Кыргыз гезиттери

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0626_3.htm on line 2

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0626_3.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0626_3.htm on line 2



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0626_3.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0626_3.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0626_3.htm on line 2
п»ї
  Саясат

Роза Отунбаева:
"Бакиевди шайласак, эл эркинен он жылга ажырайт"
- Роза Исаковна, президенттик шайлоодо шайлоого бир ай калганда талапкер катары президент кызматын премьер - министрге, же спикерге өткөрүп бериш керек эле. Бүгүн 23- июнь. (интервью 23-июнда алынган - ред.) Курманбек Салиевичтин кызматын өткөрө тургандай ниети да көрүнбөдү. Бул И. Чудинов менен А. Тагаевге ишенбегендиктен болуп жатабы, же башка себеби барбы? Же биздин Конституциядан андай берене алынып салынды беле?

- Биздин Конституциябызда да, Шайлоо Кодексинде да сен айткан талапкерлерге тең укуктук шарттар жазылган. Тилекке каршы биздин 19 жылдык практикабызда бул мыйзамдар ишке ашырылбай келе жатат. КМШ өлкөлөрүндө бир да президент шайлоо убагында, менин билишимче, өзүнүн кызматын тапшырбай атчабышка аттанууда. Россиябы, Казакстанбы, Азербейжанбы президенттер кызмат мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланып жүрүшөт. Эсептеп көргүлө, Россияда Москвадан Владивостокко, Хабаровскдон Калининградга учуш керек үгүт компаниясында, бул кандай гана каражат! Мындай өнөкөт биздин да президенттерге таандык. Бакиев азыр үгүт компаниясын толук мамлекеттин эсебинен кызмат мүмкүнчүлүктөрүн аябай пайдаланып жаткан кези. Административдик ресурс мындай учурда өзгөчө кыянаттык менен иштетилет. Мына мисал. Бакиев 2 саатка Таласка учуп барды. Анын келишине Акүйдөн калың топ Таластын чиновниктери менен үч күн тынбай тамак - этин даярдап, УКК менен МВД элдин тизмелерин тактап, Бакиевди жактырган элди терип - тандап, чоочундардын колун кайрып, кечкери милицияда кармап отурушту. Арийне, бүгүн президенттикке талапкерлерге тең укук түзүлгөн жок. Бул маселе боюнча Азиза Абдрасулова, Бакыт Бешимов КонСотко кайрылышты. Аягына чыгып,келээрки шайлоолордо мейли президентпи, мейли депутатпы баары тең шарттуу болсун десек, азыркы талапкерлер да КонСотко кайрылып менин укугум бузулуп жатат деп, Бакиевди сөзсүз түрдө шайлоо убагында Акүйдөн четтетиши абзел. Андай болбосо биз көрүп жатабыз шайлоонун тагдырын эл чечпей эле Акүй, бийлик чечип жатат. Чынын айтканда, 20 жылдан бери биз фальсификациянын чордонунда жүрөбүз, анын капканынан эч чыгалбай. Бул арада өлкөбүздө алдамчылар, бурмалоочулар, фальсификаторлор, фокусниктер гүлдөп - өсүп чыкты. Эң өкүнүчтүү - бул биздин эле элибиз, жердештерибиз, тууган-тааныштарыбыз, кошуналарыбыз…

- Учурда бир тарабы -чиновниктер,бийликтин камчысын чаап жүргөндөр- Бакиевди шайлайлы деп жанталашышса,башка бир тобу -башка кандидаттардын таламын талашып турат. Бирок, менин байкашымча ортодо турган калың эл шайлоого ишенбейбиз дейт.Элдин шайлоодон көңүлү калды окшойт.

