п»ї

  Асылзат

Драматург, акын Керез Зарлыкова:
"Менин бакытым -
жакшы жолдошко туш болгонум"
Бир кезде Керез Зарлыкова эжебиздин "Сибирь челноктору" аттуу драмасы сахналаштырылып коюлганда эң жакшы спектакль экен деген кеп искусство адамдарынын арасында көпкө сөз болгону эсимде. Буга чейин акын, жазуучу, драматург катары билген эжени сыр маекке чакырып чыгармачылык менен кошо жеке жашоосу жөнүндө кепке тарттык.


- Эже, чыгармачылык жагдайыңыз кандай болуп жатат?
- Калемгерлер дайыма чыгармачылык менен алпурушкандыктан башка нерсе менен жашабай дайыма калем менен жашаган адамдарбыз. Менин да жашоом калем менен коштолуп келет. Кудай буйруса чыгармачылык сапарым жаман эмес, "Ксения" деген аңгеме-повесттер жыйнагым менен Россиянын он сегиз шаарында чыгармачылык жолугушууда болуп келдим. Тынымсыз театрлар менен иштешип, драмаларды жазып, аларды койдуруп иштешип келе жатам. Жакында эле Нарын академиялык-музыкалык драматеатрында "Сибирь челноктору", "Сүйүү арманы" драмаларым ийгиликтүү коюлду. "Керез" деген театр ачып өткөн кышта театр окуу жайынын студенттери менен бирге "Кон-кон көпөлөк" деген бүгүнкү күндүн эң актуалдуу маселелеринин, көйгөйүнүн бири болгон көпөлөк кыздардын тагдырына арналган драманы театрдын бүтүрүүчүлөрү дипломдук иш катары коюп Бишкек шаарындагы мектептердин дээрлик баарына коюп чыктык. Бул драманын өсүп келе жаткан жаш муундарга, өзгөчө кыздарга тарбиялык өтө чоң мааниси болду. Мектеп жетекчилери жылуу мамиле менен кабыл алышты. Студенттер бүтүп жер-жерлердеги театрларга тарап кетишти. Бул көйгөйлүү драманы эми чоң театрларда койдурсам деп аракет кылып жатам. Казак тамекичилери жөнүндө жазылган Ош, Баткен театрында койсок деген сунуштар түшүп, режиссёрлор менен сүйлөшүп жатабыз. Бул чыгармада казак элин кыргыздар ачкачылыктан алып калгандыгы баяндалып, элибиздин айкөлдүгү, пейилинин кеңдиги менен бирге бүгүнкү күндүн көйгөйлөрү да чагылдырылат.
- Чыгарма жазууда идеяны кайдан аласыз, же атайын ошол көйгөйлүү турмушка өзүңүздү аралаштырууга чейин барасызбы?
- Чындыгында адабияттын эң оор жанры- бул драматургия. Жетимишинчи жылдары мен ыр жазуу менен адабиятка аралашып белгилүү болгом. Андан кийин кара сөз жаза баштадым. Акыры азыркы заман келгенде мен драматургияга өттүм. Эмнеге дегенде карап турсак көчөдөн мен көрүп, карап турганда ыр болуп көңүлүмдү эргитип жаткан көрүнүштөрдүн баары эле драма болуп көрүнүп, образдар жаралып, тегерегимде драма айланып учуп калды. Драматург болбоско айлам калбай калды, анткени турмуш, тагдыр мени поэзиядан прозага, андан драматургияга өсүп жетилтти. Андан тышкары театрда актёрлор менен бирге иштеп калганым да мени ушул жанрга алып келди. Ал эми чыгарманын өзөгү бүгүнкү турмуштагы көрүнүш. "Кон-кон көпөлөк" деген драманы жазышыма жакшынакай эне сүтү оозунан кете элек кыздарыбыздын цирктин жанына туруп алып өзүнүн денесин соодалап, аялзатындагы наздык, аруулук, акылгөйлүк жаман көрүнүшкө моюн сунуп бергени себеп болду. Элдин көйгөйүн алып чыгышым керек деген талапты өзүмө коюп ал кыздарга барып изилдегенге аргасыз болдум. Алар жүргөн жерге жашырынып, көрүнбөй, билинбей кирип бардым. Алар чоочун адамдарды жолотпойт, ошол жерде охранада иштеген тааныш балдар бар экен, ошолор менин киришиме шарт түзүп берип, мен жөн эле жүргөн киши болуп аралашып көрдүм. Түн ичинде милициялар кууйт экен алар менен кошо качышыма туура келди. Качып баратканда сөгүнгөндөрүн, милициялар