Уяттуу кишиге бир айткан сөз жетиштүү болушу керек эле...От кого: janyzak__presskg.com
Кому: webmaster__aktilek.net
Cc: janyzak__mail.ru
Тема: Уяттуу кишиге бир айткан сөз жетиштүү болушу керек эле...
Салам, Актилек.
Тилегиңер анчалык деле ак эмес окшойт, антпесе бир айткан сөз уяттуу кишиге жетиштүү болушу керек эле.
Кечээ мен сизге бизден алган материалдарга шилтеме берип туруңуз дегендей мааниде кат жаздым эле,
бүгүн ошол суранычымды шылдыңдагансыппы, айтор сиздердин сайтыңыздарга "Кыргыз гезиттеринин" үч материалы бу жолкусунда дегеле кайсы гезиттен алынганы да жазылбастан илинип калыптыр.
Мен сиздерди "биздин айылдагы материалды албагыла" деген жерим жок.
Ошол алынган материалга так шилтеме берилишин суранып жаттым эле.
Эмесе мындай, "боордоштор":
Силерге дагы бир жума мүмкүнчүлүк берейин. Ошол бир жуманын ичинде бизден алынган баардык материалдарга же шилтеме берилиши керек, же ал материалдар өчүрүлүүгө тийиш.
Эгер андай болбой турган болсо, эгер кашайып эле моюн толгоп алсаңар, анда мен бияктан өз аракетимди көрөйүн.
Ал аракеттер мындай болушу мүмкүн:
1.
Кытайдан биздин сайтка такай 15-16 киши кирип турат экен. Алардын IP_дареги такталып, ошол даректердин баардыгы толугу менен жабылат;
2.
Буга да болбой моюн толгой берсеңер, мен Кытай элчилигине барып, маселенин чоо-жайын түшүндүрүп, эгер алар да түшүнгүсү келбей силердин уурулугуңарды колдоп туруп алса, анда биздин сайтка келүүчү дегеле "Кытай" аттуу трафиктин баары толугу менен жабылат.
Ошондо алиги биздин айылга такай келип турган 16 кыргыз силердеги бир-эки макаланы мындай кой, кыргыздын "мен!" деген 16 гезитинин материалынан толук куржалак калат.
Сунуш:
Жамы кыргыз журтуна делинип жасалган ишти бүлүндүрбөй, алган материалдарга шилтеме койушуңар керек.
Калп актанууга каяша:
Мен силердин сайтыңарга катталып туруп, эмне үчүн макала жазалбай калам да, ал эми материал уурдагычтар силердин сайтыңарда ээн-эркин сайрандай бериши керек?
"Сыныктан башканын баары жугуштуу" дейт кыргыз.
Биерде бир кызыңар биздин Расул кызы Айгеримдин кийимдерин жактырбай, "кыргызга жарашпайт" деген мааниде кат жазыптыр.
Эми-и, иничектер, Кытай бүгүнкү күндө колунан келишинче уурдап-тоноп жатат дүйнөлүк интеллектуалдык байлыкты. Алар го, мейли, акчанын айынан ошентип жатышсын дейли.
Силерге эмне жок дейм да андай уурулук жолго бой таштап?! Кыргыз тилиндеги материалдар ит бекер чыгарылып жатпайбы жалпы кыргызга.
Болгондо ошо материалдарды интернет жайыгына алып чыккан сайттын шилтемесин берип койсоңор бирдеме болосуңарбы?
Же баягы кашайгырдын курнамысы "кытыгылап" жатабы силерди?
Ойлонуп көргүлө, "боордоштор".
Бир жума күтө турайын.
Интернет жайыгындагы жуңголук кыргыздарга доо кетирбегиле, бай болгурлар.
Эмгекти сыйлагыла.
Саламым менен
Жанызак,
http://www.presskg.com
gb •
Меймансаптагы соңку кабарлар:
Меймансаптын материалдарын толугу менен биерден окуйсуз...
|