26.06.09 - 16-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Маанай

керемет сахнанын жаш каарманы
Айко
"Чын эле мен сени таптымбы?" аттуу ыры менен алгач чоң сахнанын босогосун аттады бул ырчы кыз. "Айчүрөк" эстарада театрынын алдында ачылган студиянын тарбиялануучусу. Бул студия ачылганына аз гана убакытты чамаласа да төрт жаштан жыйырма эки жашка чейинки жаштарга көркөм эстетикалык тарбия берүүнүн аракетинде. Ошол тарбиялануучулардын ичинен татынакай өңү, жагымдуу үнү менен топ жарып чыгып, Айчүрөк Иманалиеванын көз кырына урунуп, театрга кошулуу бактысына учурады. "Кыргызстанда музыкалык билим берүүчү окуу жайлары көп. Алардын ичинен Айчүрөк Иманалиеванын студиясын тандап алуумдун себеби, эжени кичинемден кумир тутуп, ырдаганынан тартып кийген кийимине чейин жактырчумун. Студияга кабыл алуу жарыяланганын угуп, катышууну чечтим. Эсимде, эртең сынак деген күнү таң аткыча уктаган жокмун. Эртең менен эрте туруп, мени алып бара турган эжеме барсам, ал уктап жатыптыр. "Эрте эмеспи?" дегенине болбой дегдеңдете жетелеп, студияга келдик. Келсек, биз сыяктуу катышууну каалагандардын кезеги тизилип калыптыр. Режиссер Сагын Ниязалиева бизге тууган болуп кеткендиктен, анын атын "сатып" атып, кезексиз киргенге мүмкүнчүлүк алдык. Ырдатып, бийлетип көрүштү. Студияда билим алууга болгон ынтызарым ушунчалык, болгон дараметимдин баарын жумшадым", дейт Айко.
Айконун өз аты Айгерим. №40- орто мектептин окуучусу. 12 жашта. "Айчүрөк" театрына ырчы керек болуп, окуучулардан иргеп, жогоруда айтып өткөндөй күчтүү үнү менен айырмаланган Айгеримди кабыл алышканда, Айгерим атын Айко деп өзгөртүүнү туура көрүшкөн. Буга себеп, Айгерим ат кыргыз сахнасында бар экендиги. Эл адаштырып албас үчүн жаңы ырчы кыз жаңы ысым менен сахнанын босогосун аттады.
Чынында, Айконун уккулуктуу үнү бар. Татынакай жүзү бар. Баралына келгенде эжекесиндей эле топту жарган ырчы болоорунан үмүт этесиң. Сахнадагы кийими, кыймыл - аракети, бийи, ыры - баары Айчүрөк Иманалиеванын көз алдында болуп, анын моюнуна милдети жүктөлгөн. Бир театрда тарбияланышкандыктан, чыгармачылыктагы "бир туугандары" Сапар, Клара, Анжеликанын катарын толуктап, акырындык менен чыйыр таптап, ошолордой элдин сүймөнчүлүгүнө арзышына шек жок.
"Сахнадагы жашоону мен жомоктой элестетчүмүн. Эжекеми ээрчип, улам терең аралашкан сайын, көп нерсени аңдап билдим. Албетте, сахна мен ойлогондой сүрдүү, ыйык болуп чыкканы менен сахна артындагы кээ бир жашоо ойго салбай да койгон жок. Көралбастык десем болбой калат го, ичи тардык дейинчи, биринчи ирет студиядан учурадым. Мени менен студияда чогуу окуган кыздын апасы келип, мага сөөмөйүн такап "Эмне, мобул кыз эле ырдай береби?" деди. Сөзүнө эмес, кезелген сөөмөйүнө жаман болдум", деп жылмаят Айко.
Адам чапкан сайын сыналат. Бүгүнкү балакай атаандашуу эртең бой жетет. Канчалык атакка, ийгиликке жеткен сайын, ошончолук сөз көбөйөт. Суук көз, суук сөздөн сактасын дейли. Эт менен челдин ортосуна түшпөй, жөн адамдан сахнадагы ырчы көп заманда топтон суурулуп чыккан чыныгы ырчы бол, Айко!..




