![]() |
|
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Камкордук Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Кудайбердиева Гүлмира Каримовна Бала бакчалардын "шапкеси" канча? "Балам, балалуу болгондо билесиң" - дейт. Бул сөздүн төгүнү жок. Илгеркилердин бекеринен айтпаганына ынанасың. Айрыкча азыркы жашоо-шартта, коомдук абалда баланы тарбиялоо өтө эле оор жана жоопкерчиликтүүдөй сезилет. Албетте мурда деле ушундай жоопкерчиликти талап кылган деңизчи, бирок, бүгүнкү күндө бардык эле маселени акча каражаты чечип тургандай. Акчанын кулу болуп бараткан сыяктанабыз. Бул маселени козгоонун бирден-бир негизги себеби бар. Анткени, канчалаган ата-энелер баласын бала бакчаларга орноштура албай убараланышат. Акчасы көптөргө бул анчалык деле оорчулукту жаратпайт. Ал эми колундагысы күнүмдүк жашоосуна жетип, башкага аздык кылгандар үчүн кыйынчылыкты пайда кылууда. Баланы бала бакчага орноштурууда беш миң же сегиз миң сомдук "шапкесин" бериш керек экен. Болбосо, "орун жок" деген жоопту угасың . Мына ушундан улам, Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Кудайбердиева Гүлмира Каримовнага кайрылганбыз. - Гүлмира Каримовна, айтсаңыз, азыр шаарда канча бала бакча бар? Алардын бардыгы бюджеттен каржыланабы? - Бишкек шаары боюнча 77 муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюму (бала бакча) бар, анын ичине өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон балдар үчүн 10 атайын бала бакча кирет. Билим берүүнүн муниципалдык системасы шаардык бюджеттен каржыланат. - Мурункуга салыштырганда бала бакчалар жетиштүүбү, себеби бардык бала бакчаларга барсаң: "Орун жок,"- деп билдиришүүдө. - Республикабыз өз алдынча эгемендүүлүгүн алгандан бери көптөгөн бала бакчалардын саны кыскарган. 1991-жылы Бишкек шаарында 207 бала бакча иштеген болсо, 2005-жылы 92 гана бала бакча калган. Имараттары жеке адамдарга же ар кандай мекеме-уюмдарга берилип кеткен. 2005-жылга чейин бала бакчаларды куруу болгон эмес. Акыркы беш жылдын аралыгында жыл сайын жаңы бала бакча ишке киргизилип жатат, бирок буга карабастан, шаар боюнча бакчалар балдар менен ашыкча жүктөлгөн жана орун жок экендиги анык. Мисалы, шаар боюнча бала бакчалардын проекттик кубаттуулугу 12288 балага ылайыкталган болсо, учурда 18741 бала катталып, бакчага барып жатышат, ал эми 1000ге жакын бала балдар бакчасына кирүү үчүн кезек күтүү тизмесинде катталган. 2008-жылы бала бакчанын даярдоо тобун 3015 бала бүтүрсө, ал эми 2009-жылы 3563 бала бүтүрдү. Жалпы билим берүүчү мектептерге быйылкы 2009-2010-окуу жылында 10 миң 317 бала 1-класска кирди. Мындан канча бала жеке менчик балдар бакчаларынан, канчасы мектепке даярдыгы жок келгенин так айтуу мүмкүн эмес. Бирок шаардын бардык мектептеринде жалпы эле балдарга 1-класска кирүүгө даярдык көрүү максатында 100 сааттык программанын алкагында окутуучу сабактар өтүлдү. - Бала бакчаларды заман талабына ылайык кармоодо кандай проблемалар бар? - Бала бакчаларды заман талабына ылайык кармоо үчүн бир топ эле көйгөйлүү маселелер бар, алардын негизгилери: бала бакчалардын санынын аздыгы (саны боюнча коомдук талаптарга жооп бербеши); кадр менен камсыз кылуу маселеси; начар материалдык-техникалык камсыздандыруу; топтордогу балдардын көптүгүнө байланыштуу балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша санитардык нормалардын сакталбашы ж.б. - Ал проблемаларды жоюу үчүн кандай аракеттерди көрүп жатасыздар? - Бүгүнкү коомдук өнүгүүнүн шартында мектепке чейинки билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн негизги приоритеттүү багыттар төмөнкүлөр: бала бакчалардын санын көбөйтүү; билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү; кадрларды даярдоо жана кайрадан даярдоого шарт түзүп берүү; өнөктөштүк жардам жана экономикалык мамилелердин натыйжалуулугун калыптандыруу. Бала бакчалар боюнча көйгөйлүү маселелер жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын курулушу менен чечилиши керек. Акыркы жылдары "Бакай ата", "Эне-Сай", "Касым", "Ак-Босого" жаңы конуштарындагы жана "Көк-Жар" кичи районундагы бала бакчалар ишке берилген. 2009-2010-жылдарда дагы 4 бала бакча ишке берилгени турат. Иштеп жаткан бала бакчалардын 42 тобу калыбына келтирилип, 1260 бала менен толукталды, ал эми 2009-жылдан баштап дагы 330 бала үчүн 11 топту калыбына келтирүү пландаштырылууда. 