Кыргыз гезиттер архиви

Таасын тарбия концепциясы
Совет доору урап-кулагандан кийин өлкөбүз өз алдынчалыкка көнбөгөндүктөнбү экономикалык каатчылыкка кабылып, алгач эптеп күн көрүү, жан багуу айласында калып, дендароо боло түштүк. Ошондон ушул күнгө ал кризистен чыгуунун аракетинде алектенип келебиз. Барган сайын экономикалык жактан оңолуудабыз. Бирок материалдык жылышыбыз болгону менен адамдык адеп-ахлак, рух жагынан өз мамлекетибиздин дилине, духуна ылайык бирдиктөө идеологиябыз алигиче иштелип чыга элек. Бул тууралуу эл ичинде байма-бай канкуулоолор, эскертүүлөр болууда. Буга да жетишербиз...


Мени кубанткан "Кут билим" газетасында 30-март, 3-апрель 2009-жылы жарыяланган "Мектеп окуучуларынын рухий-адептик жактан тарбиялоонун жаңы концепциясы" долбоорунун профессор Советбек Байгазиев тарабынан иштелип чыгып жумурай-журттун талкуусуна койгон жаңылыгы болду. Окуучуларга билим берүүнү коёлу, таалим-тарбия жагы мектеп турмушу менен аралашып жүргөндөргө барган сайын осол көрүнүштөр оркоюп эле байкалчу болду. Алсак, ошол эле окуучулардын жеке олдоксон-орой жүрүм-турумдарынан, өз ич ара одоно мамилелеринен, ал түгүл мугалимдерге болгон сый-урматтарынан баштагыдай эместик аздыр-көптүр сезилет.
"Келечек жаштарга таандык" деп коёт эмеспи. Ырасында, өлкөнүн бакубаттуу болушу рухий-адептик иш жагынан жаңыланган эл-журтун сүйгөн мекенчил жаштардын өсүп жетилишине байланыштуу да болору белгилүү. Бүгүнкү күндө инсандын рухий-адептик жактан өркүндөш маселесин астейдил жолго коюу зарылчылыгы күн тартибинде турат. Мына, ушул маанилүү маселенин жүгүн аркалап педагог-окумуштуу С. Байгазиевдин концепциясын иштеп-чыгышы алкоого арзырлык.
С. Байгазиев - ушу күнгө дейре көпчүлүктүн бүйүрүн козгогон, ой-мүдүүлөрүн колдогон ар кандай темада проблемалык маселелерди көтөрүп чыккан публицистикалык багытта жазылган эмгектердин таанымал акылгөй автору. С. Байгазиевдин колго алган бул педагогикалык эмгеги (концепциясы) автордун публицистикалык табити менен белгилүү жагдайда үндөшүп турат. "Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун" болуп ошо публицисттик табитине ылайык тарбия концепциясынын да педагог-окумуштуунун колунан чыгышы дадил жазылгандыгына ишеним берет.
Окумуштуу рухий-адептик тарбиянын зарылдыгынын философиялык негиздемеси менен социалдык-педагогикалык негиздемесин ачып берүүдөн баштаган. Бул негиздемелерге ачык-айкын аргумент-фактылардан келтирип, тарбия концепциясынын зарылдык жактарын далилдөө көрсөткөнгө жетишкен.
