04.12.09 - 3-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 "Туулдум - өлдүм, баш - канжыгада, кан - көөкөрдө" дечү уулуң барбы, кыргыз?

Эмил Каптагаев:
"Улутчулмун деп мактанууга да, актанууга да негиз жок"
- Эмил мырза, Сиз жетектеген "Улуу биримдик" партиясы улуттук идеологияны таратуучулардан экенинен кабардарбыз. Андыктан бүгүнкү гезитибиздин сизге узата турган суроосу жалаң улут темасында болмокчу. Айтыңызчы, сиз өзүңүздү канчалык деңгээлде улуттук сезимге эгедермин деп ойлойсуз? Улутчулсуң деп айтса актанасызбы же мактанасызбы?

- "Улутчул" деген сөз совет доорунда "эл душманы" дегендей эле маани берип калган. Ошондуктан эгемендүү мамлекет болгонубузга 18 жылдын жүзү болсо дагы көпчүлүк адамдар улутчулмун дегенден чоочулашат, дагы да болсо эки жагын каранып, жалтакташат. Биз, мындан 4 жыл мурда "Улуу Биримдик" партиясын түзүп жатканда коркпой, үркпөй эле улутчул-демократиялык партия деп атаганбыз. Биздин максат улутчулдуктун прогрессивдүү жактарын элге жеткирүү, улутчул-демократия идеологиясын калыптандыруу болгон. Бир топ айтаарлык иш жасалды. Бирок учурда улутчулмун деп мактанууга да, актанууга да негиз жок. Мактанайын десең улутубуздун кейпин кара, карыларыбызда нарк жок, жаштарда намыс жок, элибизде рух, жигер жок, бийликте болсо таптакыр ыйман жок. Эл болбой эле кара курсактын камынан башкага жарабаган көрпенделердин жыйындысына айланып бара жатабыз. Бүгүн улутчулдук - бул кыргыздын жүздөгөн жылдар мурдагы улуулугун айтып маашырлануу эмес, Манасты айтып мактануу эмес, улуттук салтыбыз ушу деп "Алатоодой эт тартып, ала көлдөй чык куюп" аш-той, мааракелерди уюштура берүү эмес. Улутчулдук деп азыркы учурда мамлекеттин кедергисин кетирип, Ала-Тоо журтубуздун кутун качырып, элибиздин ырыскысын чачып жаткан чөөлөр менен күрөшүүнү, Кыргыз мамлекетинин, элибиздин жаркын келечегин камсыз кыла турган жол издөөнү түшүнүү керек. Болгону 3 миллиондун тегерегинде кыргыз бар, өзүбүздү өзүбүз сактап калууга далалат кылбасак эч ким бизге кам көрбөйт, эртең жок болуп кетерибиз бышык.

- Эмне үчүн Россиянын бир областын, ал эмес районун башкарган кыргыз жок да, орус тилдүүлөр Кыргызстанда чечүүчү постторду ээлеп отурушат?