- Элдин шайлоого ишеними көптөн бери эле жаздын карындай ээрип келе жатат. Президенттик 1995,2000 - жылдык шайлоолорду, аны өткөзгөндөрдү азыр деле эл каргайт. 2005 - парламенттик шайлоолордо эл жарылды, бийликти көңтөрүп жиберди. Бийлик элге таандык дегенди иш жүзүндө көрсөттү. Бирок 2007- парламенттик шайлоо-акылга сыйбаган адилетсиз шайлоо болду. Элдин жини тарабай, намысы тебеленип көйгөйү көкүрөккө түйүлүп турган учуру. Элдин ишеними белинен сынып,балта менен талкалангандай болду. Ал унутулгус, акыйкат ордуна тура турган ойлор эл ичинде тынымсыз аралап жүрөт. Акаев шайлоодо алдаган үчүн эл кечирген жок. Бакиевди да кечирбейт. Канчалык даярдык көрүп, элге каянаттык мамиле жасап, арам мыйзамдарды өткөрүп, өзүнө ыңгайлуу шайлоо өткөзөйүн десе, ошончолук өзү курган капканга түшө турганы далил болуп турат.
Совет заманында Кыргызстандын чоңу -биринчи секретарын Москва УК КПСС бекитип Ала Тоого кондурчу эле. Алардын макулдугу менен империя тандаган адам былкылдабай 20 жылга чейин башкара берчү эле. Азыркы заманда өлкө башчысын өзүбүз шайлап алып жатабыз, шайлоодон башка механизм жок. Эмне себептен шайлоолор мынчалык ызы-чуу, чыр- чатак менен өтүп жатканын жаш балдар деле түшүнүп калышты. Коомдук мүлктү приватташтырып жаткан доордо мынча мүлктү бийликтин башындагылар басып алып кармап калыш керек да. Шайлоо деген -бийлик тандоо. Бийлик болсо - байлык, ресурс бөлүштүрүү. Анан кандай эле булар шайлоону таза өткөрөт эле .

- Бирок, шайлоодо өмүргө коркунучтуу аракеттер көп айтыла баштады. Бул шайлоо опурталдуу болуп кетиши мүмкүнбү?

- Биздин талапкер Атамбаев Алмаз өзүнүн жана жанындагылардын өмүрү коркунучтуу экенин элге айтты. Куугунтуктар күчөп жатат. БЭКке кысым катуу. Биздин фракциянын депутаттарына прокуратура иш козгоп, депутаттыктан сыгып, четинен кетиргенге аракетте. Ошол эле убакта "Ак Жолдун" көбүнчөсү - мильтимиллионерлер, алардын бизнесин эч ким текшербейт. Андай бай депутаттар айлап ЖКга келбейт. Президенттин партиясы менен өз ара эсептешип алышат. Бир жылдан бери арабыздагы Руслан Шаботоев деген депутат жоголду эле, аны издебей эле дагы колунан келгенче биздин фракциянын депутаттарын жоготолу деп бийлик убара. Биздин багыбызга 21- кылымда ачык айтып коёюн, эч белгисиз, орустар айтат: "медвежий угол" - үңкүрлөр калган жок биздин планетада. Бир адам жоголсо да, ур - токмокко алынса, каза болсо - бийлик жооп берет. Азыркы президенттин төрт жылында Кыргызстандан четке башпаанек сурап кеткен саясатчылар, журналисттер коомдук ишмерлер болуп көрбөгөндөй чууруп чыкты. Саясий туткунда бир топ белгилүү адамдар отурат. Пиначет, Фухкпори, жумуштан кеткенден кийин деле Чили, Перуда бүгүнкү күндө буларды эл жоопчулукка тартып жатат: эч ким унутулбайт, эчтеке кечиримсиз калбайт.

- Сиздер тандаган кандидат Атамбаев азыркы турмушка кандай өзгөрүү киргизе алат?

- Чыныгы шайлоо болуп, эл чыныгы добушун беришип, жаңы бийлик келсе эле көп нерсе өзгөрөт. Бакиев Акаевдин ордуна келгендей болбойт. Атамбаевдин программасында айыл өкмөт, мэрлерди шайлоо жолу менен тандаганыбыз - өзгөчөлүгүбүз. Атамбаевди бир мөөнөткө шайлап алабыз. Бизде программаны жалпы БЭК, төрт партия иштеп чыккан. Бешинчи болуп "Асаба" да кошулуп жатат. Бакиев келгенде ошол эле Акаевдин тегерегиндегилер курчап калышкан. А биз мындайларды жолотпойбуз. Азыркы бийликте иштегендерди бийликтен четтетип, кустурабыз, элден кечирим суратабыз. Коррупцияга аралашкандарды жакын жолотпойбуз. 10-15 кишиден турган координациялык кеңеш деген түзүлөт. Анын курамында жалаң эле чиновниктер эмес, элдин ичинде көрүнгөн кадыр - барктуу адамдар болушат. Парламент тарап, жаңысы келет. Коррупцияга кескин өзгөртүү киргизебиз. Парламент партиялык да, аймактык да түзүлүштө болот. Биз Атамбаевди таза, жөнөкөй бийлик болсун деп талап коюп атабыз. Президент мүмкүнчүлүгүнө корстон болбой, "эл кедейби, мен да кедей болушум керек", деп бийликке ыктабашы керек. Карасаңар, Бакиевдин элдик бюджеттен быйыл оор заманда сатып алган 2 жаңы самолету бар. Бирин сыртка чыкканда пайдаланса, бири менен мамлекеттин ичинде учат. Эл минтип чөп жеп, тезек чогултуп жүрсө, ал тигинтип асманда жүрсө болбойт. Президент өтүп баратканда МАИ менен машинелерди токтотуп, тороп турбайбыз. Биз кескиндүү өзгөрүүнү каалайбыз. "Ляппай", деген вазир болбойт. Беш жылда толугу менен өзгөртөбүз. Азыркы бийлик биздин революциябызды уурдап алды. Биз элге уурдалган революцияны алып берели деп атабыз. Садыркуловду өлтүрүп, чиновниктерге "башыңарды көтөрүп көргүлө, мына ушундай болот", деген тымызын эскертүү берди. Элди да коркутуп атышат. Матрешка гейтти жасады, кулак менен сөөмөйдү жөнөттү. Эл өзүнө өзү суроо бериш керек: "Ушундай бийликти каалайбызбы?" деп. Өзүнүн жакын жоокерлерине сөөмөй менен кулак берген бийлик криминалдык бийлик эмеспи?!

- Азыркы президент шайланса бизди кандай тагдыр күтөт?

- Акыркы төрт жылдан бери оппозицияны жоготом деп Бакиев убара. Үйбүлөлөрү тойбой, аппетиттери өсүп баратса, анда стабилдүүлүк өлкөгө орнолду деп жар салат. Кокон хан заманынан үйрөнгөн адаттары кантамырга уюлуп калыптыр. Өзү да, анын колбала партиясы да жер жүзүнө биздин өлкөнүн аброюн түшүрүп, бир кайдагы майда соодагер, жакыр коррупцияга чөгүп кеткен өлкө деп сүрөттөдү. Биздин намысыбызга, келечегибизге шек келтиришти. Камбар-Ата куруп жатабыз деп, кулак - мээни КТР бир жылдан бери каңкуулап жатты эле, азыр анык болду- аны нары курганга акча жок өкмөттө. Берген акчанын да эсеби жок. Кантип пайдаланып атат ал акча-аны берилген 100 млн доллардан 10-15% жегендер гана билинет. Мырза президент камсанабай эле койсун, көз доктурдан текшерилдик, жетишкендерин көрөлү деп умтулабыз. Бишкекте, Чолпон - Ата жакта жолдор оңдолуп, гүлдөр тигилип жатат. Бирок, унутпайлы, анын баары августтун ондорунда ОДКБ саммитине келе турган он чакты президенттер келет деп жазылып жатат. Жыйырма жыл бою бей - бечара кейпибизден жогору бололу да. Пропорциялары өтө чоң (аны ким ченептир?) желектерди көтөрүштү азем кылып. Эмне ага чейин туубуз жок беле, же түсү, символикасы башка беле? Ала Тоо аянтында болгон маскарапоздук элдин жүрөгүнө катуу тийди, кыжырын кайнатты. Маңкурттук - өзгөчө ушул бийликке таандык көрүнүш. Дооронбек Садырбаевдин ашы май айында, Чыңгыз Айтматовдуку июнга туш келип калды. Бирөөнө да бийликтин өкүлдөрү басып келишкен жок, эскеришкен жок. Алардын кереги да жок, деңгээлдери жетпейт. Мындай улуу инсандардын ордун билгенге, таазим эткенге Жалалабатта төрөлгөн Чыкеме, тоодой бедели бар адамга орус драмтеатрынан башка эчтекеге атын койбой, ыраа көрбөй жүрүшөт. Ошол эле Жалалабаттын баш - аягына Бакиевдин ага - инилеринин атын чаптап, биротоло эле Бакиев деп ат коюп албайбы! Кеп - алар биздин мамлекеттин башында отуруп, элди жер каратып жатканында болуп жатпайбы. Мен бул бийликтин караңгылыгын, сабатсыздыгын, билим - маданиятка жоктугун айтып отуруп чарчабайм. Булар кайта бийликке келсе, Кыргызстандын үстүнө бетон плитаны он жылга коюп койгондой эле элестеткиле.

- Эмне себептен он жылга?

- Жөнөкөй эле, аны жаш бала деле түшүнүп турбайбы. Бакиевдей бир да президент өзүнүн мөөнөтүн бир жылга кыскарткан жок деп актоочулар жана башка кошоматчылар ырдап чыгышты. Аны берешендик деп да айтышты. Чынында, арифметикасы оңой эле табышмак. Азыркы президент августтун башында 60ка чыгат. Булардын ою боюнча 2- мөөнөтү 65ке чыкканда бүтөт. Андан кийин президенттикке чыгуу болбойт. 65 жашка саал чыкпай туруп, Бакиев 3- мөөнөткө азыртан пландарын түзүп жаткан кези. Бир жылды азыр берип коюп, 10 жыл утуп албайынбы деген эле аракет.

- Шайлоо эмне үчүн жайга белгиленди?

- Жайкы маал азыркы бийликке ыңгайлуу. Элдин маанайы, организм бошоп, эс алганга бурулат, көр тиричиликтен алаксып. Өкүнүчтүү нерсе мындай оңбогон кыйын кыштан, акыркы 20 - 30 жылда болбогон энергетика кризистен араң өтүп турганда, эл жүдөп - какап кыштан чыкканда 813 мектеп токтоп, балдар окубай. Эми жайда эс алалы десе шайлоо коюлганы!
Элдин аракети - талаада, кышка камынуу. Көбү четте иштеп жүрүшөт. Бийликтеги кызматкерлерге убал. Буларды бийлик чыныгы эксплуатацияга такайт. Булар өздөрүнүн укугун жактай албайт. Көз карандысыз профсоюздары жок - мугалимдерде, дарыгерлерде. Жаштар дипломдорун алалбай жүрүшөт.

- БЭКтин шайлоо штабы жакшы иштеп,көпчүлүк эл добушун Атамбаевге бере турган сунуш кылды. Бирок, баланын туулганына эмес, турганына сүйүн дейт. Элдин берген добушуна сүйүнбөй, аны коргоп калышты биринчи кезекте ойлош керек го. Сиздер бул жагын дагы ойлонуштурасыздарбы?

- Биз 23 - июнда шайлоо болгондо баарыбыз тике турабыз. Бул өмүрдө чындык болсун, Кыргызстан алдыга жылсын, чындап эле акыйкат болсун десек, эрдик жасаш керек. Эрдик болбосо тарых болбойт, жөн эле кумурсканын турмушу болуп калат экен. Мисалы, Франциянын, Россиянын желегин ыйык сезишип, президенттер отуруп өбүшөт. Анткени, канча эрдиктер ошол туунун алдында болуп өткөн. Канча кишинин каны ошол тууга тамган. Мындай тарыхый моменттер болбосо, анда тарых жок. 23-июнда чечүүчү күндө биз өзүбүздүн нукура тарыхыбызды көрсөтүшүбүз керек. Жеңилип калдык деп кол куушуруп отуруп калбайбыз. Болбосо, жөргөмүштүн тагдырын тандап, же мал катары чөп жеп, оттоп эле жүрө беришибиз керек. Бетеге кетет бел калат, чоңдор кетет эл калат. Ошон үчүн тике турабыз. Ушул куураган бюрократтарга, жүзү кара чиновниктерге, аларга иштеген "ляппайларга" бир да добушубузду уурдатпайбыз!..

Лирикалык чегинүү
Роза Отунбаевадан интервью алуу үчүн үйүнө барган кезде, кошуналары эжеге бир үйдө бир кабат ылдый жашаган кошунасы каза болгонун айтышты. "Кечээ бар адам бүгүн жок, кечээ эле көрүшкөн элем", деди Роза айым үшкүрүнө. Ал кошунасы - бир кезде, Кыргыз ССРинин жетекчилик кызматтарында иштеп, Масалиев өлкөнүн биринчи катчысы болуп турганда, Жогорку Кеңештин президиумунун төрагасы же, азыркынын тили менен айтканда Жогорку Кеңештин төрагасынын кызматында отурган Темирбек Кошоев экен. Роза Отунбаева 36 жаш курагында Кошоевдин кол алдына орун басары болуп барып, бир топ жылдар үзөңгүлөш болуп эмгектениптир.
Ашыкча байлыкты бөктөрбөй, калкына адал иштеп , ак кызмат өтөп, Кыргызстандын катарга кошулуп, калыптанышына салымын кошкон дагы бир инсаныбыз о дүйнөгө сапар тартты.
Калкына адал иштеп деп ишенимдүү айтып жатканым, Роза эже менен Темирбек абанын үйүнө барып куран окутканда, үйүндө ашыкча буюм жок, жупуну жашаганынан улам бир кездеги өлкөнүн экинчи адамы таза иштеген экен дедим. Азыркы чиновниктердин өлкөдөгү экинчи кишиси эмес, токсон тогузунчу кишиси заңгыраган особняктарда жашап, дарбазасын кароолчулар тороп турат. Үйүн көрүп, кандай иштегенин биле берүүгө болот. Анткени, эч бир адам, өзгөчө мамлекеттик структурада иштеген кызматкер бир гана маңдай тери менен эки кабат үйдү куруп сала албайт.





Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0626_3.htm on line 57

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0626_3.htm on line 57

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0626_3.htm on line 57

кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
26-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Шайлоодон кийинки Иран тигине, Кыргызстан кантет?
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Роза Отунбаева:
"Бакиевди шайласак, эл эркинен он жылга ажырайт"

4-бет
үрбек Текебаев, "Ата-Мекен" социалисттик партиясынын төрагасы:
Эркиндик, Теңдик, Адилеттүүлүк, же социализм гана ушул үч баалуулукту камсыздай алат

5-бет
"Ак жол" партиясынын депутаты Молдошева Динара Автандиловна:
" Тарыхта мамлекеттер аял үчүн, же жер үчүн согушушкан"

6-бет
А.Атамбаевдин шайлоо алдындагы үгүттөө штабынын жетекчиси Бакыт БЕШИМОВ:
"Коомдо адам сынып калбаш үчүн күрөшүш керек"

7-бет
Дүбүрт
8-бет
Экономика жана финансы институтунун директору, профессор, экономика илиминин доктору
Айылчы Сарыбаев:
"Акция дегендин өзү менчиктештирүү"

9-бет
Президенттикке талапкерлердин теледебатынын мындай тартипте коюлушун кандай кабыл алдыңыз?
10-бет
Кызмат
11-бет
Чыңгыз баскан из менен
12-бет
Пайдалуу кеңештер
13-бет
Возрождения "Проделки Джоро"
14-бет
Адабият
15-бет
Аралаш
16-бет
Маанай


Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0626_3.htm on line 57

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0626_3.htm on line 57

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0626_3.htm on line 57




а ­е¦Є.НҐй«