Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Элдик ишеним
убактылуу өкмөтүнүн
төрайымы Р. И. Отунбаевага

Ачык кат

Доктор Назаралиев Ж. Урматтуу Роза Исаковна, Сиз басма сөздө жасаган билдирүүңүздө, эгерде Курманбек Бакиев өз ыйгарым укуктарын тапшырса, өлкөдөн чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар, деп билдирдиңиз. Мындай мамиле убактылуу өкмөттүн саясий "ашкере жумшактыгын" көргөзүшү мүмкүн.
Бирок, мен мындай чечимге каршымын, Кыргызстандын эли да буга кошулбайт деген ойдомун. Сиз президент Бакиев өлкөбүздүн биринчи президенти Аскар Акаевди номер биринчи мамлекеттик кылмышкер катары жазалай албай саясий тайкылыгын, эрки жана мүнөзү жоктугун көрсөткөнүн билесиз. Курманбек Бакиев Аскар Акаевдин "табакташы" болгондуктан, "карга карганын көзүн чокубайт" принцибинде иштеди. 2005-жылы "жоогазын революциясынан" кийин Өмүрбек Текебаев баштаган кадыр-барктуу делегация Акаевге барып, өз ыйгарым укугуңузду өткөргөндүгүңүз жөнүндө документке кол коюп бериңиз деп жалдырап суранганына өтө жийиркенген элем. Мындай сураныч бүткүл кыргыз элин кемсинткендик деп эсептейм. Муну маскаралык дегенден башка айла жок! Чыныгы мекенчилдер менен эл мыктылары мындай кылбайт! Акаев качып кеткен соң, эл аралык издөө салып, Интерпол аркылуу Кыргызстанга алып келип тийиштүү жазасын бериш керек болчу. Мына бүгүн да Аскар Акаев Россиянын маалымат каражаттарынан чыгып сүйлөп, кызарбай туруп бизге акыл үйрөтүп жатат. Мындай аракетти шермендечилик катары мүнөздөшүбүз керек. Аскар Акаевдин үй-бүлөсү Кыргызстанды карызга батырган 4 млрд. долларды кайтарып берүүсү зарыл. Алар Перунун экс-президенти Альберто Фухиморинин жолун жолдоп түрмөгө отурууга тийиш.
Бакиев деген ким өзү? Ал "өз чөнтөгү" жана үй-бүлөсү үчүн өз элин тоноп жана тентитип жок кылууга биринчи президенттин саясатын уланткан номер экинчи кылмышкер. Ал Аксыдагы айыбы жок адамдарды атып өлтүрүүгө аралашкан адам. Эркинбаев Баямандан тартып Медетбек Садыркулов менен журналист Геннадий Павлюкка чейинки чуусу көп киши өлтүрүүлөрдүн, Жогорку Кеңештин оппозициячыл депутаттарын уурдап кетүүнүн, "героин матрешкасы" сыяктуу жоболоңдуу жорук-жосундардын баардыгы Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн кылган иши.
Кумтөрдүн тонналаган алтыны кайда кеткенин Бакиевден сурап көргүлөчү? Биздин өлкөгө ташылып келип жаткан контрабандалык товарлардан түшкөн эсепсиз долларлар кайда? Сансыз миллиондогон акчаны жүгүртүүгө түшүргөн кыргыз баңгизат жолдорун "үй-бүлөдө" ким көзөмөлдөйт? Кыргызстандын аймагындагы "Ганси" Америкалык аскердик авиабазасынын турушу үчүн АКШнын жетекчилигинен пара алып жана аны жүгүртүп жаткандар кимдер? Токтогул Гидроэлектростанциясындагы сууну каякка, эмнеге, кайда агызып, жана канча акчага сатып жибергендер кимдер? Чет өлкөлөрдөгү баасы 100 млн. доллардан ашкан машиналарды, үйлөрдү жана виллаларды сатып алууга анын балдары менен бир туугандары акчаны кайдан алышкан? Ысык-Көлдүн жээгиндеги, Арсланбаптагы, Сары-Челектеги жана Жети-Өгүздөгү мыкты деген пансионаттар кимдин үй-бүлөсүнүн менчигинде? Эмне үчүн карапайым элдердин үйлөрүндө жарык күйбөйт, байлыгы эмес айлыгы жок, ачка отурушат. Эмне үчүн көптөгөн таланттуу адамдарыбыз өлкөсүн таштап кетүүгө мажбур болушту? Эмне үчүн Кыргызстандын өзгөчө кенчи болуп келген ар улуттун мыкты өкүлдөрү тарап жок болушту? Бул суроолорду чексиз уланта берүүгө болоор эле.
