Кыргыз гезиттер архиви

Г а р е м к а н а
(Сериал)

Көчөдө келаткан Катя кимдир-бирөөнүн колун жулка кармаганынан, чоочуп карай салса, бет алдында Костя туруптур.
- Костя, экөөбүздүн жолугушуубузду токтотолу деп сүйлөшпөдүк беле, - деди Катя кабатырлана.
- Эмнеге менден качып калдың? - деп асыла кетти Костя.
- Уяты жок десе, менин жубайым көрүп калса, сени мууздап салат.
- Эмне басмачыбы?
- Басмачынын айтасың да кор башы.Костя мен кош бойлуумун.Кокустан эркек балалуу болсом, сенин атыңды коём.Болду эми мага асылганыңды токтот.
Ошол сөздөн соң Костянын карааны көрүнбөй калды. Арадан бир топ убакыт өтүп Катя көз жарып, экинчи эркек балалуу болушту. Турганбек кыргызча ат койгусу келсе да, Катя сөзүндө туруп, кыргыз баласына Константин деген ысымды койду. Турганбек анын өжөрлүгүн эске алып, ал менен атаандашкысы келген жок. Мейли Костя болсо, Костя болсун, эртеңки күнү Катя кубалап чыкса баары бир мекенине кетет эмеспи. Ага чейин эптеп баш калкалап, заводдо көрүнүктүү иште иштеп алса, кудай буюруп туулган жерине барса бир заводду жетектеп калаары бышык.
Анын дилгирленип иштегенин жана коммунист экенин эске алып цехтин жетекчилери аны кызматтан мастерликке көтөрүштү. Убакыт учкан куштай сызып Россиядагы күндөрү артта калып, өз жерине келип заводко орношкон. Ал жерде чоң кызматтта иштеген инисинин көмөгү менен тез эле жетекчилик кызматка көтөрүлдү.Катя "сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет" дегендей бул жолу эки баласын алып аны ээрчип келген.
Кайра куруу заманында Михаил Горбачевдун демократиялуу шайлоолорду өткөзгөнү көпчүлүккө майдай жакты. Турганбек иниси Жунус менен акылдашып Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутатка талапкердигин коюп, 350 депутаттын бири катары жеңишке жетишти.Ал мезгилде Балтика боюндагы республикалар, Украина, Кавказ боюндагы республикалар, Россия баш көтөрүшүп, демократиянын желаргысы Кыргызстанга жаңыдан келип жаткан. СССР Жогорку Советинде кызуу таймаш болуп. Биздин Жогорку Советке киши деле көңүл буруучу эмес.Ушундай оомалуу -төкмөлүү заманда Кыргызстанда да чоң тарыхий окуялар болду. Турганбекке жаңыдан көз сала баштаган Борбордук Комитеттин биринчи секретары парламенттеги президенттикке добуш берүүдө жеңилип калып, Москвадан СССР Жогорку Советине депутат болуп жүргөн адам президент болуп келет. Ушул күндөн баштап Жогорку Советтин жыйындары массалык-маалымат каражаттарынан байма-бай көрсөтүлүп элдин кызыгуусун туудура баштайт. Турганбек менен катарлаш ошол парламенттин чыгаан депутаттары отургандыктан, ошол тарапка президент көп көңүл бөлө баштайт. Президенттин дайыма ал тарапты карап турганы Турганбектин келечеги үчүн айкын жолду ачат. Ал өзү менен катарлаш отурган президентке каршы эл үчүн сүйлөгөн депутаттардан айырмаланып, дайыма президентти колдоп сүйлөй баштайт. Түштүк жактан колдоо күтүп жүргөн президентке, өзүн колдоп сүйлөгөн Турганбек жагып калат да, өз командасына кошуп, бул жигитти көтөрмөлөй баштайт. Эң алгач анын акыл-дараметин байкаш үчүн бир кичинекей районго аким кылып дайындайт.Бул Турганбекке президент тарабынан берилген алгачкы ишеним эле.
Турганбек бул алыскы районго аким болгон күндөн-баштап, жан-жөкөр күтүп, өзүнүн командасын топтой баштайт. Ага жагынгысы келген кол алдында иштегендер, анын "слабое звеносун" изилдеп табышат. Турганбектин аялзаты дегенде ичкен ашын жерге коюп чуркай турганы белгилүү болгон соң, ушул райондун сулууларын тандап, жылдын сулуу айымы деген номинацияда конкурс өткөзүп, Жайнагүл деген кыргыздын кара торусунан келген жапжаш сулуу бийкечи жеңишке жетишет.


Азизбек КЕЛДИБЕКОВ