Андан кийин автор: "Эгемендүү ата-журтубузга ким, кандай атуул жөлөк-таяк, тирек боло алат? Кандай атуулдук менталитет улуттун келечегине гарантия болуп берет?" деген суроолорду коюп, коом тарабынан алдын ала аныктап алынган таалим-тарбия ишмердигинин башкы максаты кандай болорлугун белгилеген аныктамасын берген. Автор бул башкы максатта жогоруда коюлган суроолорго татыктуу талапта жооп берерлик ой-туюмдарынын уюткусун тастыктаган. Буга мисал катары Турциянын 1973-жылы 14-июнда кабыл алынган "Улуттук билим берүү боюнча негизги мыйзамда" түрк билим берүүнүн башкы стратегиялык максатын да келтирет.
Концепция автору: "Жогорудагыдай өлкөнүн тиреги, таянар тоосу, сыймыгы жана келечеги болуп бере турган атуулду калыптандыруу мүдөөсү, тарбиянын башкы стратегиясы кандай педагогикалык материалды, кандай мазмундук ресурсттарды пайдалануу аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн?" деп суроолорду да коюп, рухий-адептик тарбиянын мазмундарына токтолот. Автор тарбиянын бул мазмунун 8 бөлүккө бөлүп, ар бөлүктүн таалим-тарбия берүүдөгү маани-маңызын ачып-аныктап берет.
"Тарбия ишмердигине мазмундук база болуп бере турган рух казынасын башка жактардан эмес, биринчи иретте өлкөбүздүн улуттук коломтосунан издешибиз шарт". "Улуттук кыртышка таянбаган тарбиянын келечеги бүдөмүк" -дейт автор. Ак сөз! Кылымдарды карыткан кыргыз эли өзүнүн элдүүлүгүн баштатан иштеп чыккан улуттук көөнөрбөс акыл-ой, рух дөөлөттөрүнүн негизинде жашап, сактап келишкен. Ошону менен бирге мезгилдин азыркы агымынан калбас үчүн, "Жалпы адамзаттык баалуулуктарга жана жаңы инновациялык сапаттарга ээ болуу багыты таалим-тарбиянын мазмунуна органикалык түрдө кириши керек"- деп кошумчалайт автор.
Окумуштуу С. Байгазиев жогорудагы таалим-тарбия ишиндеги башкы максаттарга колдонулган мазмундарды пайдалануу менен окуучулардын аң-сезимине жана жан дүйнөсүнө жеткирүүнүн технологиясын - айла-амалдарын, уюштуруу иш-чараларын, методикалык жолдорун да иштеп чыккан. Иштелген бул көрсөтмөлөр илимий негиздүү, практикалык ылайыктуулугу менен ынаным берет.
Кыскасы, автор иштеп чыккан концепциясында педагог-окумуштуу кудуретин, акылгөй дараметин, публицист-жазмакер устаттыгын көрсөткөн. Чынында, концепция ар тараптан ойлоштурулуп, атайын изденип, изилденип чыкканы айгинеленип турат.
Балдарынын жакшы тагдырын ойлогон ата-энелер, дегеле мамлекетибиздин өсүп-өркүндөшүнө татыктуу салым кошчу жаштарыбыздын тарбияланып чыгышына кайдыгер эмес коомчулук, айрыкча окуучуларды жаңыча тарбиялоо зарылчылыгын сезип, ага тушукчу учурун күтүп келген педагог жамааттары тарттуланган концепция доолборун кошколдоп жактап чыгат деген ойдомун. Баарыңыздарды колдоп ой билдүүрүгө чакырар элем.
Н. Абдесов,
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими.





