Кыргыз гезиттер архиви

  Учур


"Ит жыгылыш" шайлоо өйдөбү,
же "кит жыгылыш" шайлоо өйдөбү?
Арабдардын бир жакшы салты бар экен. Ыйык Меккени алардын бир уруусу тейлесе, бийликти бир уруусу тейлеп, бардык жерди уруу-урууга бөлүп алышыптыр да. Анан чырдашпай ар бир уруу өзүнө тиешелүү жерди тейлешет экен да. Кыргыздарга өтө ылайык салт экен. Мына ыйык Ысык-Көлүбүздү бугулар тейлесе, ыр менен чоорду саяк менен чоңко тейлесе, бийликти болсо кыпчак менен сарбагышка бериш керек экен, ансыз деле нечен кылымдардан бери бири анжияндык кыргызга, бири аркалык кыргызга баш болуп келатса, Орозбековдон бери алмак-салмак бийликте келатат. Эми башка урууларга деле тиешелүү тармак табылып калаар.

Сатып кеткендер, атып кеткендерди кантип токтотсо болот?
Шайлоо убагында бири-бирин сатып кеткендер көбөйөт, шайлоодон соң атып кеткендер көбөйүүдө. Бир партияны сатып, башка партияга өткөндөрдү бул тизмеден эле байкаса болот. өткөн парламенттик шайолодон "Алга, Кыргызстан!" саясий партиясынан Жогорку Кеңешке депутатка өткөндөрдүн тизмеси:

1. Акаева Бермет Аскаровна.
2. Акаев Айдар Аскарович
3. Тагаев Айтибай Султанович.
4. Салымбеков Аскар Маткабылович.
5. Салымбеков Мамытбай Маткабылович.
6. Шадиев Аскарбек Алимбаевич.
7. Бурканов Арзыбек Орозматович.
8. Садыбакасова Шарипа.
9. Төрөбаев Эргеш.
10. Өскомбаев Дамир Абдыкеримович.
11. Момункулов Авасбек.
12. Керимкулов Айдарбек.
13. Мамасаидов Махаммаджан.
14. Марипов Асамидин.
15. Хакимов Абдумиталип.
16. Сарпашев Тайырбек.
17. Журавлёв Олег.
18. Шин Роман.
19. Абдылдаев Нурдин.
20. Абдуллаев Абдрахман - ж.б.

