Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Архив газеты Демо: Всплывающее РѕРєРЅРѕ РїСЂРё загрузке сайта СЃ помощью CSS3 Рё немного javascript
Ысак Кочкорбаев Семён Будённый менен
Кыогыздын кыйын уулу
Социалисттик эмгектин баатыры, 1-атчандар дивизиясынын командири С.Будённыйдын атчандар дивизиясына кыргыздын асыл тукум жылкыларын даярдап берүү менен Союзга атагы чыккан кыргыз элинин сыймыктуу уулу Исак Кочкорбаевдин өмүр таржымалы кыргыз тарыхына, үркүн мезгилине, коллективдештирүү, колхоздоштуруу учуруна туш келген өрнөктүү өмүр. Анын өмүр таржымалын жарыялоо менен биз ошол кездеги тарыхый окуялар жөнүндө учурдагы кыргыздарга маалымат берүүнү максат кылдык.


Исак 1890-жылы төрөлгөн. Анын атасы Кочкорбай Боку уулу, Көчмөн малчы Сары-Өзөн Чүй боорундагы Ысык-Атанын жакасын жердеп, азыркы Кочкорбаев айыл өкмөтү жайланышкан жерде жашашкан.
Ал кезде көчмөн кедей кембагалдар туруктуу жердин жоктугунан отурукташпагандыктан кыйынчылыкты башка түшүргөн.
Исак 10 жашында энесин, 12 жашында атасын жоготкон. Жаш кезинен жетим калып ал агасы Сыдык менен эжеси Канымбүбү - жездеси Түлөгабыл байдын колунда тарбияланат. Алар анын малын багып, жайдан күзгө чейин бай менен бийик тоолордун этегиндеги жайлоолорго конуп жүрүшкөн. Суук түшөрү менен Ысык-Атанын жакасына кайтып келишчү. Сыдык менен Ысак бала кезинен жылкы баласын таанып, күлүктөрдү тапташат. Ысак жаш чагында өз заманынын мыкты, алдыңкы адамы болууга бел байлаган. Ошондуктан ал 12 жашында Пишпек шаарына келип, таанышы-Байгытай деген эки бир туугандын үйүндө жатып окуй баштайт. Ал окууга абдан жөндөмдүү болот. Ысак тез латын алфавитин үйрөнүп, жакшы окуй баштаганда, агасы Сыдык артынан издеп келип, жездеси Түлөгабыл байдын төөсүн кайтартканы Суусамыр жайлоосуна алып кетет.
Ысактын жаш кезинде эле адам катары жакшынакай сапаттары бар эле: сабырдуулдук, унчукпастык өзүн-өзү кармай билүү, тартиптүүлүк, ачыктык, калыстык, ишкердүүлүк, чечкиндүүлүк. Ал бүркүттүн бийик учканын, алгыр кыраандыгын аябай сүйүүчү. Адамдар да бүркүттөй ар кандай майда нерседен жогору турган айкөл бийик болушса деп тилечү. Өзү да дайыма ошондой болууга аракеттенчү. Ысак өзүнүн эмгек жолун эрте баштаган. Көп жылы Чир деген дунган байдын жерин айдап, буудай, күрүч сээп иштеген. Ал убак XX кылымдын башы, жөнөкөй эл бай-манаптардын жана Россия империясынын кысымында турган. Бул жерде 200гө жакын чарбасы бар көчмөн кыргыздар турушчу. Алар малы менен кырдан кырга, коктудан коктуга көчүп жүрүшкөн. Жер, жайыт, малдардын ээси көбүнчө 4 манаптын колунда болчу: Ысак Найман уулу, Өтөгүл Жайылдан уулу, Сулайман Коргун уулу жана Мамыт Абильдин уулу.
