Поиск
| Керектүү материалды ушул жерден издегиле: |
|
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир…
Бу шумдуктардын кыргыз Жанызакка жиберген материалы орусча экен..
Төмөнтүн менин аларга берген жообумду окуп койгула...
Жооп Урматтуу Эмил Жангорозович Каниметов, саламатсызбы.
Мага, Жанызакка, кат менен кайрылып, пресс-релизди жибергениңизге ырахмат.
Бирок сиз кыргыз тилдүү университеттин белдүү адамы катары алды менен кыргыздын үч тамгасын сыйлап, жиберген текстиңизди туура жазсаңыз кыргыз катары сүйүнүп калат элем, каап...
Эми маселе боюнча:
мен сиздердин жиберген пресс-релизди эмне кылышым керек?
Хомейни өз элине керектүү делген ашынган исламчы болгону белгилүү.
Ирандагы батыш цивилизациясынын калдыктарын майкандап кеткендигин жана Иран ислам ургаачыларын түгөл хиджабка чүмбөттөөгө негизги көмөкчү болгондугун да билем.
Биздеги ашкере такыбасынган Бейшенбек Бекешов, жанагы Кыргызстанды ашкере исламдаштырууга аптыга жүткүнүп жаткан Каныбек Осмоналиев сыяктуулар а кишинин атын укканда башмалдак атышы мүмкүн, бирок мага анын кандай тиешеси бар, урматтуу кыргыз Каниметов мырза?!
Аталган ысымдан илим издеген сизге да, Арабаев университетине да баракелде.
Бирок эгер сиз жиберген материалыңыздын сайтка жарыяланышын кааласаңыз, анда эл катары менин соткама (+996777329784) 10 (он) бирдик которуңуз да, мага ошол тууралуу билдирүү (SMS) же емейл жибериңиз. Мен сиз жиберген материалды жарыялап койом...
Саламым менен
Жанызак,
Көкө Теңирчи жана Ыйса Теңирчи,
Манас Атабыздын Арбагына сыйынган,
Чынгыз Атабыздын Арбагынан адеми саптарды жазууга дем күткөн кыргыз жараны.
http://www.presskg.com
gb •
Меймансаптагы соңку кабарлар:
Меймансаптын материалдарын толугу менен биерден окуйсуз...
|