыларына кошулган - бу шилтемелерге кирүү ар бир кыргыздын парызы! Анан ушул шилтемелер менен киргендеги биринчи бетте ар бир гезиттин емейл_дареги, архиви, редакциясы көрсөтүлгөн.
Бу жагдайды баса белгилеп айтып жатканым, айылыбыздын башбарагындагы менин сотка_номурумду жана емейл_дарегимди көрүп алышып эле, тиги же бул редакцияны издегендер мага кайрыла беришет экен, эй!
Кайсы гезиттин дареги керек болсо, ошол гезиттин шилтемеси менен барып, ошо гезиттин биринчи бетиндеги емейл_даректи, архивди, редакция дарегин пайдаланыңыз!
Эми үчүнчү тилкеге келели:
Бул орусиялык бир фирманын ойлоп тапканы (же батыштын дагы бир долбоорун көчүрүп алгандыр, ким билет..).
Ар бир чарчы жарнамага 100 рубль коюшуптур. Ким жарнама берем десе, ошол өзүнүн буйрутмасын берет, фирма аны каттайт, түшкөн тыйындан мага бираз бөлүшүп турат экен имиш.
Бирок өзүңөр көрүп тургандай, али эч ким кирип каттала элек, тилекке каршы.
Балким, биздин айыл жалаң кыргызча "сүйлөгөндүктөн" ушундай болуп жаткандыр, ким билет..
Бирок Орусиянын Mail.ru көрсөткүчү боюнча биздин айыл дурус эле орундарды ээлейт, балким, көрөгөч жарнама бергичтер бир күнү байкашаар деген үмүттү үзбөй туралы.
Эми төртүнчү тилкеден кеп салалы:
Мен жогорудагыларды туурап Кыргызстан үчүн атайын жарнама шилтемелерин илип койдум биерге. Анын шарттарын билгиңиз келсе, ошо сүрөттөрдүн бирин бассаңыз окуй аласыз. Негизги тилек дурус эле, билген кишиге...
Эми, урматтуу окурман, биздин айыл үчүн эң керектүү жарнамаларга бираз токтолуп кетели:Ал жарнамаларды сиз оңой эле байкайсыз, мен алардын атын айтпай эле койойун, себеби шарт боюнча мен аларды кошумчалап эскертпешим керек эле, бирок биерде суроо берилип калыптыр, жооп берип койойун.
Биздин айыл жалаң кыргыз тилинде болгондуктан, ал жарнамалардагы сунуштар ар бир беттеги материалдарга бираз коошпой кетет. Бирок кийинки күндөрү Кыргызстан жана кыргыз жарандары, асыресе шайлоого байланыштуу ысымдар ошол жарнамалардан чыгып калат. Бирок баары бир сиз үчүн, урматтуу окурман, кызыктуу болушу мүмкүн делген жарнамаларды да таап калышыңыз мүмкүн.
Биерде урматтуу Bayrambek:
"Мен кобунчо киргенде ушул Жанызак байкеге кичине болсо да акча тушсун деп ачып кайра жаап коем" деп жазыптыр. Чын жүрөгүмдөн ыраазычылыгымды билдирем, жардам бергениңизге!
Окурман үчүн мындай аракет түккө турбайт, балким кызыктуу шилтемеге да барып калышы мүмкүн.
Ал эми мен үчүн бул олуттуу жардам - өткөн жылы бу жарнамалардан биздин айылга 250 жанагыдай акча, ошол жылдын курсу менен бизче которгондо сегиз миң жети жүз элүү сом түштү. Орус сайттары бу сыяктуу рекламалардан көп эле акча түшүрөт экен. Айрымдардын айтымында ал акча болжолу айына бир миң жанагыдай акча, же азыркы курс менен санаганда бизче айына кырк үч миңден алышат дейт. Бирок биз пайгамбар бололу, "барына ыраазы, жогуна кайыл" дегендей.
Байрамбектин берген жардамына дагы бир жолу ыраазымын жана башка конокторубуз да ал жасагандай бул айылга жардам берип турат деген ишенимди билдиргим келет, албетте.
Биринчи суроо боюнча аябай эле кенен-кесири жооп бердим окшойт, эми Байрамбектин экинчи суроосуна өтөлү:
2. Сайтынызда 16 гезит бар ар бир гезиттен канча аласыз? Мен ар бир гезиттен 16 бетине бир номуруна 200 сомдон аламын. Берген акчага байланыштуу маселелерди, асыресе салык маселесин ар бир редакция өзү чечет.
Бул 200 сомдун ичине ошо номурдун интернетте жайгаштырылышы, тексттердин интернетте окула тургандай түшүрүлүшү, ошол гезиттердин архивинин сакталышы, ар бир номурга кеминде 4 сүрөттөн жайгаштырылышы, гезит редакциясы менен байланышты көрсөтүү ж.б. кызматтар кирет.
Эми, урматтуу окурман, мен сунуш кылган баалар менен АзиаИнфо фирмасы сунуш кылган бааларды төмөнкү жадыбалдан салыштырып көрсөңөр болот:
Мына биерде:
"Визитка" - HTML сайт (Сайт эконом класса, текст-графика (10 страниц, 6 фотографий, 4 листа текста)) - 2000 сом деп жазылып турат. Булар беттерди, менимче, Word менен А4 өлчөмүндө эсептесе керек.
Ошондо булар болжолу 4 беттүү текстти 6 сүрөтү менен 10 беттүү интернет файлы кылып жасаганы үчүн 2000 сом алышат окшойт.
Бизде А3 форматындагы 16 беттүү жана кеминде төрт сүрөттүү бир гезиттин баасы - 200 сом.
Бу демек, гезиттин бир бетине Word_дун А 4 өлчөмүндөгү кеминде 3 бет жайгашса, анда 16 бет гезитте Word_дун А 4 өлчөмүндө кеминде 48 бет болот экен!
Биз 48 бетти 200 сомго жайгаштырып жатсак, булар 4 бет материалды 2000 сомго жайгаштырып беребиз дейт - элестетиңиз?!
Булардын баасы менен алганда, биз 48 бетти 20000 сомго жайгаштырышыбыз керек окшойт...
Ошондо биздин баабыз булардыкынан ушул пункт боюнча 20000:200= 100 эсе арзан.
Анан калса, биерде бир эле "Визитка" сайты - жайдак сайт жөнүндө сөз болуп жатат.
Мисалы, "Агым" гезитинин биздеги барактары ушул жылдын башынан ушул күнгө чейин 523 файлды, бет менен эсептегенде болжолу 1500 бетти түздү!
Муну "Визитка" - "Кичинекей сайт" дешке болбойт, менимче.
Булар анан калса "Визитка" деп баштапкы, алгачкы гана сайтын айтып жатышат.
Ал эми бизде баштапкы сайты итбекер - өзүбүз түзүп даярдап беребиз. Бүт редакциядан сурап көрсөңүз болот емейл менен - баштапкы сайттын түзүлүшүнө бир да сом алган эмеспиз.
Биздин сайт булардын "Базовый" - HTML сайт, с использованием java, cgi, php скриптов (Динамичный сайт с использованием подключаемых модулей) от 5000 сом дегенине окшошуп кетет, менимче. Анысынын баасын көрүп турасыз...
Эми кызык жерине келели:
Булар сайтты жанагынча сомго жасап бергенден кийин, ошол сайттын ар бир жаңыртылышын 1000-2000, ал эми ай сайын жаңыртылып турушун 800-2000 сомдон баалашыптыр. Албетте, материалдар биздикиндей А3 өлчөмү менен 16 беттен - Word менен 48 беттен турбаса керек, менимче...
Эми айылыбыздын киреше жана чыгаша жагын эсептеп көрөлү:Бирок бул эсепке ар бир гезиттен алынган сумманы кошпойбуз, себеби ал сумма болжолу биздин алган айлыгыбыз деп койолу ☺.
Ошондо:- Link компаниясынан 12000*75/100= 9000 сом;
- Архивден эски компьютеринин жарымын кошолу - болжолу 5000 сом;
- жанагы Байрамбек "Жанызакка жардам болсун" деп басып жаткан жарнамалардан болжолу сегиз миң жети жүз элүү сом -
Баары болуп былтыркы-быйылкы жарнама пайда 22500 сом болуптур. Эми мынча болду, ушул айылга кеткен былтыркы-быйылкы чыгашаны да эсептеп койолу:- айылдын атын (доменди) кармап туруу үчүн жылына 500 сом;
- Батирге (хостинг) ай сайын 520 сомдон - былтыр 12 айга жана быйылкы бүгүнкү күнгө чейинки 5 айга = 8840 сом;
Жалпы чыгаша - 8840+(520+260)= 9620 сом экен.
Эми жарнамадан түшкөн кирешеден айылды кармап турууга кеткен чыгашаны алып салсак, кыпкызыл пайданын суммасы чыгат:
22500 сом- 9620 сом= 12880 сом.
Демек, менин ушул сайттан алган таптаза кирешем 12880 сом болуптур...
Сөз арасында айта кетейин:
Тээ илгери, айтылуу "Каттаманы" чыгарып жүргөндө Биринчи Май районунун бир салыкчы кызы "кирешең канча?" деп эле жабышып жатып калды.
Ошондо бүт чыгаша-киреше кагаздарды чогултуп келгенде баланча сом болуптур - азыр эсимде жок -, анан жанагы кыз бир ай эзди, экинчи айга кетти. Үчүнчү ай дегенде ошол салык башкармасынын ошол кездеги чоңу Думанаев деген адам мени тааныйт экен:
"Эй Жанызак, бу сен бизге ишке орношконсуңбу? Дайыма эле сени ушул жерден көрөм.."
деп тамашалап калды.
Ошондо айттым арманымды ошол кишиге: "Агай, биерде бир кызыңыз бар экен, үч айдан бери эзе берип курутмай болду, гезиттин жаңы номурлары чыкпай туруп калды", - деп.
Анда Думанаев жанагы кызды чакыртып, чогулткан документтерди текшерип көрүп: "Кызым, мындай акча азыр ар бир алкаш орустун чөнтөгүндө жүрөт. Жанызакты азыр эле көрүп калсаң да, документтерин жайгарып, койо бер бу кишини!" дегенде алиги кыз кызарып-татарып, мен чыдабай каткырып жиберипмин. Болбосо үч ай сүйрөш оңойбу?!
Анын сыңары, ушул сайттын жарнамасынан түшкөн жогорудагы 12880 сомду ар бир айга бөлгөндө (биерде биз 17 айды карадык) - 12880:17= 757,64 сомдон айланат экен.
Ушул 757 сом 64 тыйынды мен, мисалы, 20 китеп сатсам табам. Бирок...
Жамы кыргыз ушул 17 айда интернет жайыгына кирген кыргыз тилиндеги 14649 гезит барагына демек, эгер ар бир бетте жок эле дегенде эки көлөмдүү материал болсо, анда 14649*2= 29298 макалага байыды! Ушул сандарга бираз ой токтотуп көрөлүчү, урматтуу окурман:
Бу материалдар кыргыз тили үчүн электрондук байлык эмес бекен, бурадар?!☺.
Сен жасабасаң, же мен жасабасам, кыргыз тилине мынчалык байлыкты ким топтоп берет экен?!
Сен оорубасаң, же мен оорубасам, кыргыз тили канчага чыдайт дейсиз?!
Эми-ии, таластык катары бираз мактанып койдум, кечиресиздер ☺.
3. Канча адам иштейт жалпысынан?Мен мындан үч жыл мурун кайсы бир мышыктай болгон невропатолог ургаачынын айынан аз жерден жер тырмап калаарда ойлодум эле: "Эми кыргыз айылым кантээр экен?" деп. Ага чейин уулум Жакшылык өзүнүн компьютеринен алиги "аткыч, чапкыч, машине" деген оюндарын эле биринен сала бирин дырылдатып жатчу. Көрсө балам кантсе да атасынын жасап жаткан иштерине көз кырын сала жүргөн экен - мен бир айга Республикалык ооруканага жатып калганда, жанагыдай сайт жасоо иштерин эптеп жатып бир-эки жолу көрсөтүп койсом, турган жерден алып кетпедиби!
Кубанып калдым. Ошондон бери мен "деректирмин", балам "кызматкер". Экөөбүз жасап жатабыз кыргыз айылын. Чынында, бүт баарын балам жасап жатат, мен тек гана көзөмөлдөп турам. Мен китеп чыгаруу менен алекмин. Элге китеп сатам.
Айта кетиш керек, балам чыгарып жаткан редакциялар түрдүү багытта иштешкени менен, ал жердегилер биринчи кезекте кыргыз катары балама дем берип турушат, бираз кечиксе кечиримдүү карап, айтор баарыбыз чогуулап "Кыргыз гезиттери" айылын өргө сүйрөө менен алекпиз.
Айрым гезиттердин өздөрүнчө жеке сайттары болгону менен, алар гезиттерин биздин сайтка да чыгарып турушат, себеби биздин сайт гезиттерди ириде электрондук китепканадагы электрондук тиркеме катары бүт материалдарын толугу менен берет.
Андыктан жамы кыргыз үчүн, кыргыз тили үчүн биз менен иштешүүгө макул болгон бүт редакцияларга астейдил ыраазычылык билдирем жана ар бир редакциянын өз окурманы акыры келип эле кыргыз үчүн жан күйгөн азаматтардан болушун каалайм.
"Кыргыз гезиттери" айылына келип туруңуздар, суроолоруңуздарды берип туруңуздар, ар бир редакцияга алардын ийгилик-кемчиликтерин емейл_даректер аркылуу билдирип туруңуздар.
Аман болуңуздар, биз аман бололу.
Байрамбек, ырахмат жазган катыңызга жана суроолоруңузга. Мен баары бир булардын баарын чыгынып бир күнү жазмак элем, жаздырдыңыз ☺.
Саламым менен
Жанызак,
http://www.presskg.com
gb •
Меймансаптагы соңку кабарлар:
Меймансаптын материалдарын толугу менен биерден окуйсуз...
|