Кыргыз гезиттери

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/1204_8.htm on line 2

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/1204_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/1204_8.htm on line 2



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/1204_8.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/1204_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/1204_8.htm on line 2
п»ї
  талант

Күмөндөр Абылов
"…Үйдүн ичинде машина айдагандай эле болуп калат…"
Элде болсун, эл ичинде бизде болсун!
- Күмөндөр байке, мына жаңы жылдын жаңырарына саналуу гана күндөр калды. Эгер сиздин алдыңыздан орустар айткандай "добрая фея" жолугуп, "эмне тилек тилесең, ошонуңду кабыл кылам" десе, баарыдан мурун кайсы тилегиңизди аткартат элеңиз?
- Мындай кыялга күнүгө батпасам дагы, кез-кезде көп ойлоном. Кыял деген нерсе жакшы экен. Куру кыял болсо дагы, ошондон кандайдыр бир күч, энергия алган сыяктуу жеңилденип калган учурларым көп эле болот. Кыял - сары санаа, кайгыдан кичине болсо да алыс кармап турат экен. Кээде алтын балык кармап алгым келип кетет. Мурда Голливуддун фантастикалуу кинолорун көп жактырбай, реалдуу кинолорго качырчу элем. Азыр болсо, "Супермен" , "Халк" деген кинолорду алып келип көрүп, Супермен, Халк болуп, азыркы татаалдашып бараткан кыргыз элимдин жашоосун бир кыйла жакшыртып, жардамга муктаждарга жардам бергим келип кетет. Айрыкча азыр дүйнө боюнча мафия, коррупция күч алып турган кезде, элибиздин жашоо-шартын жакшыртууда кандайдыр бир салым кошкум келет. Кыргыз элибиздин тилин, дилин, динин, маданиятын, каада-салтын, улуттугун сактап калууда кыргыз жигит-кыздарынын патриоттуулугун ойготкум келет. Жалгыз өзүмө байлык, ден соолук, бүтпөгөн өмүр тилеп алганда эмне пайда. Айлана-чөйрө, эл-журт менен жашайт да адам. Анан башкалар куурап, кырылып, жашоолору татаал болуп атса, сенин сурап алган байлык, ден соолук, өмүрүңдүн ырахаты кайсы. Ошондуктан биринчи элдин кызыкчылыгы, андан кийин дегендей.
- Жогоруда сиз патриоттуулукту ойготмокмун дебедиңизби. Бизде улутчул, мекенчил, патриот адамдар барбы?
- Болсо болгондур. Бирок, аз болуп атпайбы. "Адам биринчи өзүн сыйлаш керек" деген сөз бар. Кыргыз өзүн кыргыз экенин сыйлап, өз элин, тилин сүйүш керек. Кыргыз өзүн сыйлай албаса, башканы кантип сыйлайт да, башкалар бизди кайдан сыйлайт. Учурда абадай керек болуп турган нерсе бул патриотизм. Ансыз мамлекет эч качан алга жыла албайт.
Хоббиге айланган талант
- Мектеп курагыңызда эле куудулдук өнөрүңүздүн учкуну жанса керек. Же башка кесиптин ээси болом дедиңиз беле?
- Албетте, ал кезде райондук, областтык кароо-сынактардан өтүп, ырдап, комуз, аккардион ойнотуп, ошондойлордон калчу эмес элем. Анан сүрөтчү болууну көздөгөм. Биздин айылдык Табылды Кооманов деген сүрөтчү байкебиз бар. Каникул убагында ошол киши айылга барып, сүрөт тартып жаткан жеринен жолугуп, шыгымды көрүп, кызыгып калды. Кийин ал мени сүрөтчүлөр окуу жайына тапшыртам деп, мага тапшырма берди. Берилген тапшырма боюнча 200дөй сүрөт тартыптырмын. Сүрөтчү болууга жакшы эле кызыкдар болдум. Тилекке каршы ал максатыма жетпедим. Азыр Ала-Тоонун жанындагы сүрөт галлереясына бир айда бир жолудан барып, кыдырып, жаңы, жакшы тартылган сүрөттөрдү карап, суктанып коём. Мыкты сүрөтчүлөр бар. Бирок, тилекке каршы сатканга ылайыкташтырышып, трофорет, штамп менен тартылган сүрөттөр көбөйүп кетти. Анткен менен алар боёкту жакшы ачып берип атышат. Кээде ошол бала кезимдеги эңсөөм күч алып, кыялга батып аткан учурда, колума кисти, боёк алып, сүрөт тарткым келип кетет. Чала-була чиймелеп алам, окшошпой баратса өзүмдөн-өзүм уялып кетем. Бирок, ручка, карандаш менен адамдын отурган сөлөкөтүн, келбетин жакшы эле тартып коём.
Үйбүлөлүк
коломтодо
- Күмөндөр байке, Жамийла эже менен болгон алгачкы жолугушууңар тууралуу айтып бербейсизби. Кыз-жигит болуп турган кез кызык болот эмеспи. Кайталангыс күндөр, мүнөттөр демекчи.
- Бул боюнча көп эле суроо берилип, жооп берип эле жүрөм. Ал кез абдан баалуу, барктуу дагы учур. Анда Жамийла эжеңер педучилищанын студенти болчу. Мен Нарын театрында иштеп жүргөм. Илгери хорсуз концерт өтчү эмес. Ошол хорго педучилищанын эки группасы катышып калды. Эки группанын ажарлары төгүлгөн, ай чырай кыздарынын арасынан карегимди ээлеп алган Жамийла эжеңер болду. Андан кийин жумшак мүнөзү, сылык мамилеси менен жүрөгүмдү акырындап ээлеп алды. 1984-жылдан бери мына жаңырган жылы 26 жыл болот баш кошконубузга.
- Эжебиз анан сизге кандай жар болуп берди?
- Мен айтпасам деле, сыртынан байкаган киши жакшы жар деп айтат болуш керек. Аткарып аткан иштериме абдан чоң салымы бар. Оорумду колдон, жеңилимди жерден алып, кеңешин берип, учумду улап, кемчилигимди курап, балдарымды тарбиялап атса кантип анан жакшы жар деп айтпайм.
- Демек, Жамийла эжеде экен да үйбүлөлүк пульт?
- Пульт экөөбүздө тең. Бирок, "Окей" "Ноу" деген кнопкасын мен басып коём, кандай программа түзгөнүнө карап туруп.
- Өзүңүздү кандай атамын деп ойлойсуз?
- Эми аны балдарым баамдап айтпаса, "мен мындаймын" деп айтыш кыйын го. Негизи өзүмдүн атам балага абдан жакын адам эле. Мен дагы ошол кишини тартып калсам керек. Балдарыма колумдан келишинче жардам берип, мээрим төккүм келет. Мен жетпесем дагы булар жетсин, мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатсын, ден соолуктарын чыңдасын деп көп аракет кылам. Балдарыбыз биздин жакшы жактарыбызды тартса дейм. Мисалы менин жалкоолугум бар. Же чыгармачыл адамдар ушундай болобузбу, түнкүсүн уктабай, күндүзү уктаган адатым бар.
80 менен 90 жашты
Кудай берсе…
- Сиз өзүңүздүн карыган кезиңизди кандай элестетесиз?
- Бактылуу карылыкты элестетем. Эгер балдарым мен ойлогондой болуп, ыймандуу, акыл-эстүү, элдин керегине жараган атуулдардан болсо, алардын төрүндө байбичем экөөбүз сый көрүп, 80, 90 жашты кудай берсе жашагым келет. Анан балдар сен ойлогондой болбой калса, анда 90 жашты жашап эмне кереги бар.
- Жантай чалдай карылыкка моюн сунган учуруңузда алдыңыздан Акмөөрдөй сулуу келишкен, кайталангыс адам жолукту дейли. Ошондогу сиздин абалыңыз. Акылдан адаштырган сулуу болсо, Жамийла эжени унутуп койбойсузбу?
- Биринчиден, Кудай сактасын. Экинчиден, Жантай чалдан карыган адамдар деле үйлөнүп атышпайбы уялбай. Экинчи аял алууга кандайдыр бир себеп болуш керек. Азыр себеби жок, сулуулукка, жаштыкка, байлыкка кызыгып үйлөнгөндөр көбөйдү. Болгон эле себеби сулуулук болсо, сулуулукка карап, сулуулукка байланып үйлөнүүнүн эч кажети жок. Албетте, мен сулуулукка кайдыгер эмесмин. 90догу чал деле кайдыгер болбойт. Сулуулукка эмес, анын акылына караш керек. Сулуунун сулуулугун булгап алуудан алыс болуп, анын теңин тапканга көмөктөшүү керек. Ал эми, сүйүү орун алган болсо, аны менен бир жашабай эле, сүйсө болот. Ага алыстан эле жакшы тилек тилеп, бакыт каалап койсо болот. Андай сулуу алдымдан чыкса, ага жөн гана бакыт каалап коймокмун. Балдарымдын апасы Жамийладан өткөн сулуу адам жок. Андан көрө Жамийлама Кудай өмүр, ден соолук берсин деп тилейм.
Актёрлукка болгон алгачкы кадамдар
- Чыгармачылык өмүр сапарыңыздын ар бир баскычтарына токтоло кетпейсизби.
- Армияга чейин райондук маданият үйүндө иштедим. Армиядан келгенден кийин Нарын драм театрына кирдим. Актёрлукка ошол жерден кызыга баштадым. Ал кезде гостролдорго спектакль менен чыкчу элек. Спектаклден кийин эле, артынан концерт берилчү. Спектакль учурунда бошмун да. Анан аны күнүгө көрүп отуруп, жат болуп калыптыр. Ооруп, келбей калгандардын ордуна чыгып, аткарып жүрүп, актёрлукка болгон кызыгуум арта баштады. Кийин Ташкентке барып, актёрлукту улантып окудум. Азыр Улуттук драм театрынын актёру болуп эмгектенип атам. Тилекке каршы, театрга жаштар көп кызыкпайт.
Өкүнгөнүм,
күйүнгөнүм
- Учурда сизди түйшөлткөн ой.
- Мурда аксакал адамдар кийинки урпактарга элибиздин каада-салты, көөнөрбөс мурастары, илгерки баатыр, олуя, акылмандар жөнүндө, ар кандай пайдалуу кеп-кеңештерин айтып отурушчу эле. Азыр болсо, эки чалдын башы бириксе эле, сасык саясат, бирөөнүн ийгилик, кемчилдиктерин айтып, ушак кылып отурушат. Анан кантип азыркы жаштар алардан кандай таалим алат дейм да. Карыларыбыз ыймандуу карыса жакшы эмеспи. Азыр кыргыздар дин жагынан эле бир топ болуп бөлүнүп кеткен. Башка жактарын айтпай эле коёлу. Дагы жакшы эл экенбиз чачырап, жарылып кетпеген. Гезиттердин деңгээли да төмөндөп баратат. Бир бетинде эротика жүрөт да, бир бетинде бал балакай жүрөт. Бул элди туура эмес жолго салат.
Сатира биздин
сахнада
- Негедир азыркы куудулдар элди күлдүрүү үчүн уят окуяларды кошуп жиберип атышат го.
- Сатириктер менен иштешүү Кыргызстанда жок. Режиссерлор менен иштешүү, подстановка деген түшүнүк жок бизде. Кыргыз сатирасынын жакшы өспөй жатышынын эң негизги себеби ушунда. Эгер бизде театр эстрада деген ачылса, жанагы ырчы, аранжировщик, обончулардын баары штатка кирсе, айлыкты ошол жерден алса, анан коюлган чыгарма электен өтүп, режиссерлор менен иштелип, анан коюга уруксат берилсе, элдин кабыл алуусу, деңгээли да жогорулайт эле. Биз элди ээрчибешибиз керек. Тескерисинче, элди биз ээрчитишибиз керек. Биздин чыгармалар элди улуттук идеологиянын негизинде тарбиялап, кемчиликтерди чагылдырып, потриоттуулукка үндөш керек. Тойго барсаң азыр, меймандар тамактанып атса, интермедия коюп бер деп кыйнашат. Тойдо монолог, анекдот айтса болот. Анан интермедия деген үйдүн ичинде машина айдагандай эле болуп калат да.








Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/1204_8.htm on line 59

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/1204_8.htm on line 59

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/1204_8.htm on line 59

кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
4-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Баш-канжыгада, кан-көөкөрдө" дечү уулуң барбы, кыргыз?
Замандын ыры Эламанбы?
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
мил Каптагаев:
"Улутчулмун деп мактанууга да, актанууга да негиз жок"

4-бет
Кыргыз ССРинин Саламаттык сактоо министерствосу
5-бет
"Күн тийген жердин күкүктөрү", "Күн тийбес жердин күчүктөрүнө" айландыбы?
6-бет
Жогорку Кеңештин депутаты Дербишева Гүлнара Толубайевна
"Кайненеме абдан ыраазымын..."

7-бет
Дүйнөлү
кабарлар

8-бет
Күмөндөр Абылов
"…Үйдүн ичинде машина айдагандай эле болуп калат…"

9-бет
"Ырга айланган адамды ырдабай калды дешкендери эмнеси?.."
10-бет
Ректора в отставку!
11-бет
Чиполлинонун укмуштуу окуялары
12-бет
Эх, эмнеңе күйөйүн, кыргыз элим!
13-бет
Сүймөнкул - улут күзгүсү
14-бет
Анатай Өмүрканов
Жер Күндү сүйгөн үчүн чимирилет,
Куйкалайт а Күн Жерди сагынгандан…

15-бет
"Жыл мыктылары - 2009"
16-бет
Бишкек жигиттерине
кандай кыздар келишет?



Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/1204_8.htm on line 59

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/1204_8.htm on line 59

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/1204_8.htm on line 59




а ­е¦Є.НҐй«