менен кармашканын, сутенёршалар менен алардын сүйлөшкөнүн, кыздарды тандап алып кеткени келген эркектердин кордошконун өз көзүм менен көрдүм. Театр сахнасында артисттер ошолордун образын так ачып бериши үчүн менин чыгармам жандуу болушу керек. Эл акылдуу, турмуштун өзүн бербесең ишенбейт. Көп кыздар менен акырын сүйлөшүп тагдырын билдим, изилдедим. Кызыгы ошол учурда бир кемпир алыстан өзүнүн кызынын ошол жакка кирип кеткенин угуп издеп келип таппай койду. Ал байбичени көргөн соң драмама таене деген образды киргизүүгө мажбур болдум. Турмушта бул сыяктуу тагдырлар өтө эле көп. Жаман жолго түшкөн кыздар жаман ооруга кабылат экен, оору жөнүндө да маалымат берилген. Ошондой эле "Сибирь челноктору" драмасын жазаарда алардын абалын өз жон терим менен сезүү үчүн Сибирге эки жолу барып келгем. Алгач Новосибирскиге, андан кийин кышы суук болот дегенинен кышында Красноярскиге барып, баба Маша деген орус кемпирдикине түнөдүм. Спектаклде так эле ошол баба Машанын үйүндө өткөн окуя баяндалат. Бир чыгарманы үч-төрт жылда барып аяктайм, айрым бир түндө, же бир жумада эле көлөмдүү чыгарма жазып коём дегендерге таң калам.
- Жаш кезде адам турмуштун мүшкүлүн эмес ошол кезде жүрөгүндө эмне болсо ошону жазат эмеспи, ал кездин эргүүсү өзгөчө деп коюшат, сиз алгач калем кармаганда эмне жөнүндө жаздыңыз эле?
- Калемди колума алгач алтынчы класста окуп жүргөндөн баштап кармадым. Мен таенемдин колунда Сары-Өзөн
- Чүйдүн Он бир Жылга-Маданият деген айылында чоңойдум. Таенем сөзмөр байбиче эле, отуруп алып Николайдын заманында деп илгерки окуяларды айтаар эле, мен колтугунда отуруп алып укканды жакшы көрчүмүн, айтылган окуялар мага кино сыяктуу элестей берчү. Ойлоп отурсам ошонун өзү мени көркөм дүйнөгө алып кириптир. Казыбек деген таекемдин колунда чоңоюп калдым, ал киши казал жазчу. Таекемдин саргарган барактардагы ырларын, "Манас" эпосун окуп жүрүп эң алгач "Ак булуттар" деген ыр жазыптырмын. Мен таенемдикинде, төрөгөн апам башка жерде жашагандыктан баланын энеге болгон сагынычын булуттарга айтып, апама жеткир деп табыштаган экемин. Ошол биринчи жазган ырым эч качан эсимен кетпейт.
- Студент кезде жаштык, сулуулукка курчалып жүргөндө сүйүү жаатында жүрөктөн далай ырлар суурулуп чыкса керек?
- Жаштыгыбыз жалындап өттү деп биздин учурду айтса болот, азыр мектептеги баладан өйдө күнүмдүк турмуштун көйгөйүн тартып жатпайбы. Мени көбүнчө университеттин филология факультетин бүткөн деп айтып, жазып жүрүшөт, бирок мен тарых факультетин бүткөм. Мектептен "Он бир жылга" деп жазган ырымды кырк жылдан ашуун убакыт өтсө да мектепте гимн катары ырдап жүрүшөт. Студент кезимде "Кыздар-кыздар, кылыктуулар, наздуулар" деген ырды жазып аны Анарбек Ибраев аткарып, ал кишиге атак-даңк алып келди десем да болот. Студент кезде кара сөз жазсам да аны көп сыртка чыгарбай жаштыктын жалын деми менен көңүл эргип, сүйүүгө кабылып, айылдан келген кыздар үчүн шаардын керемет турмушу толкундантып ырларды жазып жүрдүм. Университетте тарых факультетинде "Историк" деген дубал газета чыкчу, Ишенгүл Болжурова экөөбүз бир бөлмөдө жашап калдык, бизге акын кыз келди дешип эле менин ырларымды сүрөтүм менен чыгара беришчү. Дубал гезиттин бир санына "Автобустар" деген ырым чыкканда "Автобустар жөнүндө эч ким деле ойлонбойт, ушул кичинекей акын кыз автобустар жөнүндө философиялык ой толгоо кылыптыр ээ" деп жолдошум таң калыптыр.
- Ал киши да студент беле?
- Жолдошум Жаныбек Жакыпбекович азыр университеттин тарых факультетинин кафедра башчысы, профессор. Ал тарых факультетинде Лениндин стипендия менен окуган алдыңкы студенттерден болчу. Азыр "Сен мени сүйбөй эле ырларымды сүйдүң" деп тамашалап калам. Чынында анын мени тааныганы ырларым аркылуу болгон, андан кийин көрүп, таанышып, мага жакшы китептерди алып келип берип, сын деген эмне экенин биле элегимде "Ала-Тоо" журналын алып келип берип ушул сындарды оку, ансыз өспөйсүң деп турчу.
- Демек жолдошуңуз чыгармачылыгыңызды терең түшүнүп, колдоп келет тура?
- Экөөбүз сүйүшө элек, үйлөнө электе студент кезден баштап эле менин чыгармачылык турмушума, өмүр жолума чоң өбөлгө болгон адам азыр деле өбөлгө болуп келет.
- Сизге жасаган жылуу мамилесинен сизде да ал адамга карата жылуу сезим ойгонгондур?
- Мүмкүн. Сезим кыз балага жигиттин жакшы жактарын көргөндө ойгонот эмеспи, ал адамды мен кантип жакшы көрүп калганымды өзүм билбей калдым. Ал төртүнчү курстун студенти, мен биринчи курстамын, анын үстүнө Лениндик стипендияны алган жигиттен ыйбаа кылып саламдаша да алчу эмеспис. Бирок ал мага өзүнүн камкордугу, чыгармачылыкты аздектеп сүйгөнү, кадырлаганы менен жагып алды.
- Сизге жаккан ал жигиттин алгачкы сүйөм дегени, турмуш куралы деген сөзү сизди кандай абалга туш кылды эле?
- Ошол сөздөрдү угам деп күтүп жүргөм, экөөбүз үч жылдай жакшы мамиледе жүрдүк. Сүйгөн адам ушундай иштерди кылат деп ойлодум. Ал менин чыгармачылыгымды баалады, ошол эле учурда өзүнүн да жакшы көрүп калганы билинип калды, бирок айтпай жүрдү. Экөөбүздү турмуш бириктире турган болгон соң мен ал сөздөрдү күткөм.
- Сиздин чыгармачыл, мейли жөн гана аралашкан адамдарданбы, же агайдын чөйрөсүнөнбү, сиздердин жашооңуздарга бузукулуктун үрөнүн сепсек дегендер болдубу?
- Жок, болгон жок, менин бакытым- жакшы чөйрөгө, жакшы жолдошко туш болуп калышым. Ушул кезге чейин менин тегерегимде жолдош-жоролорубуз, досторубуз, аяштарыбыз элге белгилүү, ичи таза, кыргыз эли үчүн чоң-чоң иштерди жасаган адамдар. Ошол чөйрө мени өстүрдү. Ошолорду көрүп, биз алардан төмөн болбойлу деп өзүбүзгө талаптарды коюп, жолдошум илимде болсо мен чыгармачылыкта изденип, үй-бүлөдө бакыт тилеп жашадык. Жолдошум мага дайыма жазсаң жакшы жаз, болбосо жазбай эле кой, элге уят болбо деген талапты коёт. Эл, коом дегенди биз бийик тутабыз. Эптеп эле акча кылайын деген адамдардын көбөйүп кеткени кээде өкүндүрөт. Бизде акча кылалы деген ой жок, андан көрө беш жылда жазылып бүтсө да таасирдүү чыгарма жаратканга аракет жасайм, жолдошум да өзүнүн илимий ишинде ушундай жоопкерчиликте.
- Бирге турмуш куруп, канча баланын ата-энеси болдуңуздар?
- Төрт балалуу, эки неберелүү болдук. Балдардын баары бой жетти, чет өлкөлөрдөн окуп келип иштеп, жакшынакай турмуш курушту. Кичүү кызыбыз студент, юрфакта окуп жатат. Турмуштан жамандык көргөн жокпус, бирок тагдырда адамды мөгдөткөн ажыроо деген жаман нерсе болот экен, улуу балабыздан ажырап калдык, беш жылдан ашуун убакыт өттү. Беш жыл бою башыбызды көтөртпөй үй-бүлөбүздү мөгдөткөн ушул кайгы болду. Турциянын Стамбул университетинен окуп келген жаркыраган, татынакай балабыз капылеттен дүйнөдөн өтүп кетти. "Уйкусуз түндөр" деген ыр жайнагым басмадан чыгып жатат, баламдын кайгысын тарткан уйкусуз түндөрдө жазган ырларым ошол китепте. Мындай тагдырды кудай эч кимге бербесин.
Айзада Көчкөнбаева







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"









??.??