Албетте, булар парламентте депутат болгондор гана. Ал эми талапкер болуп өтпөй калгандар, чиновниктердин арасынан эсептегенде күр тобу менен "Ак Жол" партиясына өтүшкөндөр. Эртең кокус К. Бакиев "мыйтып " кетип бийлик башка бирөөгө өтсө, булар ал жакка өтө качат. "Кыздын барар жери күйөө" дегендей булардын бараар жери бийликтин партиясы.
Сатып кетирүүнүн жолун бууш үчүн уруулук партияны гана түзүш керек. өзүнүн уруусун, жети атасын сатып, ким башка партияга өтө алат? Жети атасын саткандарды кул деп койбойбу. Кыргыздарда үч гана чоң уруу бар оң канат жана ичкилик. үч уруудан үч гана партия болсо жетмек. Башка улуттун өкүлдөрң тандаган партиясына кошула берилсин.
"Ит жыгылыш" шайлоо
Акаевдин заманында шайлоо "ит жыгылыш" менен экинчи турда, же болсо төртүнчү, бешинчи турда араң чечилчү. 2005-жылкы парламенттик шайлоону алалы. Парламентке 75 депутат шайлана турган болсо, биринчи турдан 32 талапкер гана өткөн, ал эми калганы бүт "Ит жыгылыш" болуп экинчи турга барган. Кызыктын баары ушул шайлоодон башталган, №34 Кочкор шайоо округунда добушка коюлган Т. Усубаоиев баш болгон үч талапкерге тең 62,79% шайоочулар каршы добуш беришкен. Ал эми №75 Тоң шайлоо округунда башкалар 2 турда өткөзгөн 13-мартта биринчи тур өтүп, кочкорлуктарды туурап 67,19% каршы добуш беришкен.
Мындай нааразчылыктардын күчөшү көпчүлүк округдарда болуп, элдин көтөрүлүп чыгышына алып келген. Шайлоочулардын саны эң аз №25 Кара-үңкүр округун тандап алган К. Бакиев биринчи турда 8 миңден ашуун гана шайлоочунун добушуна алса, экинчи турда атаандашынан 5 миң добуш артта калып, Кочкордо, Тоңдо, Таласта, Ош, Жалал-Абадда нааразы болгондордун күйүп жаткан отторуна май тамыза баштайт. "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" деген ошол кездеги президент уул, кызынын депутат болгонун майлап, куттуктап келгендер менен стакан кагышып атып, элдин өрттөй жанып атканын сезбей калып, бийлик алмашууга өзү шарт түзүп берди.
Бийлик алмашса да "ит жыгылыш" болгон шайлоолордун аягы бүтпөй, аягы бүтсө да бир жагынан чоң кызматка көтөрүлүп же аркы дүйнөгө кеткен депутаттардын ордуна шайлоо өткөзүү үчүн бюджеттен миллиондогон сомдор кур талаага чачылган.
"Кит жыгылыш" шайлоо
Кимдин башы жетип, ишке ашырса да "ит жыгылыш" шайлоодон "кит жыгылыш" шайлоо бюджеттин чөнтөгүнө көп кол салбайт экен. Академик эмеспи Акаевдин деле башы жеткендир, а бирок ал өз башына ээ болбой калган. Анын үстүнө оппозицияны да оюндан чыгарып салбай, эртеңкисин ойлоп эсептешип турчу. Акаевке таарынган чиновниктер оппозицияга өтүп жатып оппозиция БТЧга (бийликке таарынган чиновниктерге) толуп бараткан, БТЧ акыры Акаевдин быты-чытын чыгарды.
Бакиев бийлиги бир мандаттуу шайлоолордун чыры аркылуу келгендиктен, мындай шайлоолорду өткөрүүдөн коркушту. Ошондуктан партиялык тизме менен "чөнтөк" партиясын парламентке алып келишти.
2007-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары качан чыгаарын ким билет? Негизгиси алдыда келаткан "Ата-Мекен" партиясына бут тосулуп, башкы атаандашын Жогорку Кеңешке өткөзбөй коюшту. Ошентип, шайлоонун башында эле "кит" партияны жыкты, мындайча айтканда "кит жыгылыш" шайлоо болуп калды.
Салам, "Салым"!?
Эгерде партиялык тизме менен шайлоо өтүп, демократиялуу шайлоо болсо, бюджетке көп чыгым болбой, ансыз деле 13,8 миллиард сом таңсык менен кабыл алынган быйылкы бюджетибиздин тешиги ого бетер тешилбей калат беле. Бюджетибизден айыл чарбасына 1 миллиардын тегерегинде сом бөлүп, эс алуу, маданият, динге бириктирип 900 млн. дун тегерегинде, билим берүүгө 4 млрд. дан ашырып, саламаттык сактоого 5 млрд. дан ашырып берип жатканда 13,8 млрд. сом дефицит акчабыз болсо, "баракелде" дейт экенбиз, да. Экономикалык маселелерге 19 млрд. 398,2 млн. сом жана атка минерлерге, жалпы багыттагы мамлекет чыгым дешип 16 млрд., 351,1 млн. сомду бөлүп алышса, көрүнүп турбайбы акчанын баардыгы каяка кетип жаткандыгы. Коомдук тартип, коопсуздук атка минерлери өзүнчө ал жакка 5 млрд, коргоого 2 жарым миллиардан ашуун акча, баардыгы болуп чыгымдар 65 млрд. сомду түзсө, киреше бөлүгү 51 млрд. болуп атпайбы. Эми 51 млрд. сомду табыш үчүн канчалардын терисин тескери сыйрыш керек?
Аналитиктердин болжоосу боюнча бийлик партиясы "Ак жол" жикке бөлүнөт экен деген каңшаар бар. Бирок дүйнөлүк тарыхта мындай окуя болгон эмес экен. Баласы атасын, атасы баласын өлтүрүп бийликти алып койгон учурлар көп эле болгон экен. Бирок көзү тирүү бийлик ээсинин убагында уулу менен бир тууганы бийлик талашып партия түзгөн тарыхта жок. Абсурд. Балким, кимдир-бирөөсүнүн бийлиги чектелип жаткандыр. Көнбөсө айла жок да, атадан калган бийлик эмес. Бийлик колдун кири деп бекеринен Курманбек Бакиев бийликке жаңы келгенде айткан эмес: "Акаевди тартып мен жакындарымды бийликке жакын жоготпойм" -деп. Көрсө ооздон жөн эле сөз чыга берет тура.
"Эки дөө күрөшсө, ортосунда кара чымын өлөт" дейт. Бүгүнкү күнү ким дөө да , кимдер "кара чымындар"? Албетте "эки дөө": Жаныш Бакиев менен Максим Бакиев экенин БЭКтин Бекназарову баса белгилеп өттү. Аесыз деле саясатка кызыккан "Иттин уулу Байгара"деле билет. Андп "кара чымындар" эл болуп калабы же Акүйдүн "акырын" таштай качып, башка бир зобололуу "акырга" башын тыга калган Мадумаровбу? анда ал кимдин "акырына" башын тыга калды.Бүгүнкү күнү тымызын кармашып аткан "эки дөө" эртең ачыкка чыкса, саясий кырдаалда жаңы өзгөрүүлөр болбойбу?
Кокус, чын эле "Салым" деген партия түзүлө турган болсо, салам?!