Жа?ы партиялар маарага жетеби?
Шайлоого бараткан 29 партиянын ичинде ондон ашуун жаңыдан түзүлгөн саясий партиялар буга чейин коомчулукта аты таанылган, күчтүү атаандаштары менен ат салышканы турат. Алардын шайлоодогу мүмкүнчүлүктөрү канчалык?
Быйыл 7-апрелдеги бийлик алмашуудан кийин катталган жаңы партиялар да саясий күрөшкө аттанышты. Алардын айрымдары партияларын "Ак тилек" же "Ак санат" деп символикалык түрдө аташса, кээ бирлери "7-апрель жаштар кыймылы" саясий партиясы деп, өлкөнүн тарыхындагы кандуу жол менен бийлик алмашкан күндүн өзүн аталыш катары алышкан. Ал гана эмес мурдагы советтик социалисттик мамлекеттин кыскартылган аталышын пайдалангысы келген айрым саясий күчтөр СССР деген аталыштагы жаңы партиянын алдына биригишкен.

Бирок сурамжылоодо көпчүлүк жаңы партиялар саясий-идеологиялык багытын так аныктай электигин белгилешкен.
Жаңыдан түзүлгөн "Акыйкат" партиясынын маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков партиянын бул жааттагы көз караштары калыптануунун үстүндө экендигин белгиледи:

- Биздин партия борборчул партия. Башкача айтканда оппозицияга да кошулбайт. Ошол эле учурда бийликтин жүргүзүп жаткан саясатындагы айрым жагдайлар менен макул эмес. Кайсы бир деңгээлде саясий идеологиялык багыты боюнча биздин партияга консервативдик партиянын белгилери да мүнөздүү. Ошол эле учурда ыйман жана адеп-ахлак маселесин көтөрүп жаткандыктан партияны конфессионалдык багытка да, жакындаштырса болот.

Көпчүлүк жаңыдан түзүлгөн саясий партиялардын алардан мурда уюмдашып, коомчулукта белгилүү болуп калган атаандаштары менен күч сынашуу мүмкүнчүлүгү төмөн.
Атактуулары жоктордун аттары угулбайт
Мындай божомолун айткан айрым талдоочулар, буга негизинен партиянын программасына карата эмес, анын көп жылдан бери таанылган лидерлерине карата баа берүү өнөкөтү коомчулукта калыптанып калгандыгын айтышат.
Серепчи Данияр Садиев бул өңүттөн алганда жаңыдан чыгып келе жаткан партиялардын өздөрүн шайлоочуларга таанытуу мүмкүнчүлүгү алсыз деп эсептейт:

- Саясий майданда көпчүлүк партиялар стратегиясы катары программасын эмес өзүнүн лидерлерин, атактуу адамдардын аттарын беттерине кармап чыгышат. Буга коомчулук дагы көнүп калгандыктан партия дегенде эле анда лидер же атактуу мүчө болгон адамдардын аттары аркылуу таанышат. Бул партиянын программасы мындай, ал бийликке келсе мындай нерселерди сунуш кылат деген түшүнүк калыптана элек. Ошондуктан бул жагдайда салыштырганда жаңыдан түзүлгөн партиялар өздөрүнүн лидерлерин жана андагы дымактуу инсандарын коомчулукка тааныштырганча көп убакыт өтүп кетет. Мындан улам, алардын шайлоодо кандайдыр бир ийгиликти камсыз кылышы кыйыныраак.
Маселе башкада эмес, акчадабы?
Мындан тышкары саясат таануучулар жаңыдан түзүлгөн партиялардын шайлоодо ийгилик жаратуусуна алардын каржылык абалы жана үгүт өнөктүгүн уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү таасир этээрин белгилешүүдө. Саясат таануучу Табылды Акеров эгерде ушундай шарттарды камсыз кыла алышса жаңы экендигине карабастан мындай партиялар атаандаштардын электоратын тартып кетиши мүмкүн экенин болжолдойт:

- Жетишээрлик каржылык ресурстарга ээ болсо, үгүт иштерин уюшкандыкта жүргүзүп өзүнүн артыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн элге кеңири жеткизе алышса, мындай партиялар жаңыдан түзүлгөндүгүнө карабастан кыска мөөнөттүн ичинде беделин жогорулатып, күчтүү партияларга атаандаш боло алышат. Жөн эле атаандаш болбой башка партиялардын буга чейинки жактоочуларын жана шайлоочуларын тартып алуу жөндөмдүүлүгүнө да ээ болушат.

Мына ушундай шарттарды иштеп чыгууга үлгүргөн жаңы партиялардын айрымдары талдоочулардын баамында, чоң партиялар менен атаандашуу шарттарын камсыз кыла алышкан. Ошондуктан серепчилер мурдатан элге таанылган партиялар менен катар эле жаңы саясий күчтөрдүн парламентке келип калуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышпайт.