Кыргыз гезиттер архиви

Жаш окумуштууларга чоң таяныч
Туңгуч окумуштуу-этнограф аял Какен Мамбеталиева атындагы коомдук фонд "Этносоциальные и этнокультурные процессы в Центральной Азии: История и современность" аттуу китептин бет ачарын өткөрүштү. Китепте 2009-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында аялдардан чыккан алгачкы окумуштуу-этнограф Какен Мамбеталиеванын жаркын элесине арналып өткөн эл аралык илимий конференциянын жыйынтыгындагы илимий макалаларды камтыган. Эске сала кетсек Какен Мамбеталиева өзүнүн бүткүл өмүрүн өлкөбүздөгү эң башкы Жогорку окуу жайы болгон Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде жаш тарыхчыларды жана этнографтарды тарбиялоого арнаган. Жогоруда аталып өткөн китеп коомдо жакшы пикирлерди жаратты. Китепте негизинен тарыхый, этнологиялык жана археологиялык мүнөздөгү макалалар орун алган. Эл аралык конференция үч жылда бир жолу өткөрүлүп турат, буга чейин өткөн эки конференцияга негизинен жаңы идеяга бай жаштар жана дүйнөгө аты чыккан академиктер Худяков (Россия), Бутанаев (Россия), Таймагамбетов (Казакстан) жана башкалар катышышкан. Какен Мамбеталиева атындагы коомдук фонд кыргызстандын байыркы мезгилин (полеолит) изилдеген таланттуу археолог, тарых илимдеринин кандидаты Чаргынов Темирланга фонддун дипломун тапшырышып китеби чыгарылып берилди. Ошондой эле терең жана актуалдуу этнологиялык изилдөөсү үчүн Жоошбекова Айнагүл Какен Мамбеталиева атындагы сыйлыктын лауреаты болду (бул сыйлык биринчи жолу берилди).
Китептин бет ачаарына Какен Мамбеталиеванын окуучусу, тарых илимдеринин доктору, "Азаттык" радиосунун директору Тынчтыкбек Чоротегин, Асан Жакшылыков, Кеңеш Жусупов жана башка окумуштуулар катышышты.


  Мекендештерге кайрылуу

Кымбаттуу мекендештер, кыргызстандыктар!
Бүгүнкү күндө республиканын тышкы жана ички душмандары өлкөнү бөлүп-жарууга аракеттенишүүдө. Бакиевдерди жактоочулар жиберген экстремисттик, бардык түстөгү жексурлар түштүктө кан төгүп, кыйраган авторитардык системаны кайра орнотуп, демократиялык реформаларды жок кылуу үчүн кан төгүлүүчү чыр-чатакты түндүктө да кайталагысы келет. Эгемендүү Кыргызстанга каршы согуш бардык майданда болууда. Анын ичинде биздин өлкөнүн кадыр-баркын кетирүүгө жана жамандоого аракеттенген маалыматтык мейкиндиктер да бар болгон күчүн жумшап, республиканы каралоодо.

Кымбаттуу мекендеш!
Качкын маңкурттар, жалганчы куру кыйкыргычтар жана эки жүздүү кокуйлар бийликтин бардык түзүмдөрүнө кирип алышып, өз өлкөсүнө каршы кылмыштуу согуш жүргүзүп жатышат. Эми, алардын бет чүмбөттөрү сыйрылып, чыныгы жүзү көрүнгөн кезде элдин жана Ата Мекендин душмандарынын ортосундагы карама-каршылык акыркы стадиясына жетти. Саясый өч алуучулардын максаты дайын: референдумду үзгүлтүккө учуратуу жана Кыргызстандын элине бийликти легитимдүү жол менен өткөрүп берүүгө Убактылуу Өкмөткө тоскоол болуу, жаңы бийликти мыйзамдаштырууга жол бербөө жана демократиялык институттардын иштөөсүнө тоскоолдук кылуу.
Кымбаттуу туугандар! Офицерлер, кошуундар жана өз ыктыярдуу уюшулган жаштар уюмдары!
Референдумга саналуу эле күндөр калды. Кыйроо коркунучу жана туңгуюктун алдында турган биздин Кыргызстандын тынчтыгын бүткүл элдик добуш берүүгө республиканын жарандарынын активдүү катышуусу гана сактап калат. Биздин ар бирибиздин жарандык милдетибизди так аткаруу гана өлкөнү эң терең саясый, экономикалык, социалдык жана руханий кризистен алып чыгат. Алоолонгон өрттү өлкөнүн түштүгүнөн түндүгүнө жагуу үчүн Ата Мекендин душмандары мүмкүн болгондордун бардыгын жасашат.
Саткын саясатчыларга, мундир кийинишкен кубулмаларга жана бардык түстөгү жексурларга катуу сокку берели. Биздин мейкиндигибизди чагымчылардан, ушакчылардан жана каңшаар таратуучулардан тазалайлы. Бүгүнкү күндө биздин күчүбүз биримдикте жана ынтымакта. Кол кармашып, бекем бололу, өз тандообузга катуу жана терең ишенели.
Жыпар Жекшеев, "Кыргызстандын демократиялык кыймылы" партиясынын саясый кеңешинин жана "Атуулдук Биримдик" жарандык бирикмесинин төрагасы