Бул жерде мурда отурукташкан кыштактар болгон эмес. Кийин 1907-жылы Россиядан көчүп келгендер негизинен Ново Сергеевка (азыркы "Кеңеш"), анан Шалтакбай (азыркы Красная Речка) менен Дмитриевка кыштактарын түзүшкөн. Аларда чоң эмес 20-30 жер тамдар ар биринде болчу. Көп узабай эле кээ бир кыргыздар орус кошунасынын таасири менен дыйканчылык кыла баштайт. Алар биринчи болуп жайкы жайыттарына көчкөнүн токтотушуп, акырындык менен отурукташып, там салып, орус кошунасы менен соода жана чарбачылык жагынан тажрыйба алмашып, бекем байланыш түзүшкөн.
Мисалы XX кылымдын башында "Красная Речка" айылынын башында азыркы тегирмен турган жерде кудук бар эле. Ошол Улуу Жибек Жолдун боюнда Шалтакбай деген Аксакал Россиядан келген орустар менен жер там салып алган. Ал орустар менен дос болуп, алардан там салышты, жер айдап, эгин, картошка, жашылча түшүм өстүрүп алышты, өзү үйрөнүп, кийин башка кыргыздарды үйрөтөт. Шалтакбай аксакал кыргыз менен орус элин жакындаштырган. Ал өзүнүн меймандос, ишмер киши болгондугунан көп орустар аны жакшы көрүшүп, катышып турушчу. Улуу Жибек Жолунан өткөн кербендер Шалтакбай аксакалдын үйүнө токтошуп, чай, бозо, максым, тамактан ичишип, тамеки тартышып эс алып отуруп кетишчү. Кийин Шалтакбай аксакал каза болгондо меймандостук улана берсин деп орустар айылын Шалтакпай коюп алышкан. Андан кийин ал "Кызыл Суу" айылы болот.
1915-жылдары Ысакта Шалтакбай айылына орус-дыйкандарга келип жалданып иштеп, эгин, картошка өстүргөндү үйрөнөт. Ысак эгинди бир күндө өзү 1 гектарды орок менен оруп койчу. Ошондуктан орустар Ысакты талашып алышчу экен жумушка. Эмгегине орустар көп буудай беришет. Анын теңин кербенчилерге башка буюмга алмашат. Ошол жылдары Ысак жолдошу Шалтакбай уулу Шекербектикинде токтоп эс алып олтурганда, Россиядан Кытайга бара жаткан кербенчилер келип токтоп калат. Кербенчилердин башчысы учурашып Шалтакбай аксакалды сурайт. Анын жакында каза болгонун угуп, ал уулу Шекербекке кайрат айтып олтуруп, Шалтакбай аксакалды эскерип, өз башынан өткөн бир окуяны айтып берет. 1910-жылы болсо керек, деди кербен башчы. Мен Кытайга бара жатып ушул жерге бозо ичип олтурган кезде, Кытайга барып келе жаткан кербенчилер токтоп биз менен кошо олтуруп бозо ичишет. Бозо ичип жатып кербен башчысы казак же өзбек элинен болсо керек, чөнтөгүнөн бир сом сууруп чыгып, ага махорканы ороп тарта баштайт. Аны көрүп турган Шалтакбай аксакал чөнтөгүнөн беш сомду сууруп чыгып, ага махорканы ороп, күйгүзүп, алар менен кошо олтуруп тартып анан мындай дейт: "Тамеки тарткандардын тапкан акчасы да, ден-соолугу да дал ушундай болуп күйөт. Андан көрө издеп келген кудуктун суусунан, бозо, максым, шородон- мүрөк суусунан бекер ичкиле -ден соолугуңар бекем болуп, өмүрүңөр узун болот. Ал кезде бир сомдун наркы бир жылкыга барабар болчу.


