04.12.09 - 6-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Жогорку Кеңештин депутаты Дербишева Гүлнара Толубайевна
"Кайненеме абдан ыраазымын..."
Бүгүнкү маегибиз Жогорку Кеңештин депутаты, жакындале "Эне даңк" наамына ээ болгон эже менен болмокчу. Мындан сырткары бул эжебизди активист деп айтсак да жаңылышпайбыз. Ал албетте Дербишева Гульнара Толубайевна.

Балалыгым...
Балалыгым Лейлекте өттү. Баардык балдардай эле кубалашып баткака ойноп жүрүп чоңойдум. Жашым жетиге чыгып, мектептин босогосун аттап, окуучу болуп калдым. 5-6 класска чейин октивдүү мектепке барып келчүмүн. Ал эми 7-8 класста окуп жүргөндө бардык балдар сыяктуу эле өзгөрүлмө өткөөл мезгилди баштан өткөрдүк. Дайыма тополоң кылып, балдарды чогулта калып, бир нерселерди уюштурганды жакшы көрчүмүн. Физика, математика сабактарын аябай жаман көрчү элем, мага гуманитардык багыттагы сабактар көбүрөөк жакчу.Жашоо жалаң гана жакшылык менен болбойт экен. Жамандык деген да айланчыктап турарын билбептирмин. Ар бир бала үчүн, эне болобу же атабы, аны жоготуу аябай кыйын экен. Ошентип бир бактысыз күнү апабыздан айрылып калдык. Бешөөбүз энесиз кала бердик, бирок ал учурда анча сезилген жок. Ыйлап ыйлап, кыркын өткөрдүк, элдер тарап тынчып калдык. Жашообуз мурдагыдай эле бирок энесиз уланды. Бул учурдан баштап чоң апамдын карамагында тарбияландык. Жубайы жок эркек тез эле карып, жүдөп кетет экен. Убакыт өткөн сайын атамдын кыйналганын көрүп, ата кыйналбай үйлөнүп алыңызчы деп сурандык. Ошентип бир күнү атам экинчи жолу үйлөндү. Өгөй эненин колунда да тарбия көрүп калдым. Мен ага аябай ыраазымын, анткени ал атамды жакшы карады, өгөй болсо да өз тарбиясын бергенге аракет кылды. Атам ал апабыз менен үч балалуу болду. Азыркы күндө сегиз бир тууганбыз.
Күндөр өттү, жаңы жашоо башталды..
Күндөр токтобостон өтө берди, бир учурда мектепти да аяктап калдым. 18 жашка келип калганда, эненин жоктугу аябай билине түштү. Ар кандай кыйынчылыктар башыңдан өтүп, ал кыйынчылыктарга бышып калат экенсиң. Ошол жашта кыз бала эненин кеңешине аябай муктаж болот экен. Кой мен да бир кесиптин ээси болбосом болбойт деген ой менен Россия көздөй жөнөдүм. Атам да апам да дарыгер болгондуктан, мен да дарыгер болушумду аябай эңседим. А бирок тилекке каршы, ал адистикке тапшырып өтпөй калдым. Алыма жараша эле окуйун деп, орус тилчи, адабиятчы болууга ой кетти. Ошол учурда орус тилчи, адабиятчылар жетишпей, эң "престиждүү" кесиптердин бири болчу. Ошентип Магнитогорскидеги мамлекеттик педагогикалык институтунда тапшырып өтүп кеттим. Ошентип 5 жылым өтүп, мугалимдик адистикке ээ болуп, айылыма кайрадан кайттым. Ал жакта калып, иштейин, жашайын деген ой такыр эле жок болду. Эртерээк айылыма кетсем экен деп күн саначумун.
Мектептеги махабат үлпөт тойго айланат деген ушул турбайбы...
Мектеп жашында эле экөөбүз кеңешип, бири-бирибизди жактырып жүрчүбүз. Окууну бүтүп келгенимди угуп, мага жолугуп, ала качып кеткен. Кайын энем жөнүндө айтып кетсем, ал аябай жакшы аял, түшүнүктү, өз энемдей кылып мамиле жасайт. Мен апама ыраазымын. Жолдошум жөнүндө айтсам, ал да аябай түшүнүктү адам. Дайыма колума-кол, бутума-бут болуп турат. Түбөлүк жарым болгонуна эч өкүнбөйм. Өзүм көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгондон кийин, мен да көп балалуу болдум десем болот. Негизи үй бүлөдө бала көп болгону жакшы деген ойдомун. Учурда алты баланын энесимин, беш кызым, бир уулум бар. Кайын энем болбосо, алты баланы чоңойтуп, тарбиялай алмак эмесмин. Буга апамдын чоң салымы бар. Өзүмдү бактылуу аялдардын катарындамын деп айтканга кудуретим толугу менен жетет. Жакындале улуу кызымды турмушка бердим. Чоңойтуп, эрезеге жеткирип туруп, башка бирөнүн үй бүлөсүнө берүү, аябай кыйын экен деген ойдо калдым.
Үй бүлөдө...