Ош жана Жалал-Абад элине 3 млн. сомдук жардам
Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жергесинде болуп өткөн каргашалуу окуя башка ишкерлер, уюмдар сыяктуу эле "Дордой" ассоциациясын дагы кайдыгер калтырган жок. Биз элибиз кыйналып жаткан чакта өз мекендештерибизге колубуздан келген жардамдарыбызды аяган жокпуз. Бизде иштеген ишкерлер да колдорунан келишинче жардамдарын беришти. "Дордой" ассоциациясынан 3 миллион сомдук жардам көрсөтүлдү. 50 тонна ун, балдардын тамак - ашы, эң зарыл азык-түлүктөр, дары-дармектер жөнөтүлдү.





"Кадыров Расулду бизге басым жасап шайлаткан"
Кыргызстанда орун алган окуялардан кийин бийликтин бир топ бутактарында орун алмашуулар болуп, жаңы жетекчилер дайындалып ишти жөндөп жаткан учуру. Мына ушундай өзгөрүүлөр Кыргызстан профсоюздар федерациясында да болгон. Бирок, маалыматтарга караганда азыркы Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчиси Канатбек Осмоновго карата жаштар нааразычылыгын билдирип жатышат. Анткени бул жетекчи келгени профсоюздун иштерине жаштарды аралаштырбай, бизде устав бар, биз ошонун негизинде гана иш алып барабыз деп жаткан учуру экен. Маалында профсоюздун курамындагы Кыргыз курорт кеңеши жана Кыргыз туркеңеши деген эки тармакты бириктирип туруп Жаныш Бакиев классташы Кадыров Расул деген адамды жетекчи кылып дайындап койгон. Бул иш тууралуу К.Осмонов журналисттер үчүн уюштурган маалымат жыйынында: "Ооба, ал кишини бизге алып келип, силер ушул кишини жетекчи кылып шайлайсыңар деп буюрушкан, биз ошон үчүн аны басым болгондугунан шайлаганбыз", деди.
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын курамына көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгиндеги бир нече пансионаттар кирет. Бирок, бул пансионаттарды жетекчилик өз кызыкчылыктары үчүн гана пайдаланып жатат деген ушак кептер да чыгып келген. Жел болбосо чөптүн башы кайдан кыймылдасын. Анын кээ бирин жарыбаган акчага сатып жиберишкен деген да айың кептер айтылып жүрөт. Агроөндүрүш борбордук профсоюздар комитетинин жетекчиси Күмүшбек Мамбетовдун ырасташынча Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Барчын", "Солнышко", "Дельфин" балдар лагерлери убагында жарыбаган акчага сатылып кеткенин айтат.
"Достук" мейманканасынын жетекчиси Абдрахмановдун үстүнөн бир нече жолу арыз түшкөндүгүнө карабастан ал жумуш ордунда калышын кандай карайсыз жана аны сиздин жакын адамыңыз деген сөздөргө кандай комментарий бересиз? деген суроого К.Осмонов: "Аны менин жакын адамы дегендер жаңылышат. Ал "Достук" мейманканасына жетекчи болуп баргандан бери ал жактагы кээ бир маселелерге чекит койду. Ал эми менин үстүмөн жаманатты кылып, каралаган адамдарга азыр сот кызматкерлери чара көрүп жатат. Мен профсоюздар федерациясын жетектеп иштеп баштаганыма эки ай гана болду. Менин атымды жаманаттыга чыгаргысы келген топтор менин жумуштан кетишимди каалап, мага бут тосуп жаткан топтор", деди. Ал эми татыктуу жаштарга профсоюздун ишин өткөрүп берүүгө мезгил келдиби деген суроого: " Жаштар бар, бирок алар аз. Биздеги жумушка жаштар келбей жатат. Анткени айлык акысы аз болгондугуна байланыштуу бизге келишпейт", деген гана жооп менен чектелди.
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчи орун басары Рысгүл Бабаеванын маалымдашынча быйыл 7 500 баланын жайкы эс алууларын камсыз кылуу үчүн 20дай лагерь иштейт. Бүгүнкү күнү Кыргызстан профсоюздар федерациясынын 800 миңден ашык мүчөсү бар.


"Республика" партиясы: Жаңы күч, жаңы дем, жаңы идея
Учурда жалпы журтубуз жаандан кийинки козу карындай жайнаган саясий партиялардан жадап турган убагы. Анткени, эки киши биригип эле бирден партия түзүп, элдин башын айландырууда. Буга чейин бийликтин бийин бийлеп, ырын ырдап келген айтылуу "Ак жол" партиясы атасы К.Бакиев менен кошо иши тамам болду. Ал эми калк көйгөйүн какшап келген бир катар саясий партиялар эми бийликке келгенде эл башкарууга алсыз экендиктерин көрсөтүшүүдө. Ошондуктан азыр эл арасында "ишенген кожобуз силер болсоңор…" деп, каңырыгы түтөп, кабатыр болгондор арбын.
Ушундай учурда улутубуздун жаш, таза, жаңы күчтөрү баш кошуп "Республика" партиясына биригип жатышыптыр. Алардын арасында белдүү бизнесмен Канат Исаев, айтылуу Баямандан калган "Алыш" федерациясынын жетекчиси анын жубайы Чолпон Султанбекова, аты таанылып калган Алтынбек Сулайманов, бизге белгилүү Өмүрбек Бабанов сыяктуулар ушул партияга мүчө. Аталган партияга айрыкча түштүктүк уул-кыздарыбыз агылып кирип жаткандыгы айтылууда.
Партиянын негизги максаты да, мазмуну да түндүк-түштүк ажырымын жокко чыгаруу болот экен. Өлкөнү реалдуу өнүгүү жолуна салууга жана экономикада кескин аракеттерди көрүүгө мыкты экономикалык программасы да бар дейт. Убагында жаш болсо да ийгиликке жетип, илимде, окууда бизнесте алдыга озуп чыккан азаматтар чогулуп жатышат.
Угушубузга караганда "Республика" саясий партиясы центристтик позицияны карманып, оңчул, солчул дебей, өлкөнүн бүтүндүгүн туу тутат экен. Баарынан бүйүр кызытканы бул партия жүз ачарын жасап, ачыкка чыкканда элдин баары артынан ээрчип кетет имиш. Мынчалык күчкө эгедерлигине не себеп деп турган чагыбыз.
Не болсо да, саясатта, айрыкча жакындаган парламенттик шайлоолордун алдында Жаңы дем, Жаңы күч, Жаңы идея менен чыгып жаткан партияга ийгилик каалайбыз.


www.erkintoo.kg ни ачкыла!
Кыргыз тилдүү гезиттерден биринчилерден болуп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити "Эркин Тоонун" интернет-сайты иштей баштады. Эми гезит жете бербеген алыс-жуук чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиз, жалпы эле интернет аркылуу маалымат алган жарандарыбыз www.erkintoo.kg интернет баракчасын ачып, аталган гезиттин жаңы сандарын окуй алышат. "Эркин Тоонун" интернет-сайты өз гезитин жайгаштыруу менен эле чектелбей, өзүнчө маалымат булагы катары күнүмдүк жаңылык, аналитикалык материал, интервьюларды үзбөй жарыялап турмакчы. Азырынча жаңыдан гана бетин ачкан өз сайтын Абдувахаб Мониев жетекчилик кылган "Эркин Тоонун" редакциясы бара-бара торолуп, олуттуу маалымат булагына айлантууну көздөп жатат.


"Рухпресс"