(Уландысы кийинки санда)

Ширин КОЧКОРБАЕВА





  Жусуп Турусбековдун туулган күнүнүн
100 жылдыгына карата

Жусуп акындын
70- жылдардагы каармандары
Бул жерде ондогон жыйындардын, чогулуштардын, курултай - съездердин токтомдорун сөз кылбай эле көркөм адабияттарда поэзияда калышы ал доорго жан салып турат. Эгер алар болбосо те-е 19 - 20 кылымдардагы Токтогул, Тоголок Молдо, Жеңижок, Арыстанбек, Калыгулдардын асыл сөздөрү өткөндү көркөмдөп да, жаңылап да жеткизип келди. Ошондой эле энчи кийинки Совет доорундагы К. Тыныстанов, А. Токомбаев, М. Элебаев, Ж. Турусбековдорго тийди. Ушул себептен ошол чоң тарыхтын бир гана тамчысы болгон Жусуптун поэзиясында чагылдырылган акындын асыл үмүтүн жердештери, ини, кыздары кантип жүзөгө ашырышкандар тарбиялык жана маалыматтык мааниси чоң үчүн мындан 30 - 35 жыл мурун жазылган, айтылган акырында болуп өткөн окуяларга кайрылып жатабыз. Ооба балдар, кийинки укум - тукумдар элүү жылда чын эле жаңырып кетээрин билишсин. Ошол аркылуу жалаң эле кара курсактын камын кылбай Жусуп Турусбековдой акын бабасынын поэзиясын таасиринде өсүшсүн дедик! Ошондой эле анын 60 - 70, 80 - жылдардагы аталары, апаларынын эмгек жаратуучуларынан да кабардар болушсун деген таризде эскини жаңылык катары сунуштоону туура көрдук.

Кайда жүрүп, каяктан дем албайын,
Кайда барып, канча жер көрө албайын.
Бардыгында тууган жер өйдө турат,
Ушул чындык сага да, маган дайын!

Адам - адам жеринде, Мекенинде,
"Туулган жер" деп айтылбас бекеринде.
Чагылгандай жарк этип бир тартылар,
Жашоо жетип, бул өмүр өтөрүндө…

…Эне сүтүн оозантып наристеге,
Үн берип, карек берип периштеге.
Учсун үчүн канатын каккылатат,
Андан ары максаты өрүштөөгө…

Ошондуктан тууган жер ыйык делет,
Ошондуктан тоо - тузу ыйык келет.
Менин дагы туу- жерим кайда


жүрсөм,
Жүрөгүмө бир жашап сыйып келет!