77 мектепке чейинки уюмдарда 902 педагог эмгектенет. Алардын ичинен 40 пайызы адистиги боюнча туура келет. Ушунун өзү эле мугалимдерди кайрадан даярдоо ишинин зарыл экендигин айгинелеп турат. "Билим берүү жөнүндөгү" Мыйзамга ылайык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын статусу жана айлык акысы башталгыч билим берүүнүн мугалимдери менен барабар келет. Жумасына 35 саат иштеген тарбиячы, жумасына 16 саат иштеген мугалимден аз айлык акы алат. 1995-жылдын 30-сентябрындагы " Билим берүү уюмдарында жаңы штаттарды бекитүү жөнүндө" КРнын № 404 Токтомуна ылайык мектепке чейинки билим берүүдөгү толук кандуу билим берүүнү камсыз кылган штаттык бирдиктердин кыскартылгандыгынын натыйжасында 50 балага бир тарбиячы туура келип, педагогикалык процесстин сапаты төмөндөп, кадрлардын тез-тез алмашуусуна шарт түзүлгөн. Азыркы учурда мектепке чейинки мекемелердин тарбиячыларынын билимин жогорулатуу максатында курстар өтүлүүдө. Бала бакчалардагы балдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо боюнча балдарды тамактандыруу маселесине чоң көңүл бөлүнгөн. Бишкек шаардык жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жардамы менен тамактануунун нормасы жогорулагандыктан, бала бакчаларда тамактануунун сапаты да абдан жогорулады. - Чет элдик донорлор бала бакчаларга кандай жардам берет? - Шаардын жаңы конуштарында ЮНИСЭФтин алкагында "Эне мектеби" программасы боюнча коомдук бала бакчалары ( 6 бала бакча ) иш жүргүзүүдө, баштапкы долбоорлорун Азия өнүктүрүү банкы (АБР) каржылаган. Бул бала бакчалардын ачылышы коомдук жана көз карандысыз партиялык уюмдардын (НПО) демилгеси менен жүргүзүлгөн. 300 дөй баланы камтыган бул эне мектептери Дордой, Ак-Босого, Арча-Бешик, Көлмө, Орто-Сай жаңы конуштарында иштеп жатат. - Азыр жөнөкөй адамдар үчүн бакчага баласын орноштуруу чоң көйгөйгө айланган. Бакчаларга кирүү үчүн (взносу) 5 миң сомдон 8 - 9 миң сомго чейин болууда. Бул канчалык деңгээлде мыйзам ченемдүү? - Эгерде ата-эне бала бакчага демөөрчү катары жардам берип, акча каражатын ошол бакчанын эсебине банк аркылуу жөнөтсө гана мыйзам ченемдүү болот. Ал эми ата-энеден түшкөн каражатты менчиктештирип алган жетекчилер мыйзам чегинде жоопко тартылат. Көпчүлүк бала бакчалардын материалдык-техникалык базасы жаңыланууну жана кошумча акча каражатын талап кылат. Ал эми мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча каражаты бул көйгөйдү толук чечип бере албайт. Учурда ата-энелердин бала бакчаларды колдоосу өзүнөн өзү келип чыгуучу муктаждык. - Көп балалуу ата-энелерге кандай жеңилдиктер бар? Бюджетте иштегендерге кандай жеңилдиктер бар? - КР Президентинин 1992-жылдын 12-февралындагы №УП 48 "КР мектепке чейинки мекемелериндеги балдарды кармоо жөнүндөгү" Жарлыгынын негизинде мектепке чейинки билим берүү уюмунда аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдарга тамактанууга төлөнүүчү төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди берүү үчүн иштелип чыккан Жобонун 2.3 бөлүгүндө 4 жана андан көп балалуу ата-энелерди 50 % жана үй-бүлөсүндөгү бир мүчөнүн киши башына келүүчү киреше эң аз айлык акыдан ашпаган ата-энелерди 100 % бошотуу каралган. Ата-энелердин арызы жана тиешелүү документтерди тапшыруусунун негизинде атайын түзүлгөн комиссия бир жылдык мөөнөткө жеңилдиктерди берет. Бишкек шаарынын социалдык жактан корголбогон калктын катмарындагы үй- бүлөлөрдөн 1920 бала мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барышат, алардын ичинен 232 бала (37 бала 25%, 97 бала 50%, 57 бала 100 %) тамактануу үчүн төлөмдөрдөн бошотулган, бул 2009-жыл боюнча жергиликтүү бюджеттин 10813353 сомун түзөт. 100 % бошотулгандыкы 9480 сомду, 50 % бошотулгандыкы 4689 сомду, ал эми 25 % бошотулган бир баланын тамактануусу мамлекет үчүн бир жылда 2340 сомду түзөт. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын өнүктүрүү жана жаңы муунду тарбиялоо үчүн толук шарттарды түзүп берүү максатында жетекчилик тарабынан бир топ иш аракеттер жүргүзүлүүдө жана бала бакчаларды каржылоо жылдан жылга көбөйүүдө. -Биз үчүн убактыңызды бөлүп, маек куруп бергениңизге рахмат! Эгер сиз балаңызды бала-бакчага орноштурууда "Шапке" сураган учурга туш келсеңиз, тактап айтканда мыйзам бузууларга жол берген бала-бакчаларга кездешсеңиз ишеним телефонуна чалыңыздар. Билим берүү башкармалыгынын ишеним телефону: 61-23-40 Айсулуу Жээнбаева
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| ||||||||||||||||||||