1 миллион сомдук дисктер жок кылынды
Кыргызстанда каракчылык жол менен көбөйтүлгөн дисктер борбор калаадагы ири соода түйүндөрүн, базарларды ээлеп алганы эч кимге деле жашыруун эмес. Эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстанга көп жаңы нерселер кирди. Өзгөчө автордук укук тууралуу түшүнүк. Буга чейин каракчылык менен шугулдангандар көмүскө, жашыруун жерлерде гана болуп келген болсо, эгемендик алгандан бери алардын бардыгы ачыкка чыгып, алар менен күрөшүүдө мамлекеттин жана тийиштүү органдардын алы келбей келет. Каракчылык менен көбөйтүлүп, базарларда сатылып жаткан дисктердин сапаты дагы ошол "каракчылык" мүнөздө. Алардын сапаты начар. Бирок, дисктерди сатып алып жаткан ар бир аларман бул дисктерди сатып алуу менен өзүнө жана мамлекетке канчалык деңгээлде жоготуу, чыгым алып келип жаткандарын түшүнбөйт. Азыр базардагы бардык дисктердин баасы бирдей. Ал "Ош" базарында болсун, "Дордойдо" болсун бир диск 50 сом. Мындай сапаты начар дисктер жеке адамга сапаты эң төмөн музыка, кино көргөзө алат. Демек, мындай дисктерди көргөн адам ал кинодон, же ырдан ырахат ала албайт. Бул менен гана чектелип калбай ал материалдык дагы чыгымга алып келет. Бүгүнкү күнү ар бир үйдө болгон "DVD"лердин бузулушуна, алардын колдонуудан чыгышына негиз болот.
Сатып алуучу "Мен бир диск сатып алуу менен мамлекетке кандай чыгым алып келмек элем",- деп ойлошу мүмкүн. "Деңиз тамчыдан куралат", дегендей ал адамга окшогон канча сатып алуучу Кыргызстандын булуң-бурчунда сапаты начар, каракчылык негизде даярдалган дисктерди сатып алып жатат. Ошол дисктерди сатып жаткандар мамлекетке бир дагы салык төлөбөйт. Демек, ар бир адамга билинбегени менен Кыргызстанга канчалаган чыгым келип жатат. Муну менен катар авторлордун укугу да бузулуп, өз эмгегинин үзүрүн көрбөй калышууда.
Каракчылыкка бөгөт коюу максатында "Кыргыз патент" бир катар жакшы жөрөлгөлөрдү жасап келүүдө. 19-июнь күнү Бишкек шаардык мэриясы, Финансылык полиция кызматы, сот департаменти менен биргеликте борбор калаанын эски аянтында "Каракчылыкка жол жок" аттуу акция болуп өттү. Бул акциянын максаты жарандарды сапаты мыкты, сертификаты бар дисктерди гана сатып алууга үндөө. "Кыргыз патенттин" төрагасы Улан Мелисбек өз сөзүндө: "Каракчылык менен даярдалган дисктерди сатып алуу менен ошол музыканы жазган, кинону тарткан адамдарга дагы зыян алып келип жатабыз. Кыргызстандын таланттуу адамдары эмне үчүн башка мамлекеттерде өз мекениндегидей деңгээлге жете албай жатышат? Мунун эң башкы себеби, бизде каракчылык менен даярдалган дисктердин көптүгүнөн. Каракчылык негизде даярдалган дисктер алардын чыгармачылыгына бут тосуп, алардын тапкан эмгегинин текке кетишине себеп болуп жатат. Алар өздөрүнүн сапаттуу жаздырган ырларын, клиптерин калың элдин катмарына жеткире албай жатат. Европадагы ырчылардай биздин ырчылар ырдай албайбы? Албетте, ырдайт. Керек болсо алардан ашып түшөт. Бирок, ал жакта адамдар каракчылык негизде жасалган дисктерди сатып алышпайт. Алар сапаты эң жакшы, сертификаты бар дисктерди сатып алышат. Муну менен алар өздөрүнүн ырчыларын колдойт жана өлкөсүнүн экономикасына чоң жардам берип жатат. Келгиле биз дагы ата мекендик ырчыларды колдоп, өз мамлекетибизге салым кошолу", деп айтып өттү.
Акциянын жыйынтыгында борбор калаабыздагы базарлардан жана павильондордон укук коргоо жана милиция кызматкерлери тарабынан кармалган контрафакттык негиздеги 20 миңге жакын баасы 1 миллион сомдук дисктер жок кылынды. Бул акцияны уюштуруучулардын пикиринде болуп шаар тургундары эки каракчылык түрдө жазылган дисктин ордуна 1 сапаты эң мыкты, сертификаты бар дисктерди белекке алышты. Албетте, акцияны кыргыз эстрадасынын ырчылары Мирбек Атабеков, Роза Шакирова , "Синдикат" бий тобу жана башка ырчылар коштоду.