- Тири укмуш ай!- дейм оюмда,- мына бет маңдайымда Кескен - Бел машина ылдамдыгын каршы ала чыга келди. Андан ары тиги Ак- Сайга чейин төмөндөп жүрүп отурат. Баса, Кескен- Бел жөнүндө ой жүгүртсөм... Тиги күн батышты карай Ак- Теректин суусуна чейин созулуп жаткан өрөөндө адыр, жогорулап келип такалган бийиктик.Ал анча - мынча кесилип бир кезде жол түшкөндүктөн Кескен - Бел аталып калган. Дал ушул жерден тиги Кызылдын бир учу, Көңдөйдүн талаасы, андан арытадагы адырлар, түздөр, тоолор бир кыйла даана көрүнөт. Ал эми батыш жагында адырлар менен колхоз талааларынан соң улам алыстабыраак калган Ысык - Көлдүн борбор кылаасына чейинки аралык бир кыйла. Туш-тушун Ысык-Көлдү бийик адыр тосуп, кыркалай жаткан бул жерди Кара- Сай деп коюшат. Ал жер да жайы-кышы бири экинчисинен анча айырмаланбай, көпчүлүк учурда бозоруп жаткан өзүнчө бир аймак.
- Ар несинин өзүнчө бийиктиги бар көрүнбөйбү? Ушул жер тегерегиндеги адыр - тоолордон кыйла төмөн турса да, мага өзүнчө бийиктик катары туюм берет. Анткени, ал жерден үч тарабым алаканга салгандай данаа көрүнөт.Анчалык бийик эмес, адыр тоолордун, анын тегерегиндеги түздөр менен чакан өрөөндөрдүн, те-етиги алп бийиктиктерге улантылган жашыл беттердин, ошол тараптан желе жорто келип жеткен керимселдин кереметин ушунда дагы бир ирет сезем! Ушул жерден жылдын төрт мезгилине карата ар түрдүү табигат көрүнүшү көңүлдөргө түрдүүчө уюйт. Экинчиден, ушул Кескен - Белден тууган жеримдин керемет босогосун аттап: - Кана айтылуу Көк - Сай, сенин бери жагыңдагы түздөрүң, менен адырларың, Көңдөй, Жер-Үй, Бөрү-Көрбөс, Бүркүт! - деп саламымды узатам. Көзүмө даана көрүнгөн ошол аймактын айрымдарынын четтери гана кылтайган аларды ушул жерден кайра - кайра тиктеп, алар жөнүндө ой жүгүртүп, дал ошол аймактарда жашап жана эмгектенип жатышкан жердеш - замандаштарымды кыялымда терметким келет. Ооба аларды жөн гана терметип, алардын дарегине жөн гана ооз көптүрмө сөздөрдү айткым келбейт. Алар ага муктаж да эмес. Деги кайнаган турмуш бар жерде бардыгы болот турбайбы? Жердеш - замандаштарым бу күндөгү турмуш кутуна кут кошуп бийик тоолорун дагы көкөлөтүп дыйкандары ар гектар эгин аянтынан 50 -60 центнерден жогорку түшүм өстүрсө чабандары жүзүнөн, жүз сексен бешке чейинки төл берип жатышы кимди сыймыкка бөлөп, кимдин бүйрүсүн кызытпайт. Алардын эмгек жеңиштерине биз бүгүн учкан куш менен жарышып өтүп бара жаткан, бир кыйла бийик деп эртеден бери сөз кылган Кескен - Белибиз кыйла жапыздык кылар. Кызык, ушул жерден өткөн сайын, качандыр бир айылдашымдын айтканын эстеп күлүп да коём. Ал мындай, азыркы эле колхоздун борбору жайланышкан Ак - Сай кыштагында сексендерге барып калган бир киши жашоочу экен. Ушунча узак өмүрүндө кыштактан беш чакырымга анча жетпеген Кескен - Белди бир жолу да келип көрбөптүр. Ал өзүнүн бала - бакырасы, айыл-ападагылардан Кескен - Бел жөнүндө сөз угуп күндөрдүн биринде таң кала: - Капырай Кескен - Бел эле дейсиңер, килейген белди кесип таштаганбы? Деги канчалык тоону кесип жол салган? - деп таң кала сураган имиш ?! Мына,турмушта ушундайлар да болоруна ишенбей коё албайсың.

(Уландысы кийинки санда)

Тенти Орокчиев,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек
сиңирген ишмер







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
25-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Эки баштуу ажыдаар эки элдин убалына калды
2-бет
Жаш окумуштууларга чоң таяныч
3-бет
Референдум өтүүсү керекпи?
4-бет
Тилиңе - Тибиртке!
5-бет
Конституциянын жаңы долбоорун макулатурага өткөргөн ким?
6-бет
Казат Акматов, Кыргыз Эл жазуучусу:
"Автономия", "мамлекеттик тил" дешет… А адам өмүрүчү?!"

7-бет
Күнсобол
8-бет
Взгляд
9-бет
"Баштаганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат"
10-бет
Азизбектен азил кеп
11-бет
Каякка учасың, Кыргызстан?
12-бет
Дүйнөлүк медиа Кыргызстандагы окуяларды кантип чагылдырууда?
13-бет
Ысак Кочкорбаев Семён Будённый менен
Кыогыздын кыйын уулу

14-бет
Кичинекей үйдөгү
15-бет
Сандан-санга
16-бет
Абдымамбет Сариев,





Actionteaser.ru - тизерная реклама
Яндекс.Метрика