Чынымды айтсам мүнөзүм кекчил. Жашыраак кезимде аябай таарынчак болчумун. Жолдошума таарынып бир айга чейин суйлөбөй койчумун. Ал качан менден кечирим сураганда гана кайра сүйлөп, жылмайып калчумун. Ал эми азыркы күндө баары тескеринче болууда. Сагын мага көп таарынчу болду. Сүйлөбөй калганында кечирим сурап, жибитип алам. Балдарым жөнүндө айтсам, катуу кармайм. Мага дайыма таарынып, коркуткан күндөрү да аз эмес. Эч жакка чыгарбайсыз дешип, кыздарым мага нааразы боло беришет. Кафе, түнкү клуб дегендерге такыр эле жибербейм. Кафеге бара турган болсок, баарыбыз чогуу барабыз, андай болбосо эч ким эч жакка барбайт.
Сынга ушакка, мактоого...
Бийликте жүргөн адамдарга албетте сындар көп айтылат. Ар түрдүү сындарды гезиттерден күн сайын эле окуйм. Сынга да чыдоо керек. Себеби, жөн эле адамды сындай бербейт, андай сындап жатса, балким мен бир нерсени туура эмес кылып койгонмун. Ий мени минтип жазыптыр, тигил гезитте тигинтип жатыптыр деп "разборка" уюштурбайм. Ушакка баардык аял жакын деген ойдомун. Эки аялдын башы бириксе ушак дегендей.
- Акыркы жолу кимдер жөнүндө ушак уктуңуз?
- Чынымды айтсам, акыркы уккан ушагым экс-депутаттар жөнүндө болду. Аябай кызыгуу менен уктум. Мактоодон сактанып турам. Себеби, бирөө мактап жаткан болсо, анын артында сөзсүз түрдө бир нерсе жашынып турат. Ал сенден бир нерсе үмүтетип жатат же сөзсүз түрдө сага жагымсыз нерсе даярдап жаткан болот. Ошон үчүн мактоодон бир аз сактанып турам.
Динге көз карашым…
Бала кезимде чоң апам намазга жыгылчу, жана бизге намазды, куран окуганды үйрөтүүгө үлгүрдү. Намаз окугандарды колдойм, момун-мусулман болгондон кийин, ар бир мусулман намаз окуганга милдеттүү. Ал эми ал мусулман намаз окуйбу же окубайбы ал өзүнүн эрки. Кудайым буюрса учуру келгенде намазга жыгылып баштасамбы деген оюм бар. Чынында эле азыркы учурда жашым да жан дүйнөм да намаз окууга толугу менен даяр болду окшойт.
Каада салт...
Өзүмдү ала качып кеткендиктен, ала качууга каршы деле эмесмин. Бул ата-бабаларыбыздан калган салт. Бирок мен алдын ала сүйлөшүп алып кеткендерге макулмун. Албетте кыздарды көчөдөн, каалосуз алып качкан мыйзамга жат көрүнүш. Бул кыздын укугун бузууга барабар. Бирок минтип ала качып жашоо кургандардын көпчүлүгү бактылуу үй бүлөлөр экендигин эч ким тана албайт болушу керек. Мен кызымды турмушка берип жатканда баардык каада-салттарды кармап себин берип, баарын кыргызымдын салты менен узаттым.
Жолдошума милдеттүүмүн...
Эмнегедир мен жолдошумдун астында өзүмдү күнөлүү сеземин. Жолдошум мени мындай деңгелге чыгаруу үчүн өзүнүн саясий карьерасын курмандыкка чалды. Башка эркек болсо, балдарыңды кара деп, басып кетмек. Жолдошумдун буга мүмкүнчүлүгү бар болчу, а бирок ал ал мүмкүнчүлүктү колдонгон жок. Сагын карьерасын тыштабаганда ал чоң ийгиликтерге жетишмек. Жолдошум аябай илимдүү билимдүү, эгерде ал өзүнүн карьерасын улантканда, кыргыз элине жакшыле пайда алып келмек экен. Мен кандай ийгиликтерге жетип жатсам, Сагын мындан 2-3 эсе жетмек деп ойлойм.
Өкүнгөнүм...
Менин атам да апам да дарыгер болгондуктан, мен да дарыгер болсом дегем. А бирок тилекке каршы болбой калгам. Атам кээде бизге нааразы болуп калат. Ушул бир да балам, дарыгер болгонго жараган жок деп, сүйлөнүп калат.Чыныдале үй бүлөбүздөгү бир да бала дарыгер боло албаптыр деп, мен да тымызын өкүнүп калам.
"Баатыр эне" наамына бир балам жетпей калганына көпчүлүк нааразы...
Мен үчүн "Эне даңк" наамын алуу чынында күтүүсүз болду. Мыйзамда алты балалуу эне "Эне даңк" наамына ээ болорун билген эмесмин. Бул сыйлыкты алгандан баштап менин дарегиме көптөгөн сындар айтылууда. Мейли айтса айтып алышсын, деп унчуккан жокмун. Болгондо да Жогорку Кеңештин жетимиш жылдык мааракесинде, Президентибиз К. Салиевичтин колунан ал медалды алуу, мен үчүн чоң бакыт болду. "Баатыр эне" наамына бир балам жетпей калыптыр да..
Келээрки кымбатоолор жөнүндө..
Жаңы жылдан кийин жылуулук энергиясы кымбаттоосуна элибиз аябай тынчсызданууда, себеби элибиз мындай кымбаттоолорго чынындале даяр эмес болчу.
Мүмкүнчүлүктүн барынча элге ыңгайлуу жактарын реалдуу чечишибиз керек деген пикирдемин.

Мальвина Уметбекова