- Россияда деле тың кыргыз чыкса мамлекеттик деңгээлдеги чиновник болууга толук шарт бар деп ойлом. Улуту казак Тулеев деле канча жылдан бери бир килейген областы башкарып келе жатпайбы. Орус өкмөтүнүн курамында деле Шойгу сыяктуу улуту орус эместер бир топ эле. Ошондуктан: эмне үчүн бизде орус, еврейлер мамлекеттик жогорку кызматтарда иштейт, ал эми Россия кыргыздарды көтөрбөйт? - дештин өзү туура эмес. Биз эки башка мамлекетпиз да, биздеги кыргыздан башка улуттар Кыргызстандын жарандары, ал жактагы кыргыздар болсо Россиянын жарандары. Бул жактан барган кыргыздар район, шаар же облусту башкаруучу деңгээлге жете элек болушу керек, көчө шыпырып, базарда соода кылып, курулушта иштеп жүрүшөт да көпчүлүгү. Экинчи жагынан, ал жакта бир кыргыз губернатор же министр болгонунан бизге эмне, бир үйдүн очогундагы от экинчи үйдү жылытпагандай эле нерсе да, ооз көптүрүп мактанганга эле керек болбосо.
Кеп башкада. Биз суроону башкача коюшубуз керек: Эмне үчүн кыргыздар Кыргызстанда жашаган улуттардын эң жардысы, алсызы, бечарасы, байкушу? Эмне үчүн кытай, япон же корей калктарындай өндүрүш уюштура албайбыз, эмне үчүн алардын колунан келет, а биздин колдон келбейт? Биз башка элден кембизби, акылыбыз тайкы, колубуз чоркокпу? Биз адегенде мына ушундай суроолорго жооп издешибиз керек.
Ошондой эле, мамлекеттик кызматта кандай улуттун өкүлү иштеп жатканы да эч кандай мааниге ээ эмес деп ойлойм. Мисалы мурдагы айыл-чарба министри болуп иштеген Александр Костюкту мен өлкөнүн президенттигине деле колдойт элем, ал кыргыздан өткөн кыргыз десек болот. Азыркы орус тилдүү кызматкерлердин бардыгы таптакыр башка нуктагы адамдар, Костюктан айырмаланып алар кыргызды тааныгысы келбейт, теңсинбейт, ушул аймакта эптеп жан сактап жүргөн бечера катары көрөт бизди. Ошондуктан кыргыз тилин үйрөнөйүн, тарыхы, маданияты менен таанышайын деген ой да жок аларда. Тилекке каршы азыркы бийлик кыргыз улутунун кызыкчылыгы үчүн иштеген жок, биздин тоо-таш, суу, кен байлыгыбыздын бардыгы чет жактагы олигархтардын кызматына коюлуп бара жатат. Мына энергетиканы эле алалы. ТЭЦ менен ГЭСтерди сатып алуучу жаңы кожоюндардын талабы менен электр энергиясынын баасын асмандатып салышты. Болгону 8 тыйын менен өндүрүп жаткан энергияны 1 сом 50 тыйындан сатабыз дегени биринчи кезекте кыргыз элине карата кыянатчылык. Элдин канын соруп, аны долларга айлантып чет өлкөгө жөнөтүү деген гана максатты көрүп турам.

- Биздин мамлекет башчылары эмне үчүн улутчул боло алышпайт? Дегеле мамлекет башчысынын улутчул болуусу канчалык мааниге ээ?

- Мамлекет башчысы сөзсүз улутчул болушу керек. Эл башында, журт башында улутчул инсандар турбаган элдин келечеги жок. Элине, жерине күйбөгөн кишиге кыргыздан башка бир да эл мамлекет башкартпайт, өз тагдырын ишенип берип койбойт. Бул карышкырга кой кайтарткандай эле иш да. Биздин партия 4 жылдан бери төмөнкү мазмундагы беренелерди Конституцияга киргизиш керек деп айтып да, жазып да келе жатабыз:
1. Кыргыз Республикасы кыргыз элинин кылымдар бою аздектеп келген мүдөөсүнө ылайык улутту улут кылып сактап калуу жана анын өнүгүүсүн камсыз кылуу, улуттук рухту жана ар-намысты бийик көтөрүү максатында түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын ички жана сырткы саясаты ушул улуу максатка баш ийдирилет жана аны турмушка ашырууга багытталып жүргүзүлөт.
2. Кыргыз Республикасында кыргыз элинин улуттук өнүгүү кызыкчылыгына жооп бербеген, улуттук нарк жана дөөлөттөргө туура келбеген иш аракеттерге жол берилбейт.
Кыргызстанда жашап жаткан башка улуттар бир нерсени так билип алышы керек - кыргыз эли мамлекет түзүүчү улут, мамлекеттин ээси. Кыргызда сөз бар го: Чамгаракка карап сүйлө - деген, ушул эреже алардын жадында болууга тийиш. Биз, кыргыздар, өз мамлекетибизге өзүбүз ээлик кылмайын, өз тагдырыбызга өзүбүз жоопкер болмойун эч кандай өнүгүү болбойт.

- Эмне үчүн кийинки кездери Кыргызстандагы чечүүчү постторго башка улуттан коюу күчөп кетти?

- Бакиевдер азыр өз максаттарына жетүү үчүн жалаң тили бурууларды кызматка коюп жатканынын бир чоң себеби бар, андай кишилер үчүн "Кыргызстан, Ала-Тоо, Манас, кыргыз эли" деген түшүнүктөр эч кандай мааниге ээ эмес, баркы да жок. Алар үчүн биздин мамлекет, биздин ата журтубуз акча жасоочу аймак, бийлик алмашса кийинки бийликтин кызматын кылышат, болбосо куйрукту түйүп кете беришет. Жанагы Ширшов, Елисеев, Чудинов дегендер мурдагы үй-бүлөөнүн кызматында эле жүргөн немелер болучу, Адил менен Айдарды айланчыктап, анан култ этип Максимдин колтугуна кире качышты да. Бир нерсени так айта алам: Үй-бүлөөлүк башкаруу системасын жок кылмайын кыргыздын шору шорподой кайнай берери бышык. Шору элге, шорпосу бизге деген саясаттын келечеги жок.

- Маданият министрлигинин жоюлушу менен ансыз деле бир орунда туруп калган улуттук маданият, улут руху, тили, үрп-адат "өгөй" болуп калбайбы?

- Кыргыз эли сыяктуу аз эл улуттук тилге өтө кылдат мамиле кылуу керектиги талашсыз турмуш чындыгы. Чоң эл менен кичине элдин маданий карым-катнашы теңдеш болбойт, аз элдин өз дөөлөттөрүн жайылтуу мүмкүнчүлүгү да аз, көп эл дайыма үстөмөндүк кылат. Бүткүл дүйнөдө социалдык-экономикалык чөйрө, коомдук институттар, массалык маалымат каражаттары чоң элдердин маданиятын таратууга шарт түзөт. Ошол себептүү, биздин мамлекетте кыргыз тили менен орус тилинин мамлекеттик статустарын теңдөө менен биз алардын ортосундагы теңсиздикти андан ары бекемдедик. Ошондуктан кыргыз тили жалгыз мамлекеттик тил болушун кайрадан камсыз кылмайын ушул таз кейпибизде кала беребиз.
Экинчи жагынан, Кыргыз Республикасынын Президентигине, Премьер-министрлигине, Жогорку Кеңештин депутаттыгына жана Төрагалыгына, Жогорку жана жергиликтүү соттордун судьялыгына, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү жана Эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрүнүн кызмат орундарына, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдарынын кызмат орундарына талапкер адамдар мыйзам тарабынан аныкталган деңгээлде мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү болушу керек. Бул жобону беш жылдан кийин, он жылдан кийин дебей бүгүн дароо киргизүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Бирок азыркы бийлик турганда мындай сунуш өтпөйт, муну бөркүңөрдөй көрө бергиле.
- Сиз улуттук идеяларды жайылткан партияны жетектеп жатасыз, жогоркудай улуттук басынуулардан чыгып, кыргыз өзүн мамлекеттин кожоюну катары сезиш үчүн эмне жасоосу керек?

- Арданыш керек, намыстаныш керек, чымырканып мээнет кылыш керек, тырмышып аракет кылыш керек. Эң башкысы кайдыгер болбош керек, өз жасаган ишине жоопкер болуш керек. Өз убалыбыз өзүбүзгө десем кай бирөөнүн кыжыры келип, мени душман көрөт болушу керек. Ооба, өз убалыбыз өзүбүзгө, сооп болот биздей элге! Тагдыр чечүүчү шайлоо убагында өз тагдырыбызды, өз келечегибизди бир куюм аракка, бир кесим этке саттык, ыйманыбызды жеп калп айттык, жасакерлендик, жалпактадык. Натыйжада минтип бүтүндөй эл кулак кескен кул кейпинде болуп калды, өз эркиңе ээ эмессиң, өз добушуңа ээ эмессиң, өз жериңе ээ эмессиң, кен байлыкка, сууга, тоо-ташка ээ эмессиң, өз жериңде эч ким эмессиң, бир бечера байкушсуң.
Бул абалдан чыгуу үчүн эмне кылуу керек? Биринчиден, коркпош керек, саткын болбош керек, келечекке кыянатчылык кылбаш керек. Экинчиден, мен улутчулмун, мен мекенчилмин дегендер биригиши керек, улутчулдук ураан алдында бир күч болуп чыгуу керек. "Улуу Биримдик" улутчул-демократиялык партиясы мекен үчүн күйгөн, "баш канжыгада, кан көөкөрдө" деп жанын сайып коюп улуттун намысы үчүн күрөшүүгө чыккан бардык жарандар менен, коомдук жана саясий күчтөр менен бирге болууга даяр. Кыргыздын жигиттери тээ илгертеден эле "туулдум-өлдүм" деген принцип менен жашап келишкен, мына ушундай духтагы кыргыздын уул-кыздары биримдикте болсо бардык максаттарга жетүүгө болот. Дагы бир жолу кайталасам ашык болбос: Эл башына, журт башына улутчулдар келмейинче Кыргызстан башкаларга жем болгону болгон, ырыскыбызды талатып-тонотуп койчо маарап жүрө беребиз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