Бакиев өзүнүн бой көтөрмө кара мүртөздүгү менен бүткүл дүйнөлүк шериктештиктин Кыргызстан менен мамилесин бузуп, атап айтканда Россия менен алакабызга доо кетирди. Эми биз Бакиевди ээрчибегенибизди, аны колдобогонубузду далилдешибиз кыйынга туруп жатат. Мамлекетибиздин урап түшүүгө жакындап калгандыгын алдын ала байкап, 2009-жылкы президенттик шайлоонун алдында Россиянын президенти Дмитрий Анатольевич Медведевге кат жазган элем, бирок белгилүү себептер менен жарыяланбай калган. Ошол каттын айрым саптарын келтире кетейин: ".. . . Кыргызстанга 150 млн. доллар өлчөмүндө акысыз жардам көрсөтүп, 350 млн. долларлык жеңилдик кредитин бербеңиз, анткени Бакиевдердин принципсиз укум-тукуму бул сумманы жеке муктаждыгына жана кезектеги президенттик шайлоого коротуп, өз элин мазактоону жана эки жүздүү эл аралык оюн ойноону уланткылары келип жатат. Сиздер эки жүздүүлүктөн жана жалганчылыктан чарчай элексиздерби? Ал эртедир-кечтир келишимдин шартын аткарбай, бир тараптуу тартипте шартты бузуп, алган кредитин Кыргызстандыктардын мойнуна жүктөп баса берет. Бүгүнкү күндө Курманбек Бакиевдин поезди элдик кыжырдануунун мина коюлган талаасын аралап бара жатат, анын жарылып жок болору күмөн туудурбайт".
Так ошондой болду. Жарылуу дүңгүрөп, Бакиев Ак үйдөн качты.
2010-жылы 7-апрелде митинг учурунда дал Курманбек Бакиев президент катары ок атууга буйрук берди, сексенден ашык адам курман болуп, миңден ашык адам жарадар болушту. Эми ал актанып, качып барып ийнине жашынганы менен, кан төгүүгө ал жеке күнөөлүү экендигин эл билет жана түшүнөт. Бакиевдин бийлиги орногондон кийин алгачкы толкундоолор башталганда ал " Мен бийлигимди жөндөн-жөн бере койбойм, атышамын" деп тиштенгени эсиңизде болсо керек. Бүгүн ооматынан ажыраган качкын президент дүйнөлүк шериктештикти БУУнун тынчтыкты коргоочу күчтөрүн Кыргызстанга киргизүүгө, Кыргызстандын түштүгүн өзүн коргоого чакырып жатат. Бул жарандык согуш экендигин, түшүнүшүбүз керек. Бул Россиянын, АКШнын, Кытайдын жана бүткүл мусулмандар дүйнөсүнүн ортосундагы каршылашууну чыгарар эле. Ал өз элинин мыкаачысы, өз өлкөсүнүн канкору.

Урматтуу Роза Исаковна,
элди мүшкүлгө салган бул маселени чечүүнү сиздин командаңыз принциптүү колго алып, номер экинчи кылмышкер Курманбек Бакиевди, анын бир туугандарын жана үй-бүлөсүн гана эмес, ошондой эле аны колдоп, мамлекетти талап тоноого көмөк көрсөткөндөрдүн бардыгына татыктуу жазасын бере тургандыгына ишенгим келет. Ушундай болгондо гана эл Сизге жана жаңы өкмөткө ишениши мүмкүн. Бүгүнкү жаңы бийлик кан аркылуу, азап-тозокту башынан өткөргөн элдин катуу талабы менен келди. Эгерде силер бул ишти аягына чыгара албасаңар, анда наалатка калаарыңар жашыруун эмес.

Р.S. Өлкөдөгү азыркы кырдаалды жана кыргыз элинин тарыхый талабын эске алсак, өлүм жазасына мораторийди убактылуу алып коюу зарыл.

Кудай сиздерди колдосун!
Кыргызстандын элине терең таазим этип!
Урмат жана ызат көрсөтүп, проф. Ж. Назаралиев





ggle_v

Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования